№45, 06.05.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Жумасереп

Ташбака саясаты
Кыргызстан 3 жыл аралыгында паралич катары жашап жатат дегенден алыспыз. Анча-мынча ызы-чууларды эске албаганда, курулуш тармагында биртоп жылыштар бар. Мисалы, Ош шаарында 40 үйбүлөгө ылайыкталган 5 кабаттуу имарат толук бүтүп, жашоочуларга берилгени турат. Мындай имараттан дагы үчөөнүн фундаменти тургузулду. Коргоо министрлиги болсо, курулуш багытында адистешкенине таңдайыбызды шакылдатып, кол чаап турабыз. Жалпы чегарачылардын жашоо-тиричилиги көкөлөп кетпесе да, көрүнгөн дарбазаны каккылап, нан сураган кыргыз аскери азыр жок. Өмүрүндө үйгө жетишпеген офицерлер былтыркы жылдан баштап үйлүү болушту. Кийим-кечектери оңолуп, жеген-ичкендери жакшырып баратат. Башка министрлерден айырмаланып, Исмаил Исаковдун улуттук тилге көбүрөөк басым жасаганы мактоого арзырлык. Бакиев бийлигинин күзгүсү десе да болот. Дагы мисал. Майыптар үчүн атайын көп кабаттуу имарат салынып атат. Кыргызстандын мамлекет катары дудук-дүлөй атуулдарына алгачкы жолу жардам бериши ушул болсо керек. Социалдык жактан коргоого муктаж пенсионерлер менен пособие алуучулардын абалы мурдагыга салыштырмалуу оголе дурус. Арзыбаган акча алышканы менен пенсиясын өз убагында акчалай түрүндө капчыкка салат. Менин билишимче, Алайдын почта кызматкерлери түгөл коммерсант болуп, Оштон апарган чай-шекерин пенсия-пособиенин эсебинен берип, карыяларды кууратчу эле. Азыр мындай көрүнүштөр кан буугандай токтогон. Бул жетишкен жагы. Жетишпеген жагы өз баштарынан да бийик. Мисалы, ошол эле ИИМ, ТИМ, билим берүү министрлиги, сот жана улуттук коопсуздук кызматында оркойгон кемчиликтер толтура. Бизде УКК деген кызмат кимдир бирөөлөрдү аңдып, сары изине чөп салуу үчүн түзүлгөндөй. УККдан коркпогон жан жок. Эмнеге, анткени, Акаев доорунан бери улуттун кызыкчылыгын коргогондорду "сындырып", оппозицияны аңдып тескей баштаган фактылар жок эмес. Мамлекеттеги ар кандай кызмат элдин бейпилдиги үчүн түзүлөт да. Бизде тетирисинче, коркутуп-үркүтүүгө багытталган. Сот тармагы болсо, эски чапанын чечалбай, убара. Бийлик алмашкандан бери эч кандай реформасын көрөлекпиз. Билим берүү деле ошондой кейпинде. Министрлер Акылбек Жапаров менен Марат Кайыповду ММКлардын күзгүсү катары эсептебесек, кылган иштери белгисиз. Бир билгенибиз, Марат мырза сууда кыйын сүзөт экен. Ал эми туризмдин чоңу Турусбек Мамашов совет дооруна чейин 1-январдын эмне экенин билбеген кыргызга Санта Клаусту үйрөтүп жүрөт. Илгери-илгери Кыргызстан Санта Клаустун мекени болгон имиш. Ушинтсек эле Кыргызстанда туризм тармагы күргүштөп, көктөн акча жаайт деп түшүнүп отурат маңыроо кыргыз. Тышкы саясатыбыз болсо тышкы күчтөрдүн этегине жабышып калган. Өтө алсыз. Коңшу өлкөлөрдүн чектен чыккан аракетине жөн гана нааразычылык нотасын жөнөтүп коюу менен чектелет. Мамлекеттин тышкы саясаттагы ордун, көз карашын билдиралбайт. Ал гана эмес тышкы иштер министрлигинин бир ныптасын расмий Тель-Авив чоюп жатат деген имиштер эл арасын аралап жүрөт. Бул эмне деген шумдук. Анда жөөттөрдүн уруксаты менен тышкы иштер министрлери дайындалып, жакпаганы кете берет экен да. Ушундай саясат. Мен мындан президентти күнөөлөбөйм. Буга далилдерим бар. Айрым учурларда ал кишинин өтө эле жалгыз экени сезилет. Президент өз чоролорунун өзүм билдим саясатынын алкагында калып баратабы же, жалданма саясый технологдору жаңылыштык кетирүүдөбү, аны айтыш кыйын. Тезирээк ойлонуп, чечим чыгарбаса, убакыт өтүп баратат. Өнүгүүнүн ташбака жүрүшүн ылдамдатпаса, "бовой" калды. Бектер кеткен мезгил деле болот турбайбы, чиркин!

