№45, 06.05.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Тарых барактарынан

Турдакун Усубалиев
Кыргызстан-Россия:
Биз бир болууга тийишпиз
Эртең, 7-майда, Россиянын жаңы шайланган президенти Д. Медведевдин инаугурациясы өтөт. Ошол салтанатты утурлап, биз Турдакун Усубалиевдин "Надо знать прошлое, чтобы не ошибаться в будущем" ( Бишкек, 1996) аттуу китебинин кыргыз-орус мамилелерине арналган бөлүгүнөн сунуш кылуу-ну туура таптык.

Кыргызстан Россия менен коюн-колтук алышып, өсүп-өнүгүп, жашап келатат. Мурдагы Советтер Союзунун составында болгон 70 жылдан ашык тарыхыбызга сереп салып, келечегибизге пайдубал түзүүнүн жолдорун белгилеп алалы.
Россия менен Кыргызстандын мамилеси мамлекет башында тургандардын айынан дайыма эле кынтыксыз болуп келбесе дагы, өткөн жылдары кыргыз калкы менен орус эли кылымдап түптөлгөн жылуу ымаласынан жазган жок деп айтууга негиз бар. Жүрөк жылыткан жаркын күндөр кыйла эле көп болду.
Орустар улуу, кең пейил, калыс калк. Алар кыргыздар менен дайыма тынчтыкта, жакшы мамиледе жашап келди. Мурунку замандарда биздин чөлкөм падышалык Россиянын артта калган өлкөлөрүнүн бири болгондугу талашсыз. Калыстык үчүн айтып коюшубуз керек, Советтик түзүлүштүн 70 жылдык тарыхы ичинде кыргыз эли өнүгүүнүн зор кадамдарын жасады. Бул жерде орус элинин эбегейсиз жардамын белгилеп кетүүгө туура келет.
Дээрлик 30 жылдай республиканы башкарган адам катары Кыргызстандын гүлдөп-өсүшү үчүн эмгек сиңирген, илимдин, маданияттын жана кара күч жагында эмгеги сиңген жүздөгөн адистердин атын атап кете алам.
Бирок көз ирмемде зор окуя болуп кетип, Советтер Союзу кыйрап, анын курамындагы өлкөлөр чилдей тарады, ондогон жылдар бою түзүлгөн экономикалык жана маданий байланыштар үзүлүп калды.
Бардык республикаларда улутчул-радикализм өсүп, курулай патриоттуулуктун толкуну каптады. Башкалардын баарын жерип, өзүнүн улутун гана көтөрө чабуу күч алды. Булардын арты улуттук республикалардын ортосундагы мамилелердин ырбашына алып келди. Чыр-чатактын айынан бир катар республикаларда улуттук мамилелерге олуттуу доо келтирилди. Бир катар аймактарда бир канча миңдеген күнөөсүз адамдар каза болду. Мындай трагедиялуу тирешүүлөр дагы эле уланууда.
Улуттар аралык мамилелердин күрөшү-мурдагы Союздук республикаларды каптап кеткен оор экономикалык кризистин негизги себептеринин бири болгонун белгилеп кетүү керек.
Кудайга шүгүр, азыркы журт башылар улуттар аралык тынчтык жана өз ара түшүнүүчүлүк болбосо мамлекеттерди башкарып, экономикалык туңгуюктан чыгарууга мүмкүн болбостугун түшүнүп калышты.
Кыргызстан моноулуттуу эмес, көп улуттуу мамлекет. Өлкөдө улуттар аралык мамиле оңой-олтоң маселелерден болуп саналбайт. Бул жагында деле чыңалуу аз эмес. Ал чыңалууну жазып, улуттар аралык өз ара түшүнүүчүлүктү калыбына келтирип, чыңдоо менен биргелешкен жаратман эмгекке шарт түзүү милдети турат.
Мен сөз кылаар улуттук саясатта кыргыздарга, өлкөдөгү башкы этнос катары чоң милдет тагылат. Бул маселенин өңүтү эмнеден көрүнөт?
Биздин өлкөбүз кыргыз элинин атын алып жүргөндүктөн, биз түпкү улут болбогон элдерге нравалык жана гуманисттик жоопкерчилик менен мамиле жасашыбыз керек. Кыргыз элинин эң иридеги милдети - түп улут болбогон элдердин башын коштуруу болуп эсептелет. Бул ал улуттардын кызыкчылыгы үчүн гана эмес, бүткүл кыргыз улутунун кызыкчылыгына кызмат кылат. Жакшылыктын арты жакшылык менен бүтөөрү белгилүү эмеспи.
Мына ушундан улам улуттук аң-сезим тууралуу бир ооз сөз айта кетүүгө туура келип турат. Кыргыз элинин улуттук аң-сезиминин өсүшү, башка элдер сыяктуу эле, мыйзам ченемдүү көрүнүштүн бир учугу болуп саналат.
Бирок бул жерде биз аша чаап кетпешибиз керек. Биздин, кыргыздардын арасында кыргызга гана тиешелүү нерселерди таанып, башка улуттарды четке кагуу аракети байкалат. Кыргыз элин "Улуу Кытай сепилиндей" курчоого алып алуу зыяндан башка пайда алып келбеси белгилүү.
Бул боюнча бир мисалды келтире кетели: республикада 68 облрайаким бар, анын экөө гана орус улутунан. 110 облрайакимдин 8и гана орус. Кыргызстанда болсо орус улуту өлкөдөн чыгып кеткенден кийин 800 миңге жакын орус калкы калды. ( Бул 1994-жылкы маалыматтар-А.Б.)
Бийлик структуралары мамлекеттик органдардагы жетекчи кадрларды тандоодо жана жайгаштырууда Кыргызстандын улуттук составына да көңүл буруп койсо, кыргыз эмес улуттардын миграциялык агымынын токтошуна да таасирин тийгизген болоор эле.

