№42, 25.04.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Кызоюн

"Азалия" ай чапчып…
Илдуз Кулбараков атындагы кубок сыйлыгына жалаң кыздардан түзүлгөн футболдук командалар аралык беттешүүлөр кечээ жакында Бишкек калаабыздын Көкжар кичирайонундагы футбол стадионунда болуп өттү.

Биз оюн жаңыдан кызый баштаган мезгилде барып, жаш кыздардын техникалык жактан эркектерден да кыйын ойногондугун көрүп, ыраазы болуп турдук.
- Быйыл кыздар аралык футболдук турнирге алты команда катышып жатат, - дейт кыздар футболдук командасынын төрагасы Гүлбара Осмонова. - Ар бир командада он бештен кыз бар. Жыйырма мүнөттөн ойношот. Бишкектен - "Азалия", Канттан - "Абдыш-Ата-1", Чүй областынан "Алга-1", дагы бир топ футболдук командалар келишти. Бул командалар үч жылдан бери өз ара мелдеш уюштуруп келе жатат. Алардын ар бирин өңүнөн тааныйм, атүгүл атынан бери билем. Булардын бардыгы он төрт, он беш жаштагы кыздар.
- Мамлекет тарабынан силерге кам көрүлгөн жокпу?
- Андай болсо кана, бул командалардын баары жалаң жаш кыздардан түзүлүп атса, бизге ал жактагылар көңүл бөлүшмөк беле. Бизге жыл сайын Автандил Кулбараков деген ишкер демөөрчү болуп, бардыгын камсыздандырып берет. Ага рахмат айтыш керек. Мына быйыл да демөөрчү болуп берүүдө.
- Эмнеге "Спартак" стадионунда ойнобойсуңар? Ансыз деле ээн турат го?
- Мынакей ойногула деп стадионду бере коюшпайт, аларды ижарага алыш керек экен. Анте турган болсок, демөөрчүбүздүн да, өзүбүздүн да чамабыз чак келбейт. Ушуга да Кудайга шүгүр деш керек.
- Кыздар аралык футболдук беттешүү алгач сиздин демилгеңиз менен мындан үч жыл мурун башталыптыр. Муну кандайча уюштуруп калдыңыз?
- Илгери Союз мезгилинде кыздардан түзүлгөн бир гана команда бар болчу. Союз чачыраганда алар да тарап кетишти. Футболго шыктуу кыздардан команда түзсөмбү деп ойлоп жүргөм, бирок демөөрчү керек болучу. Акыры демөөрчү да табылды. Автандил Кулбараковду таап, алгачкы жолу кыздар аралык беттешүүлөрдү уюштурдук. Анда болгону эки-үч эле команда беттешкен. Кийинки жылы бардык областтардан келишти. Бул жерде ойноп жаткан командалардын бардыгы эле мурдатан катышып келатат, жылдан-жылга мурдагыдан да күчтүү ойноп жатышат.
Стадиондо беттешүү улам күчүнө кирип күйөрмандар да ызы-чуу түшө, берилүү менен карап турушту. Жеңген командалар бири-бири менен беттешип, татыктуулар алдыга чыгып келатты.
Кыргызстанда жападан-жалгыз эларалык даражадагы калыс деген наам алган калыстар тобунун жетекчиси Насыров Эркинди маекке тарттык.
- Ар бир оюнда, ар бир командада бирден калыс болушу керек, - дейт ал өзүнөн обочороок турган кыздарды көрсөтүп. - Бул оюнга алты калыс катышууда. Алтоо тең жалаң кыз-келиндерден турат. Атүгүл команданын машыктыруучулары да кыздар. Мындай беттешүүлөр ушуну менен эле токтоп калбайт. Ушул апрель айында кыз-келиндерден түзүлгөн командалар арасында чемпионаттыкка ат салышат. Үч турдан турган беттешүүнүн биринчи туру Жалалабатта, экинчи туру Караколдо, III туру Бишкекте болот. Жеңгендер алтын, күмүш, коло медалдар менен сыйланышат.
Узак убакыттагы катуу таймаштан кийин оюн соңуна чыгып, жеңүүчүлөр аныкталды. Биринчи орунга бишкектик "Азалия" командасы, экинчи орунга беловодскилик "Алга-1" командасы, үчүнчү орунга Кант шаарынын "Абдыш-Ата" командасы ээ болду.

