№43, 29.04.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Каркыра эми кайрылбас

Бийлик-оппозиция: 1:0
26-апрелде Түп районунун борборунда жергиликтүү эл, "Ата мекен", "Асаба", "Жашылдар" жана башка саясый партиялардын, "Акыйкат үчүн" кыймылынын мүчөлөрү болуп, 300гө чукул киши жөө жүрүшкө чыгууга топтолушкан. Тилекке каршы, бийлик жөө жүрүүчүлөргө каршы провокаторлорду даярдап, белгилүү кишилерге кол салууну уюштуруп коюптур. Атүгүл милициялар провокаторлорду өздөрү тукуруп жатышты. Провокаторлордун кол салуусунан Болот Шерниязов жабыркап, кан басымы 240ка көтөрүлдү. Бүгүн бийлик, жөө жүрүшкө Түптүн эли каршы чыкты маанайдагы жалган маалыматты таратууда.

Бийликтин жүзү көрүнүп…
Жөө жүрүштү укканда эле бийлик элди колго алып, арзан күйүүчү май, буудай, колдоруна биртикеден акча берип, баарын талаага жумушка чыгуусун суранып, дагы "жардам болот" деген эски убадасын бериптир. Бирок, ага карабай келген жергиликтүү тургундар да бар эле. Ал эми жөө жүрүштү колдоп, оппозиция маанайындагы Аликбек Жекшенкулов, Өмүрбек Текебаев, Азимбек Бекназаров, Мукар Чолпонбаев, Болот Шерниязов, Дооронбек Садырбаев, Чынара Жакупова, Гүлнара Мамбеталиева жана Жогорку Кеңештин социал-демократтар фракциясынын депутаттары Иса Өмүркулов, Роза Отунбаева келип катышты. Балбай баатырдын бейитине барып куран түшүрүштү. Ал жерге да ажылдаган аялдар жетип барып, ар кимге асылып башташты.
Бул жөө жүрүшкө каршы провокацияга айрым оппозиция лидерлердин пикирине көңүл бурдум.

Аликбек Жекшенкулов,
"Акыйкат үчүн" кыймылынын жетекчиси;
- Атайын жөө жүрүшкө каршы провокация уюштурулушу мүмкүн деп ойлогом, бирок мынчалык деңгээлде болоорун күткөн эмесмин.

Азимбек Бекназаров,
"Асаба" партиясы:
- Эл тарабынан же саясий партиялар тарабынан болуучу кыймылдарга, ошондой эле бул жөө жүрүш боюнча бийликке билдирүү берүү мыйзамга ылайык, бийликтен уруксат суроо деген жок. Билесиңер да бийлик качан эле жөн калчу. Бул провокация уюштурганына, бирөөлөр таяк жеп, бирөөлөр сөгүнүп-жулунганына таң калбайм.

Болот Шерниязов,
"Атамекен" партиясы:
- Биз мыйзамдагы укугубуз менен жөө жүрүшкө келгенибизде, милиция жана ичип алган аялдар тосуп алышты. Сабашты, жумурткалары көп экен, көрдүңөр. Мен буга таарынбайм. Менин өкүнгөнүм, кыргыздарды кыргыздарга сабатып атат. Бул кимдин кызыкчылыгы үчүн? Дене жаракаты эч нерсе эмес, биз жердин сатылганына, кыргыздарды бири-бирине тукуруп аткан саясаттан ооруп атабыз. Бийлик бул провокацияны Акүйдөн уюштурган. Биздин балдар деле каршы чыгалы дешти. Биз токтотуп койдук. Болбосо бул чоң чатакка айланып кетмек.

Роза Отунбаева, СДПК
фракциясынан ЖК депутаты:
- Жогорку Кеңеште азыр жүрөк ооруй турган маселелер оң тарабына чечилбей, электр энергиясын менчиктештирүүнү "Акжол" фракциясы колдоп атат. Бизге сүйлөгөнгө бөгөт коюлуп, сүйлөттүрбөй ооздуктап жатканынан, элдин маселелери, Кыргызстандын жерге байланыштуу эң орчундуу проблемалары бийликке жетпей калды. Мен жөө жүрүштү Кыргызстандын суверендүүлүгү, жери үчүн болгон жүрүш деп ойлойм. Биз өзүбүздүн эркти көрсөттүк. Мындай учурлар болуп келген, боло берет. Бийликтин жүзү белгилүү.