Тил түзүлүшү
Тил түзүлүшү боюнча маселе коюу да улуттар аралык мамилелерди өнүктүрүүгө өбөлгө түзмөк. Кыргыз тилине мамлекеттик тил статусун ыйгаруу бул, албетте, туура маселе. Бул улуттук тилди өнүктүрүүгө көрүлгөн камкордук. Бирок улут тууралуу камкордук көрүү бул улуттук тилге камкордук көрүү менен эле чектелип калбайт. Бул - тил маселесинин ордун турмуштун бардык сферасында бекемдөөнүн зарылдыгын ырастайт.
Кыргыздар орус тилин көбүрөөк өздөштүрүп, кыргыз тили өнүгө албай калды деп айтып жүргөндөр менен мен караманча макул боло албайм.
Кыргыз элинин тарыхында, анын социалдык- экономикалык, саясий жана рухий жактан өнүгүшүндө кыргыз тили дүркүрөп өскөнү, оозеки тилден жазма адабий тилине өсүп-жетилгени талашсыз факт. Акыркы 60 жылда кыргыз тилинде 13 миңден ашык китеп жана брошюра 101 млн нуска менен жарыкка чыккан, гезит- журналдар тууралуу айтпай эле коеюн. (Бул 1994-жылкы маалымат-А.Б.)
Эгер кыргыз тили кээ бирөөлөр айтып жүргөндөй, турмуш-тирликтин тегерегинен алыстай албай калган болсо, анда жогорудагы басылмалар кимге арналып, кимдер аны окуп жатты болду экен?
Кыргыздар улуттук тилин эң сонун билет. 80-жылдарда өлкөнүн 600 миңден ашуун окуучу жогорку билимди кыргыз тилинде алышты. Кыргыз тилиндеги китептер миллиондогон нуска менен басылып чыгып турду.
Кыргыз тили тууралуу мыйзамдын кабыл алынышы менен кыргыз эмес улуттар окуган мектептер менен жогорку окуу жайларда да кыргыз тили окутула баштады. Орус тилдүү балдар тарбияланган балдар бакчаларында да кыргыз тили окутулуп жатат. Биздин кыргыз эмес улуттардагы жарандарыбыз да өз алдынча курстарда кыргыз тилин үйрөнүп жатышат.
Бөлөк-бөтөн тил үйрөнүү оңой-олтоң иш эмес экени белгилүү. Биз орус тилин жарым кылымдан ашык убакыттан бери үйрөнүп келатканыбыз белгилүү. Ошентсе да биз орус тилин кынтыксыз үйрөнүп алдык деп айтуудан алыспыз. Кыргыз элинин туташ сабатсыздыгын жоюу маселеси 1940-жылы гана аяктап, ал 20 жылга жакын убакытка созулганы белгилүү эмеспи. Ал эми орус калкына кыргыз тилин үйрөтүү кечээ жакында эле башталганын белгилей кетүү жөндүүдүр.
Кыргыз эмес улуттар кыргыз тилин тез арада үйрөнсүн деген талап ультиматум коюу менен эле барабар. Ошол себептүү тил үйрөнүүгө убакыт берүү керек. Эгер Кыргызстанды өзүнүн Мекени деп эсептеп, аны кадырлап- барктаса, ал атуул кыргыз тилин өзү эле үйрөнүп алаары бышык.

