№46, 09.05.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Кереге

Медер Бишкек:
"Жүрөгүмдүн айтканына көнөм"
- "Айткан сөз акыл болсо, уккан кулак макул болот" деген сөзгө кошуласызбы?
- Кошулам. Биринчиден, ал адамдын айтканы акыл болуп туура келип турса, баш ийүү зарыл. Экинчиден, адамдын психологиясына да байланыштуу болсо керек. Интеллектуалдык деңгээлине жараша айткан сөзгө көндүрүп алуу ар бир адамдын өзүнө байланыштуу деп ойлойм…
- Сиздин кулагыңыз көбүнчө кимдин акылына көнөт?
- Бирөөнүн акылына таптакыр эле кошулбайм, бардык жерде өзүмдүкү туура болот дегенден алысмын. Келинчегимдин туура айткан пикирлерин колдойм, негизинен жүрөгүмдү тыңшап, жүрөгүмдүн айтканына макул болууга аракет кылам.

Илич Кулназаров:
"Маймыл да жүзүнөн арданат"
- Эмнеге "бака майрыгын билбей, жыланды ийри" деген?
- Сурооң кызык го. Эми мындайлар турмушта көп эле кездешип келет. "Өз башындагы төөнү көрбөй, бирөөнүн башындагы чөптү көргөндөр" арбын да. Сиз айткан макал салыштыруу эмеспи. Маймыл деле күзгүдөн өзүн көрүп алып, ырайым ушундай суук болгон болсо, жашабай эле өлүп алмакмын деп айткан имиш…
- Бака сыяктуу сиз дагы сын тагып көрдүңүз беле?
- Сын таккым келбейт. "Сынчынын сыңар өтүгү майрык" деп коюшат эмеспи. Сындагандан көрө чындыкты бетке коюп, ачык айтып, ак сүйлөгөн жакшы деп эсептейм.
- Сиз жаңы жетекчи болдуңуз, жетекчи деген сынчы болуш керек го…
- Сындап, мындай-тигиндей деп жаман көрүнгөнчө, сунуш айтып, ошол иштин жолун көрсөтүп берген жетекчилик сапат болот.

Санжар Бердибеков:
"Маскарапоз циркте"
- Куудул менен маскарапоздун айырмасы эмне?
- Маскарапоз менен куудулдун айырмасы асман менен жердей. Маскарапоз деген цирктеги бети-башын боегон клоун, а куудул деген таптакыр башка.
- Мисалы кандай болот?
- Рахман Разыков, Күмөндөр Абыловдой болот.

Токтайым
Үмөталиева:
"Саясатчылардын көпчүлүгү аял үндүү"
- Токтайым эже, "эркек үндүү аялдын уяты жок, аял үндүү эркектин кубаты жок" дегенди кандай түшүнөсүз?
- Мен бул макалга толук кошулалбайм.
- Эмне үчүн?
- Карап көрбөйсүңөрбү... Азыр эмне саясатта жалаң эркек үндүү мырзалар жүрөбү? 80%ы жумшак үндүүлөр, бийлик-оппозициясынын көпчүлүгү ошондой. Ал эми айрым айымдарыбыз эркектер жасабаган иштерди жасап жатат. Аларга "эркек үндүү аялдын уяты жок" деп айта албайбыз, айтканга укугубуз да жок…

Бактыбек Мамытов:
"Атага тең болоорсуң, бирок ашпайсың"
- Кыргызда "атага тең уул, атадан кем уул, анан атадан артык уул" деп, атанын уулдарын бөлүп карашат эмеспи. Атадан артык уул болуш үчүн эмне кылыш керек?
- "Энеден өткөн умай жок, атадан өткөн кудай жок" дешет эмеспи. Атадан артык уул болуш кыйын деп эсептейм. Атанын жолун жолдоп, багыттаган максатына жетүү үчүн үзүрлүү эмгектенген ар бир уул атасынан артык болбосо да, тең боло алат.
- Сиз атаңыздан артык уулсузбу?
- Айта албайм. Кунанбай деген киши дүйнөгө аты чыккан уулунан "уулум, атаңа тең уулсуңбу же атаңан артык уулсуңбу?" деп сураса, "албетте, мени дүйнө эли тааныйт, сизди тааныбайт, андыктан мен атадан артык уулмун" деп жооп бергенде, атасы: "жок, балам, сен менден артык болуш үчүн өзүңдөй бир бала тарбиялашың керек" деген экен. Атадан артык уул болуш кыйын.

Айжан Тагаева:
"Сүйүүгө кабылгандарды түшүнө билем"
- Айымдар 30-40 жаштын ортосунда чыныгы сүйүүгө кабылат деп айтышат. Сиз кошуласызбы?
- Толугу менен кошулам. Жаш кыздардын өткөөл мезгилиндеги сүйүүсү сыяктуу эле ошол жаштагы айымдардын көпчүлүгү жагымдуу сезимге кабылат. Эгерде мындай сүйүүгө моюн бербей жеңип чыкса, чоң эрдик. Жеңалбай өзүн дагы, башканы да кыйнаса, муну дагы түшүнүү керек.
- А сиз ушул курагыңызда кабылган жоксузбу?
- Жок… Бирок, мен сүйүүгө кабылган адамды терең түшүнө билем. Жандүйнө сырларына маани берип…

Гүлшайыр Садыбакасова:
"Эркектер ойсокелерге кызыкпаса"
- Гүлшайыр эже, үйлөнө турган жигит селкинин кандай сапатына көбүрөөк көңүл бурушу абзел?
- Азыр үйлөнө турган көпчүлүк мырзаларыбыз аялзатынын сырткы келбетине, боенуп, ойсокеленгендерине көбүрөөк көңүл бурушат. Негизинен андай сулуулугуна кызыкпай, ишмердүүлүгүнө, кылган ишине, анан жароокерлиги сыяктуу жакшы сапаттарына карашса…
- Үйлөнөм деген жигит болочок жубайын сизге тандатып, сиз тандаганды алам десе, кандай бийкечтерден тандап берет элеңиз?
- Кызык экен… Мен адегенде эле ашканага киргизмекмин. Тамактын түрүн даамдуу жасап, кирди таза жууп, кир эле эмес, идиш-аякты таза жууган, акыл калчап сөз сүйлөгөн бийкеч мыкты жубай боло алат.

Тынара Абдыразаева:
"Жандүйнөнүн өзү жалгыз"
- Жалгыздык жандүйнөнүн өсүшүнө өбөлгө түзө алабы?
- Албетте, түзө алат…
- Кантип?..
- Жашоодо ар кандай учурлар кездешет эмеспи. Чыгармачыл адам жалгыздыкты жактырат. Ал эми жандүйнөнүн өзү жалгыз экенин сезе билбейбиз, ошо жандүйнөнүн жалгыз экендигин сезсек, анан жалгыздык жандүйнөнүн өрчүшүнө өбөлгө болоорун билебиз.

Даярдаган Амантур Мусагул