№42, 25.04.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Жумасереп

Май талкан
Курманбек Салиевич кедей өлкөнү чөнтөгү тешик мезгилде кабыл алды. Ырасын айтыш керек, ошондо экономиканын мите курту 15 пайызды түзүп, адам укугунун сакталышы менен ар кандай мыйзам актылары "паралич" абалда эле.

Өндүрүш десе эле күркүрөп иштеген завод-фабрикаларды айтпайбыз. Чакан ишканаларды айтпаганда, кийим тигүүчү цехтер бүгүнкүдөй быжыраган эмес. Анан бул киши көптөгөн убадалар менен келди. Түштүк элинин 40 жылдык бийлик арзуусун орундатып. Түндүгү болсо, кезек ушулардыкы дегенсип, муюп гана отуруп берген. Эч бир кыргыз, "өлкө тагдыры Түндүк-Түштүк маселесинен да маанилүү" дебей, шайлоодо колдоп берди. Саясатчы дегенде убадалар эске келет эмеспи. Бул киши да убадаларын айтты. Мисалы, мен эле билгенден завод-фабрикаларды күргүштөтүп иштетем, базар экономикасына ылайык ишкерликти өстүрөм, келген инвесторлордун акчасын өлкөнү өнүктүрүү багытына бурам ж.б. Бирок, завод-фабрикалар таламанга түшүп, кымбат баалуу станоктору Кытайга металлолом катары сатылып кетти. Кыргыз ошол станоктордун кадырын түшүнгөн жок. Мисалы факты келтирейин, Оштогу текстиль фабрикасы менен насос заводун, Жибек комбинатын мамлекет күлкү келээрлик акчага чайкап жиберди эле, кожоюндары станокторун металлоломго тапшырып, килейген имаратты базарга же дүкөнгө айлантып салышты. Бишкекте деле ушундай көрүнүш кайталанды окшойт. Чүйдүн айрым райондорундагы маанилүү объектилер талкаланып, таламандан калганы мүрзө сыяктанып турганын көрөсүң. Жаңысын курганды кой, эскилерин сактап калалбай, бийликтин эси ооду. Экинчиден, ишкерликти өнүктүрүүнүн программасын угалекпиз. Кыргызстанда чакан бизнес эч качан үлкөн бизнеске айланбайт. Эмнеге? Анткени, криминалдык элементтер бийлик менен колтукташ болуп алган. Кечээ издөөдө жүргөн кылмышкерлер бүгүн парламентте отурат. Ишкер ишинин ыраатын көрелекте кылмышкер депутаттардын зөөкүрлөрү таң азандан салыгын салат. Анан салык инспекциясы, финполициясы, прокуратура, сот, айтор, ушул сыяктуу балекет-салекеттер бучкактап жатып калат. Мындай көрүнүштөн улам, Кыргызстанда ишкерликтин өнүкпөй жатышы нормалдуу процесс. Үчүнчүдөн, мыйзам баарына тегиз иштебеген өлкөгө инвестор эч качан келбейт. Инвесторго кам көрүп, документ иштеринде жардамдашып, айрым кепилдиктерди берип асырап алыш мамлекеттин түздөн-түз милдети. Асырап алуу дегенде, коюн-колтукташ кылмышкери менен чоңдорун тыйсын, чөнтөктөрүн аңдытпасын деген эле түшүнүк. Чычалаганда эмне, былтыр Торугарт-Бишкек кан жолунда кытайлык ишкерлерди атып, байлыгын тартып алган көрүнүш жалгыз мисал эмес да. Мындайлар билинип-билинбегени болуп, толтура. Төртүнчүдөн, көмүскө экономикадагы арам акчаларды мамлекетке кайтаруу жолун бийлик ойлонуштурбайт өңдөнүүдө. Бул жол Кыргызстандагы кадр реформасынын түп-тамырынан бери өзгөрүшүнө барып такалат. Себеби, көмүскөдөгү арам акчаларга ээлик кылуучулар бийликтин бутагына чымчыктай конуп алышкан. Ошондуктан, Кыргызстандын суусу менен электр энергиясы бүгүн базарга чыкты. Башкача айтканда, май талкан уланып жатат. Чудинов сыяктуу жарым жан "лөктөрү" менен Кыргызстан аңга такалды. Муну түштүктүктөр сезбей, кайра сыймыктанып, түндүгү болсо кошоматтанып, өлкөнү туңгуюкка жетелеп баратат. Кыргыз элинин эч нерсени сезбей жашап жатканы айыкпас оору өңдөнүүдө. Калктын накта трагедиясы ушунда.
Манас ОСМОН




