№42, 25.04.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Мыкты короз эттенбейт

Болот Рысбаев, Республикалык илимий борборунун
урология жана андрология кафедрасынын доценти:
"Эркектин экинчи жүрөгү - урук бези"
Коомубуздун кооптуу жагдайларын сан сайын эле санап эле келатабыз. Бирок, канчалык кайталап какшасаң деле жыйынтык нөл. Саясый абалыбыздын туруксуздугун, күнүмдүк көртирликтин көйгөйүн, жумушсуздук менен жакырчылыктын бороонун жонунан өткөрүбаткан жалпы кыргыздын дагы бир байкалбаган кемтиги - денсоолугу. Жашоо үчүн жанын сабап, саламаттыгынан ажыроо кандай аянычтуу. Элдин эң күчтүү катмары эсептелген Акүйдө, Көкүйдө, саунада, кулбазарда, чарбада, окуу жайда, армияда, коопсуздук кызматтарда, анан митингдерде "күр-р, күр-р" эткен эркектердин денсоолугу кандай? Тагыраагы, эркектик дарамети. Андан да тагыраагы тукум улоо касиети. Ушул багытта уролог дарыгер Болот мырзаны кепке тарттык.

- Болот Асекович, "тукумуң өссүн" деген кыргыздын жакшы батасы бар эмеспи, ошол "тукум өстүргүч" эркектерибиздин учурдагы абалы кандай?
- Бул маселе мурдатан эле социалдык проблема катары каралып келген. Улам жылдардын өтүшү менен ачыкка чыгып, оорлошуп барат. Оорлошуп дегеним, 50-60 жаштагы адамдардын дарты менен 30-40 курактагы толуп-болуп турган жаш муундун ичинде оору кескин өсө баштаганы коркунучтуу.
- Адатта себептин баарын замандан көрүп көнбөдүкпү, сиз неден көрөсүз?
- Эгер заманга шылтасак: абанын булганышы, автоунаанын көбөйүшү, компьютердин күнүмдүк жашоого кириши, азык-түлүктүн сапаты, акыл эмгеги менен иштөө, акча маселелери ж.б. А оорунун пайда болуу себеби: эркектин гормондорундагы тестостерондун азайышы. Маанисин кыргызчаласак кубаттуу гормондордун жок болуусу. Тестостерон эркекти эркек кылган эң күчтүү урук гормону. Тестостерон 12-38ке чейин белгилүү өлчөмдө нормасы сакталышы керек. Семирүү, май басуу тестостерондун биринчи душманы. Ашык салмак көп болсо, ошончолук эркектин кубаттуулугу азаят.
- Казы байлаган, курсак-эттүүлөрдүн жапырт эркектик кубаты жокпу?
- Ооба, ошентип ишенимдүү айтсак болот. Айрыкча жаштардын семириши жакшы эмес. Булчуң клеткаларын май массасы басып, аны менен бирге эркектин гормондору акырындап аялдын гормондоруна айлана баштайт. Урук санынын азайышы - эркек алсызданат дегендик. Орой айтканда натыйжасында аялга эр болуудан калат. Психикалык жактан жабыркайт, кант диабети, муун, жүрөк оорулары сөзсүз коштойт. "Эркектин экинчи жүрөгү - урук бези" деп бекер айтылбайт.
- Семиздикти "авторитет" дешип, байлыктын символундай кабылдаган кыргызды урук бези үчүн эми кантип арыктаттык?
- Ар ким бет алдынча көнүгүүлөрдү жасап, диета кармап арыктаса болот. Анте албагандарга эффективдүү дарылар бар. Мисалы, германиялык "Шеринг" компаниясы даярдаган "Небидо" деген дары бар. Үч айда бир жолу сайылат. Зыянсыз. Өнүккөн өлкөлөрдө сыналган. Тестостеронду жакшы көтөрөт. Негизинен бардык дарылар симптомду гана жөнгө салат. "Дарыны ичтим, оору биротоло жоюлду" деш туура эмес.
- Дары демекчи, кайсы гана дарттын дарысы болбосун көпчүлүк анча ишене бербей шек санап кабылдаган учурлар жашыруун эмес. Сиз сунуш кылган дарыңызды башка бир коллегаңыз жокко чыгарбайбы?
- Жок, чыгара албайт. Мына, "ОМНИК - Астеллас" компаниясынын дарылары эркектин урук безинин аденомасынын 1-3-стадиясына чейин жакшы жардам берип атат. Жанагы тестостерон-дегидротестостеронго өтүп, без өсүп кетет. Гормон дисбаланска учурап, заара кысылып толук чыкпай, түнкүсүн 3-4 жолу сыртка чыгарып аденома 50-60 жаштагы адамдарга түйшүк болот. Ушуга жана өнөкөт простатитке да таасири жакшы.
- Кантсе да мааниси улут саламаттыгында, келечегинде болуп атпайбы, адис катары кандай аракет кыласыздар?
- Бишкектин уролог, эндокринолог, кардиологдоруна атайы эки сыйра лекция окудук. Май айынын аягында түштүк регионунда, Ош шаарында лекция окуйбуз. Жер-жерлерди кыдырып, түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзөбүз. Айылдардагы "менталитет кысымындагы" адамдарга чейин келечек тукум үчүн ири коркунучу бар бул проблеманы козгойбуз.
Маектешкен
Азамат Кыязов




  Билгенден биле элегиң

Жараткан сырларынан
Эгерде адамдын нерв клеткаларын чынжырча түрүндө туташтырсак, анда анын узундугу 480000 километрди түзмөк.

