№43, 29.04.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Сыркече

КР эмгек сиңирген артисти
Гүлнур Сатылганова:
"Мен боорукермин, адамдын көңүлүн оорутпайм…"
- Гүлнур айым, көрүнбөйсүз, чыгармачылыгыңызда кандай жаңылыктар бар?
- Ар бир чыгармачыл адам мезгил агымы менен изденүүнүн аракетинде болот эмеспи. Анынсыңарындай чыгармачылык изденүүмдүн натыйжасы арбын, жаңы формаларды тиктирип, жаңы ырларды жаздырып, майдын 27нен 30на чейин жеке чыгармачылык кечемди берейин деп турам. Жаңылыктарды концертиме келип көрсөңүздөр болот…
- Концерт демекчи, өткөн жылы республикабыздын бир топ аймактарын кыдырып концерт берип, түшкөн каражатын балдар үйүнө, карылар үйүнө бериптир деп уктук эле…
- Ооба, ошондой болгон. Чындыгында азыркы жашоодо бир гана майыптар, кароосуз калган балдар эле эмес, дени-карды соо адамдар дагы жардамга муктаж болуп тургандай. Жардамга муктаж мекендештериме жардам бергим келип, өткөн жылы республикабыздын жалпы аймактарын ыр турнем менен кыдырып, түшкөн каражаттарды жер-жерлердеги балдар үйүнө, карылар үйүнө, майыптарга берип келгем.
- Бул боорукерлик иш-чараңызды быйыл дагы өткөрөсүзбү?
- Буюрса, жеке чыгармачылык концертимден кийин, июнь айынын 10дорунан баштап былтыркыдай турнемди өткөрүүнү пландап турам.
- Профессионал ырчы катары учурдагы чыгып жаткан ырчыларга берген сыныңыз…
- Учурда жаш ырчыларыбыз аябай көбөйбөдүбү. Көп болгону жакшы деңизчи, өкүнүчтүүсү -- таланты талапка жооп бергендери аз, мындайча айтканда, көчөдөн келип эле ырдап жатышат. Көпчүлүгүнүн музыкалык билими жок. Жакында маданият жана маалымат министрлигинде ырчыларга байланыштуу чогулуш болуп өттү. Ар бир ырчынын лицензия алышы керектигин, талапка жооп берерлик аппаратура коюп, жандуу ырдоону талап кыла тургандыктарын эскертишти. Эгерде министрлик ушул ишти жүзөгө ашырса, сахнада чыныгы таланттар гана калып, бардыгын эл өзү таразалап алат. Эми мен жаш ырчылардын бардыгын начар дештен алысмын, арасында таланттуулары да бар.
- Кимдерди атай аласыз, таланттуулар деп…
- Бирин айтсам, бири таарынышы мүмкүн. Мен айтпасам деле көрүнүп турбайбы. Кимдин кандай таланты бар экени…
- Кайсы акындар менен иштешесиз?
- Чыгармачылыкка аралашкандан бери эле Кыялбек Урманбетов агай менен иштешип келем, каалаган убагымда табитимдеги ырларды жазып берип келет.
- Өзүңүзгө мүнөздөмө берип көрсөңүз?
- Өзүмөбү? Өзүм жөнүндө айта турган болсом, аябай боорукермин, адамдын көңүлүн ооруткум келбейт. Кыргызда "баштадыңбы, таштаба, таштай турган болсоң, баштаба" деген сөз бар эмеспи, ошол сөз менин принцибим. Оңой менен бир ишти баштабайм, баштай турган болсом, сөзсүз түрдө аягына чыгарам, майын чыгарып…
- Кемчиликсиз адам болбосо керек, өзүңүздөн кандай кемчиликтерди кездештиресиз?
- "Ар кимде бар ар кыял, ал кыялды ким тыяр" деген сөз бар эмеспи. Кемчиликтер бар. Өзүмө жакпаганы -- бир аз жалкоомун, анан уйкучумун. Бирок, көп уктап уйкуң канса, ошончо сергек болуп, чыгармачылыкка да жакшы көңүл бурат эмессиңби.
- Эс алууну көбүнчө кайда өткөрүүнү каалайсыз?