"Эл ишенимин
актабадыңар"
Күрмөнтү айлынан дагы бир топ провокаторлорду алып келип, кыйкырык-сүрөөн баштатып, жөө жүрүштү токтотууга аргасыз кылышты. Артка кайттык.
Тоң районунун Төрткүл айылына жеткенде бир топ киши жөө жүрүшкө даярданып алышканын айтып чыгышты.

Экен Жумаев, айыл тургуну:
- Эмнеге Түптөн жөө жүрүш баштайсыңар, Тоңдон баштасаңар болбойт беле? Каркыра үчүн жөө жүрүшкө айыл түп көтөрүлө чыкмакпыз. Эмнеге жерди берет казактарга? Акүйдө отургандардын кандай акысы бар? Ал биздин табигый энчибиздеги жер. Каркыраны кайрып алууга баарыбыз эле чыгабыз. Айта баргылачы, КТРден туура маалымат берсин, элдин башын айлантпай. Эл ишенимин актаган жоксуңар, жер үчүн жөө жүрүштү баштадыңарбы, аягына чыгууңар керек эле. Эл колдоп атса, силер минтип, 15 аялдын соккусунан качып…

"Ал менин жерим"
Ырыскелди Төлөнов, 6 жашта:
- Атың ким?
- Ырыскелди.
- Сен эмне кылып жүрөсүң?
- Эл менен Түпкө барам.
- Ал жерде эмне кыласың?
- Желек көтөрөм.
- Эмнеге желек көтөрөсүң?
- Мен Каркыраны казактарга бербейм, ал менин жерим да.

Жер сүйүү, жер үмүт...
Каркыра жөнүндө мындай маалымат бар. Бул 1880-жылдары орус падышачылыгынын учуруна дал келет. 1981-жылы Семиреченскийаскердик губернаторунун милдетин аткаруучу, орус императорлук-географиялык коомунун мүчөсү Аристовдун жазган маалыматына караганда, Кытай менен Россиянын карамагындагы Казакстандын чегарасын тактап, жер бөлүштүрүүдө, казактын Адбан уруусунун жарым-жартылайы Кытай чегарасына бөлүнүп, ошол урууну кайра Казакстанга кошуу үчүн Каркырадагы кыргыздын Бугу уруусу жайгашкан жердин бир топ чакырымын казактарга бөлүп берүү жөнүндө келишимге кол коюлат. Бирок ал так чегара болгон эмес. Ал илгертен кыргыздын энчисиндеги, эл конуштап келген жер.
Кыргыз бийлиги акыркы мезгилдерде ата мурасы, келечек муундун энчиси болгон жерлерди коңшу өлкөлөргө четинен кертип, сатып жатканына корстон болуп отурушат. А эртең жооп берүүчү мезгил келерин ойлоп да коюшкан жок.
"Жерди ата-бабадан мураска эмес, келечек-муундардан карызга алганбыз" деп айтылат тарых булактарында. Ал эми деңиз жээгиндеги бир ууч жерге жетпеген элдерде: "жер үмүт, жер сүйүү" ой агымы ар бир кишинин жүрөгүндө түнөйт экен. А биздечи, өз колубуз менен…
Гүлбарчын ЯКУБОВА,
Бишкек-Түп




  Саясый куугунтукпу?

КАДЫРБЕКОВДУ КАМАП ОППОЗИЦИЯГА СЕС КӨРСӨТТҮ
26-апрелде Бишкектин Ленин райондук соту өлкөнүн архитектура жана курулуш агенттигинин мурдагы жетекчиси, экс-депутат Ишенбай Кадырбековдун камакка алынышы боюнча санкцияны карап, аны убактылуу тергөө абагында 10 күн кармоо чечимин чыгарды.

