№46, 09.05.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 "Башка түшсө, байтал жорго"

Атам бир атадай болсочу?...
Арадан он алты жыл өткөндөн кийин атамдын күтүүсүз кайтып келиши көп жылдан бери бир нукка түшүп, эл сыяктуу өз күнүбүздү көрүп жаткан апам экөөбүздүн жашообузга кайрадан бүлүк түшүрдү. Же кубанарыбызды же жек көрөрүбүздү билбей, "кир" деп же "кет" деп айта албай, экөөбүз тең кызыктай акыбалга кептелдик. Жүрөктө эстен кеткис көп окуялар, кара тактар калган. Мен мектепти бүтүп жатканда ал ("ата" деп айтканга да ооз барбайт) апам экөөбүздү чыркыратып туруп таштап кеткен. Ошондо апам отуздан жаңы эле ашыптыр. Ошо кеткен боюнча ал бир кайрылып келген жок.

Өз мезгилинде атам жакшы кызматта иштеп, өзүн дайым тыкан, тынч алып жүрүп, көпчүлүк кадырлаган адамдардын бири болчу. Мен да аны менен сыймыктанчумун. Эч нерседен кем болбой ушундай жашоо менен жашап өтөм деп ойлогом. Бирок турмушта адам ойлогондой болбо йт экен. Атам өзүнөн бир далай жаш кызга үйлөнүп, үйдөгү өзү сатып алган жакшы буюм-тайымдарын машинеге жүктөп көздөн кайым болду. Үйдө көзгө көрүнөрлүк жалгыз эски тигүүчү машине гана калыптыр. Анын кереги деле жок десе керек. Мурун кимге кереги бар эле деп ошол эски машинени жаман көзүм менен карап койгом. Ал бизди таштап кеткенде апам экөөбүз үчүн жер астын-үстүн түшө, акыр заман келгендей эле боло түштү. Бул жосунсуз жорукка мен түгүл, апам, кошуна-колоңдордун баары ишенишкен жок.
Буга чейин турмуш эмне экенин түшүнбөй, маани бербей жүрчүмүн. "Башка түшсө, байтал жорго" дегендей, бизди бакчу кишибиз кетип калганда акча табуу, үйбүлө багуу кандай экенин түшүндүм. Бул соккуну көтөрө албай акырындап апам ичип кетти. Тээ жарым жылдап барып араң өзүнө келди. Өзүм да намыстанып, апамдын да намысына тийип атып арагын араң токтоттурдум. Жашоо үчүн чыныгы күрөш башталды. Соодада, кара жумушта, атүгүл темир жолдо жүк ташыгыч болуп иштедим, кыскасы, менин колум тийбеген, мен иштебеген жер калган жок.
Апамды иштетпей үйгө отургузуп койгом. Менин тапканым тамак-ашка жеткени менен, той-топурларга келгенде катуу кыйналып калып жүрдүк. Акырындап өзүнөн-өзү эле алыш-беришибиз үзүлүп, элден четтеп калдык. Бизди теңине алышпай, конокко эч ким чакырбай да калды, буга ого бетер шагыбыз сына, кемсине, чөгө түштүк.
Биздин көз жашыбыз, кыйналганыбыз, көргөн азап-тозокторубуз, кемсинип өтө эле чөгүп кеткенибизди Кудай таалам билди окшойт, күтүүсүз жерден бизге оң карай баштады. Апам турмушка чыга электе айылда тигүүчү болуп иштептир, бычканды да жакшы билет экен. Үйдө бош отурбай ошол эски кийим тиккич машинесин колго алды. Бир күнү тиккен көйнөктөрүн кийим сатуучуларга сунуштап, беш көйнөк өткөрүп кубанып келди. Алып сатарлар дароо эле колдон алып кетишиптир. Ошондо алгачкылардан болуп биз баштаганбыз кийим тигип, алып сатканды. Кардарлар четинен чыга баштады. Андан түшкөн акчага апам жаңы машине сатып алды.
Ташыбыз өйдө ыргып, сатып алуучулардын саны улам көбөйө берди. Дагы бир машине сатып алып, эркек болгонума карабай, апам экөөбүз тиге баштадык. Соо-дабыз жакшы жүргөн сайын жардамчы, тигүүчү таап, алардын санын күндөн-күнгө көбөйтө бердик. Ошентип бир жылдын ичинде он тигүүчү машине жана он тигүүчү алдык. Кардарлар көбөйүп, чоң цех ачтык, андан сырткары өзүбүз соода точкаларын ачып, акырындап бутубузга тура баштадык. Цехте күнү-түнү менен төрт бригада эмгектенет. Бизди таштап кеткен атабызды эстегенге да убактыбыз жок болуп калган. Көп өтпөй апамды келиндүү кылдым, балалуу да болдук. Жаш аялга үйлөнүп кеткен атамдын ошол бойдон өлүү-тирүүсү билинбей, дайынсыз кетти.
Мына арадан көп убакыт өткөндөн кийин, байкуш болуп, үйгө кайрылып келип атпайбы. Баягы кейпи жок, сакал-муруту өскөн, жүдөгөн, арыктаган. Жаш аялы башка бирөөгө тийип кетип, жалгыз калыптыр. Ушунча жылдан кийин эми бизди эстесе керек. Апам экөөбүз эмне кыларыбызды билбей, оор абалда калдык. Ата, үй ээси катары үйгө кабыл алалык десек, "эмне болсоңор, ошо болгула" деп бизди таштап кайрылбай кетип калганына жинибиз келет. Үйгө жолотпой коелу десек, ал таптакыр эле байкуш болуп көчөдө тентип калыптыр. Оорулуу да болуп калса керек, аксап басып, көк жөтөлү күчөгөн. Мына, замандаш, ошол жападан-жалгыз көзгө урунуп үйдө калган эски машине башыбызды жогору көтөргөнгө мүмкүнчүлүк берип, жакшы жашоого түрткү болду. Атам болсо биз менен чогуу жашап жүрүп бир жарым жылдан кийин каза болду.

