№45, 06.05.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Окумал кеп

КР Илимдер Академиясынын Суу проблемасы жана гидроэнергетика институтунун директору
Дүйшөн Маматканов:
"Суу саясатын шорлоткон чиновниктер…"
- Азыркы убакта Токтогул ГЭСинде суунун көлөмү азайып бараткандыгы тууралуу көп сөз болуп жатат...
- Токтогул каскады Кыргызстандын чекесине чыккан чыйкан болду, аны айыктыра албай жатабыз. СССР жашап турганда ага караштуу республикаларда бирдиктүү саясат жүргүзүлчү да. Башка чет өлкөлөрдөн көз каранды болбош үчүн, бардык продукцияларды өзүбүздө өндүрүү, анын ичинде пахта менен күрүчтү Борбор Азияда өстүрүү каралган. Бирок Өзбекстан менен Казакстанда суу жок. Кыргызстан менен Түркмөнстанда суу бар, булар мал чарбачылыгы менен алектенсин, сууну пахта, күрүч жагынан камсыздоочу Өзбекстан менен Казакстанга берип турсун деп бизде айыл чарбасын чектеп койгон. Совет өкмөтүнүн акыркы 20 жылында Кыргызстан 189 миң гектар гана жаңы жер өздөштүрсө, Өзбекстан 1,5 млн. гектар жаңы жер өздөштүргөн, Казакстандын эки областы (Чымкент жана Кызыл-Ордо) эле 720 миң гектар жер өздөштүргөн. Кыргызстанда бүткүл айдоо аянты, сугат жери 1 млн. эле гектар жер. Ошол себептүү Токтогул ГЭСи эң ириде Өзбекстан менен Казакстан үчүн курулган деп айтууга болот. Токтогул районунун 28 миң гектар айдоо жери ГЭС куруу үчүн бошотулуп, эл башка жакка көчүрүлгөн. Жылына айдоо аянтынан түшүп турган 6 млн. доллар киреше түшпөй калган. Мына ушул чыгым үчүн Совет өлкөсү бизге техника, жер семирткич, азык- түлүк товарлары, көмүр, нефть, газ менен камсыздап турган. Жогорудагы чыгымдар үчүн анын акысын төлөп турмак болучу.
Сыйымдуулугу 19.5 млрд. кубметр суусу бар Токтогул ГЭСинин эсебинен Өзбекстан менен Казакстан 480 миң гектар жаңы жер өздөштүргөн, 800- 900 миң гектар суу чала жеткен жерге суу жакшы жетип, жалпысынан ал эки республика 1млн. 300 миң гектар жерди сугарып жатат.
Совет өлкөсү кулагандан кийин ГЭС үчүн биз тарткан чыгымдын орду толтурулбай калды. Сууну болсо мурдагыдай эле берип жатабыз. 28 миң гектар айдоо аянтынан түшпөй калган кирешенин да орду толтурулбай калды, бул биздин биринчи чыгымыбыз. Андан дагы биздин республиканын энергетиктери Токтогул районунун элине жылына 43 млн сом компенсация төлөп турат. Бул биздин экинчи чыгымыбыз. Үчүнчүдөн, өзүбүздүн элибизди өзүбүз муунтуп, электрэнергиясын кымбат берип жатабыз. Токтогул суу сактагычы Казакстан, Өзбекстанга жылына 6 млрд. кубметр суу бекер берип жатат.
1992-жылдан бери Токтогул каскады биздин республиканын менчигине өткөн. Албетте, коңшу республикаларга биз сууну таптакыр бууп кое албайбыз, анткени жер жүзүндө адамдар гана эмес, курт-кумурскалар да жашоого акысы бар. Ошонун баарын эсептегенден кийин суу орточо болгондо суунун жарымын эле берип, жарымын жайкысын чогултуп, кышкысын электрэнергия иштетсек, 2 млрд. кВттан көп электрэнергия өндүрүп, элибизди арзан электр энергия менен камсыз кылмакпыз. Биз ошол 2 млрдды иштетиш үчүн 1 млн. шарттуу отун: көмүр, газ сатып алып, ТЭЦге жагып, жылына 150 млн. доллар чыгым болот экенбиз.
- Ушул чыгымдын ордун толтуруу маселеси коңшу мамлекеттерге коюлуп келдиби?