Ишенбай Кадырбековдун адвокаты Вячеслав Лужанский мындайча токтолду.
- Тергөөчү а дегенде эле Ишенбай Кадырбековду эки айга камакка алууну суранды. Маселени кароодо сот Жогорку Кеңештин социал-демократтар жана коммунисттер фракциясынын Ишенбай Кадырбековду бошотуп, тергөө иштерин жүргүзүүнү суранган кайрылуусунун жана башка партиялардын өтүнүчүн эске алуу менен аны 10 күндүк камакка алуу чечимин чыгарды. Ушул он күндүн ичинде тергөөчү тергеп, сот бул ишти кайра карайт. Негизинен бул саясый заказ экени айкын билинүүдө. Ага тагылган киненин бири Кочкор районундагы жер титирөөдөн кийин курулган мектептер боюнча болууда. Негизинен ал мектептерди мамлекеттик комиссия расмий түрдө кабыл ала электигин эске алсак, бул кине да негизсиз.
Ишенбай Кадырбеков 25-апрелде камакка алынган. Айрым саясый ишмерлер анын камалышын саясий куугунтук катары баалап жатышат.
Социал-демократтар фракциясынан парламент депутаты Осмон Артыкбаев Ишенбай Кадырбековго коюлуп жаткан айыптын чын-төгүнүн соттук териштирүү гана аныктаарын, бирок бийлик тарабынан саясый куугунтук, кысым көрсөтүлүп жатканын төмөнкүчө билдирет:
- Ишенбай Кадырбеков өлкөдөгү көрүнүктүү саясатчылардын бири. Аны камоодо саясый негизи бар деп эсептейм. Кызматынан кыянаттык менен пайдаландыбы же жокпу, аныгын соттун териштирүүсү зарыл. Ишенбай Кадырбековду камабай эле тергөөгө алышса болмок, бийлик бул жоругу менен өтө катуу кетип калды.
Ишенбай Кадырбеков камалганга чейин "Азаттык" үналгысына Каржы полициясы тарабынан жасалып жаткан аракетти азыркы бийликтин көрсөтмөсүнө такаган.
- Жумуштан себепсиз бошоткону аз келгенсип, мага карата кылмыш ишин козгогонун, Каржы полициясынын мыйзам тартибинде мага билдирбегенин азыркы бийликтин кезектеги саясый ыплас иши деп эсептейм. Мындай куугунтукка алуy, укугумду тебелеп кордогону, мага жана менин туугандарыма, о.э. учурунда чогуу иштешкен айрым кесиптештериме көрсөтүлө баштаган зордук-зомбулук эмнеден кабар этет? Албетте, өлкөнүн президентине кайчы пикир болгонунан, жакында болуп өткөн Элдик курултайга катышып, анын чечимдерин колдогонуман чыгып олтурат деп эсептейм.
Бирок, Каржы полициясынын тергөө бөлүмүнүн башчысы Турарбек Масыбаев саясый заказ деген пикир менен макул эмес.
- Жок, бул жакта эч кандай саясат жок. Биз саясат боюнча иштебейбиз. Эсеп палатасынын актысы бар. Бүт кылмышынын баарын тактап, кагаздарынын баарын адвокатынын көзүнчө көрсөттүк. 2007-жылдын 17-августунда бүткөн Эсеп палатасынын материалы түшкөндөн кийин иштеп жатабыз. Бул жерде саясаттын эч нерсеси жок.
Ишенбай Кадырбековдун саясый иш-аракети кызматтан алынгандан кийин кайра оппозициялык маанайда жанданганын "Атамекен" партиясынын мүчөсү Накен Касиев:
- Негизинен Ишенбай Кадырбековдун эгемендүү өлкө үчүн саясатчы катары салымы зор. Ал өтө кадыр-барктуу инсан, Кыргызстан үчүн көп кызмат өтөдү. Ал түгүл Аскар Акаевдин бийлигине да коркпой сын айткан, бетке айткан депутаттардын бири болчу. Ыңкылаптын ишке ашуусуна да салым кошконун танууга болбойт. Бакиевдин командасынын катарында да иштеп, кандай себептерге байланыштуу кызматтан алынганы да күмөн болуп калган. Чынында эле Ишенбай Кадырбековду мурда төрага кезинде камабай, эми камаганы кандайдыр бир шек туудурат.
Ыңкылаптан кийин бир аз убакыт өлкөнүн транспорт жана байланыштар министринин милдетин аткаруучу кызматында турган. Эки жылга жакын өлкөнүн архитектура жана курулуш агенттигинин жетекчилик кызматын аркалап, бирок быйыл жыл башында себеп-жөнү жарыя кылынбай туруп, башка ишке өткөндүгүнө байланышуу делип, төрагалыктан четтетилген.
Каржы полициясы ага жер титирөөдөн зыян тарткан айылдарга мектеп курууга деп бөлүнгөн акчаларды ысырап кылган, кызматынан кыянаттык менен пайдаланган деп күнөө тагууда.

Кабыл Макешов