Орус тилинин орду
Улуттук тилдин өнүгүшүн белгилөө менен катар эле орус тилинин кыргыздардын турмушундагы ордуна татыктуу баа берип коюуга туура келет. Орус тилинин жардамы аркасында биз, кыргыздар, азыркы цивилизациялуу коомго жетиштик. Дүйнө жүзү орус тили аркылуу кыргыз мамлекетин, кыргыз элин тааныды. Өз кезегинде кыргыздын алгачкы агартуучулары Юсуп Абдрахманов, Баялы Исакеев, Эркинбек Эсенаманов, Төрөкул Айтматов ж.б. орус - тузем мектебин аякташты, орус тилин билүүнүн аркасында мамлекеттик ишмерликке чейин өсүп жетилишкен. Орус тилинин таасири астында Кыргызстандын илимий жана маданий мурасы дүйнөлүк цивилизациянын байлыгына айлана алды.
Чыңгыз Айтматовдун залкар чыгармалары, "Манас" эпосу, маданияттын дагы башка залкарлары Болот Миңжылкыевдин, Төлөмүш Океевдин, Болот Шамшиевдин, Айсулуу Токомбаеванын, Чолпонбек Базарбаевдин, Токтоналы Сейталиевдин ж.б. чыгармачылыгы ай- ааламга белгилүү болду.
Мурдагы СССРдин орус эмес элдери үчүн орус тили улуттар аралык пикир алышуунун тили катары дагы бир нече ондогон жылдарды карытаарынан шек жок. Ошол себептүү орус тилине улуттар аралык пикир алышуунун тили катары статус берүү маселеси келип чыккан.

Россия менен
тыгыз кызматташуу керек
Учурда сырьенун жоктугунан же башка себептер менен ондогон ишканалар иштебей, токтоп калууга аргасыз болду. Алардын продукциялары мурда Россия ж.б. экономикалык өлкөлөргө жиберилип турган.
Кыргызстан менен Россия бир географиялык алкакта жайгашкан. Кыргызстан үчүн Россия менен мамилелеш болуу керек, Россия үчүн да Кыргызстан керек деп ойлойм.
Россия Федерациясы менен экономикалык гана эмес, маданий, илимий жактан да кызматташуу зарылдыгы бар.
Баарыбызды Тажик республикасындагы трагедиялуу окуялар ойлондурушу зарыл. Ислам фундаменталисттери, улутчулдар ал республикадан орус калкынын көчүп кетишине түрткү беришти.
Биздин ата- бабаларыбыз орус эли менен тыгыз кызматташып келгенин эсибизге салалы. Келгиле, кыргыз- орус мамилеси тууралуу эбегейсиз эмгек жазып кеткен академик Бегималы Жамгырчиновду, кыргыз адабий тилин негиздегендердин бири Болот Юнусалиевди, орус- кыргыз мамилесин даңктаган демократ акын Тоголок Молдону, орус- кыргыз достугун даңазалаган Алыкул Осмоновду, орус- кыргыз байланышын чыңдоого салым кошкон улуу Токтогулду эске түшүрөлү да, орус-кыргыз алакасын мындан ары өнүктүрүүгө өбөлгө боло берели.

Даярдаган Айгүл Бакеева