№45, 06.05.08-ж. Кыргыз гезиттер
  А й л а н к ө ч ө к

Санта Клаустун мекенинде
Туристтик абал кандай?
13-май күнү премьер-министрдин катышуусу менен жайкы туристтик сезонго карата өлкөнүн даярдыгы талкууланат. Жыйында өткөн жылдын жыйынтыктары, тейлөө кызматтарын жакшыртуу, Кыргызстанда "Дүйнөнүн туризм периси" конкурсунун жыйынтыгын өткөрүү, сезонго даярдык боюнча чукул чараларды көрүү сыяктуу маселелер каралмакчы.

Өмкеге өөн учурап...
Өзүм билдим саясаты өкүм сүрүүдө дейт го, ыя?
Өткөн 15 жылда Башмыйзамды сыйлоо маданияты тиешелүү деңгээлге жеткен жок. Мындай пикирин коомдук ишмер Өмүрбек Текебаев билдирди. Тескерисинче, мамлекеттик жетекчилер жана үлкөн кызматтагы бийлик адамдары Башмыйзамда көрсөтүлгөн принциптерди бурмалап, карама-каршы келген иштерди жасап жатышканын кошумчалады. "Конституция күнү - мамлекеттүүлүктүн, мыйзамдын үстөмдүгүнүн күнү катары белгилениши керек, анткени мамлекеттин кылган иш-аракети, кабыл алынган чечимдер Башмыйзамга туура келиши зарыл, тилекке каршы, бизде андай болбой жатат" дейт.

Капаста
Ишенбай Кадырбековду куткаралабы?
Алар 6-майда Бишкекте журналисттер үчүн басма сөз жыйынын өткөрүп, соттун акыйкат болушун каалашат. Мындай маалыматты 5-майда "Ишенбай Кадырбековду колдоо" комитетинин төрайымы Асыл Жаманова "Азаттыкка" билдирди. Кадырбековду камактан бошотуу талабы менен топтолуп жаткан колдун саны учурда 500гө чукулдаган. Андан сырткары азыркы мезгилде Нарын облусунун бардык аймактарында кол топтоо улантылып жатат деп кошумчалады.

Бегиш Ааматов эмне үчүн орус падышасы Николайга эстелик тургузгусу келет?
- Бегиш Ааматович, Башмыйзам жөнүндө эки ооз кебиңиз бардыр?
- Азыр мен телевизорду тиктеп отурдум эле. Биздин спикерибиз Медеткан Шеримкулов "Акаевдин Башмыйзамы жаман эле, мунусу 93-жылдагы Башмыйзамга окшош. Демек, жакшы" деп сүйлөп атат. Ушундай экен да. Кыргызга тилегенин берсең эле сөзүңү сүйлөп калат.
- Өзүңүз эмне дейсиз?
- Өзүм эмне демек элем. 93-келмейинче өлкөдөгү ызы-чуу токтобойт.
Үка, өзүң түшүнүп ал. Кыргыз Николайга эстелик тургузушу керек…


Ойилик
- Оппозициянын соңку жүрүштөрү оңунан чыкпай калды. Алар мындан ары кандай кадамдарга барат деп ойлойсуз?

Осмонакун Ибраимов, экс-мамкатчы:
- Бул окуя биздеги демократиянын 4 тамыры кыркылып, эсил кайран болуп баратканынын бир белгиси болуп калды окшойт. Акаев заманындагы оппозициянын бир күн эмес, бир нече айга созулган жөө жүрүштөрү Бакиев заманында "өтпөй" тургандыгы ачык эле көрүнүп калды. Баягыдай "кагылайын эли-журтум, бир ачууңарды берип, ушуну токтотсоңор" деп жалбарган осмонакундар да бул замандын кыйырынан кыйкырсаң да көрүнөөр эмес. Букадай дуңкулдаган эргулдар оппозиция эмес, Азирети Алейхисалам жолдон чыкса да, бейжай катындарга талатып, чоң муштумдарга урду-сокту кылчудай. Демократияны ушуну менен жан таслим кылып баратабы деген пикирим да ошондон.
Эркиндик эч бир өлбөй турган идея. Ошондуктан, Түптөгү кейиштүү көрүнүш оппозициянын маанайын чөгөрбөйт го деп ойлойм. Анткени алардын көздөгөн максаты бийик, ниеттери туура.

Жеңишке 63 жыл
Кыргызстанда 6 миң ардагер калды
9-май күнү Бишкектеги Жеңиш аянтында митинг-реквием өткөрүлөт. Коргоо министри Исмаил Исаковдун айтымында талаа ашканасы уюштурулуп, ардагерлерге аскердик сый тамак берилет. Улуу Ата мекендик согушка Кыргызстандан 363 144 жоокер аттанып, алардын 130 миңден ашууну мекенине кайтпай калган. Аман-эсен кайтып келген 200 миңден ашуун катышуучунун учурда 6 миңден ашууну гана бар.

