№42, 25.04.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Элдин үнү - SMS

Кадырман окурман, жан жолдош гезитиңиз "Аалам" аркылуу ой бөлүшүп, сырдашкыңыз келсе, жан дүйнөңүздөгү жаңырыктарды жарыкка алып чыгып, бугуңуздан арылгыңыз келсе же урматтуу адамыңызды куттуктап, дос-тууган менен кабар алышууну кааласаңыз, биздин "Элдин үнү - SMS" сиздин кызматыңызда! Шарты эң эле жөнөкөй. Уюлдук телефонуңуздан 4436 кыска номуруна "ААLAM" деген сөздөн соң аралык калтырып, SMS-билдирүү жөнөтүңүз. Кызмат көрсөтүү BITEL, Mobicard, Katel, FONEX, MegaCom абоненттери үчүн жарамдуу. SMS-билдирүү акысы кошумча нарк салыгы менен - 0.50$ .
Баса, жарыя берсеңиз да болот. Маселен, "үй сатам, машине оңдойм, кийим тигем" өңдүү… Анда, кулак сизде, окурман!

Баха: Прикол, таэквондо үйрөткөн тренеримди жөнөкөйле бир брат өлө тепкилеп салды. Эмне кыларымды билбей, өчүп отурам.

М.Амантур: Кочкор районундагы Кызылдөбө айылынын тургуну Апандиев Болоткан 60 жашка толду. Аяш ата! Пайгамбар жашка жакындадыңыз, балдарыңыздын урмат-сыйында бактылуу кары болуп, аяш апам Айнаш менен көп жашаңыздар!

0777432048: Айзат, мен сени сүйөм! Качан жолугабыз?

Айчүрөк: Абдыракманова Айчүрөк Жумадиловнанын наамына жазылган СС 040032254 номерлүү диплом жоголду. Таап алган адамга сүйүнчү болот. Байл. тел. 0543 81 12 79.

0772904934: Аалам, мен сага абдан жакшы нерселерди каалайм!

Болот: Заманбап дарбазалар, павильондорду, темир тосмолорду жасайбыз. Сваркага байланыштуу бардык жумуштар. Арзан баада. Байл. тел: 0555368074, 0773859574.

0555000977: "Чекиш-Ата" базарынан контейнер сатылат. 4-катар, эл.товар.

Шамил:
Айжан, мен сени сүйөм. Сени сагындым!!!

Адилет:
Менин улутум кыргыз эмес, бирок Кыргызстандын суусун ичип, нанын жеп чоңойдум. Кандай укмуш жер болсо деле ал кыргыз жерине жетпейт. Акыл-эсим барда жерди сатканга эч качан макул эмесмин. Мен кыргыздын патриотумун.

Нурлан: Жөө жүрүш башталганда эле президент качат эле, кудай сактасакен.


0555000977: Лебединовка айлынан 2,8 га жер үлүшү сатылат.

Шамил:
Сайдин дос, туулган күнүң менен куттуктайм! Сүйгөнүңө жет!

Айнура: Камил, сени эки ай күттүм. Залогго таштаган эки дөңгөлөгүңдүн "жели чыга" баштады.

Шамил:
Колго кармап кооз
сулуу гүлдесте,
Кошо каалап жакшынакай
ыр десте,
Жолугууга барайынбы ардагым,
Жолум карап күтөсүңбү
бул кечте.
Бул ыр сен үчүн, Айжан!




  Ирмем күүсү

Менин жалтырагым...
Экөөбүздүн жылуу сезимибизди эч ким билбейт. Бир дагы жан. Биз ушунчалык сакпыз, аярбыз. Жаз кандай келсе, ошол жаздын биринчи күнүнөн баштап жүрөгүбүз ачылды. Чын эле. Байма-бай СМСтер бизди бакытка бөлөчү болду. Сенин "ж…м" деп жазганың жүрөктү эритип. Жашообуздун кызыгы ушуга айланды. "Буюрсун" дейм.