- Эс алууга деле убакыт аз. Бирок, жылына жайкысын уулум менен кереметтүү Ысыккөлдө эс алып келем. Былтыр жер көрүү иретинде Түркияга барып келдим. Ал жак ушунчалык кооз экен, Ак деңизге түштүк. Кантсе да биздин жерге жетпейт.
- Эмнеге өкүнөсүз?
- Аябай өкүнгөнүм -- мезгилдин тез өтүп жатышы. Ар бир секунд өткөн сайын өмүрүбүз өтө берет экен, ар бир мүнөт бизге карылык алып келет экен, ушунун баарын ойлоп өкүнө берем.
- Эмнеге сүйүнөсүз?
- Жашоого келгенден кийин артына из калтырып кетүү адамдын өз колунда. Жашоого жаралган соң, элиме кызматымды көрсөтүп, эл адамы болуп, жылуу сүймөнчүктү сактап калсам деп кыялданам… Кудайдын кулагы сүйүнсүн, элим сүйгөн ырларым бар, кыскасы, жашоодон өз ордумду таптым десем болот, сүйүнчүм ушу…
- Бардык эле аялзаты гүлгө жакын болсо керек, кандай гүлдөрдү жактырасыз?
- Табигый гүлдөрдөн тоодо өскөн көгүш сыя гүлдү жакшы көрөм. Сыя гүл ар убакта жытын жоготпойт, өзгөрбөйт. Жыты жагат. Ал эми маданий гүлдөрдөн лилия гүлү.
- Жиниңизди кантип жеңесиз, кандай учурда ачууңуз келет?..
- (күлүп)… Билбейм, анчалык деле жиним келе бербейт, эгерде уулум бир нерсени туура эмес кылып койсо, жинденип урушам, ал менин балам да, эмне десем да көтөрөт, түшүнөт…
- Айтмакчы, уулуңуз жөнүндө кененирээк айта кетсеңиз?
- Уулумдун аты Арнас, учурда президенттик "Алтын шаты" жарым музыкалык мектебинде 6-класста окуйт. Жакшы окуп жатат…
- Чоңоюп калыптыр, кайсы кесиптин ээси болсо дейсиз?
- "Кайда окуйсуң, ким болосуң?" десем, уулум: "ал жөнүндө ойлоно элекмин, учуру келгенде…" дейт.
- Үйдө кандай кожейкесиз?
- Кандай десем, үйдө кадимкидей тамак жасайм, үй жыйнайм дегендей. Кээде эч нерсе кыла албайм деген айымдарыбызды угуп калам, бул туура эмес. Аялзаты болгондон кийин, айымдарга тиешелүү бардык кызматтарды билүүсү керек.
- Саясатчы болгуңуз келеби, кокустан бийлик тараптагы партиядан сунуш түшүп, депутаттыкка чакырса барасызбы? Ибрагим Жунусов сыяктуу…
- Жок, мен саясатка кызыкпайм, турмуштан тапкан өзүмдүн жолум, өзүмдүн ордум бар. Аягына чейин ошол жолум менен кетүүнү максат кылам. Былтыр кайрымдуулук концертимди берип жүрсөм, "эмнеге берип жатасыз же депутатыкка койгон атасызбы?" деп сурагандар көп болгон. Саясатка аралаша-йын деген оюм жок.
- Бакытты байлыкка алмаштырууга мүмкүнбү?
- Бакыт менен байлыкты бир багытта айкалыштырып кароого болбойт деп ойлойм. Бир пайыз талантты токсон тогуз пайыз эмгек менен өстүрүп алгандай, ар бир адамдын Кудай берген бакытты каалагандай жасап алуусу өз колунда, бир келген бакытты кармап албаса, демек "тоголонуп" кетти десек болот, андай бакыт кайрадан кайрылып келбейт да.
- 70-80 жашка чыккан Гүлнур Сатылганованы кандай элестетсек болот?
- (Каткырып) Кудай ошол жашка жеткирсин. Билбейм. Өзүмдүн карыганымды жакшы эле элестетем. Көп байкайм, жаш кезинде ачууга алдыргандар начар карыйт экен, оор басырыктуулар тунук акыл-эси менен.... Мен дагы Кудайдан бактылуу карылык тилейм.

Маектешкен Амантур МУСАГУЛОВ