- Кептин баары ошондо болуп жатпайбы. Кыргыз өкмөтү мындай маселени койгон жок. Биз, окумуштуулар, 90- жылдардан бери ушул маселени көтөрүп келатабыз. 1996-жылы илимий негизделген механизмди иштеп чыкканбыз. Өзбекстан жылына 800 млн. доллар чыгым болсо, Кыргызстан 150 млн. доллар чыгым болот экен. Демек, Өзбекстан үчүн 800 млн. чыгым эмей эле пайда болуп калып жатпайбы. Мына ушул маселени мамлекет, өкмөт жетекчилерине, бардык тиешелүү структураларга жазып жатып, чарчадык. Алар окубаса керек, окуса, түшүнбөсө керек, түшүнсө, унчукпаса керек. Токтогул ГЭСи жылына 6 млрд. кубметр суу берет. 2 млрд. квт электрэнергия иштетет, бул өзү кошумча пайда, мунун өзүнө турган наркы менен же насос станцияларынын чыгымдарын кошкондо 3-3,5 тыйын эле болот, аны элге жок дегенде 10 тыйындан берсек болмок, биз 62 тыйындан беребиз, эми 70 тыйын болгону жатат. Биз кошуна мамлекеттерге бекер беребиз да, электрэнергияны кымбаттатып, өз элибизди кыйнап жатабыз да, коңшулардан газ, көмүрдү дүйнөлүк баа менен сатып алып жатабыз. Мурунку өкмөт да, азыркы өкмөт да буга маани берген жок. Биз окумуштуу катары чындыкты айтып коюшубуз керек.
- Суу ресурсун пайдалануу боюнча биздин өлкөнүн программасы барбы?
- Жок да. Токтогул суу сактагычынын өзүнүн башкаруу эрежеси, диспетчерский график управления деген болушу керек, ал кайсы убакта, канча электрэнергия, канча суу болот, ошого жараша башкарышы керек эле, графикте противоперебойная линия, противосбросная линия болушу керек. Алдын ала 4-5 жыл мурун эмне болоорун прогноздоп турушу керек болучу. Андай болбой жатпайбы. Сууну чиновниктер ач десе, ачып, жап десе, жаап, суунун деңгээлин түшүрүп жатышат. Анан кайдан суу толсун?
- 70-жылдары Ысыккөлдүн суусу тайыздап кетпеши үчүн Сарыжаз суусун буруу маселеси көтөрүлүп, Союз жоюлгандан кийин ал токтоп калыптыр. Азыр бул маселе кандай?
- Биз, окумуштуулар, демилге көтөрүп чыкканбыз. Анда Ысыккөлдүн суусу азайып бараткан. Кийинки жылдары бүт дүйнөдө күн жылып, мөңгүлөр эрип жатат. Илгери Каркыра суусун Көлгө бурчу экен. Каркырадан 17 км жолу бүтүп, дамбасы эле калган. Союз таркагандан кийин ал ошол бойдон бүтпөй калды. Чынында биздин республика 15-20 м тоннель казып кирген, жылына бир эле метр тоннель казууга мүмкүн болучу. Азыр өз күчүбүз менен аны ишке ашыра албай калдык. Эми Нарындын башындагы Арабел суусунун Жууку деген жерин 1 км эле бурсак болот. Согуштун убагында Сарууну көздөй канал курган, ал Караколго чейин жетет. Караколго буруп, Жетөгүздүн 6 миң гектар жерин, чала суу жеткен 7-8 миң гектар жерин суу менен камсыздап, Көлдүн курорттук аймактарын айыл чарба продукциясын өндүрүүчү аймакка айландырсак болор эле.
Сарыжаздын суусун бери көздөй бура албай калдык. Ал жер бийик тоо, климат катаал, топоздон башка жаныбар жүрө албайт. Кууш жерге суу сактагыч курсак бизге да пайдалуу. Биздин институттун окумуштуулары май айында Кытайга барганы жатабыз ушул маселе боюнча. Алар да кызыгып жатышат. Кыргызстан эч кандай чыгым болбойт, Кытай тарап баарын көтөрөт. Бизде болсо суу жөнгө салынат, айдоо аянты көбөйөт, электрэнергия өндүрүлөт. Электрстанциясы курулса, биз кытайлардан салык, арендалык акы алабыз, Ысыккөл өрөөнүн электрэнергия менен камсыздайбыз, Сарыжаздагы калай, вольфрам кендерин иштетүүгө болот. Жол салынып, эзели эл өтпөгөн Түргөн, Аксуу тарапта да туризмге жол ачылат. Кытайдан эки саатта эле машина менен каттоого болот.
- Айтып олтурсаңыз жакшы пландар бар экен. Бул идеяны өкмөт жагынан колдоп жатышабы?
- Экономикалык өнүгүү министрлиги угуп, колдоп жатат. Ишке ашыруу жагына келгенде кандай болот, аны да көрөрбүз.
- Борбор Азия боюнча суу комплексин түзүүгө кандай карайсыз?
- Маселени түшүнбөгөн чиновниктер көп. Алар Борбор Азия суу-энергетикалык академияны түзүүгө макул болуп жаткандай. Эгер андай болсо, Кыргызстан өз суусуна өзү ээ боло албай калат деп эле айтууга болот. Камбарата-1, 2 ГЭСи боюнча да мыйзам алып, аларды энергообьект катары кабыл алышыбыз керек. Айтор окумуштуулар күйгөн маселелер абдан көп. Өкмөт, чиновниктер окумуштуулардын айткандарына кулак түрүп койсо, келечегибизге пайдадан башка зыян алып келбейт эле. Анткени суу деген элибиздин байлыгы, аны билгичтик менен туура, сарамжалдуу пайдалана билүү керек.

