№42, 25.04.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Бөрү жүрүш…

Сабыр Муканбетов:
"Каркыра үчүн кан төгүлсө, менин каным төгүлсүн!"
- Сабыр мырза, Каркыра жайлоосунун казактарга өтүшүнө байланыштуу нааразычылыктар күч алып, жөө жүрүш башталганы турат, сиз Ысыккөлдун кулуну катары кандай позициядасыз?
- Каркыра ыйык жер, ал ысыккөлдүктөрдүн эле эмес, бүтүндөй кыргызга таандык жер. Бүгүн бул маселе ар бир кыргыздын жүрөгүн оорутуп турат. Үзөңгүкууш Кытайга берилгенде, аксылыктар атылганда кандай кырдаал болсо, азыр ошондой кырдаал түзүлүп калды. Көлдүктөр мамлекет башчысы менен "Акжол" партиясын кыргыз элине чыккынчылык жасады деп, жоо жүрүш нааразычылык акциясын баштап, жалпы кыргыз журтуна чакырык таштады. 26-апрелде Түп жергесинен тартып, Көлдүн күнгөй-тескейине жөө жүрүш башталат. "Акыйкат үчүн" кыймылына кирген күчтөр да муну колдоп, катышканы турат. Элдин нааразычылыгынын күчөшүнө мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик күнөлүү. Жер-жерлердеги майда чиновниктер жогорку бийликке ашкере жагынууга өтүп алышкан. Ошолор элдин добушун уурдап, "Акжолду" парламентке алып келишти, натыйжада мына Каркырадан айрылып отурабыз. Аларга мансап, жеке кызыкчылык керек экени ачыкка чыкты. Биз, Каркыраны бергендерден арылып, жоопко тартмайын оң жолго түшпөйбүз, мамлекеттүүлүгүбүздү сактап кала албайбыз.
- Жөө жүрүш аркылуу Каркыраны кайра алуу мүмкүнчүлүгүбүз барбы жана канчалык деңгээлде таасир берет?
- Президент, "акжолчу" парламент ратификациалаган документке кол койгондугу тууралуу расмий маалымат бере элек. Элдин үнүн, сүрүн эске алып, кол койбой койсо болот. Эгерде кол коюлуп калган болсо, Конституциялык сот "мыйзам туура эмес кабыл алынган" деген чечими менен токтотушу мүмкүн. Анткени, ЖК мыйзам бузуу менен кабыл алып, кайталап карабай, бир жолу окуу менен алып койду дегендей… Андан тышкары эми өзбектерге, тажиктерге жер берүүдө бийликтердин пикирин өзгөртөт. Мамлекеттин жеринин бүтүндүгү, элинин биримдиги болбосо, келечеги жок болоорун, карапайым эл түшүнөөрүнө өбөлгө болот.
- Кокусунан бийлик тарабынан провакациялар уюштурулуп, жол тосуулар болсо, Аксыдагыдай кан төгүлүп кетиши да мүмкүнбү?
- Кыргызстандын патриот жарандары, өзүнүн конституциялык укуктарынын негизинде мыйзамдуу нааразычылык акциясын өткөрүүгө белсенип турат. Алар "төңкөрүш жасайлы, бийликти басып алалы" деп чыгышкан жок. Кыргыз жеринин бүтүндүгүнүн бузулганына нааразы. Ал эми бийлик адатын карматса, провакация уюштургандан аброй таппайт. Тескерисинче, бийликтин күнү бүтө турган мезгилди жакындатат. Үзөңгүкууш үчүн аксылык алты азаматтын каны төгүлгөн. Кыргыз азаматтары кан төгүлөт дегенден коркуп, жөн отуруп калбайт. Жеринин бүтүндүгүн талап кылган элине ок чыгарса, бийликтин өз шору. Мен өз эрким менен жөө жүрүшкө катышып, оюмду билдирүүнү чечтим. Каркыра үчүн кан төгүлсө, менин каным төгүлсүн! Кайдыгер болуп, мамлекетибизди жоготуп, каңгып кеткиче, Атамекен үчүн окко учуп, шейит кеткен артык.
Менин Ата-бабам аздектеп, жашап келген Алатоонун койнунда, менин бала-бакырам бейкут жашай турган мамлекетти сактап калуу үчүн тамчы канымды аябайм.
- Акыркы убакта саясат таануучулар, бүгүнкү оппозиция тууралуу ар түркүн ойлорду айтып келет. Айрымдар программасы, биримдиги жок десе, да бирөөлөр деңгээли төмөн, колдорунан эч нерсе келбейт дешет. Сиз кандай баа берээр элениз?
- Бүгүнкү оппозиция митингдердерде токмок жеп, арасынан чыккан саткындардын азабын тартты. Бул оппозиция алган тарыхый сабак. Быйыл Спорт сарайында 3000 ден ашуун киши чогулуп, Элдик Курултай өттү. Оппозиция мыйзам чегинде конструктивдүү иш алып барууга жөндөмдүү, элдин колдоосуна татый турган деңгээли бар экенин көрсөттү. Бул бийлик үчүн орчундуу сигнал. Калк ичиндеги нааразычылыктардын негизи: акыйкаттыктан ажыроо, адилетсиздиктин орношу, мамлекет башчыларынын элдин, жердин бүтүндүгү үчүн бекем турбай, кара жандарынын камын ойлоп калгандыгы.
Ал эми оппозициянын, оппозициялык партиялардын ар биринин программасы бар, аны окубай, билбей сүйлөй берүү алардын деңгээлин эле тастыктайт. Негизи эле политологдор эмне айтаарын билбей калганда ушинтип коюшат. Бакиев өзү оппозицияда жүргөндө деле бийликтегилер анын программасы жок деп айтышкан. Ошол эле кишилер бүгүн бийликте, ошону эле кайталап сүйлөп жатышат. Жакында ООН (отряд освобожденных начальников) деген сөздү таап чыгышты, эми анын таң кала турган кандай жагы бар, мен түшүнбөйм. Дүйнөлүк практикада оппозиция бийликке келсе, бийликтегилер оппозиция болуп, кайра бийлик үчүн күрөшө берет. Орун алмашып турат, бул нерсени таң калгансып айту, оппозициянын аброюн төмөндөтпөйт. Ал бийликчил политологдордун түркөйлүгүн гана тастыктайт.
Гүлбарчын ЯКУБОВА




