№42, 25.04.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Иса менен Мухамеддин образы ачылабы?
Бир мезгилде "Рух-Ордого" төгөрөктүн төрт бурчунан делегаттар келип (эларалык чөйрөдөн), көл жээгиндеги жасалгалуу театрдан оюн-зоок көрүшкөн. Ошондо кадимки Иса пайгамбардын ролу менен кыргыз жигити көлдүн үстүнөн басып келсе, а Мухаммед пайгамбардын образындагы каарман ат менен сахнага чыккан. Булар кандай маанидеги сөздү сүйлөдү эле? Аткаруучулары кимдер? (Жообу кат аркылуу кабыл алынат).
5000 сом байге




  Ыр дүйнө

Жаш ырчылардын ырларын угуп олтурсаң, арасынан кыргыз жыттанган ырларды чанда кезиктиресиң. Ошолордун арасында улуттук колориттеги ырларыбыздын сакталып калышына салымын кошуп, комуздун коштоосунда элдик ырларды ырдап жүргөн ырчы жигит менен болгон маегибиз төмөндө.

Аскат Мусабеков:
"Чыгармачылыкка бир өмүр жетпейт"
- Чыгармачылык дегенди кандай түшүнөсүң?
- Чыгармачылык бул адамдын экинчи өмүрү, чексиз мейкиндик деп билем. Италиялык бир опера ырчысы айткан экен, "чыгармачылыкка аралашып ырдоо үчүн бир өмүр жетпейт" деп. Ошо сыяктуу чыгармачылыктын чегине бир да киши жеткен эмес.
- Бул түйшүктүү чөйрөгө аралашып калышыңа түрткү болгон ким же бирөөгө таасирлендиңби?
- Мени окууга жетелеп, жол көргөзүп, мындай кыл, тигиндей кыл деп далалат кылган атам болду. Атам аракет кылбаганда ырчы болот белем, болбойт белем, бир кудай билет. Анан эл сүймөнчүлүгүнө ээ болгон ырчы агайым Сыймык Бейшекеевге таасирленип, агайдай ырчы болгум келчү .
- Ошол себептен Сыймыкты туурап ырдайт, өзүнчө тандап алган багыты жок деп айтышат го…
- Билбейм, эл тараза да. Балким мен ырдаган ыр Сыймык агайдыкы болгондугу үчүн айтып жатышкан чыгар. Ар бир ырчынын өзүнчө багыты, башкача айтканда "стили" болуш керек, мен бирөөнү туурап ырдагым келбейт.
- Аскат, жаштар коңшулардын котормо ырына өтүп кетти дегенге пикириң кандай?
- Аларга сын-пикир айтып сындагандан алысмын, өздөрү билишсин. Менимче алардын утурумдук, түбөлүктүү ырларынын деле, өздөрүнүн деле эл эсинде калаар-калбасы белгисиз…
- Котормо ырлары менен атак-даңкка жетип атпайбы?
- Туура, алардын жылдызы жанып, котормо ырлары менен эл арасына ырчы катары таанылып атышат, бирок келечеги кыска. Өкүнүчтүүсү, 2-3 ыр жаздыра коюп эле концерт берүүгө шашылышат, бул акча табуунун амалы деп билем.
- Өзүңдүн автордук ырларың барбы?
- Репертуарымда жеке ав- тордук ырларым жок. Элдик фольклордун өзөгүн түзгөн ырларды аткарып келем.
- Учурда жаш ырчылар эски ырларды жаңылап ырдап чыга башташты. Буга кандай карайсың?
- Эски ырларды жаңыча жаздырып ырдай баштаганы жакшы жөрөлгө. Бирок, ошол элдик, классикалык ырлардын маани-маңызын бузуп ырдап жатышат. Алардын көпчүлүгү нотаны да билишпейт, ошондуктан кайрыктарды туура эмес алышат. Өздөрү билбесе, ой келди ырдай бербей, билген кишиден барып нотасын үйрөнүп алса жакшы болмок.
- Жеке концерт берейин деп жатыпсың...
- Чыгармачылыкта жеке концерт берүү, айрыкча тушоо кесүү концерт берүү оюнчук эмес. Ал үчүн даярдык керек, анан 2-3 ыр менен, достордун же башка ырчылардын коштоосунда жеке концерт берүү да туура эмес. Кудай буюрса, май айында жеке концертимди берсемби деп тилек кылып турам, алгач өзүм окуган улуттук консерваториянын кече өтүүчү залына берем. Ал кечеме устат агайларым Улукмырза Полотов, Бакыт Тилегенов, Тентимиш Мураталиев сыяктуу профессионал музыканттар катышат. Ошол агайларымдын сынынан өтүп, анан чоң сахнага кадам койсомбу деген изги тилектерим бар.
- Кечени кандай өзгөчөлүктөр коштойт?
- Андай деле чоң өзгөчөлүк жок, кадимкидей эле концерт. Өзүмдүн аткаруумдагы 20дай ыр кеченин өзөгүн түзөт. Комуздун, оркестрдин коштоосунда классикалык ырларды да аткарам.
- Агайың Улукмырза Полотов менен дуэт ырдайт деп уктук эле…
- Ошондой ойлорум бар, бирок ал азырынча планга кире элек. Мени өз баласындай көрүп акыл-насаатын айтып, жол көргөзүп чыгармачылык чыйырымды түптөп берген Улукмырза агайыма ыраазымын.
- Үйбүлө камына качан киришесиң?
- Азырынча үйлөнүү тууралуу оюм жок, чыгармачылык менен гана алпурушуп жүргөн кезим.

