№42, 25.04.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Ой, тетиги жащикти өчүргүлө!

ЭШИМКАНОВ ЭФИРДИ ЭМЕТАЛАБЫ?..
Мелис Эшимканов КыТыРга барганда аны оңдогонго мээси кенен жетет деп ишенип турдук эле, болбоду. Мурунку айдама, түшүнүгү тар, суужүрөк жетекчилерден "формасы" менен айырмаланбаса, маңызы ошолордой эле тура… Жалпы деңгээли мурунку жетекчилерден өйдө болсо болгондур, "элдир-селдир" өлчөмүндө.

Телекөрсөтүүнүн тарбиялык, таалим берерлик күчү оңбогондой зор экенин бүгүнкү күнү билип бүттүк. Андагы түрдүү көрсөтүүлөргө таасирленип жинди болуп атканы канча дейсиң... Эпадам, телекөрсөтүү улуттук кызыкчылыктын ураанын чакырып, ошого жараша түрдүү темадагы, жанрдагы көрсөтүүлөрдү даярдаса, ал жемишин бербей коймок эмес. Бергенде да патриот эместерди патриот кылып, "киргиздерди" "Манас" айттырып, макалдата сүйлөтүп, ууру-кескини момун тарттыра уялтып, аксакалдарыбыздын кебин маанилүү кылып, жаштардын акылын арбытып, дындыя көпкөн чоңдордун желин аздап чыгарып же "тарс" жарылтып таштап, сойку жолуна бет бурган кызды токтотуп, көроокаттан башка да "көп оокат" бар экенин даңазалап дегендей… Бу жакшы үмүт фантазияга айланып кете жаздады окшойт… КыТыРдын азыркы кебетеси менен алганда.
Мындай көрсөтүүлөрдү даярдаганга КыТыР журналисттеринин көбүнүн мээси жетпейт, жеткенинде эркиндик жок. Жаманбаева, Мамбетакунов сыяктуу "капталын жеп бүткөн", чыгармачылыктары тээ таштандыда калган адамдар Эшимкановго кеңешчи болуп жатса, эмненин жаңылыгы, не таасир көрөрманга.
Биздин жаман адаттарыбыздын бири - билбегенибизди үйрөнүүдөн уялабыз. Мына ушундай керек учурда коңулга жашынып жатаар намысыбыз ойгоно түшөт - үйрөнгөндөн, сурагандан намыстанабыз. "Билбегенимди гана билем" деп айтчу адамдарыбыз аябай эле аз.
Биздин тележурналисттер уялбай-этпей эле айталы, РТРдин "Культура" каналынын көрсөтүүлөрүнөн баса калып үйрөнүшү керек. Бу каналда адамды рухтук байлыкка карк кылчу мыкты көрсөтүүлөр тынымсыз көрсөтүлүп турат: орус падышаларынын баскан жолдорунун оң-терс жактары, улуу сүрөтчүлөрдүн картиналарынын жаралыш тарыхтары, ошондой эле улуу жазуучулардын, акындардын өмүр-чыгармачылыктарынын урунттуу учурларын ("кедей-дыйкандын үйбүлөсүндө төрөлгөн" деңгээлинде эмес), улуу композиторлордун музыкасы, дүйнөлүк деңгээлдеги опералар, аңыздуу архитекторлордун имараттары... деги койчу, бүтүндөй дүйнө шедеврлери жөнүндө кеп кылынат. Ошол көрсөтүүлөрдүн авторлорунун маселени беш колундай, өзү сөз кылып жаткан доордо жашап келгендей билгени баамга урунат. А биздин "кытырчылыр" болсо, көрсөтүүсүн "бум-бум" деңгээли менен чампалап таштайт, бирөөгө берген суроолорунан көрөрман уялып турат.
Белгилүү адабият жана искусство адамдары менен маектер көрөрманга чоң кызыгууну апкелет. Ал адамдын укмуштуудай сөздөрүн уккусу келет, анын кийген кийими менен ичкен тамагына ж.б чейин кызыгат. "Культурада" режиссер, артист, композитор, жазуучу, акын, драматург, архитектор, ырчы ж.б. менен болгон маектер көрөрмандын интеллектисин көтөрүп таштайт деп айтаар элем.
Биздин тарыхыбыз да оңой эмес, фактылардан куралган укмуш окуялар, адамдар болгон. Бүгүнкү күндө сөзгө алчу окуя да, адамдар да толубатат, мына ошолорду көрсөт. Көрөрман алдына баамга кой.
Бир кызыбы же келиниби, журналист эки жагына эки коррупционерди отургузуп алып "ооба" же "жок" дедиртип, көрбөгөн "көрөрмандарды" ызвандаттырып, далай убакка саймедирешип отурат, аны ит да укпайт жөнөкөй айтканда.
Эшимкановдун ошондойлорду жоготууга дарамети жетпеди. Дарамет демекчи, КыТыРдын мафиясына "тиш салымыш" эткени менен, дале болсо дарамети жетпеди, анын тамырын кыркканга. Өзүнүн жайына койсо, Эшимканов далайды кылат эле, президенти даана колдобой, кылтылдатып атпайбы. Экөө тең "кылтылдак оюндун" кыраандары эмеспи...
Жакында Эшимкановдун ордуна Президенттин пресс-секретары Шакиев келет экен деген кеп тарады. Бу бала кокустан "Эркинтоого" редактор болгон, кокустан Президентке пресс-катчы болгон, эми кокустан КыТыР башына келсе - таптакыр эле болбой калат го. Деңгээли ортозаар, журналисттик жагдайын айтам. Шакиевге караганда Эшимканов сезилээрлик жогору турат...
А дейбиз, бу дейбиз КыТыР качан оңолоорун билбейбиз...