  Айтылган сөз - атылган ок

Садыр Жапаров, КР президентинин кеңешчиси:
"Боронбай өз доорунун даанышманы болгон"
"Эл оозунда элек жок" дегендей кээде эл арасындагы айрым ушак-айыңдар коомду дүрбөткөн окуяларга айланат. Көл кылаасында XIX кылымда жашаган кыргыздын чоң манабы Боронбай Меңмурат уулунун эстелигин быйыл май айында тургузат экен, ага арнап аламан байге чабылат экен деген сөздөр айтыла баштады. Деги бул кептин чын-төгүнүн билели деп Президенттин кеңешчиси Садыр Жапаровду сөзгө тарттык.

- Садыр Нуркожоевич, сиз чын эле Боронбайдын эстелигин тургузуп жатасызбы?
- XIX кылымда жашаган бугу элинин башчысы Боронбай Меңмурат уулунун эстелигин тургузуп жаткандыгым чындык. Кыргызда бир сөз бар "Сөз айтылганча адамдын кулу, айтылгандан кийин адам сөздүн кулу", мен Түп районунан депутат болуп шайланганда бир канча шайлоочуларым кыргыздын мыкты инсаны Боронбайдын эстелигин тургузуу жөнүндө өтүнүчтөрүн айтышкан. Боронбайдын эстелигин өз эсебимден тургузарымды билдиргем. Эсиңиздерде болсо, былтыр 25-сентябрда белгилүү хирург Иса Ахунбаевдин эстелигин өзү иштеп-жашаган клиниканын маңдайына тургузган элем. Боронбайдын эстелиги дагы ошол мезгилде эле даяр болуп, октябрь-ноябрь айларында тургуза салабыз деген оюм болгон. Тилекке каршы, а-бу дегиче күз келип, кышкы суукта эстеликтин ордун ырастоодо тоскоолдуктар болгондуктан, эстеликти быйыл июнь айында коелу деп чечкенбиз. Бүгүнкү мезгилде эстелик дапдаяр турат. Кудай буюрса, июнь айынын башында эстеликти Түп айылынын борборуна тургузабыз.
- Эмне үчүн Түпкө коюп атасыңар? Көлдүн борбору Каракол шаары го. Белгилүү инсандардын эстеликтери Караколдо турат эмеспи?
- Ооба, эстеликтер Каракол шаарында турат. Бирок мен былтыр, сентябрь айында Боронбай манаптын Ысыккөлдөгү жакын урпактарын чогултуп, кеңешме өткөзгөн элем, ошол жерден баары Түптүн борборуна коюуну чечишкен. Анткени урпактарынын басымдуу бөлүгү Түптө турат экен. Эң башкысы, бул эстелик түптүктөрдүн демилгеси менен тургузулуп жатат.
- Боронбай бий болгонбу же ханбы? Эмне үчүн бүгүнкү күнгө чейин Боронбайга эстелик тургузулбай келди?
- Боронбай Меңмурат уулу тарыхый документтерде көл кылаасындагы чоң манап деп жазылып келген. Болжол менен 1779-жылы Ысыккөлдүн Жетөгүз районуна караштуу Жуку капчыгайынын төрүндө төрөлүп, 79 жаш курагында дүйнөдөн кайткан. Ошол мезгилдеги орус падышачылыгы Боронбайды Бугунун "чоң манабы" деп тааныса, казактар Боронбайды кыргыздын султаны дешкен. Бирок кыргызда султан даражасы болбогондуктан Боронбайды хан деп аташкан. Эң башкысы, Боронбай өз доорунда көлдөгү бугу элинин башчысы катары хандан өйдө даанышмандыгын көрсөтө алган.