Лейлектен кат
Мыйзам акимдер үчүн барбы?
Лейлек районунун акими К.Т.Шайназаров жана аппарат башчысы А.Н.Хамраев эл менен бирге иш алып баралбайт, элден түшкөн арыздар жана билдирүүлөргө жалган фактылар менен жооп беришип, элди улуттарга жана урууларга бөлүп, элибиздин мамлекетке болгон ишеничин жоготууда. Биздин аким элди бириктирүүнүн ордуна элди бөлүп-жарып, өз кызыкчылыгын жогору коюп, кантип байыштын жолунда. Шайлоо маалында "Акжол" партиясына добуш сурап, "Атамекен" партиясына тескери үгүт сөздөрдү айтып жүрүштү. "Родина" партиясынын мүчөсү Иминбай Мурзаевдин 7 жыл мурдагы кыскартылган ишин козгоп, Кадамжай районунун ИВСине камаганга акимдин түздөн-түз тиешеси бар экенин биз кийин билдик. Шухратжан Камалов дегенди да камагыла деп буйрук бериптир, азыркы убакта иш козгоого аракет кылып жатат.
Исфана шаарындагы Голбо айылынын алмабагы элдин үлүшүнө берилген болчу, Саатбай Жолдошев эл менен бирдикте кооператив түзөйүн десе, аким тоскоолдук кылып жатат. 10 жылдан бери С.Жолдошев соттошуп, чындык жок экенине ишенди. Аким өзүнүн урук-туугандарына берип коет экен.
Лейлек районунун акими К.Т.Шайназаров эл үчүн эч кандай иш жүргүзбөйт, элдин тагдырын ойлобойт, ошон үчүн биздин элге мындай акимдин кереги жок.

Мамуржан Шарипов




Баам салчы...
Башмыйзамда баары бар
Конституциялык реформага байланышкан убадалар аткарылды деп, президент Курманбек Бакиев өлкө Конституциясынын 15 жылдыгына арналган салтанатта билдирди. Ал өз сөзүндө Конституция кабыл алынган 5-май мамлекет тарыхында зор саясый мааниси бар күн катары кала берээрин, 15 жыл аралыгында Башмыйзамга бир канча жолу өзгөртүүлөр киргизилгенин, бирок 2005-жылга чейинки өзгөртүүлөр саясый кызыкчылык үчүн багытталганын белгиледи. Президент ошондой эле Башмыйзамдын жаңы редакциясы кабыл алынган соң, өлкөдөгү саясый кырдаал турукташып, саясый партияларга жол ачылганын айтты.

Деңиз сөз
Адам бардыр адамдардан артыктыр,
Адам бардыр айбан андан артыктыр.
Алишер Навои

Өмүр деңиз анда сүзөм дебеңиз,
Жакшылыктан жасалбаса кемеңиз.
Руми

Курч акылдан тайгылып, сыймык кетти,
Өткүр эрктен айрылып, бийлик кетти.
Саади Ширази

Көңүлүм учууну эңсесе да, көктөгү өлкөлөргө,
Буттарым байланып калат жердеги көлөкөлөргө.
Нежип Фазыл


Аалам "Ааламда"
Кореяда топон суу
Түштүк Кореяда бийиктиги 5 метрге жеткен суу толкуну болуп, 9 адам өмүрүн алып кетти. Күтүлгүс табигат кырсыгы Сеулга чукул 190 км аралыкта өттү.

Германияда
тоңдурма
Германиянын Венден шаарында кылмышка шектүү аял кармалды. Өзүнүн чиедец үч кичинекей баласын муздаткычка салып тоңдуруп өлтүргөн. Себеби белгисиз.
Таиландда жардыруу
Таиланддын жарманке-базарларынын биринде таштанды челекке жашырылган бомба жарылды. 12 адам жабыркады. Полициянын террордук актыга кыйсыпыр түшүп аткан убагы.
Грузияда түтүн
Грузиянын экс-коргоо министри И.Окруашвили Абхазия аймагында баасы 12 млн. доллар турган "чалгынчы-самолету" эки учкучу менен жок кылынганын, Грузия президенти М.Саакашвилинин шалаакылыгын сындап чыкты. Орусия тышкы иштер министрлиги да 21-майда парламенттик шайлоо өткөрөм деп турган Михаил акеге кыйыр карап турган чак.
Америкада
демократия
Америка президенттигине Демократиялык партиянын атынан ат салышкан Барак Обама акыркы атаандашы Хиллари Клинтонду жеңип алды.

"Аалам-пресс"