Баратбай АРАКЕЕВ




  Ким кимди саткан?

Азимбек Бекназаров, коомдук ишмер:
"Мен жоопко тарткан алты адам министр болуп олтурат"
- Азимбек Анаркулович, "Асабанын" төрагалыгынан четтептирсиз. Не себеп болду?
- "Асаба" партиясынын жобосу боюнча төрага 5 жылга шайланат. Мен 2002-жылы октябрь айында шайлангам. Беш жыл эмес, алтынчы жылга узап кетти. Биринчиден, уставга ылайык төрагалыкка жаңы адам шайланышы керек. Экинчиден, кайра шайлануудан мен өзүм баш тарттым. Анткени партия болобу, мамлекет болобу, башчыларында алмашуу процесси жүрүп туруусу зарыл. Жаңы кан жүгүрүшү керек. Бирок, мен "Асаба" партиясынан эч кайда кетпейм. Ушуга чейин да саясый позициямды өзгөртүп же кылтыңдаган эмесмин. Эми деле "Асабанын" саясатын, жобосун колдой берем. Себеби, бул партия кыргыз улутунун кызыкчылыгы үчүн аракет кылган улуттук партия.
- Сиз "Ревком" түзүп чыктыңыз эле. Аныңыздын аяк-башы, жыйынтыгы болбой, жымжым болуп калды өңдөнөт. 24-мартта жыйынтык беребиз дедиңер эле…
- Жыйынтыгы болуп жатат. Элдик курултай "Ревкомдун" демилгеси менен болду. Өткөрүүнү гана биз коомдук парламентке жүктөдүк. Ошол эле "Ревкомдун" демилгеси менен дагы көп иштер болгону турат. Биз биригели, жерди, элди коргойлу деген ураан менен бир туунун, кыргыз деген туунун алдына биригип жатабыз. Бул жерде "Ревком" жана көптөгөн саясый партиялар, уюмдар, жарандар бар. Ушунун баары "Ревкомдун" демилгеси. "Ревком" жымжым болуп калган жок. Биз башында айтканбыз, "Ревком" жарым-жартылай, жашыруун уюм деп. Кыскасы, азыркы саясый аракеттердин баарында "Ревкомдун" мүчөлөрү иш алып барып атат.
- Саясый аракет демекчи, бүгүнкү саясаттын, андагы аракеттердин абалы кандай?
- Азыркы саясый абалдын жүзү оор. Бийликтеги мыкчегерлер эч нерсе болбогондой, эч нерсени укпагандай, көрбөгөндөй тымпыйып олтурушат. Президент болсо эч ким менен эсептешпей, кеңешпей өз саясатын жүргүзүп жатат. Биз, оппозиция, анын саясаты туура эмес экенин, демократиядан тайганын көзгө сайып көрсөтүүгө аракет кылып атабыз. Бирок, учур бизди катачылыктарды какшап, чындыкты айтуу этабынан өткөзүп, эми аны иш жүзүндө көргөзүүгө буруп, жакындатып атат. Анын бир далили 26-апрелден тарта жөө жүрүш менен көрсөтүлөт. Андан соң азыркы иш-максаттар биринин артынан бири токтоосуз, үзгүлтүксүз улана берет.
- Жөө жүрүш Көлдү тегеренип эле токтойбу же адаттагыдай Бишкекке агылып, аянтка келип топтолобу?