Саадатбек Мырзакул уулу




 9-май. 1945-жыл. Токторалы

Жеңиш жылы, жеңиш күнү туулган Токторалы Ибраимов быйыл пайгамбар жашына, 63 жашка чыгып жатат. Шайыр, тамашакөй, анан да согуш жылдарындагы ырларды жаңыртып ырдап калганды жактырат.

1945-жылы 9-майда туулган Токторалы Ибраимовдун туулган күнү ар жылкы жеңиш күнкү салтанат менен коштолуп өтөт. Өзү да жеңиштин символундай болуп, шайыр, шатыра- шатман, тамашакөй. Жеңиш күнүндө туулган көпчүлүк кыргыз балдарындай эле, ага да Жеңишбек деп ат коюшмак, бирок үйдө бала токтобой, Токторалы деп аташты. Андан кийин ал өзүнөн кийин Жолдошалы, Касымалы деген инилерди ээрчитип келди. Эми жер жүзүндө тынчтык орносун деп небересинин атын Тынчтык койду.
Токторалынын атасы кезегинде Улуу Атамекендик согушка катышып, Кызыл жылдыз ордени менен сыйланган болучу.
Токторалы Ибраимов ата- энесинен эрте ажырап, Балдар үйүндө тарбияланды. Ал жакта согуш жылдарындагы ырларды көп ырдатышаар эле, ошол себептенби, ал согуш жылдарындагы ырларды жактырып, бүгүнкүгө чейин ырдап келет.
Билимдин артынан түштү, адегенде техникумду, анан университетти жана жогорку партиялык мектепти аяктап, үч дипломго ээ болду. Негизги кесиби педагогдук боюнча кала берди. 30 жыл Талас өрөөнүнүн мектептеринде директор болуп иштеп жүрдү, райондук билим берүү бөлүмүн да башкарды. Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги деген наамга жетишти. Жубайы Салима да 40 жылы мектепте мугалим болуп иштеди. Жакында жубайы кайтыш болуп кетип, өзү бир жылдан бери борбор шаардын тузун татып, ишин иштеп жаткан кези.
Бирок жүрөгү дайыма туулуп-өскөн айылы тарапта. Манас районундагы айылы Май деп аталат, бир кезде Майдөбө, Богословка деп да аталып келген экен. Азыркы Май айылында Атамекендик согуштун ардагерлеринин алды 80-90 жашка чыгып калышты. Алар:Сатымбек Абиров, Шабданбек Кочкорбаев, Исмаил Ибраимов, Эсенбол Баялиев. Бул айылдан Советтер Союзунун Баатыры Комаров да чыккан дешет. Быйыл да согуштун ардагерлеринин арасынан тыңыраактары согуш ырларын ырдап, майрамды тосушат. Майрам менен катар эле бул айылдын кулуну Токторалы Ибраимов өз уул-кыздары, айылдаштары менен бирге пайгамбар жашын, 63кө чыккандыгын да белгилейт.