Маектешкен
Айгүл Бакеева




  ТАР ЖОЛ ҮРүЛ-БүРүЛ…

…"демарал" делип келген өлкөбүздү диктатура "вирустары" каптап келип калганынан кабар берип жатпайбы.

Ушул тапта цивилизациянын туу чокусуна кетип баратабыз дегенди кой, "демократия" деген нерсени кай жагынан кармаарды билбей турган өлкөлөрдө да ниет билдирүү эркиндиги кадимкидей калыптанып, бийлигине нааразы болуп митинг, жөө жүрүш, пикет, ачкачылык сыяктуу акцияларды өткөзүп жатышат. Мен бул фактыларды артта калган деп айтуучу Африка өлкөлөрүнүн мисалында келтирдим.
Илгери бизди окутту эле, диамат (диалектический материализм) деген сабактан: карама-каршылыксыз өсүү болбойт деп. Демек, карама-каршылык прогресстин, цивилизациянын башаты десек болор.
Ошондо мамлекеттеги позиция менен оппозиция биринин идеясынбы, саясатынбы, жаратпоо - "талаштан тактык жаралат" таризинде болуп, өнүгүүгө алпарат эмеспи.
Бийлик минип отургандардын баары эле эталон сымал ишбилги, жөнбилги эмес, арасында "далдырлар" бир топ эле болот. Ошолордун айынан экономикадабы же социалдык чөйрөдөбү, акыры келип жүргүзгөн саясатындабы, алешем иштер болуп, багыт алып бараткан жакшылык марасы үрүл-бүрүл болубатпайбы…
Оппозициянын иш-аракеттери белгилүү болгондой митинг, пикет, жөө жүрүш, ачкачылык ж.б. иш-чаралардын аркасында ишке ашат. Ниет билдирүүнүн бул түрү жүздөгөн жылдар бою калыптануу жолунда келатат, ал кай жерден барып бүтөт - эч ким билбейт.
Мына ушундай бүт дүйнө жүзүнө кабыл алынган традицияны айтсак, азыркы адамзаттын жазылбаган законуна баш бербей итерип туру. Бу эмнеси? Бакиев бийлиги ошончолук эле кубаттуубу, оппозициянын чымын чакканча көрбөгөн? А балким оппозициянын үнү, тутунган позициясы ошончолук эле ашкере радикалдуубу, мисалы, көңтөрүш көксөгөн?
Менимче, экөө тең эмес. Негизги себеп - бу бийликтин ныксырап көпкөндүгүндө, аткаминерлердин түгөлү менен тоюнуп турган жыргал турмушу тоскоолсуз уланып турушун каалагандыгында. Бул каалоо эч качан жакшылыкка алпарбайт!

Баратбай Аракеев