№46, 09.05.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  С п о р т м а й д а н ы н д а

  Чабак эрдик

Сууда сүзүү мелдешинен
Кыздар арасындагы түрдүү аралыкка, түркүн ыкмада сууда сүзүү жарыштарында бишкектик Валентина Нагорная 10 ирет марага озуп келип, 10 алтын медалды тең алды.

Валентинадан калышпаганга аракет кылган карабалталык Оксана Чалых 4 алтын байгелүү болуп, 4 ирет жеңиш сересине көтөрүлдү. 200 метрге чалка чабак жарышында бишкектик Айкануш Баданян баш байгенин ээси болду.
Уландар арасында сууда сүзүү жарыштарында бишкектик Алексей Клименко беш ирет биринчи келип, 5 алтын медаль тагынды. Ошондой эле бишкектик Александр Слепченко менен Тимур Картабаев да өлкө чемпиону аталды. Бир кыргыз алтын байге алганына ары сүйүнүп, ары арданып турдук.
Ал эми эркектердин сууда сүзүү жарыштарында Бээжин олимпиадасына жолдомо алып, кызуу даярдык көрүп жатышкан Юрий Захаров менен Василий Данилов баш байгени тең бөлүп, 8 алтын медалды утуп, экөө тең марага 16 ирет биринчи сүзүп келишти. Эми ушундай "эрдикти" Бээжин олимпиадасында дагы көрсөтүп, атаандаштарынан озуп келип мөрөй алышабы, аны олимпиадалык таймаштар көрсөтөт.



  Балбандар сересинде

"Гермес-Профинин" ооматы кеттиби?
Өткөн жумада кикбоксинг боюнча өлкө чемпиондору аныкталды. Чемпиондук үчүн 12 салмак категориясында 130 спортчу мөрөй талашты. Эки күндүк күч сынашуунун жыйынтыгында Бишкектеги "Маралбек" спорт клубунун жигиттери Алтынбек Бактыбаев (51 кг), Авас Аманбаев (54 кг), Азиз Даутов (75 кг), Ниязбек уулу Бакыт (81 кг) жана Сергей Смирнов (86 кг) баш байгени утуп, быйылкы жылдын чемпиондору аталды.
Ал эми 57 кг салмакта оштук Алмаз Акматов алтын медаль тагынып, чемпион болду, 91 кг салмактагы таймашууда Бишкектеги "Стронг" клубунун өкүлү Актам Мурабаев биринчи орунду ээледи. 91 кг салмактан жогору мушкерлерден жалалабаттык Нургазы Сатаров жеңиш сересине көтөрүлдү.
Атагы таш жарган "Гермес-Профи" спорт клубунун шайы кетип, башкаларга мөрөйдү алдырып, чеберчилиги төмөндөй түшкөнбү, айтор алардын төрт жигити гана өлкө чемпиону болууга жарады. Алар: Алексей Федосеев (60 кг), Салижан Арбузов (63,5 кг), Айбек Дүйшөнбаев (67 кг) жана 71 кг салмакта Кумар Жалиев ар-намысты сактап, алтын байгелүү болушту. "Гермес-Профинин" "атасы" Александр Воинов президентке кеңешчи болуп кеткени, спорт клубунан оомат кете баштадыбы?




  Бел кур

БАЛБАН АРСЕН ГИТИНОВ БЭЭЖИНДЕ КЫРГЫЗСТАНГА АЛТЫН АЛЫП БЕРЕБИ?
Польшанын Варшава шаарынан сүйүнткөн кабар келди. Мында эркин күрөш боюнча жеңүүчүлөргө Бээжин олимпиадасына жолдомо берүүчү эларалык Гран-при мелдешинде Кыргызстандын намысын коргогон балбан Арсен Гитинов мөрөй алуу менен Бээжинге 14-жолдомону утуп алды.

Кыргызстандын намысын 55 кг салмакта Турарбек уулу Нурлан, 66 кг салмакта Батор Базаров, 74 кг салмакта Арсен Гитинов, 84 кг салмакта Саматбек Толубаев коргоду. Бээжинге жолдомо алуу үчүн балбандар акыркы мүмкүнчүлүктөрүн, бардык күч-кубатын жумшады. Натыйжада 74 кг салмакта Кыргызстандын намысын коргогон дагестандык балбан жигит Арсен Гитинов беш жолу килем үстүнө чыгып, беш ирет тең жеңишке жетип, алтын байге менен кошо Бээжин олимпиа-дасына жолдомо утуп алды.
Эркин күрөш федерациясынын президенти Мелис Турганбаевдин айтымында, Кыргызстандын атынан күрөшкөн Бээжинге жолдомо алган балбан Арсен Гитинов отуз бир жашта. Арсен 2000-жылы Сидней олимпиадасында Орусияга күмүш байге утуп берген. Жаштар арасында дүйнө чемпиону да болуп саналат.