Айгүл Бакеева




  Сандан-санга

бАРАТБАЙ аРАКЕЕВ
Аксулуу
(повесть)
Апыртып ашыкча айтпай, кээрин кетирип кемитип айтпай, сындын туурасын бергенде Кубатбек жигиттин мыктысы дегенге барып такалчу. Өңдүү-түстүү, келбеттүү, сөзү менен өзү курч, калпты караандатпай, чынга таянып жашачу жигит эле. Анан айкөлдүгүн айт. Жигиттик деп сыпатталчу сапатынан баары бар да, ушу жер караткан аялды оңдоп-түздөөгө же биротоло кол үзүп кетүүгө кудурети жетпеди. Аздап тилдемиш эткени болбосо, ушунча болуп колу тийип көрөлек. "Бузулган катыны мээсин тегеретип алыптыр" деген жарлыгы бар Кубатбектин.
Бир ирет Жеңиш деген кыйбас досу түз эле айтты "Куке, достугума салып түз эле айтайын, катыны башын айландырып салыптыр деп элдин баары айтыбатат. Аныңдын жүрүшүн оңдоп, болбосо биротоло кол үзсөң болбойт беле…" деп Кубатбекке досунун бу сөзү аткан октой тийгени менен, кайрылып "а-бу" дебеди. Аялынын элеси келип, өзүнө тартат шоруң кургурду. Жеңиш андан бир сөз күттү эле, ал сөз айтылбады. "Бишкектин үстүндөгү бир айылда табып бар экен, башы айлангандарды жандырган, жок дегенде ошого барсаңчы" деди Жеңиш айласы кете. Досунун бул сунушуна да Кубатбек жооп бербеди. Ошону менен Жеңиштин сөзү байыды. "Деги шоруң калың экен" дегенди ичинен кайрып, жолуна түштү.
Ошондон көп өтпөй Кубатбек дагы бир конокто болуп, эс-учу жок мас болуп, оңкодон сайылган аялын машинесине эптеп салып, үйүнө апкелип жаткырды. Өткөн өмүрүнө саресеп салды.
Ооба, ата-энеси чоң билими болбогону менен акылга таяп жашап келишти. Атасы майда актив болуп жүрдү. Энеси колхоз жумушунда карыды. Ушул азыр экөө бирдей килейген айылдын сый үстүндөгү адамдары. Кеп-кеңештин ортосунда болушат, сөздөрү өтүп, көп ишке жарап берет. Жакшы жашап келсең, өмүр соңу бейпил болот тура. Ошол эле сыйына эгедер ата-энесиникине Кубатбек шартка жараша каттап турат. Колдон келсе күндө келгиси бар. Ошо келген сайын адыраңбай аялы кайнене-кайнатаны капа кылып кетет. Жок, аларга тили тийбейт, орунсуз кеби менен жүрүш-турушу катуу тийет, ошого уялышат.
Беш кыздан кийин көргөн жалгыз уулун эне да, ата да көзүн карап, айтарга сөз таппай, берерге аш таппай дегендей… күйпөлөктөп күтүшөт. Сарамжалдуу абышка көбүнчө козу-улагын чалдырып жиберет. Ошол күнү маңдай жарыла бажырайып отурушат, аягында кемпир да, абышка да санаага баткан болот. Анткени келини кымырыла-кымтына отурганды билбей, сөздү тандап сүйлөбөй, башканы кой, бир чыны чайды жөндөп куюп бералбай, кары кишилердин зээнин кейитет.
Бир ирет Кубатбек өзү жалгыз келгенде ата-эне жандай көргөн уулуна келини жөнүндөгү ойлорун тартынбай да, жашырбай да айтышты. Далай жыл айтпай да келишпедиби.
- Кубакай, - деди энеси, кебетеси кепти мен баштайм го дегенчелик кылып, - атаң экөөбүз үчүн сенин барың айтып бүткүс бакыт эмеспи. Алдыңа кетсек арманыбыз болбос. Тээ жер каймактагандан ата-эненин тилеги ошондой тура. Анан да уулубуздун денисак болсо экен, курсагы ток, капасы жок болсо экен, элдин оозунда жакшы кепке арзыса экен, иши жакшы болсо экен… алган жары мыкты болсо экен… деген тилектерге эсеп жетпес, уулум. Тобо дейли, тилегибиз талаага кеткен жок, кулунум, жаман болбодуң… Бирок, биздин жүрөктү өйүткөн, ойгоо болсок ойдон, уктасак түштөн кетпеген санаа - келинибиздин турпаты болду, жосуну болду… Ии, а дагы бирөөнүн баласы, анда талашыбыз жок, өзүн деле жаман көрбөйбүз. Бирок, баскан-турганы менен сага кедергисин тийгизип, жигиттик жолуңду аздап булгап коюп жатканын угуп-көрүп жүрөбүз… Кепти оңу менен айтчу энеси ушул жерден сөзүн ары уланталбай, сөз учугун атасы улаганга өттү.
- Кубакай, - ата-эне Кубатбекти кенедейинен ушинтип эркелетет, - энең да, мен да келинди кетир деген жерибиз жок. Аны ээрчиген жаман сөздөн арылтууга жол барбы деген эле ой. "Ооруну жашырсаң, өлүм ашкере кылат" деген кеп бар калетсиз. Келинибиздин жаман жосундарын жашырып болбой калды окшоду. Азын көрүп, көбүн угубатабыз, уулум. Айтыбаткан сөз энең экөөбүздүн ооздон чыкпаса болот эле, чыкты, не айла? Көзүм көрүп, көкүрөгүм сезибатат - сен да кыйналып жүрөсүң. Андай кыл, мындай кыл деп да айталбайт окшодук. Сени гана ойлонсун дегенчелик кылып айтыбатабыз. Сөздүн айтылчусу болот экен… - ата токтоло калып саал ойлонду да, сөзүн бүтүрүп койду, - cөздү арылап айталбайм, бүттүм балам. Калган сөздүн төркүнүн билерсиң…










??.??