- Бул айтылбайт. Биз "Ревкомду" түзгөндө эле ачык айтканбыз. "Биздин аракеттер айтылбайт. Аларды иш жүзүндө гана көрөсүздөр" дегенбиз. Ошондуктан муну да иш жүзүндө көрөсүңөр.
- Азимбек Анаркулович, Алмаз Атамбаев өкмөт башчылыгына барганда сиз ж.б. бир топ оппозиционер саясатчылар өкмөт курамына барууну макулдашыпсыздар. Эмне болуп, Атамбаевдин өкмөтүнө бара албай калдыңыз?
- Тарых үчүн чындыкты айтып коюушубуз керек. Куловдун "Бириккен фронту" апрель митингин баштаганда Бакиев биздин талаптардын бири болгон коалициялык өкмөттү түзүүгө макулдугун берди да, "айткыла, премьер-министрликке оппозициядан көрсөткүлө. Мен коюп берейин, ал келип өкмөттү түзсүн" деди. Ошондо биз, реформачылар деп жүрчүбүз го, ошолор барып Атамбаевге "сен өкмөт башына олтуруп бер. Өзүң баргандан кийин оппозиция өкүлдөрүнөн "Атамекенден", "Асабадан", "Ар-намыстан", өзүңдүн партияңан, башка саясатчылардан ал, өзүңдүн өкмөтүңдү түз, алар менен бирге бийликти колдогондор да болсун" дедик. Бирок, Алмаз Шаршенович макул болгон жок. Биз "эртең мененкиге чейин ойлон. Эгер эртең менен отказ берсең, "Реформа үчүн" кыймылынан башка кандидатура карайбыз" дедик.
- Эгер Атамбаев барбаса, кимдердин аты аталмак эле?
- Ошол эле Сариевди, Эсенамановду карап көрмөкпүз. Башкы максатыбыз --коалициялык өкмөт түзүп, президентти өкмөттүн ишине аралаштырбоо эле. Атамбаев эртең мененкиге чейин ойлонуп "мен макулмун" деди. Президентке барып, макул экенин айтып, өкмөт башы болуп бекиди. Анан ал киши бизге, ар бир партияга кайрылды. "Келгиле, өкмөт курамын түзөлү" деп. Мен да Асаба" партиясынан биртоп кишинин тизмесин бердим.
- Өзүңүз да бар белеңиз?
- Жок, мен башпрокурорлуктан кеткенде эле айткам. "Мен Бакиев менен эч кандай кызматка барып иштешпейм" деп. Ошон үчүн принципке туруп, Отунбаева баш болгон бир топ адамдын тизмесин бердим. Ар кимди деңгээлине жараша акимдикке, замгубернаторлукка, вицеликке көрсөтүп. Кийин да Атамбаевден "эй досум, кана биздин балдардын иши" деп сурап жаттым. Ал айтты: "мен Роза Исаковнаны вице-премьерликке кел десем, келбей жатат" деп. Мен билем, Атамбаев бизден башка дагы көптөгөн саясый партияларга кайрылган. Бирок алар "Атамбаев менен иштешпейбиз" деп баш тартышкан. Ошондон кийин Атамбаев аргасы кеткенде өз партиясынан үчөөнү министр кылды. Ошондо оппозицияга айттым "эй, Бакиев коалициялык өкмөт түзгүлө деп жатса, Атамбаевди биз өзүбүз сатып койбодукпу" деп. Анан Бакиев Атамбаевге "оппозиция сени укпайт турбайбы" деди да, өзүнүн баягы жегич, куйругунда калбыры бар адамдарын кайра апкелип алды.
