№43, 29.04.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Биздин замандын кишилери

"Араң тилин күрмөгөн
Апендиче сүйлөгөн …"
Ай баратат
Ак булутту аралап Ай баратат,
Ак куу болуп көлдөгү
жай баратат.
Ата албайсың ак кууну
оңой менен,
Жете албайсың айга да жел
ой менен.

Жеткенчекти жетпестен
калган жакшы.
Жетип азап жегиче арман жакшы.
Жетсем десем сулуу Ай
жетээр элем,
Көк деңизин булуттун
кечээр элем.

Сүзө бергин алтын Ай
көгүң менен,
Мен карайын өзүңдү
теңим менен.
Сага жакшы сезилсе булуттуу көк
Мага жакшы көктөм жер
жемиши көп.

"Басканда да жай баскан, жазганда да жай жазган" акын Абдылда Белеков 80 жашка чыкты.
Ал Эрнест Хэмингуэйдин "Деңиз жана чал" аттуу айтылуу аңгемесиндеги балыкчыны элестетип турду. Бирок көл жээгинде жашаган биздин карыя балык кармабайт, ал ыр жазат, акын. 19 жашында Жазуучулар союзуна мүчөлүккө алынып рекорд койсо, борбор шаарда жашап, шаардык болуп калганда, туулуп-өскөн жери- Ысыккөлдүн Корумду айылына көчүп кетип, экинчи рекорд койгон. Атадан калган журтта жаңыртып там салды, үлүш жер алууга жетишти, бакча , мал күтүп, өзү айткандай, элден ашып кетпей, элден калып калбай, жоон ортодо турмуш арабасын тартып келет.
80 жылдык дөбөдөн караса, оо, далай күндөр артта калыптыр. Тянь-Шандагы мектепте мугалим, завуч, директор болуп иштеди, "мындай шанс өмүрдө бир келет" деп Москвадан жазуучулар союзунун эки жылдык курсун аяктап, Жазуучулар союзунда, гезит-журналдарда иштеген бир ажайып дүйнөнү аралады. Ал кезде кыздар да, ырлар да жаш эле.
"Басканда да жай баскан,
Жазганда да жай жазган.
Ишембини жума деп,
Иш күндөрүн алмашкан.
Араң тилин күрмөгөн,
Абдылда өтөөр дүйнөдөн"
деп жазып, иш столуна калтырып кеткен сулуу почеркти жазбай таанычу. Ал- кесиптеши, жанаша кабинетте олтурган Байдылда Сарногоевге таандык эле. Абдылда Белеков ал ырга минтип жооп жазган:
"Сарногойдун Байдылда,
Арагын коет ай-жылда.
Кызып калса опокшош
Кызыл көтөн маймылга.
Төшүн кагып сүйлөгөн,
Таласты чанып, Чүй деген,
Балдарды издеп "суусундан"
Байдылда өтөөр дүйнөдөн"
деп анын да иш столуна коюп коюп четтеп карап турса, акын Акбар Токтакунов Кубанычбек Маликовго "Абдылда менен Байдылда айтышыптыр, Абдылда жеңип кетиптир" деп айтып, шарактап окуп жатышат дейт.
Совет доорунда да рамкага салынган тыюу турмушка көнө албай, рамкадан көп чыккан А. Белеков макалаларында да өзгөчө каармандарды жазса, ырында да өзгөчө каармандарды- Кожомкул балбан, Чолпонбай, 5-6 ата өткөн тууганы, бала кезинде таржымалын улуулардан көп уккан Жусуп Абдрахманов жөнүндө жазып келди. Азыр да ага көл кылаасынан аксакалдар келип, өз таржымалын жазышын өтүнүп калышат. "Айкын жол", "Ак буудай" деген ыр жыйнактарын чыгарса, бүгүн Манастын мотивиндеги поэмаларды жазып келет. Башкасын айтпаганда да Абдылда Белековдун "Ай баратат" аттуу бир ырын мисалга тартсак эле, анын чыгармачылык жолуна баа берип коюуга болот. Ал ырды анда буту баса элек уулу Кемелди көтөрүп туруп, сулуу айды суктанып карап, заматта эле чыгарып койгон экен. Айды көргөн ал уулу да азыр акын, жашы элүүдөн ашты. Демек, ал ыр да элүү жаштан ашты. Нуркан Турсунбаев бул ырга обон чыгарып, Таттыбүбү ырдаганда ар кимдин көзү да, кулагы да сулуулукка бөлөнүп, дили агара түшкөндөй аруу ойлорго чөмүлүп калчу. Ырыскелди Осмонкулов аткарган ал ырдын өмүрү азыр да уланууда. 2006-жылы "Учкундан" чыккан "Ыр кесе" китебинде "Ай баратат" деген ыр Жалил Садыковго таандык деп жаңылыш жазылып калыптыр, ал ырдын сөзү Абдылда Белековдуку.
Ыр жандуу Кемел уулунан башка Аман, Алмабек, Шааркүл аттуу кыз- уулдары бар, Алмабеги колунда. Азыр да Абдылда Белеков бекер жатпай, поэмаларды жазып жатат. Баягыдай узун-узун поэмаларды жарыялап чыккан гезиттер кайда, мүмкүнчүлүк чектелүү. Окурмандар үчүн анын "Ай баратат" аттуу ырын сунуштай туралы.

Айгүл Бакеева




  Кандуу отуруш

"Маймыл" десе, бычактап өлтүрүп…
Кыргызда "ойноп сүйлөсөң да, ойлоп сүйлө" же "ооздон жаңылган турбайт" деген сөз бар. Кээде "балп" эткизип байкабай сүйлөп алып, көп убакыт ошонун азабын тартып жүрөсүң. Бишкек калаабыздын Акөргө жаңы конушунда жашаган Акматбеков Раатбек ойлонбой сүйлөгөндүн кесепетинен өзүнө өзү ажал тилеп алды. Кандуу бул окуя ошол Акөргө жаңы конушунда болуп өткөн.