Саадатбек Мырзакулов




  Спорт майданында

Кыргызстан
Бразилиядагы дүйнө чемпионатына барабы?
Тайланддын Бангкок шаарында футзал (кичи футбол) боюнча Азия чемпионатында чүчүкулак кармап, атаандаштар аныкталды. Кыргызстандын футзал командасы үч ирет финалга жетип, мурдакы жылдары өлкө тарыхында алгач ирет Азия чемпионатынын коло байгесин уткандан бери негизги атаандаштардын бири катары кабыл алынып келет.
- Эгерде Кыргызстандын командасы быйылкы Азия чемпионатында жарым финалга жетсе, анда бизге футзал боюнча Бразилияда өтө турган дүйнө чемпионатына жолдомо берилет. Эмки максат - жарым финалга чейин жетип, дүйнө чемпионатына жолдомо алууга жигиттерди шыктандырып, намысын бүлөп жатабыз, - деп өлкөнүн футзал ассоциациясынын вице-президенти Адылхан Бекболотов кубанычын жашырбады.
Эсиңерге сала кетели: Нуртазин Жетибаев жетектеген кыргызстандык футболчулар былтыр Японияда, жарым финалга чыгуу таймашында япондуктарга 1:0 эсебинде жеңилип калган.
Футзал боюнча Азия чемпионатынын чүчүкулак жыйынтыгында, атаандаштар төмөнкүдөй топко бөлүндү:
"А" тобу: Кыргызстан, Тайланд, Ирак, Индонезия.
"В" тобу: Япония, Австралия, Түркмөнстан, Тайвань.
"С" тобу: Өзбекстан, Ливан, Корея, Малайзия.
"Д" тобу: Иран, Тажикстан, Кытай, Кувейт.
11-майда Кыргызстан Индонезия менен, 12-майда Ирак менен, 13-майда Тайланд менен таймашууга чыгат.
Сүрөөнгө алып, жарым финалга чыгып Бразилиядагы дүйнө чемпионатына жолдомо алуусун тилек кылалы.

Болот менен Алмазбектин алтыны
Казакстандын Чымкент шаарында 1993-1995-жылдары төрөлгөн өспүрүмдөр арасында дзю-до күрөшүнөн эларалык турнир болуп, мелдеш Казакстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Валерий Клобуцкийдин элесине арналды. Мында баш байгени кыргызстандык эки балбан утуп, алтын медаль тагынды.
Шералы Сыдыков атындагы республикалык олимпиадалык резерв окуу жайынын окуучусу, 73 кг салмакта намыс талашкан Болот Токтогонов бардык атаандаштарын утуп, алтын байгелүү болуп, келечегинен үмүткөр кылууда. 81 кг салмактагы балбандардан бокс жана күрөш боюнча адистешкен олимпиадалык резервдеги балдар спорт мектебинин өкүлү Алмазбек Сабировго теңдеш чыкпай, биринчи орунду камсыз кылды.

Кыргызстандык футболчулар Иорданияда
Кечээ, 24-апрелде Кыргызстандын футбол тандалма командасын өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Бообек Кадыркулов Иорданияга баштап кетти. Себеби, Иордания өлкөсү мурдакы жылы Бишкекте, дүйнө чемпионатына талапкерлерди иргеп алуу мелдешинде Кыргызстан менен беттешкен. Ошондо биргелешип машыгуу, тажрыйба алмашуу, футбол боюнча кызматташуу маселелери көтөрүлгөн. Иордания өлкөсүнүн футбол федерациясы Кыргызстандын тандалма командасынын бардык чыгымын өз мойнуна алып, жолдоштук беттешүүлөрдү өткөрүп, бирге машыгып Азия чемпионатына даярдык көрүү максатында чакырды.