  Ооганстан-Кыргызстан

1:0
7-май күнү Бишкекте аба ырайы да жакшы болгондуктан, "Спартак" стадионуна футбол күйөрмандары арбын келишти. Азия футбол федерациясынын Чакырык кубогунун таймаштарында "С" тобунда Кыргызстандын командасы Ооганстандан футболчулары менен беттешти. Оюндун алгачкы бөлүгүндө кыргызстандык футболчулардын удаа- удаа чабуулдарынан майнап чыкпады. Беттешүүнүн 39- мүнөтүндө кыргызстандык коргоочулардын жана дарбазачынын каталыгынан пайдаланган ооганстандык жарым коргоочу Ата Хамрали эсепти ачты.
Футбол күйөрманы Сурат Жылкычиевдин пикиринде, бул оюнда ооганстандык футболчулар жогору чеберчилиги менен кыргызстандык чабуулчулардын мизин кайтарып жатышты.
Оюндун экинчи бөлүгүндө да кыргызстандык футболчулар канчалык аракет кылганы менен, эсепти тендей алышпады. Бир нече ыңгайлуу учурларды колдон чыгарышты.
Чакырык кубогунун алгачкы беттешүүсүндө Ооганстан менен Бангладештин футболчуларынын эки жолу киргизген топторун калыстар жаратпай, эсеп ачылбай, 0:0 боюнча тең чыкты деп эсептелип калды.
Бишкекте Чакырык кубогунун "С" тобунда жеңип чыккан өлкөнүн командасы гана 30-июлдан 10-августка чейин Индиянын Хайдарабад шаарында өтө турган финалдык таймашууга катышууга укук алат. Ушул Чакырык кубогун быйыл жана 2010- жылы уткан өлкөнүн футболчулары 2011-жылы Катарда өтө турган Азия кубогуна катышууга жолдомо алышат.
Бүгүн, 9-май күнү, Кыргызстандын командасы Бангладеш өлкөсүнүн футболчулары менен мөрөй талашууга чыгат.




  Намыс жаным

УЛАН МОЛДОДОСОВ БЭЭЖИНГЕ АТТАНАТ
5-майда Жапониянын Каназава шаарынан кыргызстандык оор атлетчи балбандар күйөрмандарына кубанычтуу кабар менен кайтып келди. 23-апрелде башталган оор атлетика боюнча Азия чемпионаты 4-майда жыйынтыкталды.
Бул Бээжинге жол ачуучу Азия чемпионатында Кыргызстандын намысын 62 кг салмакта Султан Молдодосов жана Бекзат Осмоналиев, 69 кг салмакта Кутман Молдодосов менен Камбар Токтоналиев, 77 кг салмакта Замирбек Ашырбаев, 85 кг салмакта Улан Молдодосов, 94 кг салмакта Искендер Момунбеков жана 105 кг салмакта Алексей Дудин коргоду.
Натыйжада 85 кг салмакта Кыргызстандын намысын коргогон Азиянын эки жолку чемпиону Улан Молдодосов жулкуп көтөрүүдө 158 кг салмакты, түртүп көтөрүүдө 192 кг оордукту багындырып, жалпысынан 350 кг салмакты көтөрүп, 1 күмүш, 2 коло медалды утуп алды.
Ошондой 105 кг салмакта кыргызстандык Алексей Дудин дагы 155 кг салмакты жулкуп, 190 кг оордукту түртүп көтөрүү менен үчүнчү орунду ээледи. Командалык эсепте Кыргызстан бешинчи орунду ээлегени үчүн Бээжин олимпиадасына бир спортчуга жолдомо ыйгарылды.
Өлкөнүн олимпиадалык даярдоо борборунун жетекчиси Касымкул Оболбековдун айтымында, Жапониядагы Азия чемпионатында күмүш байге алган эларалык спорт чебери Улан Молдодосовдун көрсөткүчү жогору болгондуктан, ага Бээжинге жолдомо берилет. - Улан Молдодосов - эларалык даражадагы спорт чебери. Азия чемпионаттарында бир нече ирет мөрөй алып жүргөн. 14 жашынан баштап Кыргызстандын намысын коргой баштаган. Балтыр эти толуп, баралына келип, чеберчилиги артып турган учуру. 17 жылдан бери оор атлетика менен машыгып, учурда тандалма команданын капитаны. Бул жигиттен чоң үмүт кылса болот. Эми Бээжин олимпиадасына жакшы даярдык көрүүсү үчүн колдон келген бардык шартты түзүп беребиз, -дейт Касымкул Оболбеков.
Улан Молдодосов 2004-жылы Афина олимпиадасына да катышкан. Ал сту- денттер арасында дүйнө чемпиону, алты жолу Азия чемпионатында мөрөй алган. Ислам өлкөлөрүнүн оюндарынын баш байгесин да утуп, чеберчилиги менен таанылган. Уландын жолун жолдогон эки иниси Кутман жана Султан Молдодосовдор да оор атлетика боюнча Азия чемпиондору, эларалык спорт чеберлери.
Жапониядагы оор атлетика Азия чемпионатына калыстык кылып келген Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Өмүржан Молдодосовдун айтымында, командалык эсепте өлкөгө Бээжин олимпиадасына ыйгарылган жолдомого Уландын салымы зор.
Жапониядан Бишкекке келээри менен "Ааламдын" кабарчысына берген маегинде Улан Молдодосов Бээжин олимпиадасында негизги атаандаштары ирандык, түркиялык, кытайлык, кореялык, болгариялык, катарлык, казакстандык жана европалык балбандар болорун белгиледи. Бээжинде байгелүү орунга жетүү үчүн кытай же болгарлар менен бирге машыгуу натыйжа берерин да айтты.
Учурда Бээжин олимпиадасына кыргызстандык 15 спортчу жолдомо алган.

Кабыл Макешов









??.??