***
Бир жолу фин врачы Ф. Этертум ревматизм болуп ооруп калган. Аны күтүүсүз аары чагып алып, ошондон жеңилдикти сезген. Ал аарынын уусун ревматизмди айыктырууга колдонуу ачылышын жасаган. 1888-жылы жарык көргөн китебинде 173 оорулууну аарынын уусу менен айыктыргандыгын жазган.

***
"Эгерде АКШнын телевидениесинде зомбулукту демонстрация кылган фильмдер көрсөтүлбөгөн болсо, анда 1993-жылы Америкада 10 миң кишинин өлтүрүлүшү, 70 миң зордуктоо, 1 млн автомобилдерди уурдоо, 2,5 млн квартира тоноо жана 10 млндой жакын кылмыштар болбойт эле" дейт доктор Б.Жентерваль.

***
Жарыкка келгендин алгачкы 3-4 күнүндө ымыркай эч нерсе укпайт.

***
Биздин ашказаныбызда сүт 1 саатта, нан 2,5 саатта, котлет 3,5 саатта сиңип бүтөт.

***
Бойго бүтүрбөөчү күчтүү заттарды колдонгон аялдар таз болуп калуу коркунучуна кабыларын биле жүрүшү керек.

***
1982-жылы Европада кургак учук менен ооругандардын саны 840 миңге жетип, 72 миң адам ушул оорудан каза тапкан. Врачтар рак ооруларын чакырган: спирт ичимдиктеринен, тамеки, баңгизаттарынан, туура эмес тамактануудан, башаламан жыныстык катнаштан, вирустук инфекциялардан, шарты начар жумуштан, күндүн түз тийген нурунда көпкө жүрүүдөн, чеги жок анальгетиктерди колдонуудан алыс болууну сунуштайт.

***
1851-жылы Г. Левановски аттуу айымга жасалган операция эң эле узакка, т.а., 96 саатка созулган.

***
Бүткүл дүйнөлүк уюмдун билдирүүсүндө жыл сайын 250 миң адам жол кырсыгынан көз жумаары айтылат. 10 млн адам өмүр бою инвалид болуп калууда. Жол кырсыгынын негизги себеби болуп: спирттик ичимдиктерин ичүү, баңгизаттарды колдонуу жана ылдамдыкты жогорулатуу эсептелинет.
Жөргөмүштүн желеси
Жертөлөдөгү кадимки эле жөргөмүштөр пайда кылган желеси канчалык кызыктуу экенин баарыбыз эле биле бербейбиз. Көрсө, жөргөмүштүн желеси кебезден жеңил болгону менен болоттон бышык келет. Муну ондогон жылдар бою окумуштуулар изилдеп, жөргөмүштүн желе суюктугун пайдаланып, ок өткөрбөгөн жилет чыгаруудан тартып, зор асма көпүрөлөрдү курууга да колдонууга боло тургандыгын айтып келишет. Анткени синтетика булаларын, маселен, кевлар алуу үчүн жогорку температура жана ар кыл эритмелер керектелсе, жөргөмүштөр өз желесин бөлмө температурасында эле токуйт. Эритме катары кадимки эле сууну пайдаланат. Жөргөмүштүн желеси кевлардан кыйла бышык келет.
Дагы бир кызыктуусу - эгерде желени футбол талаасынын көлөмүнө тең келгендей чоңойтсо, аны менен зор авиалайнерди да токтотуу мүмкүн дешет билермандар.
Бирок, желе жасоочу заты ичинен бөлүнүп чыккандыктан, анын үстүнө кандай иштелип чыгаары толук белгилүү болбогондуктан, аны жасалма жол менен алуу оңой эмес.
Ошондой эле окумуштуулар кызыккан желе жипчелеринин жети түрүнүн эң бышыгы сууну дагы өткөрбөйт.

Дубанын күчү
Тетири окутулган дуба адамды өзүнөн чыгарып жиберет. Дубаланган адам оорулуу сыяктуу эч нерсеге көңүлү келбей, иши оңунан чыкпай, элдир-селдир абалда жүрө берет. Көкүрөгүндө эмне болуп жатканын, эмнени каалап жатканын да ажырата албай калган учурлар болот.
Кыргыздарда тетири дубаны молдолор окуп берет, дубаны кайра жандыргандар да ошолор. Кара дубаны убагында жандырбаса, адамдын кийинки тукумуна өтүп кетиши ыктымал экендиги айтылат.
Эң эле жаманы, кимдир бирөөгө кара дуба окуткандар кайсы бир учурда жаман окуяларга кириптер болуп, ал турсун оорулуу болуп калышы ыктымал.
Дуба тууралуу "Ыйык Инжилде" да айтылып, аны спиритизм деп аташат. Албетте, спиритизм кылуу күнөө. Адамда көп нерсени Кудайдан тилек кылуу менен жеңүүгө болот деген ишеним жашаш керек.

Даярдаган А. АКУНОВА










??.??