Боронбайдын аракети менен жүз элүү жыл мурда кыргыз-казак мамилелери жана чегаралары жөнгө салынган. Кыргыз тарыхында биринчи жолу Боронбайдын демилгеси менен кыргыздар орус падышачылыгына кол сунуп, алгачкы кыргыз-орус дипломатиялык мамилелер башталган. 1814-жылы биринчи жолу Боронбайдын демилгеси менен белек уруусунан Качыбек Шералы уулу, азык уруусунан Жакып Ниязбек уулу Омск шаарына барып, генерал-лейтенант Григорий Глазенаптын кабыл алуусунда болгон. Дал ошол окуядан кийин тарыхта орус-кыргыз мамилеси башталган. Байкадыңызбы, мен сизге 1814-жылдагы окуяны айтып жатам. Ал эми орустардын "крести", алтын, күмүш медалдары менен сыйланган, майор чинин алган Шабдан баатыр Жантай уулу 1839-жылы туулган. Шабдан туулгуча эле Боронбай орус-кыргыз мамилелерине жол салган экен. Ал эми Шабдан баатырдын эстелиги бүгүн Кемин шаарчасында заңгырап турат.
Дагы бир фактыга көңүл бөлөлү, Боронбай Меңмурат уулуна XIX кылымда орус падышачылыгы подполковник чинин ыйгарган. Айтайын дегеним, дал ушундай тарыхый маалыматтардан улам Боронбайдын өз доорундагы аскердик, дипломатиялык жана эл башчылык улуу иштерин байкоого болот. Жүз жылга жакын Россия менен кол кармашкан кыргыз элинин тарыхы дал ушул адамдын ишмердигинен башталган. Тилекке каршы, Боронбай Меңмурат уулунун өз доорундагы улуу иштерине кыргыз мамлекети тарабынан жеткиликтүү баа берилбей келе жатат.
Боронбай Меңмурат уулунун тарыхын иликтөө алдыдагы тарыхчылардын жана окумуштуулардын иши деп ойлойм. Буга чейин Боронбайдын өмүр баянына арналган Эрнис Турсунов агамдын "Боронбай" деген тарыхый романы 2004-жылы жарык көрсө, 2006-жылы Туратбек Касымовдун "Боронбай жана Төрөтай" деген тарыхый романы жарык көрдү. Мына ошол тарыхый романдарда Боронбай Меңмурат уулунун XIX кылымда Орус, Казак, Кытай мамлекеттери жана Кокон хандыктары менен болгон дипломатиялык иш-аракеттери, бугу менен сарбагыш элинин феодалдык маанайдагы согуштарын басууга болгон аракеттери эң сонун жазылган. Бүгүн өз элин кор кылбай, көл кылаасынын чегараларын кытай, казак менен чектеп келген Боронбайдан үйрөнчү мисал бүгүн арбын.
Боронбай кадимки Калыгул олуя менен замандаш болуп, кыргыздын кийинки келечегин көрө билген даанышман болгон.
Боронбайдын эстелигинин ачылышына карата Каракол драмтеатры атайын постановка койгону турат. Мындан сырткары атайын документалдуу видеофильм да жаралууда. Ушунун баары бүгүнкү жаш муундардын өз тарыхын билүүгө үндөгөн, Кыргызстандын биримдигин сактап келген тарыхый окуя болуп калат деп ойлойм.
Буюрса, Боронбайдын эстелигин июнь айынын орто ченинде Түпкө тургузуп, эл үчүн аламан байге жана башка ат оюндарын уюштурганы жатабыз. Аламан байгеге "Нива" автомашинасын баш байгеге коюп жатабыз. 2-3-байгелер да жогорку деңгээлде болот. Ошол күнү эстеликтин ачылышына Президент чакырылып жатат. Мен ойлойм, ал күн көл кылаасындагы уюткулуу элдин ынтымагын бириктирген улуу майрам болот.

Маектешкен
Аязгүл Жаанбаева