№43, 29.04.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Тарых барактарынан

Турдакун Усубалиев
"Кыргызстан менин жүрөгүмдө"
Артка кылчайып карасам, өлкөбүздүн тарыхый маанилүү иштерине аралашып калганыма өзүмдү бактылуу сезип, сыймыктана түшөм. Алдыга койгон ал иштерди аткарууда мага мезгилден да, адамдардан да жакшы жол буйруду. Кыргызстандын тарыхчылары ал доорго, андагы адамдарга дагы далай жолу кайрылаар деп ойлойм. Мен китебимде ("Кыргызстан в моем сердце") көптөгөн тарыхый документтерди келтирдим, алардын басымдуу бөлүгү мага гана белгилүү болгон, документтерди сактоо, элге жеткирүү милдетим болуп эсептелет. Ошону менен бирге эле ал доордун окуяларын сүрөттөп берүү менен ал мезгилдеги жагдай-жашоону, адамдардын кулк-мүнөздөрүн да берүү аракети болду.

Менин биринчи кесибим - журналисттик эмеспи, бирок экинчи жана негизги кесибим - саясий ишмердигим. Ошол саясий ишмердигим мени окурмандар алдында өзүнчө стиль менен алдыңарга салып олтурат.
Айтмакчы, саясат деген эмне? Саясат деген бул адам ишмердигинин бардык тармагына үңүлүп кире билүү өнөрү. Мен эч убакта телегейим тегиз, баарын билем деп эсептебей, билгендерден суроодон эч убакта тартынган эмесмин. Балким экономика тармагындагы менин билимим башка тармактардан бараандуу болду окшойт. Илгери эле Ленин "Экономика - саясаттын концентрацияланган мазмуну" деп бекеринен айтпаган чыгаар. Мамлекеттин жетекчиси элдин тагдырын чечип жаткан жерде компетенттүү болушу керек. Бирок нравалык өнүгүүсүз экономика деген эмне? Ошол себептүү мен китебимде нравалык мамилелерге көбүрөөк көңүл бурдум.

Кыргыз-Өзбек мамилеси
Коңшу республикалар менен Кыргызстандын мамилелери жакшы болду. Ошентсе да Кыргыз -Өзбек мамилелеринен бир өзгөчө фактыны келтире кетүүгө туура келип турат. ( Китепте: Т. Усубалиев "Надо знать прошлое, чтобы не ошибиться в будущем"). Совет бийлигинин алгачкы жылдарында эки республиканын Жогорку Советинин президиумунун төрагалары - Өзбекстандан Ахунбабаев, Кыргызстандан Орозбеков, экөө тең Фергана өрөөнүнүн жогорку жагынан, жакын санаалаш достордон болушкан. Бир ирет Фергана өрөөнүндө аптаптуу жай мезгилинде Кыргызстандын ажайып жеринен, Орозбеков туулган Охна айылынан алыс эмес аймактан алар жолугушуп калышат. Өзбекстандын Жогорку Советинин президиумунун төрагасы Ахунбабаев Орозбековго мындай өтүнүч менен кайрылып калат "Сиздерде, Кыргызстанда ажайып кооз жерлер көп, тоонун керимсел жели согуп турат. Кыргыз- өзбек достугун бекемдеп, Шахимардан жергесин Өзбекстандын элине белекке берип койсоңуздар кантет? Буга Орозбеков "Кыргызстандын кооз жерлери көп, Шахимарданды сиздерге белекке берсек деле ашык болбойт " деп кармата салган. Мына андан бери 60 жылдан ашык мезгил өттү. Шахимардан эч кандай документсиз эле Өзбекстандын жерине айланып, өзбек калкы эс алган ажайып аймак болуп кала берген. Кыргызстандын картасын карасаңыздар, азыр Шахимардан турган кичинекей жер башка түскө боелуп турганы көрүнүп турат. Азыр эч кандай акы төлөтүлбөй эле Кыргызстандын Алай, Чаткал ж.б. 1 миллион гектар жайыттарында Өзбекстандын малы багылып жатат.
Чаткал - ажайып өрөөн
Коңшу мамлекеттердин Кыргызстан менен мамилеси негизинен жакшы болгону менен алардын Кыргызстанга дооматы көп болгон.( Китепте: Т. Усубалиев "Кыргызстан в моем сердце"). Өзбекстан менен Кыргызстан советтик доордо көп жылдар бою тигил же бул жерди, сугат суусу мол, жаратылышы бай жерлерди пайдалануу аракетин жасап келишти. Эгерде биз өзүбүздүн жүйөөлүү дооматтарыбызды билдирсек, бирдиктүү эл чарбасын башкарып турган СССРдин жетекчилигине билдирип турушкан.
