№42, 25.04.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Оо атам заманда…

Самсаалап калган саясат
Токойдогу шайлоо
Ошентип, токой саясатынын күңгөй-тескейи күтүүсүздөн эле падыша кошкулакты күм-жам кылды. Нааразычылык акциялары менен артүрдүү саясый оюндардан улам кашкулак үйбүлөсүн алып, коңшу токойго кире качууга аргасыз болду. Ошондо Арсланбап токоюнда жуушап, күнгө кактанып жаткан өгүзгө тагдырдын күнү тууп, эбегейсиз чоң токойду башкарып калуу шыбагасы айланчыктап жүргөн эле. Көп өтпөй бүткүл айбанаттар чукул мөөнөткө белгиленген шайлоого жөнөп калышты. Өгүз, уй, чычкан жана төө хандыкка ат салышкан эле, токойдогу айбанаттар кеңешип, Өгүздү хан шайлап алышканын жар салышты.

Токойдогу кайгылуу окуялар
Өгүздүн хандык доору күндөн-күнгө оорлошо берет. Пикет митингдер күч алат. Илгертен душман болуп келген жаныбарлар бирбирин атышат. Ошол кесепеттен кабылан, жолборс жана арстан күндүзү жарык дүйнө менен кош айтышат. Ал эми чаар жылан түн катып качып жоголот. Ушундай окуялардан кийин коңшу токойдун хандары өгүз падышаны тоотпой, шаан-шөкөткө да чакырбай калышат. Кайра ар түрдүү амалды колдонушуп, токойдун баалуу жерлерин ала башташат. Натыйжада токой эли экиге бөлүнөт.

Спикер теке жөнүндө икая
Оо, атамзамандын күз айларында карт бөрү токойдо баратып, иниси өгүз менен аңгемелешип кетүүнү оң көрүптүр. Токойдун чок ортосунда орун алган хандын ак өргөсүн көздөй бет алат. Эшигин кайтарган мышыктар карт бөрүнү көргөндө титиреп, өң-алеттен кетип, эшик ачышат. Карышкыр ак өргөдө жылуу кабыл алынып, төрдөн орун алат. Экөө көпкө сүйлөшүшөт. Сөздүн аягы барып, спикер текени кызматынан кетирүү жөнүндөгү икаяга такалат.

Теке коңшу токойдо уу чөп менен колго түшөт
Карт бөрү бир күнү чычкан, келемиштерди ээрчитип, текенин көкүйүнө митинг уюштурат. Мындай пикеттер күн сайын уланып отуруп, акыры текени кетиришет да, анын ордуна коенду дайындашат. Ошондо теке өгүз агасы менен карышкыр абасына аябай таарынып, эс алып келүү үчүн башка токойго баратканда келемиштер чөнтөгүнө уу чөп салып коет. Бирок, ал жактагы акылдуу жаныбарлар өгүз башкарган токойду билгендиктен буга ишенбей коюшат.

Токойдун абалы жөнүндө
Өгүз ажолукка аттангандан бери токойдун ызы-чуусу бүтпөй, ар түрдүү жаныбарлардын мөөрөп-маарагандары, мылтык үндөрү, калкан менен кылычтын кагышкан сестери башка токойлордо жаңырып, ал жактагы жаныбарлардын үрөйүн учуруп, жашоодон түңүлтүп, коркутуп жаткан кези экен. Токойдо "свет" жок же суу жок, же жегенге тоют жок, айбанаттар "жүда ям" кыйналышыптыр. Ал эми өгүз баштаган жоон топ жаныбарлар өз өкүмүн жүргүзүп, "өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем" деп жашап жатышыптыр деп уктук.




  Түрк сандыгынан

Келме кезек
Бир жигит дөңдө ыйлап отурду. Бараткан жолоочу көрүп калды да, эмне болгонун сурады.
Жигит жолоочуга;
- Менин атам өз атасын уруп жатат. Чоң атам боздоп ыйлап, "дагы ур, келме кезек тура" деп, топтой томолонуп жерде жатат,- деди.
Анда жолоочу:
- Бул келме кезек экен, сен ошол келме кезекти кайталабай эле кой,- десе, анда ыйлап отурган жигит:
- Ошонун жолун таппай ыйлап жатпаймынбы - дептир.

