№42, 25.04.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Эрендерде эмне кеп?

Алмаз Атамбаев, экс-премьер-министр:
"Автоматка ишенген бийлик көчөдө калат"
Башынан эл башына оор күн түшсө, эл уулдары кыйынчылыкты жеңип келген. Бу саам да кыргыздын абалы оор. Келечеги бүдөмүк. Үмүт өчүп. Мындай шартта коомчулукту козгой алган, артынан элди ээрчите алган лидерлердин сөзү керек. Эмесе ортоктош бололу.

- Алмаз Шаршенович, саясат айдыңында беделиңиз түшүп кеткенин айтышууда. Буга сиз канчалык маани бересиз?
- Саясатчынын тагдыры ушундай… "Бирде жигит төө минет, бирде жигит жөө жүрөт" дейт го. Саясаттын өзү туруктуу эмес да. Бирок мезгил бардыгын ордуна коет. Кимдин ким экенин. Менимче, ар бир эле кадамды, сүйлөгөн сөзүңөн бери саясый беделиңе байлап, ошону менен жашап калуу болбойт да. Өзүн сыйлаган адам жалаң эле саясатты ойлобой, Кудайдан коркуп, түз жүрүшү керек. А жеке гана саясый рейтинг менен ооруганга болбойт го.
- Сиз премьер-министр болгонго чейин курч пикирде маек курчу элеңиз. Кийинки мезгилдеги көзкарашыңыз, сөздөрүңүз мокогондой… Ушундан улам "Атамбаевди бийлик сындырып койгонбу?" деген ойлор каңгып жүрөт.
- Мындай сөздөр карандай калп. Мага карата Акаевдин доорунда, Бакиевдин убагында болобу, кичинекей эле компромат болсо, аны көбүртүп-жабыртып келишкенин билесиңер. Эгерде менин артымда бир илинчээк болду дегиче гезиттин баарына чыгып, төө бастыны башташмак. Мактанбайм, мен дайыма таза жүрөм. Тазалык - табиятымдагы баалуу нерсе… Ал эми радикалдуу сөздөрдөн кеткениме биринчиден - мезгил, экинчиден - өзүбүздүн, оппозициянын ичиндеги көрүнүштөр себеп болду.
- Мисалы?
- Биринчиси, 2006-жылдын ноябрында митингдерди уюштуруп, натыйжада президент Бакиевди ноябрдагы Конституцияга кол коюуга мажбур кылганбыз. Ал Конституциянын негизинде президент өзүнүн бийлигинин көпчүлүгүн премьер-министрге, парламентке өткөрүп берген. Бирок андан кийин көрбөдүкпү, колго тийген ырыскыны, Конституцияны ошол кездеги премьер баш, оппозиция төш болуп алдырып койгон да. Майда-чүйдө оюндардын, жеке кызыкчылыктардын кесепетинен… Экинчиси, ошол эле 2006-жылдын башында "Реформа үчүн" кыймылына бириккенибизди билесиңер. Биз аны сактай албай калдык. Бул кандайча болду? Өткөн жылдын башында "Фронт" ачылганда биздин кыймылдан жарака кеткен. Кыймылдын теңтөрагалары бар болчу: Атамбаев, Текебаев. Ошондо Текебаев баш болгон бир топ саясатчылар "Фронтко" өтүп кетишкен. Анан ортобузда кайчы пикир жаралды. Мен айткам, "Фронттун" жолу өзүнчө, биздин кыймылдын жолу өзүнчө" деп. Куловго ишеним жоктугун билдиргем. Себеби, ага чейин ноябрдагы Конституция кабыл алынганда көрбөйсүңөрбү, премьерге бийликтин басымдуу жагы колуна тийип аткан соң, башкача иштемек да. Эгер элди ойлосо. Тескерисинче, ар кандай оюндарга кирип атып, ал Конституциянын түбүнө жетип тынышкан. Ошон үчүн "Фронттун" жетекчисине ишенбестигимди баса белгилеп, "Реформа үчүн" кыймылынын жолу менен кетүүнү айткам. Радикалдуу кадамдар аркылуу эмес, реформа жолунда элдин таламын чечүүнү көздөп.
- Анда сиздердин араңардан ырк кетип, бийликти кандай да болсо алабыз дегендер бөлүнүп кеткен дейсизби?
- Ошондо кыймылдын бир топ лидерлери радикалдуу жолду тандашып, "Фронтко" жазылып кетишти. Эң кызыгы, радикалдуу иштерге барабыз деген адамдардын айрымдары азыркы күндө "Акжолдо", бийликте жүрүшпөйбү. Тагдырдын тамашасын карабайсыңбы, чындык мен тарапта болгонуна эми көздөрү жетип атышат. Дагы бир нерсени эскертип коеюн, ошол эле убакта президент тараптан сунуш болуп, "Реформа үчүн" кыймылынын лидерлерине премьер-министрден министрлик орундарга чейин сунушталган. Анан Конституцияны өзгөртүү боюнча жумушчу топ түзүлүп, оппозиция тараптан Бекназаров, Отунбаева, Садырбаев, Байсалов, Өмүркулов сыяктуу саясатчылар киришкен. Натыйжада бийлик-оппозиция тараптагылар теңме-тең биригип, компромисске апкеле турган Конституцияны жазганбыз. Президент кол коюп берүүгө даяр эле. Ошондо оппозиция мени угуп, биз Өкмөттү колго алганыбызда, администрацияга оппозициянын таза жигиттери отурганда, компромисстик Конституцияга кол коюлганда, азыр мамлекетте таптакыр башка кырдаал болмок. Албетте, жакшы жагынан…
(Уландысы 5-бетте)