Биз ал убакта ким менен талашып- тартышып, кимге азуу кайрап жатканыбызды жакшы билгенбиз. Өзбекстан Компартиясынын БКсынын биринчи секретары Шараф Рашидов жана Казакстан Компартиясынын биринчи секретары Динмухамед Кунаев ал кездеги СССРдин жогорку органы- КПСС БКнын саясий бюросунун мүчөсү жана мүчөлүккө кандидаты болучу. Мен болсо Кыргызстан КП БКнын биринчи секретары, Борбордук Комитеттин гана мүчөсү болчумун. Анын үстүнө Казакстан менен Өзбекстандын эл чарба комплексинин экономикалык потенциалы Кыргызстандыкынан бир кыйла эле бараандуураак болучу. Алардын талап- өтүнүчтөрүнө каршы болгонум менин карьерама да терс таасирин тийгизмек. Бирок мен өз позицияман тайган эмесмин, Кыргызстандын, элибиздин кызыкчылыгы менин керт башымдын кызыкчылыгынан жогору турат. Республиканын кызыкчылыгын мен Союздун жогорку инстанцияларында коргоп келдим. Азыр чоң канааттануу менен КПСС БК менен СССР Министрлер Советинин Өзбекстан, Казакстан, Кыргызстандын татаал социалдык-экономикалык проблемаларына эң обьективдүү, калыс мамиле жасаган мезгилин эске түшүрөм. КПСС БК менен СССР Министрлер Совети республикалар аралык талаш маселелерди республикаларды кичине, чоң деп бөлбөй, тең укукта караган. Өзүнүн позициясын аргументтер менен, так далилдеп бере алган жетекчилер, республиканын гана кызыкчылыгын эмес, жалпы Союздун кызыкчылыгын көздөгөндөр колдоого ээ болуп келген. Ошол талаш маселенин өзөгү мындай болгон:
Өзбекстандын жетекчилиги 1960- жылдан баштап, Кыргызстандын Чаткал өрөөнүнө суу сактагыч жана гидроэлектростанция курууну максат кылган. Алар ар кыл жолдор менен буга Кыргызстандын макулдугун алууну көздөгөн. Бирок биз алар көксөгөн тилектин ишке ашышына макулдук бергенибиз жок. Азыр ошол Өзбекстан жетекчилигинин этикага сыйбаган жоруктарынан эпизоддор эске келет.
Ташкентте СССРдин энергетика жана электрофикация министрлигинин "Гидропроект" институтунун Орто Азия бөлүмү ачылган болучу. Ошол институттун бөлүмү Өзбекстан жетекчилигинин кысымы астында Кыргызстандын жетекчилиги каршы экенине карабай, бир нече жыл бою Чаткал суусун комплекстүү пайдалануу боюнча схема түзүп, мамлекеттик каражаттарды сарп кылып, ишин улантып келген. Союздук министрликке, анын долбоорлоо институтуна кысым жасаганын Өзбекстан тарап, ал республика Союзда пахта өстүргөн негизги республика, пахта талаасына суу жеткирүүнү союздук жетекчилер да колдошот деп ишенишкен.
1974-жылы жазында КПСС БКнын саясий бюросуна кандидат, Өзбекстан КП БКнын биринчи секретары Шараф Рашидов телефон чалып, Өзбекстанда кыргыз искусство декадасын, ал эми Кыргызстанда өзбек искусство декадасын өткөрүү сунушун билдирип калды. Бул декада бир тууган элдердин маданиятын байытууга салым кошмок. Бул олуттуу сунушка мен макул болдум. Бирок адегенде Кыргызстанда өзбек искусство декадасын өткөрүү тууралуу айттым. Бирок, Шараф Рашидович өзүнүн пикиринде, адегенде Өзбекстанда өткөрүүгө бекем турду. Биз ага акыры макул болдук.
Чоң даярдык көрүп, бир нече айлардан кийин июль айларында Кыргызстандын искусство өкүлдөрү Ташкентке сапар алышты. Ошол жылдардагы салт боюнча Кыргыз ССР КП БКнын биринчи катчысы, Жогорку Советтин, Министрлер Советинин жетекчилери да бардык. Ал убакта Союздун биринчи жетекчиси СССРдин жогорку жетекчилиги-КПСС БКнын саясий бюросунун бир мүчөсүнөн уруксат алып барышы керек болучу. Мага үч күнгө гана уруксат берилген. Салтанаттуу жыйындан кийин эле Шараф Рашидович менин Өзбекстан КП БКнын экинчи секретары В. Т. Ломоносов менен Самарканд менен Бухарага алардын ЯК-40 самолету менен барып келүүмдү өтүндү. Мен мындай сыйга ал жактарда мурда болгонумду, эгер мүмкүн болсо Навои шаарына барып, алтын чыгуучу жерди көрүп келүүнү сурандым. Андан кийин Шараф Рашидович өзүнө жолугуп кетүүнү өтүндү.
