Ормон хандан Бокеге...

Тарых дагы кайталандыбы?
"Каркыранын казактарга кетишине каршыбыз" деп Кыргызстандын көптөгөн аймактарынан жөө жүрүшкө чыккандарды көлдүктөрдүн өздөрү жумуртка менен ургулап, ызы- чуу салып, чилдей таратышы дүйнө жүзүнө дуу болуп тарады. Бул окуядан кийин "кара келтекке" катышпаган көлдүктөрдүн бир даары уялып, "кара келтечен" аялдар биздин жерлик эмес болучу, андан- мындан куралып -жыйылган, эмне деп кыйкырып, эмнеге жулунуп, жөө жүрүштү "жумуртка жүрүшкө" айландырып жибергенин өздөрү сезбей калган немелер экен, алардын бүткүл көлдүктөрдүн атынан сүйлөгөнгө акысы жок деп жабыла айтып жатышат.

Ошол Түптө болуп өткөн окуядан улам тээ илгери так ошол эле Түптөн, Кудургунун боюнан Алыбек баатыр менен Ормон хандын жолугушкан жердеги санжыра эске түшөт. "Кара келтенин жайын" тээ илгери Тоголок Молдо атабыз келиштире көркөмдөп, минтип сүрөттөп жазып кеткен экен : "Ал эми Кудургунун жонунан Алыбектин аткан мылтыгынын үнү боюнча баягы Алыбектин эки жүздөй кишилери ат коюп тегеректей баштады. Кара келтенин огу зыр-зыр деп кулакка угула келип, Ормондун жанына түштү дейт. Ормон окту жерден алып:
- -Бу кудай урган Алыбек кулдун кара келтесинин огу экен го, күндүн жааны кичине басыла калса чындакем ойнойлучу - деп азга өткүн жаап турган чагы эле дейт. Ормон окту кармап отура берди. Аңгыча кара келтенин огунун үнү боюнча эки жүздөй киши тегеректеп кирип келгенде жабыла аттанышып, бир тобу кача баштады. Ормон тоготпой:
- О, кудай алсын айбандар! Катын бугудан дагы киши качабы? Жолборстун жаткан жерине ит даабайт. Мага келип кол сала алабы?- деп кырынан жата берди.
Мына ушул эпизод кечээ жакында мындайча кайталанган эмеспи: Бу жерде Ормон хандын ролунда Болот Шерниязов болуптур. Ысыккөлдүн губернатору Кыдыкбек Исаев Алыбек баатырдын ролун ойногон окшойт.
Анда азыркы окуя мындай:
- Түптө, ошол Кудургу айылынан анча алыс эмес эле жерде, Түптүн борборунда Кыдыкбек мырзанын кишилери ат коюп тегеректей баштады. Азыркы учурдагы бир жаңылык- жоого аттангандар жигиттер эмес, жалаң аялдардын жоого жарамдуу өзгөчө тобу жыйналып келишкен, алардын негизги куралы кадимки эле тооктун жумурткасы болуптур. Жөө жүрүшкө чыккандарды көздөй канаттуунун тукуму ыргып, тукум тийбегендерине муштум тийип, чачтар жулунуп, беттер тытылды. Катындар жабалактап "жерибизди берсек- койсок өзүбүз билебиз, силер болсо келген жагыңарга жоголгула" деп жүрүшчүлөрдү жабыла каптап киргенде жөө жүрүшкө жөнөп жаткандардын бир кыйласы кача баштады дейт. Жөө жүрүштү баштап келгендердин бири болуп саналган Шерниязовдун өзүнө көлдүктөрдүн көкөлөгөн жумурткасы тийгенде: - Бу кудай аткыр Кыдыкбектин кылганы го… деп турганда катындар ары-бери тытмалап, анын кан басымы болуп көрбөгөндөй көтөрүлүп кетти.
Анан ал: "О, кудай алсын айбандар! Катын бугудан да киши качабы? Жолборстун жаткан жерине ит даабайт. Мага келип кол сала алабы?" деп бая Ормон хандын айтканын кайталап айтып тургансып, "урсаңар мени ургула" деп жамгырдай жааган жумурткага төшүн тосуп, аларга жооп кайтарбастан, кетип бараткан жеринде кебелбестен туруп бергени болду.
"Алыбек болуп жүргөн Кыдыкбек Исаев мырза "эмне кылсаңар ошо кылгыла" деп жөө жүрүштү баштагандардын бир тобун катындардын колуна биротоло салып бергенин айтышат.
"Ормондун бети айрылып, жарадар болгону коркунучтуу болуп, Бугулар Алыбекке акылга келген болот…
Алыбек айтат:
- Ой, катын Бугулар! Мунун имнесин айтасыңар? Буга эч бир айла жок жана акыл жок. Колуңар барбаса мага бергиле, мен билгенимди кылайын. Болбосо, тындымдан башка эч кеп жок. Тындым кылмайынча жан калабы.
Кечээ жакындагы Түптөгү окуяда болсо Болот Шерниязов бети -башы айрылып, кан басымы көтөрүлүп, "тез жардам" менен ооруканага токтоосуз алынып кеткендигин келтирсек болот. Аны "Алыбектин ролундагы" губернатор Кыдыкбек Исаев баш болгон топтун жөө жүрүшкө чыккандарды "бугу катындардын" колуна салып бергениндеги окуясынын дагы бир жери оңдой берди болуптур, Ормон ханга окшотуп бирөө тындым кылып жибере жаздаган жок. Ошол эле санжырадагы "Бугулар кайран Ысыккөлдөн ажырап, калмак жагына оодарылып качышты" болбой, эми Каркырадан айрылып калбайлы деп жөө жүрүшкө чыкпаса да, жок дегенде жөө жүрүш даярдап келгендерге тоскоол келтирбей, ата-бабадан калган мурас жер, жалпы кыргыздын ыйык жери - Ысык-Көлдүн бир тамчысын башкаларга кетирбей, Каркырасын кошуп туруп, коргоп калабыз деген ийги тилек менен жүрүшкө чыккандарды колдой турган, колдобосо дагы жазындагы тукум болоор жумурткасы ошончо эле батпай баратса, бышырып туруп, гүлазык кылып жүрүшкө жөө аттангандарга тарта турган жайы бар эле го. Жоо алышпас душмандар каптап, элин кырып киргенде деле, ортодогу калыс адамдар кандын каарынан калкты кырууга мажбур болгон күнөөсүз мусаапыр пенделер курал алып алдынан чыкканда деле орто жолдон суу алып чыгып жуткуруп, пенденин сообуна калышчу тура. Бу жолу жол карытып келаткан мекендештер ошондой сыйдан такыр куру калыптырбы? Каны ката суусаган жолоочуга бир ууртам сууну сунгусу келбесе дагы, жок дегенде ошо жөө жүрүшкө жөнөп бараткандарга тоскоолдук келтирбей, ургулабай, тытмалабай, тукум чачпай, тим туруу такилип эмес беле. Ата- бабадан калган мурас жер, жалпы кыргыздын ыйык жери - Ысыккөлдүн бир тамчысын башка жакка кетирбей, Каркыраны кошуп туруп, коргоп калабыз деген ийги сезим көлдүктөрдө башкалардыкына караганда сөөм өйдө болушу керек эле го, калайык калк…

Айгүл Бакеева