№46, 09.05.08-ж. Кыргыз гезиттер

presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


Л€У…Р’Жђ

  Элдин үнү - SMS

Кадырман окурман, жан жолдош гезитиңиз "Аалам" аркылуу ой бөлүшүп, сырдашкыңыз келсе, жан дүйнөңүздөгү жаңырыктарды жарыкка алып чыгып, бугуңуздан арылгыңыз келсе же урматтуу адамыңызды куттуктап, дос-тууган менен кабар алышууну кааласаңыз, биздин "Элдин үнү - SMS" сиздин кызматыңызда! Шарты эң эле жөнөкөй. Уюлдук телефонуңуздан 4436 кыска номуруна "ААLAM" деген сөздөн соң аралык калтырып, SMS-билдирүү жөнөтүңүз. Кызмат көрсөтүү BITEL, Mobicard, Katel, FONEX, MegaCom абоненттери үчүн жарамдуу. SMS-билдирүү акысы кошумча нарк салыгы менен - 0.50$ .
Баса, жарыя берсеңиз да болот. Маселен, "үй сатам, машине оңдойм, кийим тигем" өңдүү… Анда, кулак сизде, окурман!

Садыр: Сүрөткө түшсөм - чычканга окшошом. Күзгүгө карансам - арстанга окшошом. Мен киммин деги?

Канышай: Бир жигитти өлө сүйүп жүрөм. Жолукса жанчыйм!

Сулайка: Көлдөгү Тегизчил айлындагы кайындарыма, Бозбулуңдагы айлындагы төркүндөрүмө жана туугандарга сагынычтуу ысык салам! Май майрамыңыздар менен!

Лира: Квартирага акча төлөй албай кыйналып атсам, кожойке соткамды тартып алды.

Эмирбек : Каркыра-паркыра деп майдаланбай, бүт Кыргызстан Казакстан болуп албайлыбы, жолдош Чоканович.

Элмирбек: МЧС деген - мен чоң саткынчымын деп чечилет.

Арген: Насыр тайке, үйгө конуп, тамактан ичип, анан велосипедимди уурдап кеткениңизге жол болсун!

Роза: Сүйгөнүм, сүйсөң - күт!

Апал апа: Гезит чыгарган балдарым, өмүрлүү болгула.

Айжаркын: Жер-сууларыбыздын сатылганын көрүп, азыркы президент менен чоңдорубуздан түңүлүп деле калдым, бир гана үмүтүм - Кудайда. Ушулардын "акесин" тааныта көр!

Нурбек: Бийлик Жекшенкуловду кордобосун!

Алижон: Оштун авторитетин оштук саясатчылар кетирип жатат.

Курманбек: Айланага жаз келсе деле, биздин Кыргызстандагы "бардакты" көрүп алып "тоңубатам".

Карыпбек: "Дүйнөлүк тенденция" деген коррупционерлердин маскасы.

Уулча: Атам Орозбайды 9-май жеңиш күнү менен куттуктайм.

Алик: Жетөгүз районунун тургуну Асел Кубанычбек кызына ысык салам.

Айдай: 19-20-майда боло турган Ынак Осмоналиевдин концертине бекер киргим келет…

Болот: Сваркага байланыштуу бардык жумуштарды аткарабыз. Темир дарбазаларды жасайбыз. Байланыш тел.: 0555 368074, 0773 859874




  Ирмем

Бирбоор
Чөнтөк телефонумдун өлүү (жасалма дегеним) музыкасы жаңырат. Тыңшайм. "Өтүп кетиптир" дейт андагы үн. "Качан… не болуп?" деген көңдөй суроолор үзүлүп, кесилип…

Бу адам кургур бири-бирине жакын экенин, бири-бирине керек экенин өлүмдөн кийин түшүнгөнүн айт. А тирүүлүк өзү жык ажырымдан куралгандай. "Жакшы киши эле" деген тапталган копол мактоо аябай кеч айтылат. Же өлүүсү же тирүүсү акмак экенин түшүнбөйсүң. Дене титиреткен алай-дүлөй сезим ошондой түшүнүксүз. Май баскан көзүң тазарып, Кудайды "көрөсүң". Заар аккан тилиң буулуп, Кудайды оозанасың. Кудайдын алдында кумурска экениңди даана туясың.
Бир адам менен аз эмес убакыт учурашып жүрдүм. Саламдашканда колун кайдыгер сунчу. Колунда жан жоктой эле. Жөнеле колбаса кармагандай болчумун. Текебер же тубаса экенин билгеним жок. Алыстап кеттим. Бооруна кысып, алаканды бек кармап учурашып-коштошкон белгилүү бир адамдын жакшы сапатын байкадым. Ниет оңолуп, тартылат экенсиң. Бооруна-бооруң кадалып, бирбоор болот экенсиң. Жүрөк жибип, жашоого үмүт артат экенсиң. Канат кагып учкуң келип…
Күн бүгүн "эсил кайран бирбоорум" деп теңтууган агам үчүн өксүп турам...