  Ким апенди?

Акматбек Келдибеков, экс-депутат:
"Ушак - айыңдарга маани бербейм"
- Акматбек мырза, айрым гезиттер сиздин мас болуп, мушташканыңыз тууралуу жазып чыгышты. Ушул чынбы?
- (Күлүп) Мен силерге бир нерсе айтып берейинби. Апенди жолдо баратса, жаш балдар кармап алып дайыма урат экен. Анан бир күнү баягы балдар дагы келатканда айтыптыр, "тиги кырдын артында бир кап момпосуй жатат" деп. Жаш балдардын баары кырды көздөй жөнөсө, айткан сөзүнө өзү да ишенип артынан жөнөйт имиш... Мага көө жаап жазган журналист бүгүн ошол Апендинин кейпин кийип, кайсы жерде ушак сөздөр чыкса, айың-кептерге ишенип алып, болгон окуядай жазып жатканы көрүнүп турат.
- Гезиттин берген маалыматына караганда 6-апрель күнү Кытайда чаң чыгарыпсыз го?
- Мен азыр эркин адаммын. Жеке бизнесим боюнча чет мамлекеттерде көп жүрөм. Кытайга барганым чын. Бирок, мас болуптур, чаң чыгарыптыр деген таптакыр туура эмес. Муну атайын уюштургандары көрүнүп турат. Ал жерден 3-апрель күнү келгем. Алар 6-апрелде деп жазып жатат деп өзүң айттың. Окшоштуруп, жалганды чындай "ышкырта" бергенде кимге пайда?
- Жалган болсо, сотко кайрылаарсыз?
- "Ит үрө берет, кербен жүрө берет" дегенден башка сөз айтпайм. Андай ушактарга биринчиден, маани бербейм. Экинчиден, андай ушактар менин кылымы да кыйшайтпайт. Бүгүн Курманбек Салиевичтин дарегине деле ар кандай ушактарды айтып жатышпайбы. Ал эмес быйыл Германияда дарыланып жүрсө, өтүп кетиптир деп айтып жиберишти го. Ал киши да ушакчылардын абийирине койгон.
Азима Акунова




  Желтегирмен СДПК эл тарапта

Кечээ Жогорку Кеңеште электр тармактары боюнча талкуу жүрүп жатканда СДПК менен Коммунисттер фракциясынын депутаттары залдан чыгып кетишти. Алар мындай жүрүштөрүн протест катары баалап, электр энергиясын менчиктештирүүгө каршы экендиктерин билдиришти. Ушул эле күнү депутат Руслан Шабатоев маалымат жыйынын өткөрүп, "Эгер эки фракция мандатын тапшырып берсе, бошогон орундарга "акжолчу" депутаттар келет да, накта өзүмбилемдик ошондо башталат" - деди. Ал эми депутат Исхак Масалиев, энергосекторду Машкевич алат деген божомолун кыйытты. Машкевич ким, кимдин досу экенин өзүңөр билесиңер да.

Адахандын арбайынан
Спикер Адахан Мадумаров электрсекторун менчикке берүү жоопкерчилигин келечек муун алдында өзү ала тургандыгын билдирди. Ал залды таштап чыгып кеткен депутаттардын мындай аракетин жоопкерсиздик катары баалады. Каршы экендиктерин өз добуштары аркылуу билдирбейби дейт. Акаев электр тармагын сатам дегенде өзү кандай секиргенин унутуп калган го, жарыктык.

