№42, 25.04.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  К е р е г е

Чолпон Жакупова, "Адилет-укук" клиникасынын төрайымы
- "Келиндин келгендегиси эстен кетпейт" деген сөз бар. Жаңы келин болуп келгенде эстен кеткис окуя болду беле?
- Аха-ха... бардыгы эле энергетика, саясатты сурашат... А силер кандай, вдруг эле...
- Анда айтсаңыз, жолдошуңуз сизге ала качып үйлөндү беле?
- Жок. Бардыгы күнү бүгүнкүдөй көз алдымда. Башыма ак жоолук салып, эл канча көп келсе, ошончо жоолук кошо келген. Жолдошумдун туугандарынын кичинекей балдары, кыздары мени тегеректешип, келгендерден көрүндүк чогултушканы, келген коноктордун баарына жүгүнгөнүм... Улуу кайнатамдын үйүнө отко киргизгенде, абысындарым "жүгүнүп барасың" дешсе, 200-300 метр аралыктагы үйүнө чейин улам ийилип жүгүнүп барганым эч эсимден кетпейт. Анан да орус чалыш болгондугумдан бардык салт-санаа жапайыдай сезилген. Бирок, өз макулдугуң менен келсең, ошого да көнөт экенсиң. Кыйналган деле эмесмин, тескерисинче кызыктуу болгон. Бирок, үч күндөн кийин эми түбөлүк кайын-журттуку экенимди ойлоп алып, "апама алып бар мени" деп жолдошума ыйлаган элем.


Жылдыз Муслимова, журналист
- "Аюу да болсо эрим болсо" деген сөздү кандай түшүнөсүз?
- Адатта адам баласы Жараткандан жалгыз келет. Ата-эненин балам чоңоюп, бактылуу болсун деген тилеги бар. Жогорудагы сөз ар бир бала өз алды турмуш куруп кеткенден кийин айтылган сөз деп ойлойм. Негизи кыргыздар боз жолду тандаган эл. Башкача айтканда, жамансың деп жаманын таптакыр чыгарып салбайт, жакшысың деп жакшыны аягына чейин көтөрүп жүрбөйт.

Накен Касиев, коомдук ишмер
- Саясатчылар улам эрге тийип чыккан аялга окшошобу?
- Мага мындай "не серьезный" суроолор менен кайрылбагыла. Алтымыш жашымда мындай суроолорго жооп бербейм.
- Жок эми, туруксуз саясатчылар жөнүндө сөз болуп жатат да.
- Түшүндүм, мага болбойт. Менин оппозицияга да, позицияга да көз карашым бар. Саясатчылар тууралуу жакшы билем.
- Ошондой саясатчылардан айтып бербейсизби?
- Айталбайм, алардын өздөрүнөн сурагыла.

Шайлообек Ниязов, Улуттук госпиталдын башкы дарыгери
- Гиппократтын антын аттадыңыз беле?
- Жок, аттабайм деп ант бергем да.
- Аттагандарды ант урат деп ойлойсузбу?
- Ант урат деппи... Биз медиктер Кудайга көп ишене бербегендиктен кантип "ант урат" деп айтабыз. Баары эле ушул кесипти тандап алгандан кийин, Гиппократтын антын аттай албаса керек.

Султан Раев, маданият жана маалымат министри
- Сиз үй-жайыңызды кайсыл каражаттын эсебинен топтодуңуз эле?
- Мага өкмөт берген.
- Үй-жайды дагыбы?
- Ооба, 1994-жылы.
- Бизнесиңиз жокпу?
- "Вообще" жок. Мен китептеримди чет мамлекетке сатып, тиричилик кылам.

Анвар Артыков, коомдук ишмер
- Өзбекстанга чалгынга жөнөтсө барат белеңиз?
- Эмне үчүн "именно" Өзбекстанга? Эч качан чалгын-малгынга барбайм. Барган да эмесмин.
- Өзбек улутунан болгонуңуз үчүн барбайсызбы?
- Жок, мен кыргызстандык болуп туруп, анан эмне үчүн Өзбекстанга барышым керек? Мени Кыргызстандын кызыкчылыгы көбүрөөк кызыктырат.

Бөдөш Мамырова, "Ар-намыс" партиясынын мүчөсү
- Уурулук кылып көрдүңүз беле?
- Жок.
- Кичинекей кезиңизде дагыбы?
- Бир корккон нерсем ошол. Андайга "повод" да болгон эмес.
Бирок, айрым адамдар айла кеткенде уурулук кылышат. Үйүндө жээрге тамагы жок, балдары ачка отурса, айласыздан уурулук кылышат. Ал эми билип туруп, ач көздүк менен элдин казынасына кол салган коом учурда пайда болбодубу. Азыр уурулар көбөйүп кетти. Алар арабызда бизди башкарып эле жүрүшөт.

Бетти даярдаган Өмүртөрө Кудайбердиев









??.??