№42, 25.04.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Шоу шыбырттарынан

Асема Акжолду тандады
"Боз салкын" кинотасмасынын башкы каарманы Асема ырчы болууга катуу аракеттенип жүрөт. Ырчы болуш үчүн продюсер керектигине көзү жеткенби, продюсери катары Акжол Нышановду тандаган. Акжол буга чейин ырчы Съездбек Искена-лиевдин уюштуруу иштерине жардам берип, продюсери катары жүргөнү белгилүү.

Эки кочкор сүзүшүп
"Сыр сандык" берүүсүнүн автору Кубанычбек Эсенбаев актер Болот Тентимишев менен биргеликте "Алтынчы күнү кечинде" деген берүүнү ачышты. Көрсөтүүнүн багыты улуттук колориттеги, фольклордук ырларды жандуу ырдоо. "Эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт" дечү эле, Болот-Кубан "тандеми" кандай болооруна күбө болобуз, буюрса.

Жыгылган күрөшкө тойбой…
"Атага кат" деп дуэт ырдаган Артык менен Сапар ээрчишип чыгып элге таанылгандан көп өтпөй өз-өзүнчө кетишкен. Учурда Артык дуэт ырдоо максатында Жандос деген жигитти тааптыр. "Жандос экөөң Сапар сыяктуу бөлүнүп кетпейсиңерби?" дегенибизге "Сапар барган кадамдарга Жандос барбайт деп ишенем, жаңы ырларды жаздырып жатабыз, жакында күбө
болосуздар" дейт Артык Саитов.
Ылайым ошондой
эле болсун …

Алимовдун "Кытыгысы" бар
Куйкум сөздүү куудул агабыз Кубан Алимов учурда кичи мекени Кочкордо жүрөт. Быйылкы чыгармачылыкка болгон аракети күчтүү, айылында жөн жатпай түрө кыдырып гастролдоп жаткан кези. Анан сахнага жалгыз чыккандан тажаганбы же Рахман акесинин жолун жолдоюн дегенби, айтор, жалаң куудулдардан турган топ түзүүгө аракет кылып атат. Топтун атын "Кытыгы" деп атады.

Султан неге муздады?
Казакча ырларды катыра которуп ырдаган Султан Садыралиев акыркы убакта чыгармачылыгына көп көңүл бурбагандай баам калтырып жаткан. Көрсө, ырчы мырзабыздын атасы Казакстандан бул жакка ооруп келип дарыланып аткан экен. Султан жакында Казакстанга барып, атасынын ооруканадан чыккандыгына берилген түлөөгө катышып келген соң чыгармачылыкка катуу киришем деп белсенип турат.

Сулуусуңбу юрист кыз
28-апрелде Кожомкул атындагы спорт ордосунда Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын түзүлгөнүнүн 5 жылдыгына арналган "КМЮА сулуусу - 2008" сулуулар конкурсу өтмөкчү.
Бул конкурска юридикалык академиядан тышкары Нарын, Каракол филиалдарынан да сулуулар келмекчи.
Башталышы саат 16.00дө.
Демөөрчүлөр: "Нилюфер" мода борбору, ЦУМ "Айчүрөк", ЖЧК "Алтын Ажыдаар", Корей билим борбору.
Маалыматтык колдоо: 5-канал, "Пирамида", "Кыргызстан обондору", "Аалам", "Апта", "Супер Инфо", "Кут билим".





  Кадам

Ырчы Кумар Асанов:
"Менде төрт улуттун каны бар"
- Ырчылыкка эрте аралашкан жигитсиң, чыгармачылыкты канча жашыңда баштадың?
- Алгачкы жаңыртып жаздырган ырым "Бекбекей" болду. "Кыргызстан" деген ырды 12 жашымда жаздыргам, алгач эл арасына анча тараган жок, экинчи жолу бир аз өзгөртүү менен жаздырганда "хит" болуп, мени элге таанытты. Ошо кезде 14 жашта болчумун.
- Кумар, "Кусалык" деген ырыңда кыздын ролун Кубик Калыковдун кызы Айпери ойногон эмеспи, экөөңдү кыз-жигит дешет го…
- Кубик Калыковдун келинчеги Динара эже менен менин апам бир айылдан. Айпери экөөбүз кичине кезибизде чогуу ойночубуз, ал кийин шаарга кеткенде байланыша албай калгам. "Кусалык" аттуу ырыма клип тартууда бир кыз керек болуп, Кубик байкенин телефонун таап байланышсам, Динара эже Айпериге клипке тартылууга макулдугун берген. Экөөбүздүн тууганчылыктан башка байланышыбыз жок.
- Музыкалык билимиң бар да?
- Жок, азырынча музыкалык билим ала элекмин, буюрса, кеч да болсо билим алам деп ойлойм.
- Угушубузга караганда сен нукура кыргыз эмес экенсиң…
- Менин канымда көп аралашма бар. Чоң энем өзбек кызы, чоң атамда кыргыз-казак аралашмасы бар. Ал эми таенем татар кызы, кыскасы, менде төрт-беш улуттун каны бар.
- Сен аткарып жүргөн "Кыргызстан" деген ыр бир кезде пикеттерде ураан, гимн болду эле, сыр болбосо канча гонорар алдың?
- Ал ырды менин уруксаатымсыз пайдаланышкан, өздөрү эле таап алып, кайра-кайра коюп ырдатып жатышты. Ошол учурда мени дагы аябай издешкен экен, эгерде мени таап, канча гонорар төлөп беребиз десе дагы, пикетке чыгып ырдамак эмесмин.
- Саясатка кызыгууң кандай?
- Жок, мен саясаттан таптакыр алысмын, кызыкпайм дагы.
- Жашооңдо күтүлбөгөн кандай окуялар көп кездешет?
- Эсимде калган бир окуяны айтып берейин. Жалалабатта мектепте окуп жүргөндө Айчүрөк деген кызды жакшы көрчү элем. Аны менен жакшы мамиледе болчумун, оюмда "сөз" айтып көрөйүн деп жүргөм. Ошол учурда ал кыз шаарга кетип калып, мен аны таба албай калгам. Анан жакында кокустан КТРдин ичинен Айчүрөккө кезигип калсам болобу. Кудайдын буйругу менен күтүлбөгөн жолугушуу болуп, 8-класста сүйүп жүргөн кызымды таап алдым. Көрсө, жашоодо мындай нерселер көп кездешет экен да…










??.??