Азамат Кыязов




  Гүлсезим

Сага
- Кандайсың?.. Экөөбүз тең ушул сөздөн соң ирмемге дымып калабыз. Ары карай сөз жалгоонун тозогун айт. Анан, болбогон барды-келди сөздөрдү сүйлөшөбүз да, "жакшы тур, ээ", "жакшы кал" өңдүү сөздөрдү дембе-дем кайталай беребиз. Ортодо сага да, мага да маанилүү эч сөз айтылбайт. Бирок, ушул сүйлөшүүгө эле жүрөгүм элеп-желеп боло, көңүлүм булут үстүнө чыгып кетет десең. Анан, оо бир топто барып кыял дүйнөдөн кутулам. Мендеги жинди сүйүнүчтү, делөөрүүнү, өзүмө-өзүм батпай калганымды сен сезесиңби, сезбейсиңби, мага мааниге ээ эмес.
Бүгүн да экөөбүз сүйлөштүк. Сен деле баякындай, мурдагыңдай жумуш үчүн эт-бетиңден кете, шашып жүрүпсүң. Сезимди кытыгылаган күлкүң бүгүн ого бетер шаңдангандай сезилди. Тимеле, эт-жүрөгүмдү эзип кетти өңдөнөт. Үнүңдү укканыма дабдырап калыптырмын. Айтайын деген сөздөрүм талаалап кетти. Жумушка адаттагыдай эле шашып баратканыңды уксам да, маанисиз эле түштөнүүгө сунуш айта койдум. Албетте, сенин макул эмес экениңди билсем да. Негедир эле сага чалып сүйлөшкөндө өз оюмду башкара албайм калам. Тагдыр экөөбүзгө бүгүн да жолугушуу ыйгарбады. Айтчы, деги качан жолугабыз? Билем, менин дүйнөмдү, удургуган жинди сезимимди тааныгың келбейт. Теңсинбегендейсиң… Бирок, мен сени каала-каалаба ал дүйнөмдө багындырам. Ишенип кой, сөз берем. Сен баары бир мендеги сезим толкундарына туруштук бералбайсың. Билсең мен сагынычтан жинди болуп баратам…

Умар




  Кайрык Коштошуу

Окуучулук күндөр. Бул күндөрдүн ыргагына канчалык калайын деп тырышсаң да болбойт. Мезгилдин эч нерсеге баш ийбеси дагы ушунда. Балалык күндөрдүн таттуулугу белем?

Кайгы-капа дегенди билбей, ушак-айыңды кулакка илбей, турмуш көйгөйлөрүнө маани бербей жүргөнүң, бул - оюн-күлкүгө, кубанычтуу күндөргө жүрөгүңдүн толгону. Баео сезимдин коштогону. Кандай өкүнүчтүү?! Мен эми мындай жакшы мезгилден алыстаймын. Саналуу күндөрдөн кийин. Убакыттын учкулдугун карасаң, окуучулук курагым бир көзирмем каккандай артта калып, элес жаратабы? Убагында баалабаптырмын…
Айла жок дейт эмеспи. Кайрый албайбыз. Өкүнгөндө не? Ал учур кетти, бирок окуучулук күндөрдү бактылуу өткөрдүк. Ушул нерсе жандүйнөмө таяныч берет. Мен бактылуу болгум келет…

Асел Дүйшеева, 11-класс




  Апта төлгөсү төппү?

(12-майдан - 18-майга )
Кой
Өткөн жуманын аягында капчыгыңызды кандай бошотсоңуз, бул жуманын башында күтүүсүздөн кайра толтурасыз. Жуманын ортосунда өзүңүздүн абалыңыз тууралуу тынчсызданууга туура келет. Жума күнү сиз керектүү кабар ала аласыз же жолго чыгууга даярданасыз.

Букачар
Бул жума жоготуулар менен башталышы мүмкүн. Жаңы ишти колго албай турганыңыз оң. Андан көрө мурда баштаган ишиңизди жөнгө салыңыз. Шаршемби күнү сиз жакын досуңуздан алысташыңыз мүмкүн. Кимдир бирөө сиздин берешендигиңизди пайдаланып акча сурайт, бербегенге аракет кылыңыз. Жекшемби күнү бардыгы өз ордуна турат.

