№42, 25.04.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Эрендерде эмне кеп?

Алмаз Атамбаев, экс-премьер-министр:
"Автоматка ишенген бийлик көчөдө калат"
(Башы 3-бетте)
- Бийликке барганыңызда эски санаалаштар сизге аябай каршы турду го…
- Премьер-министр болгонумда өзгөчө түшүндүм, кээ бир оппозиция өкүлдөрү мамлекеттин тагдырын ойлошпостон, жогоруда сен айткандай, жеке рейтингдеринин кумарынан чыгалышпай, акылсыз аракеттерге барышкан. Тилекке каршы, ундун баасы көтөрүлүп атканда да кээ бир саясатчылар атайын ажиотаж жасап, "буудай түгөндү, арпа жеп калабыз" деп кыйкырышып, элди тескери жолго үндөп турушту. Чындыгында ун бар эле, андан башка кошумча буудайга да сүйлөшүп койгом. Ошондуктан мен айтар элем, кыйкырыш оңой, а сабырдуу болуу менен мамлекеттин тагдырын, элдин келечегин ойлош кыйын нерсе.
- Азыр ал саясатчылар деле ойлонуп аткандыр…
- Өткөн окуялардан мен эле сабак албастан, оппозициянын бүт өкүлдөрү да сабак алышты. Акыркы учурда оппозициянын чоң бир бөлүгү башкача кадамдарга барып, Курултай өткөрүштү. Мына ушундан улам дагы кайталап коеюн, эгерде биз оппозициянын биримдигин сактап, "Реформа үчүн" кыймылынын ишин аягына чыкканыбызда өнүгүү багытка түшмөкпүз. Кызыгы, ошол катачылыкты кетирген лидерлер күнөөлөрүн өздөрүнөн издебей, менден көрүп атышпайбы. Бирок,тарых бардыгын өз ордуна коерун унутпасак.
- Баары артта калды. Сиз айткандай мезгил кимдин-ким экенин таразалайт. А премьер-министр болгонуңузга өкүнбөйсүзбү?
- Өзүм жасаган кадамдарга өкүнбөйм. Анткени өткөн жылы Кыргызстан граждандык согуштун алдында турган. Кадимкидей Түндүк-Түштүккө бөлүнүп, керек болсо парламент депутаттары жакалашып аткан да. Мен аны ичинен көрбөдүмбү. Ага улай эле региондордон жүздөгөн кепкачандар алынып келди. Ошондо премьер-министр катары аларды жөнгө салып, келген жактарына кайра жөнөтүп аттым. Саясый кырдаал сыртынан анчалык байкалбаганы менен, ичинен аябай курч экен. Бирок элдин көбү аны жеткиликтүү түшүнбөй, "Атамбаев премьер-министрлик үчүн барды" деп ойлоп атышкан. Андай эмес, Атамбаев Өкмөткө баратканда бир күнү кетерин билген. Бир жагынан "11-апрелде бийлик алмашат, 10 күндүк премьер болосуңбу?" деп айтышпады беле. А менин максатым Кыргызстанды согуштан сактап калуу болчу. Максатыма жеттим. Айтмакчы, 19-апрелде Акүйдүн астында жаш балдар лидерлери жок калышканын билесиң. Аягы милицияга таш ыргыта башташты. Кыйын жагдай түзүлгөн. Кудай сактады.
- Ошол түнү сиз маалымат жыйынын өткөрүп, бир топ эмоция менен сүйлөдүңүз эле. Эртеси күнү "Атамбаев элди койго теңеди" деп чыгышты…
- "Оппозицияны "быдло" деди" деп Жакупова сыяктуулар кыйкырып жүрүшпөдүбү. Эмнеге туура сөздү видеозапистен угушпайт? Мен болгону Токмоктогу эткомбинатындагы болгон окуяны айтып бергем. Убагында Жогорку Советте иштеп атканымда, ошол эткомбинатынын директору атууга кеткен да. Ал иштин майда-баратына чейин таанышкам. Эткомбинатка койлорду айдап келгенде убойный цехке теке ээрчитип кирип, ал кайра башка эшик менен качып чыгып, койлор өлүмгө калчу да. Анан мен "койдой болбогула, көрүнгөндү ээрчибегиле" дегем. Муну болсо мени көралбаган, провакатордук ролду ойногон саясатчылар башкача буруп, "Атамбаев элди кой деп айтты" маанисин таңуулап чыгышкан. Ошондогу элди алдагандар кийин курорттордо жыргап жүрөт, а ээрчип баргандар таяк жеп, түрмөдө отурат. Дагы кайталайм, кыргыз эли жаш-карысы болобу, койдой болуп бирөөнү ээрчибей, өз башы менен ойлонушу керек.