Чамгарак көчөсүндө жашаган Солтоев Эмилдин үйүндө Акыл, Султан жана жердеши Өмүракунов Мирлан болуп арак ичип, карта ойноп отурушкан. Кечки саат ондорго чамалап калганда сырттан келген Аттокур уулу Тынчтыкбек баары менен учурашкан соң, чогуу ичкилик ичкенди улантышат. Ортодон сөздөр көбөйүп, бака-шака түшүп калышканда, Эмилдин кошунасы Акматбеков Раатбек кызуу абалында сырттан кирип келет. Булар катуу кызуу болгондуктан биринен-бири өтүп сөз талаша кичинекей үйдү баштарына көтөрүшөт. Ошо маалда шайтан азгырып, Раатбектин оозу кычышканбы, айтор, жанында турган Тынчтыкбекке "сенин кебетең маймылга окшош экен" дейт. Тамаша-чынын аралаша бир тийишип өтүп. Бул сөзгө катуу териккен Тынчтыкбек ордунан атып тура калып жулмалаша кетет. Аларды ортого түшүп эч ким ажыраткан да жок. Бир кезде "бас, жүрү эшикке, өзүбүзчө, эркекче сүйлөшөбүз" дешкен экөө тигилерди үйгө калтырып сыртка чыгышат…
Кийин соттук заседаниеде Тынчтыкбек:
- Мен сыртка чыкканда Раатбек артымда келе жаткан, бурулуп карасам, колунда бычагы бар экен. Колуңдагы бычагыңды ташта десем, ал акырын таштап койду. Ошол жерден экөөбүз мушташа кеттик. Ал мени удаа-удаа муштаганда жерге тоголонуп түштүм. Башым эңги-деңги боло эки жагымды карасам, көзүмө алиги Раатбек таштаган бычак урунду… деп түшүнүк берген.
Окуя андан ары уланып, Тынчтыкбек Раатбекти бир канча жолу ошол бычак менен бутка, сандарына сайып жиберген. Анын шымы кызылала болуп жерге кулап түшкөндө бычагын ыргытып жиберип үйгө кирип кетет. Бери жакта отургандарга "Мен Раатбекти сайып салдым, ал сыртта жатат" деп айтып коюп үйүнө кетип калган.
Раатбектин кансырап өлгөнүн эртеси Мирланга телефон чалып угат. Качып кетүү пайдасыз экенин сезген Тынчтыкбек көпкө ойлонуп, акыры бир чечимге келип, милицияга өзү барды. Аттокур уулу Тынчтыкбек быйыл жыйырма алтыга чыккан, бойдок, эч жерде иштеген эмес. Жалалабат областына караштуу Тогузторо районундагы Казарман айылынан келген.
Эми турмушун тикенектүү дубалдын ары жагынан өткөрмөй болду.
Атайылап бычак сайып, кансырап өлүм алдында турган адамга жардам бербей кетип калганы оор кылмыш катары саналып, Бишкек шаарындагы Ленин райондук соту тарабынан 14 жылга эркинен ажыратылды.

Ж.Эсенгулов, Бишкек шаарындагы Ленин райондук прокурорунун ага жардамчысы




  Балирмем

Биринчи май
Май майрамы келатат. Башка майрамдардын ичинен бала кезде эмнегедир ушул майрам эсте бекем калыптыр.
Май майрамы баарынан сулуу болучу. Күн мурунтан үй-үйлөргө желек илинип коюлчу. Желек илүүгө буюрулган айылдагы үйлөр да өзүнчө шаңдуу көрүнүп калчу. Алдын ала майрамга карата бардык үйлөр акталып, жаңыртылып, тазаланып алчу. Үйлөрдүн ичи да, сырты да акталып, акиташ жыттанып калаар эле. Эл кышкы үйлөрүнөн жайкы тамына көччү.
Ал эми биздин үйдө кыздарга эмнегедир ушул майрамда ар жылы көйнөк сатып келишчү. Биз эле эмес, көбүнчө кыздар ушул күнү жаңы көйнөк кийип чыгышчу. Чыт көйнөктөрүбүз жеңи жок болгондуктан, жаан жаабашын, гүлдөрүн башка кийим менен бастырбоону түнү бою тилеп чыкчу элек. Жаңы, кызыл-тазыл гүлү бар чыт көйнөктөрдү майрамга чейин күндө кийип көрүп, бирок сыртка кийбей катып койчубуз. Ал эми 1-май келгенде ал чыт көйнөктөрдү кийгендеги кубанганыбыз ай! Токмокко парадга жеткендер парадга барып келип, парадга жетпегендер айылдагы дүкөндү, мектепти көздөй барып, ата-энебиз берген акчаны майдалап, чака тыйындарды шыңгыратып, дүкөндөн таттуу-паттуу сатып алып, шар үйлөп, сирень гүлүн көтөрүп, шарактап жатып калчубуз.
1-май сирень гүлү жыттанган майрам болучу. Анда сирендер да бир башкача жыттанчу окшойт. Беш желекче гүл болгондорун "бактылуу болобуз" деп терип жеп алчубуз. Ошондогу беш желекче сирень жегендер тегиз бактылуу болду бекен?
Бүгүн деле сирень гүлү гүлдөп, ошол сулуу май келатат. Эми беш желекче сирень жегендер бар болду бекен? Болсо, алар да кызыл- тазыл чыт көйнөк кийип, көйнөгүнө кубанып, сирень көтөрүп, айыл аралап жүрөөр бекен?

Айгүл Бакеева