Ал жолугушуу Ш. Рашидовдун кабинетинде, жекеме-жеке өттү. Биз көптөн бери тааныш элек, өз ара карым-катнаш ишкер байланышыбыз бар болучу. Ал өтө аяр, таланттуу жазуучу, өзбек адабияты менен маданиятына эмгеги сиңген партиялык- мамлекеттик ишмер болгон. Ошол күнкү жолугушуу азыр да көз алдымда турат. Ал "бетеге кетип, бел калат, бектер кетип, эл калат" дегендей сөз айтты. Биз бири- бирибиз менен достукта, жакшы кошуналардан болуп жашашыбыз керек. Бирок Өзбекстанда бир курч проблема бар. Аны чечүүгө бир тууган Кыргызстан жардам бере алат. Чаткал жергесине Өзбекстандын гидроэнергетика түйүнүн куруу керектигин билдирди.
Мен Шараф Рашидовду кунт коюп угуу менен маселенин мындай чечилишин күтпөгөндүгүмдү айттым. Өзбекстандын пахтачылык талааларына сугат суусу жетишпей жаткан болсо, жакында бизде Токтогул суу сактагычы курулуп, анын көлөмү 19 млрд кубдан ашык болот. Гидротүйүн Кыргызстандын жерин сугарбайт, биздин жерлер ал гидротүйүндөн жогору жайгашкан. Суу сактагычтын суусу Өзбекстандын жерлерин сугарууга жумшалат. Ташкентте электроэнергиянын таңсыктыгы тууралуу сөз болсо, анда Токтогул ж.б. суу сактагычтын энергия кубаты толук эле жетет. Өзбекстандын гидрокуруучулар коллективи гидроэлектростанцияны курууга көмөктөшсө жакшы болмок. Ажайып Чаткал өрөөнүн суу астына бастырып коюу Кыргызстан үчүн эле эмес, Өзбекстан үчүн да чоң жоготуу болмок. Чаткал өрөөнү биздин республиканын мал чарбасы үчүн республикалар аралык тоют базасы болуп эсептелет. Мен дагы бир нерсени белгиледим: биздин бир нече жолу каршы экенибизди билдирип, эскертип айтканыбызга карабай, Орто Азиялык союздук маанидеги "Гидропроект" институту биздин республиканын макулдугусуз биздин республиканын жерине гидроэлектростанция курууну долбоорлоону улантып жатат.
Рашидов каршы пикир айтты. Мен бул пикирге макул болбой, кон-креттүү аргументтерди келтирдим. Асуан плотинасы деле 2500 чакырымга сууну Каирдин шаарларына алып барат. А биздин Токтогул ГЭСинин кубаттуулугу 1200 квт, жылына 30 млрд квт саат электроэнергия иштеп чыгат. Нарында да Экибастуз-Казакстан-Россия электролиниясынын узундугу 1500 чакырым.
Шараф Рашидов менен биздин маегибиз бир саатка созулду, ал Чаткал боюнча алардын талабын аткарбасыбызды түшүндү. "Биз жалпы тил табыша албагандыгыбызга өкүнөм"деп айтты ал.
Биз коштошуп, аэропортко жөнөдүк. Адатта мен Ташкентке келгенде жана кеткенде өзбек жетекчилиги тосуп алып, узатып турчу. Бирок бул жолу ал жөнөтүп чыкпады. Кыргыз искусствосунун Өзбекстандагы декадасында өзбек жетекчилиги күткөндөй, Чаткал проблемасы оң чечилген жок. Мындан кийин өзбек жетекчилиги союздук жетекчиликке кайрылып, өз максаттарына жетүүгө аракет кылды, бирок андан майнап чыкпады.
Чаткал өрөөнүн ошентип сактап калгандан кийин, Кыргызстандын жетекчилиги ал өрөөнгө катуу көңүл бура баштаган. Кыргыз ССРинин президиумунун указы менен өзүнчө Чаткал району уюшулган. Чаткал өрөөнүнүн эли Кыргызстан КП БКнын биринчи катчысы Турдакун Усубалиевге терең ыраазы болуп, кайрылуу жолдогон. Кыргызстан КП БК "Чаткал өрөөнүн өздөштүрүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомун кабыл алган.
Даярдаган Айгүл Бакеева