Суроо салган
А.Курманбеков




  Сыркече

Бүгүнкү сыркеченин мейманы "Браво" телеберүүсүнүн алып баруучусу, "Миң кыял FM" радиосунун ди-джейи Деңиза Досбаева.
Деңиза Досбаева:
"Эс алуу мен үчүн майрам"
Үйбүлө...
Үйбүлөдө үч бир туугандын улуусумун, үчөөбүз тең кыздарбыз. Жерлигибиз Жалалабаттан. Бирок Бишкек шаарында жашап, турукташып калганбыз. "Эжени көрүп сиңди өсөт" демекчи, артымдан өсүп келе жаткан эки сиңдиме үлгү болуп, алардын сыймыктанаар эжеси болууну негизги милдетимдей түшүнөм.

Окуу жана жумуш…
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук Университетинин журналистика бөлүмүнүн III курсунда билим алуудамын. Окуудан сырткары "Миң кыял FM" радиосунда ди-джей, "Браво" берүүсүндө алып баруучу катары иш алып барам. Албетте, бир эле учурда эки жерде иштеш кыйын экени талашсыз. Бирок, "тишиң барда таш чайна, тишиң жокто аш кайда" дегендей жаштыктын деми менен чарчоону жеңе билип, көзүң жеткен жумушта иштөө керек. Анын үстүнө менин келечектеги кесибим журналистикага байланыштуу эмеспи.

Сулуулук…
Ар бир адамды сулуу деп эсептейм. Адамдын сырткы келбети менен жандүйнөсүн байланыштырып кароодон алысмын. Кудай берген келбетти, талантты асырап, өмүр бою сулуулугун сактап, талантын ташкындатып артына из калтырып жашоо дагы жандүйнөгө байланыштуу. Адамдын жандүйнөсүндөгү сулуулукту таза жана чыныгы сулуулук деп эсептейм.

Жигитчилик…
"Эл четине жоо келсе, жан аяган жигитпи" дегендей, кыргызымдын кыраан жигиттери эли-жери үчүн кызмат кылууга милдеттүү болушу абзел. Тилекке каршы, учурда мекенинин, өлкөсүнүн кызыкчылыгына караганда өз кызыкчылыгын өйдө койгон мырзалар арбып баратат. Дегеле, жеке кызыкчылык жигитчиликтин душманы. Сөзүнө туруп, адамгерчиликти, сабырдуулукту туу туткан жигиттер менин табитимди таба алышат.

Сүйүү…
Сүйүү бар үчүн жашоо бар экендиги талашсыз. Жашоого жаралган ар бир адам сүйүүгө жана сүйүктүү болууга акылуу. Чыныгы сүйүү таза жана түбөлүктүү болот эмеспи. Турмуш кураарда "жети өлчөп, бир кес" деген макалды эске алуу керек, ал оюнчук эмес, өмүр бою бирге жашай турган адамың, көңүлүңө жагып, бири-бириңди түшүнө билүү маанилүү… Албетте, артыман чуркап жүргөн жигиттер арбын, бул мактаныч эмес. Алардын ичинде көңүлүмө жакканы бар, бирок дагы байкап, сынап көрүү керек го дейм.

Эс алуу…
Эки жерде иштеп, эки жумушка эки башка даярданып, анан окууга чуркап, менде эс алганга деле убакыт артпайт. Бош убактым болуп калса, китеп окуганга аракет кылам, айрыкча дүйнөлүк адабияттарды. Негизинен бош убактымда үйдө болуп, сиңдилерим менен өткөрүү мен үчүн майрам.




Манас атанын желеги кайда?
Жети үлкөн өлкөнүн желектери кайсы бир жерде желбиреп (өткөн кылымдын соңунда), алардын ичинде кыргыз элинин, болгондо да Манас атабыздын туусу жердин түбүнө, анан чокусуна сайылган. А жерден Бишкекке чейин канча аралык? Желек кайда? Кызыгы, мындай иш-чаранын демилгечиси ким болгон? (Жообу кат аркылуу кабыл алынат).
5000 сом байге










??.??