№42, 25.04.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Тарых барактарынан

Турдакун Усубалиев
Жер, суу, энергетика маселелери тууралуу
Өлкөдө азыркы учурда жер, суу, энергетика маселелери эң талылуу маселелерден болуп турат. Мына ушундай учурда биздин гезиттин редакциясы республиканы бир топ жыл башкарып келген Турдакун Усубалиевдин эмгектеринен айрым үзүндүлөрдү жарыялап турууну туура деп тапты.

Кыргызстан эбегейсиз суу ресурсуна ээ болгон бай өлкөлөрдөн бири болуп саналат. Кыргыз тоолорунан Борбор Азиянын өрөөндөрүнө жыл сайын 47 кубкилометр суу агып кетип турат.

Суу - өмүр булагы
Орто Азия элдеринде "Суунун кожоюну-жашоонун кожоюну" деген ылакап бар. Бул айныгыс чындык. Ырасында эле суу бар жерде жашоо бар. Бул жагынан Кыргызстан эбегейсиз суу ресурсуна ээ болгон бай өлкөлөрдөн бири болуп саналат. Кыргыз тоолорунан Борбор Азиянын өрөөндөрүнө жыл сайын 47 кубкилометр суу агып кетип турат. Суу байлыгы жагынан Кыргызстан мурдагы Союзда алдыңкы орундардын бирин ээлеп турган. Эбегейсиз суу ресурстары менен катар бизде жылуулук, күн нуру арбын тийип турат. Ошол себептүү Кыргызстан күнөстүү өлкө деген атка конгон.
Бирок биз ошол эбегейсиз байлыгыбызды- дарыялардын суу запасы менен түшүмдүү айыл чарба жерлерин талаптагыдай пайдаланып жатабызбы? Ооба деп айтууга ооз барбайт. "Колдо бар алтындын баркы жок" болуп жатат деп айтууга болот.
Айыл чарба тармагын эле алып көрсөк, ирригаторлор менен агрономдордун эсептөөлөрү боюнча бир тонна буудай өстүрүү үчүн 1.5 миң кубометр, бир тонна пахта өстүрүү үчүн 10 миң кубометр суу сарпталат.
Шаарлардагы тирлик үчүн да суунун эбегейсиз бөлүгү жумшалат. Окумуштуулардын эсептөөлөрү боюнча өнүккөн шаарларда күнүнө ар бир кишиге 200 литрден 400 литрге чейин суу пайдаланылат.
Окурмандар жер шарындагы суунун көлөмү канча болду экен деп кызыкса, окумуштуулар 1.5 миллиард кубкилометр деп жооп беришет. Бирок ал суу запасынын 94.2 проценти океандарда. Континенттердеги суунун көбүрөөк бөлүгү (60 млн кубкилометр) жер алдында болуп саналат. Калган суунун көлөмү: мөңгүлөрдө-24 миң, көлдөрдө- 230 миң, жер кыртышында- 75 миң, атмосферада- 14 миң кубкилометр.
Окумуштуулардын эсептөөлөрү боюнча планетадагы жалпы суунун 3 проценти гана пайдаланууга жарамдуу. Мындан жер шарында суу ресурсунун абдан аз экендиги көрүнөт, анын үстүнө жашоо-тирлик улам өнүгүп-өсүп, урбанизация менен индустриализация өнүккөн сайын суунун запасы улам азайып барат. Мындан жаратылыштын өзү да, адамзаты да жапа чегип келет.
1979-жылы Түндүк Италияга барганымда андагы По деп аталган дарыя суу токтогон көлчүккө айланып калганын көрдүм. Жарым кылым мурда ал жерде форель балыгы чардап жүргөнүн италиялыктар айтышты. Италиянын калган дайралары да бозала сууга айланып калыптыр.
Француз окумуштуусу Ж. Форестье Батыш Европада булганбаган бир да дайра, көл же булакты таба албайсың деп жазган. Ал түгүл айтылуу швейцариялык көлдөр да кир суунун топтомуна айланган. Батыш Европада Дунай, Рейн, Темза дайралары өлүү дайрага айланып, өнөр жай калдыктарын таштоодон улам, ал жерде нормалдуу биологиялык жашоо бузулган.
70- жылдары Египет жана Индия республикаларына барганымды эстесем, мурда аларды башкача элестеткен экенмин. Көрсө, Нил дайрасы жылдан-жылга булгануунун үстүндө экен. Индиядагы Ганг дайрасы деле дал ошондой тагдырга туш болгон.
Азыр дүйнөдө ичүүчү суу жетишпей, товарга айланып баратат. Бир катар өлкөлөр сууну башка өлкөлөрдөн сатып алууга муктаж болууда. Германия болсо Швеция, АКШ, Канададан сууну сатып алып келсе, Япония сууну чектеп, таза музду Антарктиканын айсбергдеринен алууга мажбур болсо, Сауд Аравиясында деңиз сууларын иштетип, ичүүгө жарактуу суу алышат.
Таза суу өмүр булагы болуп эсептелет, ошол себептүү биз колдо бар байлыкты, дайра, көлдөрдү, мөңгүлөрдү көздүн карегиндей сакташыбыз керек.