Эгиздер
Бул жуманы сиз ийгиликтүү жолугушуулар, таанышуулар, келишим түзүүлөр менен баштайсыз. Жуманын башында ойлонбостон жолго чыксаңыз, жолуңуз жемиштүү болот. Андан соң жай отуруп бардык мүмкүнчүлүктөрдү ойлонсоңуз дурус. Ишемби, жекшемби күндөрүн жакын досторуңуз менен көңүлдүү өткөрөсүз.

Бөйөн
Дүйшөмбүдө жумушуңуздан жагымдуу кабар уксаңыз, шаршемби күнү пайдалуу романтикалуу сунуштар күтөт. Бул жума өз жолу менен баратат. Бирок, оор минуталарда тажрыйбалуу адамдардан кеңеш сурап туруңуз. Дем алыш күндөрүн досторуңуз менен өткөрөсүз.

Арстан
Бул жумада жеке турмушуңуз романтикалуу толкундануулар жана ар кандай окуялар менен коштолот. Дүйшөмбүдө артыңыздан калбаган бир нече күйөрмандан кутулууга туура келет. Шаршембиде өтө кызыктуу сунуштар менен романтикалуу жолугушуу күтүлөт. Жума күнү бейтааныш адамдан күтүүсүз белек келет.

Тараза
Келе жаткан жумада жагымдуу, жагымсыз окуялардын болушу күтүлөт. Жакын тууганыңыздын оорусуна байланыштуу жуманын башында койгон пландарыңыз өзгөрөт. Шаршемби күнү чоң акча алып, жума күнү романтикалуу саякатка чыгасыз. Эң башкысы бой көтөрбөңүз. Бир гана жакын адамдарыңызга эле эмес, башкалар менен да кичипейил болуңуз.
Бийкеч
Шейшемби күнү ишиңизге байланыштуу маанилүү жолугушуу болот. Бейшембиде унутулуп, кыялыңыздан чыгып калган мурдагы ишиңиздин жыйынтыгы өз жемишин берет. Бул жумада чыгармачылык көтөрүлүүлөр болот. Таанып-билүү ишмердүүлүгүңүз жогорулайт. Дем алыш күндөрү гана шаардын четине чыгып же шаңдуу кечелерде эс ала аласыз.

Чаян
Ким иш издеп же иш алмаштыргысы келсе, ушул жума абдан ийгиликтүү. Шаршембиде сизди маанилүү чакыруу жана пайдалуу сунуш күтүп турат. Бул жумада жаңы долбоорлорго жана башталыштарга акча каражатын салуу сунушталбайт. Жок дегенде бейшембиге чейин чыдаңыз. Андан соң каалаганыңыздай пландай берсеңиз болот. Жума күнү досторуңуздун жана туугандарыңыздын чакыруусунан баш тартпаңыз.

Текечер
Жуманын биринчи жарымы түйшүк менен өтөт. Дүйшөмбү күнү таң атпай үй көйгөйлөрүн чечүүгө туура келет. Шейшембиде алыскы тууганыңызга байланыштуу маселелерди чечесиз. Билим алууга, квалификацияны көтөрүүгө жана чет тилин үйрөнүүгө убакыт келип жетти. Төртүнчү күнү акча каражаты жөнүндө жакшы маалымат аласыз. Иште күнүмдүк милдеттериңиз менен алектене берсеңиз болот.

Суу пери
Дүйшөмбүдө жеке турмушуңуздагы бир нече маселени чечүүгө жана аны жакшы жагына өзгөртүүгө жардам берген күтүүсүз жол жүрүүгө чыгасыз. Шейшембиде капчыгыңыз кампайып, жандүйнөңүз өзгөрүүгө дуушар болот. Өзүңүздү өзүңүз таанып билесиз.

Балык
Бул жумада профессионалдык кеңештен акча аябаңыз, айрыкча иш кыймылсыз мүлк же мураска байланыштуу болсо. Көптөн бери күтүп жаткан ишиңиз шейшембиде же бейшембиде чечилет. Дем алыш күндөрү денсоолугуңузга кам көрүп, жакын адамдарыңызга көбүрөөк көңүл буруңуз.

Жаачы
Жуманын башталышы жакшы киреше, ишиңизге ийгилик алып келет. Өзүңүздү таштап койбоңуз, шейшемби күнү жоготууларга дуушар болушуңуз мүмкүн. Ошондуктан чала тааныш адамдардан этият болуңуз. Дем алыш күндөрү конок күтөсүз жана алыстан жакшы кабар угасыз.





а ­е¦Є.НҐй«