  Үч каарман

Мазени эзген соболдон
Адахан Мадумаровго
- Депутаттыкка шайланаар алдында "керек десе, кыргыз жерине кашыктай каным чачырап кетсин" деп, өзүңүздү харакири кылчудай кылчылдадыңыз эле. Эми ошол кашыктай каныңыз кимдин жерине чачыраганы туру? Биягынан казактар, тиягынан өзбек менен тажиктер улам оюп, улам кесип алып жатса, күндүзү парламентте "Акжолду" сүрөп, түнкүсүн "Дасмияда" дардаңдап жаткандарга бир кездеги дулдул, патриот булбул эмне дейт экен? Же баары унутулуп, "катын албай кайын ал" деген гана накыл кеп ойдо калдыбы?

Зайнидин Курмановго
- Ата-бабанын тарыхын билбегенден кийин, жер, эл туурасында сүйлөйм деп телеге чыгып мыш болбой эле койбойсузбу? Эзелки кыргыз жерин "эч кимдики эмес, эларалык укук нормасы боюнча бөлүнүш керек" деген кебиңиз, аны сураса деле, "билбейм", муну сураса деле, "билбейм" деген жообуңуз сизди жомоктогу тоту кушка окшоштуруп жаткан жокпу?
"Акжолго" тоту куш болсоңуз өз ишиңиз, бирок жалпы элге сиз кимсиз? Сизге окшоп өз жон терисин алакчылаган "киргиздердин" айынан шорубуз калыңдап, азабыбыз көбөйүп атпайбы. Каркыра маселесинде "казактардыкындай танкабыз жок, коркобуз" маанисинде айтканыңыз суу кечпей калды. Кем акылдыкпы?

Мелис Эшимкановго
- Тагдырдын тамашасын кара, кечээ эле кылкылдаган калың элди КТРге баштап, "акыйкат, чындыкты айтпай атканы үчүн" деп атака кылып жатканыңызда ай айланбай, ушунетип, өзүңүз үңкүргө кирген аюудай таманды соруп, эчтеме көрбөгөн, укпаган немедей "сулк" жатып калаарыңызды билдиңиз бекен?
"Асмандан түшкөн китеп", "абийир соту", "акыркы күн" дегендериңиздин баары бери дегенде… болуп чыгып, элдин жүрөгүн айландырып жатканын түшүндүңүз бекен?
Сүйүн КУРМАНОВА