Тезегиңди терип ал
Быйылкы кыш кууратат өңдөнүүдө. Тийиштүү министрликтердин билдиргенине караганда, быйыл көмүрдүн 1 тонна баасы 1.800 сомдон 2.100 сомго кымбаттайт. 2007-жылы 1 тоннасы 600 сомдон 1.300 сомго чейин көтөрүлгөн болчу.

Жол акысы асмандайт
Кечээ Бишкек шаардык кеңешинин отурумунда жол акысы талкууланып, 1-июндан баштап маршруттук каттамдар 8 сомго көтөрүлмөй болду. Кечкисин, саат 21.00дөн кийин жол акысы 10 сомго чыгат. Мындай чечимди 34 депутат колдоп берип, 4 депутат каршы болгон.

Акимден акы доолап
АК "Ошэлектронун" кызматкерлери Каракулжа районун текшерип барса, аким Жаңыбай Асранов электрэнергияга 40 миң сом карыз экен. Кызмат абалынан пайдаланып, төлөбөй келген. Бул боюнча айрым ММКлар жазышкан. Президенттин пресс-кызматынын айтымында, администрация жетекчиси мындай фактыны "лично" өзү көзөмөлгө алыптыр. Ошондой эле иштен кетирүү маселеси каралууда деп билдирди. Медеке кимди кетирип, кимди коерун өзү билет.

Электрэнергия, ысык суу, жылытуу акысы кымбаттайт
Өкмөт 1-июндан баштап электрэнергия, ысык суу, жылытуу акысы кымбаттай турганын билдирди. Калк үчүн электрэнергия 13 пайызга, мекеме-уюмдар үчүн 20-28 пайызга кымбаттайт. Эми эл электрэнергия үчүн 1 кВт саатына 70 тыйындан, ал эми мекеме-уюмдар 96-110.9 тыйындан төлөмөй болду. Жылуулук берүү эми 120 пайызга, ысык суу 128 пайызга өсөт.
Кымбаттоонун мындай темпинен улам инфляция 25 пайызга өсөрү болжолдонууда.

Тергөөчү өзү тергөөгө алынды
Жалалабат областында милиция бөлүмүндө иштеген тергөөчү күнөөлүүлөрдөн пара алып жаткан жеринен кармалды.
Аны ошол жактагы Ички иштер башкармалыгындагы кесиптештери кармады. Райондук бөлүмдө тергөөчү болуп иштеген К.М. аттуу милициянын старшинасы автожол кырсыгын "жакшы кылып" жазып берем деп, айылдык кишиден миң доллар сураган. Ал он миң сомун алып жаткан мезгилде кармалды. Паракор тергөөчүнүн үстүнөн тергөө иши башталды.

Студенттиктин наркы
Бишкек гуманитардык университетинде жетекчи болуп иштеген бир мугалим өзүнүн студентинен 500 доллар талап кылган.
Мурун окуудан чыгып кеткен студентти 5-курска кайра алып келем деп, андан жогоруда айтылган акчаны сураган. Ал пара алып жаткан мезгилде кылтакка илинди. Паракор жетекчи кызматтан эле бошобостон, сот жоопкерчилигине да тарты- лууда.

А.Сасыкбаева менен Ч.Жакупова кетти
Асия Сасыкбаева менен Чолпон Жакупова республикалык Адам укугу кеңешинин составынан чыгарылды. Аларды курамдан чыгаруунун себептери айтылбады. Балким, буга укук коргоочулардын саясатка ашкере берилип кеткендиги себеп болгондур.
Бошогон орунга "Кылым шамы" бейөкмөт уюмунан Азиза Абдрасулова, "Жарандар коррупцияга каршы" уюмунан Төлөйкан Исмаилова жана омбудсмен Турсунбек Акун, Жогорку сот төрайымы Жаңыл Алиева да киргизилди.
"Аалам-пресс"










??.??