№46, 09.05.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Бүгүн - 9-май - Жеңиш күнү

Майрамыңыздар менен!
Улуу Атамекендик согуштун Жеңиш менен аякташына 63 жыл толсо да, Советтер Союзунун составындагы элдердин жүрөгүндө бүгүнкүгө дейре кетпес так калтырып келет. Жеңиш күнү алгачкы жылдары майрам катары белгиленген эмес, 1946- жылдан баштап гана майрам болуп белгиленип, бирок жумушчу күн боюнча кала берген. 1965- жылдан баштап 9-май жумушчу эмес, майрам, Кызыл дата болуп белгиленип келатат. Быйыл Жеңиш майрамы Россияда Кызыл Аянтта күжүрмөн техниканы демонстрациялоо менен зор салтанатта белгиленмекчи болуп жатат.Кыргыз Республикасы болсо Борбордук аянттагы парадга кайсы күжүрмөн техникасын алып чыгат болду экен?

СССРдин составында Кыргыз Республикасы да Жеңиштин келишине зор салымын кошкондугу калетсиз. СССРдин ар кыл аймактарына мында 30дан ашык завод- фабрикалар эвакуацияланды. Кыргызстан согуш жылдарында 300 миңден ашуун адамдарды, анын ичинен түрк, курд, чечен, калмык элдерин кабыл алып, 30 миңден ашык адамды өлкөдөн сырткары жумушка жиберди. Согуш убагында эвакуацияланып келген өлкөлөрдүн ичинен кыргыздар ал кезде бөтөнчө меймандос келип, өзүндө бир сындырым жүгөрү наны болсо, анын жартысын бөлүп берип, ачкачылыктан аман сактап калышкан дейт. Дооронбек Садырбаев Чеченстанга барып калгандагы бир окуясын басма сөз беттеринде жазганы бар: ак калпак кийген кыргыз жарандарына Грозныйда ийилип салам берип, өзгөчө ызаат көрсөткөнү согуш учурунда кыргыз үйбүлөлөрү бирден чечен үйбүлөсүн батырып, өзү жеген тамагынан тең бөлүшүп аман сактап калганына ыраазылыктын белгиси экен.
Кыргызстанда 316, 385-аткычтар дивизиясы, 40, 153-аткычтар бригадасы, 660, 664, 666-авиаполктору түзүлдү. Москва алдында кыргызстандык жана казакстандык жарандардан турган 316-дивизия түзүлүп, анда 21 баатыр панфиловчу, Дүйшөнкул Шопоков, Николай Ананьев, Иван Москаленко, Григорий Конкин, Григорий Петренко, Григорий Щемякин ж.б. айырмаланып турган.
Кыргызстандан 360 миң жоокер фронтко аттанган. Алардын 22си Даңк орденинин толук кавалери, 73ү Советтер Союзунун Баатыры болду. Анын ичинде Дүйшөнкул Шопоков, Чолпонбай Түлөбердиев, Дайыр Асанов, Асанбек Оторбаев, И. В. Панфилов ж.б. жогорку сыйлыктарга татыктуу болгон. Ошондой эле тылда каармандык менен эмгектенген эки миңдей адам СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйланган.

Дүйшөнкулдун жары
Керимбүбү Шопокова
Улуу Ата Мекендик согушка катышып, эрдик көрсөткөн кыргыз уулдарынын ысымы муундардан муундарга дастан болуп айтылып кала берээри шексиз. Советтер Союзунун Баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун жубайы, Социалисттик Эмгектин Баатыры Керимбүбү Шопокова азыр токсон жаштан ашты. Ал Сокулуктун Шалта айылында жашайт. Керимбүбү апа Дүйшөнкулдун согуштагы эрдигин эмгекте улантып келгендиги жумурай журтка маалым. Керимбүбү апа: - Дүйшөнкулдан уул бала калбагандан кийин анын тамын иниси Атамырзага бергем, -деп Дүйшөнкулдун үйүнө алып барган. Ал үй азыр өзү жашап турган үйдүн маңдайында, эки бөлмө эски там болучу. Өзүнүн үйүнүн бет маңдайындагы бул үйгө күнүнө бир нече маал каттап, алыс калган жаштыгын, Дүйшөнкул менен жашаган жылдарын эстеп, сыймыктанып келет.