  Ойилик

- Көлдүктөр жөө жүрүшкө аттанганы жатышат.
Мындай аракетте Каркыра менен пансионаттарды кайрый алышабы?
Жантөрө Сатыбалдиев,
Ош облусунун экс-губернатору:
- Негизинен алып караганда Каркыра туура эмес берилди. Менин билишимче, 1992-жылы КМШ өлкөлөрүнүн президент-тери чогулуп, административдик территориялардагы объектилер жана жерлер ошол боюнча сакталат деген чечимге келишкен жана атайын кол коюшкан. Эми, нааразы болгон элдин жөө жүрүшкө чыгышы табигый көрүнүш. Максатына жетеби же жетпей калабы, аны мезгил көрсөтөт.

Мирослав Ниязов,
коомдук ишмер:
- Биринчиден, кыргыз-казак мамилелерине пансионаттар эч кандай таасир тийгизалбайт. Ал эми Каркыра боюнча маселе башка. Чындап айтканда, ушуну өзүм да билбейт экем. Элдин бийликке болгон нааразычылыгы ырас. Эми, ошол нааразычылыкты оппозиция колдонуп жатабы же бийликтегилер жерди жөн эле берип жибердиби деген суроо туулат. Кыскасы, эки жакта тең чийкилик бар. Ошондуктан жөө жүрүш максатына жетпей калат деп ойлойм.

Аликбек Жекшенкулов,
"Акыйкат үчүн" коомдук
кыймылынын координатору:
- Мындай окуяларга дипломатиялык жактан баам салган жакшы. Эгер эл тынчыбай, өлкөнүн абалы күндөн-күнгө начарлап баратса, парламент кайра карап чыгып, элдин талабын аткарганга жол табат. Эл аралык саясатта деле мындайга жол бар. Ошондуктан, жөө жүрүш максатына жетпейт деп айтканга азыр эрте.

Замир Эралиев,
"Кыргызкино" Улуттук
концернинин президенти:
- Кыргыздар туура кылат... Жөө жүрүштү колдойм. Бизде улуттук сезим эми пайда болуп келатат. Ата-бабаларыбыз байыртадан жайгашып калган ушул каректей жерибизди сакташыбыз керек. Мына, Үзөңгүкууш да оңой жер эмес эле, ал жерде кыргыздын каны, сөөгү калды. Каркыранын казактарга берилгенин туура көрбөйм. Былтыр Ысыккөлгө фестиваль өткөргөнүбүздө Санташты көргөн конокторубуз ооздорун ачып, абдан суктанып, таңкалышкан эле. Ушундай сулуу жерлерибиздин кадырына жетпей жатабыз.

Арфидин Аланов,
Ош шаарынын вице-мэри:
- Каркыранын берилиши тууралуу эч кимде маалымат жок. Керек болсо, жөө жүрүш уюштурган ошол оппозиционерлер деле так билбесе керек. Эми, мындай жүрүштөр жүрүп келген. Бул да болсо, демократиянын бир шарты деп түшүнө туралы. Ал эми максатына жетет деп айталбайм.

Айтибай Султанов,
ЖК депутаты:
- Бүткөн маселени козгой бергенден ким пайда көрөт? Пансионаттар туура эле чечилди. Казактардан аренда акысын алып турсак жаманбы? Ал эми Каркыра боюнча Аламанов айтты го, бизге жакшы жер калды деп. Дагы эмне керек? Ызы-чуу чыгарбай маселени туура түшүнүшсө жакшы болот эле. Ратификация болуп кеткенден кийин кайра кайрып алуу деген нерсе болбош керек.

Нурлан Мотуев, саясатчы:
- Кыргыздын революция, жөө жүрүш, бийлик алуу деген процесстери эзели ишке ашпаган нерсе. Мына, мен дагы революцияга чоң эмгек сиңиргем. Бирок, бизге окшогондор сүрүлүп чыгып калып, кайра эле баягы жутунган "акаевчилер", миллиондогон доллары барлар бийликке келбедиби. Алмакүчүков же ошого окшогондор губернатор болуп отура беришет. Кыскасын айтканда, жөө жүрүштөн жыйынтык чыкпайт.

Даярдаган Азима АКУНОВА










??.??