- Мынча болду, дагы бир сөздүн чын-төгүнүнө токтолсок. Ноябрь митингисинде эл Акүйдү камап киргенде сиз ажого кирип, чай ичишип, соодалашып чыккан деген да айың-кептер айтыла жүрөт.
- Ал күнү жарым саатча элдин астында жок болдум. Президентке кирип элдин жаалын, сырттагы абалдын курчуп турганын, кан төгүлөрүн билдиргем. Президент элдин талабына баш ийиши керек деп айткам. Ошондо элдин талабы катуу болгону үчүн президент Конституцияга кол коюп берген. Эми "соодалашып отуруп алды" дегендери калп да. Видеозапистерди көрсөңөр, башынан баштап эртең мененки саат 5ке чейин элдин астында тургам. Снайпердин көз алдында турдум, 15 саатка жакын.
- Сизди кызматка чакырып аткандары чынбы?
- Эми жашырганда эмне, мага кызмат сунуштоолор болуп эле атат. Бирок, бүгүнкүдөй кырдаалда бийликке барганым туура болбой калат. Президенттин өзүнө да айткам.
- Күндөн-күнгө бийликтин кадыр-баркы кетип баратканын байкап аткандырсыз. Кайсы негиздерге такайсыз?
- Мындай абалдын түзүлөрүн өткөн жылы айткам, "Акжол" партиясы түзүлгөндө. Президент элдин бир бөлүгүн же бир партияны башкарбашы керектигин. Президент деген кыргыз элинин башчысы, журт атасы экендигин да эскерткем. Премьер катары пикиримди түз билдиргем, тилекке каршы, аны башка жолго үндөп, тегеректегендер максатына жетишти. Алар президентке чындыкты айтпайт, жалаң гана жага турган сөздөрү менен алдашат. Натыйжада, бийлик болгон кадыр-баркынан кол жууп баратпайбы.
- Чечмелеп көрөсүзбү?
- Мисалы, "Акжол" партиясын күчкө салуу менен көп добушту алып келүү өз башыңызга тиет" дегем. Парламенттик шайлоонун кандай өткөнүн көрбөдүкпү, ким ишенет? Шайлоого эки жума калганда мени да кызматтан ала коюшту. "Тоскоолдук кылат" таризинде… Акыркы учурда болсо бийлик элдин үнүн укпай калды. Президенттин тегерегиндегилер жалаң жасалма, жалган сөздөр менен саясат жүргүзүп калды.
- Сиз болгонду болгондой айттым дейсизби?
- Ыйманым таза. Иштеп атканымда "орой-чарай" бардык маселени көзгө сая айтып, түз мүнөздөн тайбадым.
- Мактагандык эмес, азыр министрлер арасында сиздин баркыңыздын жогору экенин айтып атышат. Себеби, бүгүн Өкмөттө ыраатсыз саясат өкүм сүрсө, ал аз келгенсип министрлерге көрүнгөн кыйындары тоскоолдук жасап, көңүл калтыруу аракеттер күчөп атканы байкалууда…
- Бул боюнча мага да айткандар болду. Анткени премьер деген премьер болушу керек. Биринчиден, ал президентти гана уксун, башка жакындарын укканда туура болбой калат. Экинчиден, президент кээде туура эмес кадамдарга барып атса, аны ачык айтпаса болбойт да. Биз ушинтип иштешкенбиз. Премьердин сөзү сөз. Ошон үчүн министрлер сезчү, ишенчү. Президент да адам, ал дагы адашат. Мындай шартта премьер-министр туурасын айтуусу зарыл. Эми сындаш оңой дечи, бирок иштин ырааттуулугу жолдон тайбашы шарт.
- Каркыра, пансионаттардын казактарга кеткенине күйүп атасызбы?
- Албетте. Башка жолдорду деле табышса болмок. Бир чети президент Назарбаев да, Казакстан Өкмөт башчысы да кенен адамдар. Эки жактын көңүлү оорубагандай аракетте карап, бир жыйынтыкка келсек болор эле. Мен акыркы жолу Казакстандын премьер-министри Масимовго айткам: "биз пансионаттарды бекер бергенде болбой калат, эл түшүнбөйт. Андан көрө сатып алгыла" дегем. Казактарга бекер кетти дегиче башка мамлекеттер да сурай баштайт да. Пансионаттарды сатып алуу Казакстан үчүн оңой эле болчу. Мен премьери менен сүйлөшкөндө сатып алууга муюп калган. Тескерисинче, шашылыш чечим чыгып кетти. Мунун жаманаттысы Бакиевге тийет…
- Каркыранын кыргыздын жери экендиги талашсыз. "Манас" эпосун эле алалы.