Манас Осмон




  Үчкаарман

Мазени эзген соболдон
Азимбек Бекназаровго
Баатырдыгыңыз, курчтугуңуз бар. Аны тана албайбыз. Бирок, баштаган ишиңизди аягына чыгуу, айтканыңызды аткаруу дегенге келгенде мүдүрүлүп эмес, тоңкочук атып кеткениңизди өзүңүз деле тана албастырсыз. Саясат айдыңында, өлкө алкагында бараандуу эле кадырга ээсиз. Деги качан алабармандыгыңызды, аша чаап сүйлөмөйүңүздү, дегеле бозала болуп ишке ашпай калган максаттар үчүн уят болгонуңузду токтотосуз? Деги качан баштаган ишиңиздин акырына чыгасыз? Кечээ жакында түзгөн Ревкомуңуз кайда? Сиз үчүн ажалга кеткен Аксынын алты азаматынын куну дейбизби(?), айтор алардын сөөгүн агарттыңызбы? Же көңдөй челектин үнү катуу чыгат деген сөз сизге, сиздейлерге айтылганбы?

Феликс Куловго
Ие, Феликс мырза, сизди кайсы кара теке сүздү? Кечээ эле фронт түзүп (жүрөктүн үшүн алган чакырыктай), аныңыздан майнап чыкпай, бечара элди койдой ары-бери айдап, акыры газга ууландырып, калмактар чапкансытып, эзелтен кыргыз турагы - сыймыгы болгон бозүйлөрдү кызыл уук кыла жылаңачтап, түндүгүн талкалатып, кыргызды коргомок тургай кордотуп, куйрук түйө чээнге кирип кеттиңиз эле го. Ошонун кысасына, элдин эркин сындырып, үнүн бууп бергениңизге бүгүн устукан алдыңызбы? Эмне, бул кадамыңыз нарындык Бектемир боордоштун кара башы үчүн бийлик төлөгөн кунубу? Же үчтамганын жертөлөсүндө тепки жеп, кесилип кеткен, азыр да куугунтук, качкында жүргөн "канжарчылардын" кунубу? Өзүңүз партияңызга атын койгон Арыңыз кайда? Намысыңыз кайда? Абийирди саттыңызбы? Же сиз үчүн мындайлар кызмат алдында түккө турбайбы?

Сапарбек Балкыбековго
Азыр былыгыңыз да, кылыгыңыз да чубалып, чукулуп чыгып жатса да кыңк этпей, тескерисинче, бакыйган министр болдуңуз. Бир кезде, а тургай азыр деле Борбордук Азияда электркаймагы болуп турган өлкөнү адамдарды бүшүркөтүп, чырак жагып, тезек терген өлкөгө айланттыңыз? Кыргызга, өз өлкөңүзгө неге мынча кастыгыңыз бар? Деги кыргызсызбы? Баса, өткөндө теледен бир журналист сурады, сиздин электриктерден: "Так айткылачы свет качанга чейин өчөт?" деп. Баары унчугушпайт. Деги сиз айтыңызчы, качан токтойт? Эл сиздей болуп кош кабат үйдө, телегейи тегиз жашоодо жашабастыгын билесизби? Дегеле, министр болгону айыл жергесин, элетти бир ирээт аралап, турмуш кандай экенин көрдүңүзбү? Албетте, жок. Сиздейлер алкымын толтургуча, жети урпагына дейре байлык топтогуча кыргыз тукум курут болуп кетээрин ойлондуңузбу?

Акат Аскаев





  Ырнасаат

Арстанбек
Киши акысын жегендик
Арамдыктын белгиси.
Мээнет менен жан багыш -
Адалдыктын белгиси.
Эки абысын урушса,
Эки тууган болушуп,
Душман болуп жоолашса,
Топко түшүп доолашса,
Нарк кеткендин белгиси.
Жосунсуз мындай жорукту
Адамдын келбейт көргүсү.
Айтса кулак илбесе,
Акылсыздын белгиси.
Адамдын көөнүн оорутпай,
Аста-секин кеп айтыш
Асылдыктын белгиси.
Айттырбастан сыр билген,
Кыраакынын белгиси.
Атажуртун ардакташ
Азаматтын белгиси.
Айткан сөздөн жанабы,
Ар-намыстуу эр киши?
Чагым салып, эл бузуу
Ыймансыздын белгиси.
Сураганын аткаруу
Кыйбастыктын белгиси.
Эки жаман баш кошсо
Безерликтин белгиси.
Эки жакшы баш кошсо,
Эсендиктин белгиси.
Келиниң өлсө жашында,
Неберең турса кашыңда,
Өгөй эне өксүтүп,
Өчөшүп урса башында,
Өчпөгөн кайгы белгиси.
Жашты алгыча мени ал деп,
Атанын келет өлгүсү,
Аа дүйнөнү көргүсү.
Жашында өлсө атасы
Жетим бала дедиртип,
Бөксөргөндүн белгиси.
Энеси өлсө жашында
Өгөйдүн түшүп колуна
Өксөгөндүн белгиси.
Кемпирдин калса артында
Алды-артын жыялбай,
Аа дүйнө өзүн кыя албай,
Азаптуу кары белгиси.
Кадырлуу болсо журтуна,
Сүйлөгөн сөзү тек кетпей,
Кары, жаш укса умсуна,
Акылдуунун белгиси.
Оройлонуп урушуу -
Зөөкүрлүктүн белгиси.
Элге жакса кылганы -
Жакшылыктын белгиси.
Күлө багып, каш кагыш -
Көңүлдөштүн белгиси.
Убада сөздөн качабы,
Уяты бар эр киши.
Жармачтарга карашуу -
Бергендиктин белгиси.
Жардыга камчы чаппаса,
Жетим менен жесирди
Кылбаган пенде кесирди,
Жаман айтып какпаса,
Берендиктин белгиси.
Элиңде барбы бул киши?