Полит-элита

А.Атамбаевдин көзачыктай айтканы, Ф.Куловдун бөйпөңдөгөнү…
Тагдырдын тамашасын кара, кечээ эле К.Бакиевдин бийликтен кетишин талап кылып, кезексиз президенттик шайлоого аттанган Ф.Куловдун жүзү… Экс-фронтчу бүгүн бөйпөңдөп ("ит" болуп), ажого ийиле салам берип, энергетика боюнча "шедеврлерин" айтып отуру. Сынып. Айла жок экен. Ф.Кулов андай кыйын болсо, премьер кезинде бүгүн айткандарын жасабайт беле? А дейбиз, бу дейбиз, айланып келип эле А.Атамбаевдин айткан сөздөрүнөн ары кеталбайт экенсиң. Ал туура сындаптыр. Ф.Куловдун ким экенин, саткынчылыгын Алмаз мырза ашкерелеп келген. Буга мурдун чүйрүгөндөр эми ынанды. Баса, Ф.Кулов эч убакта оппозиция лидери болгон эмес. Анын ар-намысынын жоктугу, бийлик-оппозицияга тең шылдың болгону далилдендиби? Эл тараза.

Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жаракасы
Өзбек президенти И.Каримовдун каарын сездиңерби? Борбордук Азия Союзун түзүүнү көздөшкөн Н.Назарбаев менен К.Бакиевдин демилгесин Ислам аке четке какканы маалымдалган. Мунун өзү дөөлөр арасындагы ынтымактын жоктугун айгинелейт. Баса, кээ бир эксперттер, маселен, А.Жекшенкулов бул Союздун ишке ашпасын, И.Каримов каршы чыгаарын айтып чыккан. Ошондой болду.

Казакстанда саясый абал курчпу?
Валютмагнат, олигарх, казак ажосунун экинчи күйөө баласы Т.Кулебаевдин Казакстандан качканы боюнча каңшаар тарады. Европага. Билесиңер, Н.Назарбаевдин биринчи күйөө баласы Р.Алиев 20 жылга кесилип, бирок ал да Европага куйрук түйүп кеткенин. Азыр Казакстанда тымызын түрдө саясый абал курч. Кокус биздегидей көтөрүлүш чыгып кетсе, араң турган кыкеңдерге илеби таасир этет. Борбордук Азияга бүлүк түшөбү?

"Акаев" деген фамилия намыстантып
Экс-президенттин, дегеле акаевдердин жыргалдан кийинки кууралы жүрөккө кара так болуп калганы белгилүү. Азыр коомчулукка көнүмүш болуп калганы менен, бирок акаевдердин келиндеринин жанына баткан жайы бар экен. Балдарына "Акаев" деген фамилияны койдурбай, намыстанып аткандары маалым болду. Үйбүлөнүн мындай трагедиясы башкаларга сабак болсо дейсиң.