"Кабус наама" китебинен



Биримдик деген бийик тоо
Спартак б.з.ч. 71-жылда өз кожоюндарынын бийлигин төңкөрүп салуу ниетинде чогулган кулдарга башчылык кылган гладиатор эле. Дүнүйө биздин алаканыбызда деген римдик текебер аскер ордуларын эки жолу талкалап, бирок үчүнчү салгылашууда генерал Маркус Крассус тарабынан оор жоготууга учураган. Ошондо Спартак да колго түшкөн болчу. Генерал катар тизилген туткундарды карап келатып, кул ордосунун гладиаторун көргүсү келди. Аны тааныбагандыктан туткундарга мындай деп кайрылды:
- Силерге эркиндик багыштадым, бирок Спартак деген кулду мага тапшыргыла. Бир аз убакыттан кийин гладиатор "Спартак менмин" дээр менен, бардык кулдар "Спартак менмин" деп кыйкыра башташты. Кулдардын мындай биримдигине генерал бир чети таңданып, бир чети тоңгон жүрөгү жибип турду.
Бернард Шоу



Акыреттен аалым гана коркот
Эбуд Дерда өмүр бою исламда жашап, адамдардын урмат-сыйына ээ болду. Бирөөгө жаман айтпады, бирөөдөн да катуу сөз эшитпеди. Элдин бардыгы аны Кудайдын сүйүктүү пендеси дешээр эле. Ошол Эбуд Дерда өлүм төшөгүнө жата электе төөсүнүн жанына барды да, " Эй, төө, кыямат күнү менден доогер болбо, анткени мен сага өз күчүңдөн ашык жүк жүктөбөдүм" - деди.
Имам Газали

Ашкере болгон сырга жаза берилбейт
Искендер Зулкарнайн жакын адамдарынын бирине сырын айтып, бирок ага купуя сактоону эскерткен болчу. Ал жакын адамы күндөрдүн биринде ичи бышып, Искендердин сырын бир досуна айтты. Досу дагы бир досуна айтты. Ал дагы бирөөгө. Ошентип баягы сыр баарына ашкере болду. Искендер буга аябай ачууланды да, устаты Арастуга келди.
- Эй аким. Адамдын купуя сырын баарына ашкере кылган кишиге кандай жаза колдонуш керек ? Арасту көпкө ойлонуп туруп:
- Ал адамга жаза берүүгө акың жок. Ага өзүң айыптуусуң. Жүрөгүңө батыралбаган сырды бирөөгө ашкере кылдың. Өзүң сактай албаган сырды бирөө кантип сактай алсын - деди.
"Кичинекей нерсе жок" китебинен

Керектүү жүктүн зыяны жок
Бир күнү нурбака ташбакага:
- Сага көп учурда боорум ооруйт. Үйүңдү дайыма өзүң менен чогуу алып жүрөсүң. Оор нерсени көтөрүп жүрүү сага кыйын эмеспи?-деди.
Ташбака ага карап:
- Керектүү жүк жеңил болот. "Пайдалуу таштын оордугу болбойт" дегенди уксаң керек - деп эскертти.

Шайык Саади




  Жанмаанай

Төңкөрүш
Ошто кар. Чилденин ызгаарына куурулуп, сай сөөк сыздап туру. Үшүп, титиреп, талында өмүрү бүткөн жалбырак сымал дирилдеп туру. Пенденин көр сезимдеринен тажаган жер эне көрсө ушинтип дирилдеп алат экен.

Кар жааганга чейин кыштын келгенин такыр аңдабапмын. Ансыз да дүйнө өзү кыш. Чынында кыштын бизге кереги жок эмес беле?
Апам түйүнчөктөрүн асынып айылдан келди. "Жаңылык кө-өп" дейт колдорун жаңсап, сокур атыккан Жолдубай сарыктын тагдырына өтө капалангандай. "Эки көзү бипбирдей көрбөй калбадыбы, катыгүн" дейт. Аллатаала жүрөк көздөрү көрсүн деп тышкы көздөрүн жаап салганын пенде кургур кайдан билсин. Айылга кыш оор түшүптүр, "Көмүр кымбат, жол жабык" дейт. Калдыбай сөтөлөр кечээ чөпкө кетишиптир.
- Ой, тиги Украина кантти?-дейт бусурманым.
Унчукпайм...
Жатууга камынып олтуруп чыйрыкканымды сездим. Тоолор ак көбүктөнүп мончодо жүргөндөй.
Апам чексиздикке колун жайып, күбүрөнүп көпкө олтурду да, колун жүзүнө сүрдү.
- Апа, дуба эмне? - дейм, мукактанып.
- Жүрөгүңдүн үнү,-дейт.
- Төңкөрүшчү? - дейм.
- Төңкөрүшпү?... Жүрөктөгү жамандыкты төңкөрүү, - дейт көздөрү жашылданып.

Бетти даярдаган
Манас Осмон










??.??