Кызык, бул сезим буюрбайт. Сен башка жолду, мен башка… Экөөбүздүн үйүбүз бөлөк, эки башка түтүн булатып. Үйдүн очогун өчүрсөк, анда убал. Бирок, жасалма от жылытпайбы? Өзүбүздү-өзүбүз алдагандай… Күн өткөн сайын мен буга ишенип баратамбы? Башым маң.
Сени көрбөй калсам, чогуу түндөрдү өткөрбөсөк ооручу болдум. Буулугуп. Эч бир нерсеге көңүл да чаппай, сени гана эстеп, дүйнөм тарып кетет. Чайналып. Азыр да бир топ күндөр өттү. Экөөбүздүн жолугушуубуз кечикти. Неге?
Бу күндөрдүн соңу эмне менен бүтөрүн билбейм. Эгерде башкалар туйса, анда шорубуз кайнайт. Ит болобуз. Буйрукту кара, Кудай бизге жашыруун сезим (жылуулук) ыйгарыптыр. Ушунусуна тобо. Жүрөккө дем берип.
Сени "жалтырагым" деп эркелетем. Тим эле супсулуу болуп, жүзүң жалтырап турат. Жараткандан тилейм, "ичиң да жалтырак болсо" деп. Биз жашоодо канчалык аракет кылсак да, экөөбүздүн үйүбүз башка. Мен ушуну арман кылам. Сен жол тапчы? Бүгүн жолугалы…

Самар С.




  Аскердеги азиреилдер

Жоокерди сабап өлтүрүштү
Жергебизде аскер кызматын өтөө мөөнөтү бир жылга кыскарган, бирок, өнөкөт болуп калган "дедовщина" оорусу ошол эле бойдон сакталып келатат.
"Дедовщина" казарма ичинде тымызын жасалгандыктан, аны тыюуга командирдин да колунан эч нерсе келбей тургандай.
Сыягы аскер бөлүктөрүндөгү бул "дартты" айыктыруу мүмкүн эмес окшойт. Алты айлык кызмат өтөөнү сунуштап койсо деле, үч-төрт ай мурун кызмат өтөгөндөр жаңы келгендерге үстөмдүк кылып, баары бир чокчоңдой беришчүдөй.
Кечээ жакында Алмазбек Карабаев төрагалык кылган Ош аскердик гарнизондук сот казармада "молодойлорду" сабап, зөөкүрлүк көрсөтүшкөн төрт "дед" сөрөйдүн үстүнөн кылмыш ишин козгоп, жоопко тартты. Алар алты жоокерди тизип алып сабап киргенде бирөө катуу тепкиден көз жумган. Күтүлбөгөн бул ызы-чуу бүтүндөй гарнизон боюнча бомба жарылгандай "дүң" дей түштү.
Уулунан айрылып боздогон ата-эне аскер сотуна кайрылган. Бардык кырдаалды карап чыккан сот өздөрүнүн күчтөрүнө шерденишкен "дед" Акбар Насырбековду он жети, Кадыр Сатымкуловду он беш жылга, Ысмайыл Орозмамбетовду он беш жыл алты айга эркинен ажыратты, алар күчөтүлгөн режимдеги колонияда жазасын өтөшөт. Төрт зөөкүрдүн бирөө, Аблабек Абасов кандайдыр бир себептер менен үч жылдык мөөнөткө эле түзөтүү колониясына кесилди.
Укук коргоочулар А.Абасовдун да оор жазага тартылышын айтып чыгышты. Абасов окуя болгон аскердик бөлүктө кызмат өтөөчү эмес. Майлысуу шаарында жайгашкан башка аскердик бөлүктө кызмат өтөп жүрүп кокусунан ооруп калган да, аскердик госпиталга жаткырылган. Ал жактан толук айыгып чыккан менен өзү кызмат өтөгөн аскер бөлүгүнө барганга шашылган эмес. Башы оогон жакта тентип жүрүп, башка аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөн достору эсине түшүп, ошол жакка "чу" койгон. Ал аскер бөлүгүнө кандайча кирип кеткени да белгисиз, балким алиги достору өткөрүп жибергендир.
Кыскасы, сырттан келген "мейманга" өздөрүн бул жакта кожоюн экенин көрсөткүсү келген достору өздөрүнөн кийин кызмат өтөөгө келген алты жаш жоокерди катарга тизип, өздөрүнүн ким экендигин "көргөзө" башташат. Анча-мынча моюн толгогондорго кол тийгизип, бара-бара ур-тепкиге алып сабап киришет. Кутурган "деддер" жаш жоокердин бири каза болгондо гана өздөрүнүн эмне жасап жиберишкендерин түшүнүшкөн. Бирок кеч болуп калган эле.
Сот бардыгын териштирип, текшерип карап чыккан соң, материалдык чыгым катары 188,5 миң сом, моралдык зыян үчүн 100 миң сом төлөп берүүгө өкүм чыгарды. Соттолуп жаткан тараптагылар бул өкүмгө нааразы болуп, жогорку инстанцияларга арыз жазышууда.
(Белгилүү себептер менен каармандардын аты-жөнү өзгөртүлдү).

Саадатбек Мырзакулов










??.??