Бириң эр да, бириң шер,
Бээжинге барчу кимиңер?
Кечээтен бери Японияда оор атлетика боюнча Азия чемпионатында чоюн билек балбандар күч сынашууда. Бул чемпионаттын артыкчылыгы жана өзгөчөлүгү - командалык эсепте байгелүү орундарга жеткендерге Бээжин олимпиадасына жолдомолор ыйгарылат. Ошондо бүт команданын упайлары эсептелип, бир-эки спортчуга гана олимпиадалык жолдомо берилет.
Кыргызстандын намысын Азия чемпиондору, үч бир тууган Улан, Кутман, Султан Молдодосовдор, Камбар Токтоналиев, Бекзат Осмоналиев, Искендер Момунбеков жана Алексей Дудин коргоп жатат.
1980-жылкы Москва олимпиадасында кыргыз өңүн дүйнөгө таанытып, олимпиадалык чемпион аталган Каныбек Осмоналиевдин эрдигин кайталоочу эрен чыгар бекен?! Япониядагы Азия чемпионатында Кыргызстандын чоюн билек балбандары арбын упай топтоп, ар-намыска жарап, Бээжин олимпиадасына жолдомо алышаар бекен?! Чоюн билек балбандардын таймашуусу 3-майда жыйынтыкталып, кимиси эр, кимиси шер экени билинет.




  БЭЭЖИНГЕ

ОН ЭКИНЧИ ЖОЛДОМО
Кечээ, 24-апрелде Тайланд өлкөсүнүн борбору Бангкокто фехтование боюнча Азия чемпионатынын таймашуулары башталаар замат Бангкоктон кыргызстандык спорт күйөрмандарын сүйүнткөн кабар келди. Мында Азия чемпионатына чейин Бээжин олимпиадасына жолдомо берилүүчү эларалык мелдеш болуп, шпага боюнча Кыргызстандын намысын коргогон Сергей Кочурин баш байгени утуп, алтын медаль тагынуу менен Бээжин олимпиадасына жолдомо алды.

Өлкөнүн олимпиадалык даярдоо борборунун жетекчиси Касымкул Оболбековдун айтымында, Бээжинге жолдомо алган Сергей Кочурин отуз төрт жашта.
- Сергей Кочурин эларалык даражадагы спорт чебери. Мындан сырткары фехтованиеден үмүт жандырган кыз-келиндер бар. Алардын бири Юлия Яйцевская мыктылардын сабына кошулуп, балким бүгүн Бээжин олимпиадасына жолдомо алып калышы ыктымал - дейт.
Эгемендүү болгондон бери кыргызстандык спортчулар үч жайкы олимпиадалык оюндарга катышкан болсо, алардын катарында бир дагы фехтование боюнча спортчу болгон эмес. Мурдагы совет доорунда кыргызстандык Александр Абушахметов менен Леонид Дунаев 1980-жылкы Москва олимпиадасында фехтованиеден командалык эсепте коло байгенин ээси болушкан.
Өлкөнүн фехтование федерациясынын вице-президенти, Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Каныбек Төлөгөновдун айтымында, фехтование спортуна өкмөттүк деңгээлде көңүл бурулбайт.
- Бир спортчунун кийими, шпага, сабля жана жабдуулары эле миң долларга чукул каражатты талап кылат. Мыкты машыктыруучулар айлыгы аздыгынан, жашоо-шарты начардыгынан айласыз базарга соодага чыгып, спортту таштап кетишти. Бул спорттун түйшүгүнө чыдаган гана адам ийгиликке жетет. Массалык спорт болбой, саналуу гана жаштар машыгып калды. Өкмөттүк деңгээлде фехтованиеге көңүл бурулбай келатканы өкүндүрөт.
Бээжин олимпиадасына жолдомо берүүчү эларалык турнирлер, Азия, дүйнө чемпионаттары июнь айына чейин болмокчу. Кыргызстандык спортчулардын олимпиадалык оюндарга жолу ачылышы ажеп эмес. Айрыкча грек-рим, эркин күрөш, жеңил жана оор атлетикадан, спорттун азыркы беш түрүнөн, дзюдо ж.б. спорт түрлөрүнөн олимпиадалык жолдомо берүүчү мелдештерге кыргызстандык спортчулар даярдык көрүп, багын сынап көрүшмөкчү.

Кабыл МАКЕШОВ










??.??