Россия издөө
салган
кыргызстандык жоокер
Согуштун аяктаганына быйыл 63 жыл болсо дагы анын жаңырыгы дагы далай муундарга айтылып, уланып келет. Кечээ жакында Россиянын Курск Дугасында согуш убагында курман болгон жоокерлердин сөөгү табылган. Россиялык иликтөө отрядынын командиринин орун басары М. А. Волков 2007- жылдын 3- майында Почин Алешок поселогунун жанынан табылган Кызыл Армиянын үч жоокеринин сөөгүнүн бири кыргызстандык жоокердики экенин кабарлап, Кыргызстанга издөө салган. Бул маалыматтын өзү эле эч ким, эч нерсе унутулбай тургандыгын далилдейт. Ал жоокер Касымбек Осмоналиев, 141-аскер миномет полкунда кызмат өтөгөндүгүн билдирген документи бар болуп чыкты. Архивдин документтерден Касымбек Осмоналиев 1943-жылдын 5-августунда курман болгондугу, ал Фрунзе областынын Ивановка районунун Киров сельсоветинин Киров колхозунда жашагандыгы жазылган. Биз, журналисттер, иликтеп олтуруп, Касымбек Осмоналиевдин дайынын, туугандарын Ысыката районунун Санташ айыл өкмөтүнө караштуу Жетиген айылынан таптык. Ал түгүл Касымбек Осмоналиевдин 1941-жылы салынган тамы азыр да бар экен. Анда анын туугандары Эркинбек Исаков жашайт, бул там ак жолтой, жер титирөөдөн ж.б. жаратылыш кырсыктарынан аман- эсен сактап келди дешет анда жашаган туугандары.

Прибалтика өлкөлөрү
Жеңиш күнүн
майрамдайбы?
Азыр СССР өлкөсү тарап кетти. Улуу Ата Мекендик согуш жөнүндөгү маалыматтар мурдагы СССР өлкөлөрүндө эми бирдей кабыл алынбай калды. Прибалтика өлкөлөрү, алсак Литва, Эстония Россия мамлекетине кыр көрсөтө баштады. Литванын президенти В. Адамкус 1940- 1941- жана 1945- 1991-жылдардагы "Советтик оккупация" келтирген зыян үчүн 28 млрд. доллар талап кылган. Бул суммага кайсы эсеп- кысап негиз болгону түшүндүрүлгөн эмес.
Бул жерде Литва мамлекети компенсацияны Россиядан эмес, Германиядан сураса туура болмок. Себеби согушта ар бир алтынчы литвалык же жалпы эсеп боюнча жарым млнго жакын адам көз жумуп, 21 кыштак, 87 миң чоң имарат, курулуштар жок кылынып, 21 миң чакан турак жай, 1148 көпүрө, 56 электростанция жана подстанция талкаланып, бир топ зыян келтирилген.
Эстония бийлиги өткөн жылы советтик жоокерге эстеликти жана советтик жоокерлердин көрүстөнүн Таллинндин борборунан тышкары көчүрүү менен бир топ ызы-чууну жараткан.




"Тылда да каармандык болгон"
Ош шаарына караштуу Озгур айылынын тургуну Малике эне быйыл өмүрүнүн 90-жылын тосту. Дагы эле кайраттуу. Жашоонун жакшылыктарына жаш баладай сүйүнгөн, жаз күндөрүндөй жадыраган ачык-айрым, алпейим, майин мүнөздүү кыргыздын кутман энелеринин бири. Жашаган өмүрүнө канаат кылуу менен, Улуу Жеңиштин 63 жылдык майрамын көрсөм деп тилек кылып жүргөнүн жашырган жок.
"Жеңишти биз маңдай жарылган кубаныч менен тоскон күн эч качан эстен чыкпайт. Анткени, тылда да согуш болгон. Кан майдандагы Атажуртун, эркиндигибизди коргоп жүрүшкөн эркектердин ордун басып, оор жумуштарда жалаң аялдар менен балдар иштегенбиз, өлүмдүн күйүтүн да биз тарттык.
Мен 41-жылы трактористтердин курсуна барып окуп, Коңуржаз колхозунун ЧТЗ тракторун согуш бүтөөр-бүткөнчө айдадым. Өзүбүз жеп-ичпегенге кайыл болуп, фронтко эгин, май, кийим-кечек жөнөтүп турдук.
Айылда кара кагаз албаган үйбүлө калган эмес. Бирок, ата-агаларыбыздан айрылган күйүт да, ачкачылык да, оорчулук да кыргыз аялдарынын эрк-кудуретин майтара алган жок" - дейт Малике эне.
Анын 9-майга карата жазган ырлары бир топ. Ар бир майрамга арнап ыр жазат.

Баатырларга гүлдесте
Ардагерлер аталарды согушкан,
Ар жыл сайын эли сыйлап турушат.
Кыз-келини, уул-жигити ийилип,
Куттукташып, кооз гүлдү сунушат.

Жеңиш күндү белгилеп,
Майрамдарга эл болсун.
Аталар коргоп кан төккөн,
Келечегиң, кең, болсун!

Кайтпай калган жоокерге,
"Түбөлүк от"алоолойт.
9-Майда эл-журту,
Эстелик койгон гүл жайнайт.

Ардагерлер-баатырлар,
Жеңишиңер кут болсун!
Аксакал болуп сый көрүп,
Ден соолугуң чын, болсун!

Май айында кызгалдак,
Бажырайып ачылар.
Балдарыңдын алдында,
Бар болгула аталар!

Айгүл БАКЕЕВА










??.??