- Туура. "Манаста" Көкөтөйдүн ашы Каркырада өтөт. Шектенүүнүн өзү абийирге сыйбайт… Мындай карап көрсөк, Кыргызстандын бүт территориясы Казакстандын бир облусуна эле сыят да. Өкмөт бу маселени өзүнө алып, Каркыраны бербей туруп, башкача жолдорду деле таап чыкса болбойт беле? Анүстүнө Нурсултан Абишович абдан кенен киши. Өткөн жылы бизде жер титирөө болгондо бир жарым миң тонна буудайды бекер берген. Жакшылап сүйлөшсө, Каркыранын 400-500 гектарына кол шилтеп коймок. Шерниязов айткандай, Назарбаев мүмкүн Каркыранын маанисин деле билбей калса керек. Мен ойлойм, эки элдин биримдиги үчүн Каркыра оңой эле чечилип, ата-бабадан калган жерибизди сактап калмакпыз. Азыр деле бу маселени кайра көтөрсө кеч эмес…
- Кайдыгерлик дейсизби?
- Менимче, бийлик жеңил жолу менен чыгып кетти. Баш ооруткусу келбей…
- Эл көтөрүлөбү?
- Албетте, көтөрүлүшү мүмкүн. Каркыра кыргыздын кан-жаны менен келаткан ыйык жер да. Буга чейин Үзөңгүкууш кеткен, эми пансионаттар менен Каркыраны беришти. Кыйын кырдаал туулат го…
- Бу туурасында элдин кыжыры күчөп бараткандай….
- Кайсы мамлекет болбосун, бир метр жери кемисе эли кайгырат. Жарандык сезимдер ойгонуп. Ошондуктан жер көйгөйүнө кылдат, ойлонуп иш кылуу парз. Анан эми "булар чоң мамлекет, бизде танка аз" дегенибиз уят нерсе. Бизди алсыз деп Казакстан баса калбайт да.
- Казакстанга кеткен жердин кесепетинен чукул арада кыр-даал оорлошпойбу?
- Жалаң эле жер маселесинен эмес, биздин өлкөдө бардык ыплас көрүнүштөр болуп кетиши мүмкүн. Жок нерседен "матрешка-гейт" чыга калабы (?), биз билбейбиз да. Тилекке каршы, бийлик өткөн окуялардан сабак алалбайт экен. Кайрадан эле каталарды көнүмүш түрдө кетирет. Эртең дагы бир балээ болуп кетиши толук мүмкүн. Убакыт өткөн сайын стабилдүүлүк кетип баратат. Экономикада өсүш азайып, а баалар тескерисинче өсүп атпайбы. Ошого катар одоно каталарга да жол беришүүдө. Саясый кырдаал бара-бара курчуйт…
- Келаткан президенттик шайлоого карата сырткы күчтөрдүн назары сизге бурулуп атканы айтылууда.
- Тышкы күчтөр үчүн жооп бералбайм. Ачык айтайын, 2010-жылдагы президенттик шайлоо Кыргызстанга стабилдүүлүк апкелбейт өңдөнөт. Ошондуктан, бийлик-оппозиция экөө тең Кыргызстандын биримдигин унутпашы зарыл.
- Сиздердин партиянын даярдыгы кандай?
- Мен го дайым даярмын. 2000-жылы деле шайлоого катышкам. Эми 2010-жылдын кырдаалына жараша кадам жасайбыз да. Күчтүү партия сөзсүз бир талапкерин алып чыгуусу кажет.
- Азыр саясый күчтөрдүн жарышы башталса эле криминалдардын, кара күчтөрдүн күнү туурун каңкуулашууда.
- Бул өтө начар тенденция. 2005-жылдан баштап саясатта ушундай ыплас оюндар үстөмдүгүн жасоодо. Дегеле кара күчтөрдү колдогондор менен кулак-бармак кескендерге Кыргызстандын саясатында орун болбош керек. Мындан бийлик да алыстабаса, аягы жаман бүтөт.
- Сизге Акаевдин заманынан бери өмүрүңүзгө коркунучтар болуп келбедиби…
- Мен агезде деле коркчу эмесмин, азыр да коркпойм. Бир коркконум жалгыз Кудай. Президенттик шайлоого чейин бийлик реформаларга барбаса, аягы жамандык менен бүтөрү белгилүү. Эгерде бу саам парламенттик шайлоодой көз будамайлоо аракеттеринде өткөзөбүз дешсе, анда эл чыдабайт. Эл ага чейин да көтөрүлүшү ыктымал. Бийлик колу-бутту сындырам деген күчкө эмес, элдин ишенимине таянышы зарыл. Элге ишенген бийлик күчтүү болот. А автоматка ишенген бийлик көчөдө калары бышык. Муну Аксы окуясы далилдеген…

Маектешкен
Асланбек САРТБАЕВ










??.??