- Демек, Атамбаев оппозицияны эмес, оппозиция Атамбаевди жарга такап кеткен турбайбы?
- Аныгында ошондой болду. Кийин Атамбаевди "саткын" деп беттырмарлыкка чейин баргандар да чыкты. Эгерде биз ошондо Атамбаевди "подставлять" этпей, коалициялык өкмөттү түзүп, ноябрь Конституциясынын нугуна келип, биримдикте туруп алганыбызда азыркы "Акжол" партиясы келбейт эле. Бийлик өзү билгениндей Конституцияны оңдой албайт эле. Биздин күчсүздүгүбүздөн, ынтымак-ыркыбыздын жоктугунан, бири-бирибизди саткандыгыбыздан азыр бийлик билгенин кылып жатат.
- Сиз Башпрокурор болуп турганда "сол чөнтөктү" толтуруу аракетиңизден улам ажого "жакпай" калып, кызматтан узатып койгон деген каңшаар бар. Чын-төгүнүн тактабайсызбы?
- Эгерде менин сол чөнтөгүмө пул салгандар болсо айтсын, "Мен Бекназаровдун сол чөнтөгүнө акча салгам" деп. Же бийлик билсе, эбак эле мени алып барып тыгып коймок. Кирчү жериме кийрип коймок. Мына, Ош губернатору болгон Жантөрө Сатыбалдиев, КушбакТезекбаев өчүп эле калышпадыбы, дымы чыкпай… Ушул сөздү чыгарып жаткандар менин тазалыгымды көрө албагандар. Анткени мен 2,5 ай гана баш прокурор болдум. Калган убакта милдетин аткаруучу гана болгом. Ошол аралыкта мен жоопко тарткан жүздөн ашуун коррупционер бүгүн Бакиевдин айланасында олтурат. Ушуга окшогон ушакты ошолор чыгарбай эшек такалап олтурушуптурбу?
- Мисалы кимдер?
- Мисалы, Садыркуловду мен жоопко тартып, сотко берип койгом. Бүгүн администрациянын башчысы болуп, сенин, менин, бүт кыргыздын тагдырын калчап, ойноп олтурат. Ошол эле Балкыбеков бүгүн министр. 23 эпизод менен жоопко тартылган Турдумамбетов Ысыккөлдү, Каркыраны сатып, элдин башын айлантып, экинчи киши болуп жүрөт. Ошол эле Данияр Үсөновду курчаган адамдардын баары менин убагымда жоопко тартылган. Мен жоопко тарткан алты адам азыр министр болуп олтурат. Буларга президент айтып жатат: "Эй, оногу кыйкырып жатат, ушак таратпайсыңарбы" деп. Булар ушактан башка мага эчнерсе кыла алышпайт. Мен айтып коеюн Кудай алдында, акыйкат алдында мен тазамын. Элдин алдында жүзүм жарык. Азыр арты булганган, таза эмес адамдардын баары Бакиевди айланчыктап, кошомат кылып жүрөт. Себеби, алар унчугалбайт. Унчукса эле иши бүтөт.

Маектешкен Кубаныч Зайнидинов










??.??