Сугат жерлер
Совет бийлиги жылдарында Кыргызстанда айдоо аянттары 426 миң гектардан 1993-жылы 1млн 77 миң гектарга көбөйгөн. Сугат жерлери боюнча Кыргызстан мурдагы союздук республикалардын арасында Россия, Украина, Өзбекстан, Казакстан, Азербайжандан кийинки 6-орунда турган.
Мелиорация иштерин жүргүзүү айыл чарбасынын түшүмдүүлүгүн жогорулатууга шарт түзгөн. 80-жылдары республика дан эгиндеринен 34-42 центнерден, жүгөрүдөн 60-68 центнерден түшүм алып турган. Союз кулагандан кийин Кыргызстан дан эгиндери боюнча өз муктаждыктарын чече албай калды. Дан проблемасын чечүү үчүн эң ириде дан эгиндеринин түшүмдүүлүгүн жогорулатып, күздүк буудай айдоону көбөйтүү керек. Дагы бир резерв - жүгөрү айдоону колго алышыбыз зарыл. Н. С. Хрущев бекеринен жүгөрүнү талаа ханышасы деп атабаса керек. Кыргызстан мурдагы Союздун башка өлкөлөрүндө өспөгөн жүгөрүнүн гибриддик сортун өстүрүп, экспорттоп, анын ордуна башка өлкөлөрдөн буудай алмаштырып алып турган.
Экономикалык кризистен чыгуунун дагы бир жолу - Чүй өрөөнүндө кант кызылчасын багып-өстүрүү болуп эсептелет. 1980-жылга чейин Чүй өрөөнү өлкөнүн кызылча экчү райондорунан болгон. Республика кант кызылчасын өстүрүү боюнча Союзда биринчи орунду ээлеп келген. Кант кызылчасынын ар гектарынан 360-380 центнерден түшүм алган. Өндүрүлгөн кумшекердин үчтөн бири гана республиканын муктаждыктарын канааттандырып, калган бөлүгү коңшу өлкөлөргө, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстанга жана Сибирь аймагынын айрым райондоруна сатылып турган. 1993-жылы өлкө 47 миң тонна кумшекер экспорттогон.

Токтогул суу сактагычы - кылымдын курулушу
Токтогул гидротүйүнүнүн курулушу 1962-жылы башталган. Мындай эбегейсиз ири курулушту баштоо үчүн бир нече миңдеген жогору квалификациялуу жумушчу, инженердик-техникалык адистерди топтоп, жайгаштырып, алардын турак жай, маданий, турмуш-тиричилик шарттарын чечүү керек болучу. Андагы гидрокуруучулардын саны 8 миң кишиге жеткен. Бир миллиард сомго жакын курулуш- монтаждоо иштерин бүткөрүү үчүн тиешелүү материалдык- техникалык базаны түзүүгө тура келген.
"Нарынгидрокурулуштун" көп миңдеген жамааты 12 жыл чымырканып эмгектенүү менен Орто Азиядагы эң ири, кубаттуулугу 1.2 млн киловатт келген курулушту 1974-жылы бүткөрүшкөн. Бийиктиги 215 метр келген уникалдуу плотина көлөмү 19.5 млрд куб метр келген суу сактагыч болуп чыга келди. Бул гидроэнергетикалык комплексти курууга ошол кездеги баалар боюнча 500 млн сом сарпталган. Токтогул ГЭСи эң жогору натыйжалуу курулуш болуп, электр энергиясын өндүрүүнүн эсебинен эле ал 4 жылда капиталдык салымды актаган.
Токтогул гидроэнерго түйүнүнүн эң башкы максаты мында эле эмес болгон. Академик Аскаченскийдин эсеби толугу менен акталган болучу. Нарын дайрасынын агымын жылдык жана көп жылдык жөнгө салуу колго алынып, Өзбекстан менен Казакстандын кошумча 400 миң гектар жери сугарылган. Эгер Токтогул ГЭСин пайдаланууга берилгенден берки 900 миң гектардан ашык суу жеткен жерлерде өстүрүлгөн айыл чарба өсүмдүктөрүнөн алынган кирешени эсептесек, ал аябагандай көп экенин көрөбүз.
Токтогул гидроэнергетикалык комплексин куруу бул кыргыз элинин коңшу мамлекеттердин жыргалчылыгы үчүн жасаган аракетинин бир мисалы болуп эсептелет. Ушуга байланыштуу дагы мындай мисалдарды келтирсек болот.
Токтогул ГЭСинин ар бири 300 миң квт келген алгачкы эки агрегатын 1974-жылы ишке киргизүү пландалган. Бирок ал жыл оор, кургакчыл жылдардын бири болгон. Айрыкча Фергана өрөөнүндө сугат суусу жетишсиз болуп жаткан. Ошол себептүү ал жакта айыл чарба түшүмүнүн да төмөн болушу күтүлүп жаткан. Ага жол берилбеш керек эле. Ошондо Токтогул суу сактагычында топтолгон суунун 1 млрд кубу Өзбекстандын пахта талааларына берилип, станциянын агрегаттарынын пайдаланууга берилиши кийинки, 1975- жылга жылдырылган. Электроэнергияны биринчи кезекте Өзбекстанга берүү каралган. Бул максатта оор шартта, кыска убакытта Токтогул ГЭСинен Өзбекстандын Анжыян шаарына 500 киловаттык электр линиясы тарттырылган. 1976- жылы дагы эки агрегаттын курулушу бүткөрүлгөн. Кийинки жылдары да кургакчылык болуп, Токтогул ГЭСи мурда белгиленгендей, 1975-жылы да, 1976-жылы да пайдаланууга берилген эмес. Андагы 2 млрд куб метр суу электроэнергия чыгарууга эмес, Өзбекстандын айыл чарба талааларын сугарууга жиберилген.
Токтогул гидротүйүнү Кыргызстанга электроэнергия гана берет. Биздин жерлер ал суу сактагычтын суусу менен сугарылбайт, анткени суу сактагыч биздин айыл чарба аянттарынан ылдый жайгашкан. Токтогул суу сактагычы 32 миң гектар, анын ичинен12 миң гектар айдоо аянтын камтыган кооз жаратылышы бар Кетмен- Төбө өрөөнү суунун астына бастырылып калган. 30 миң адам жашоочу райондук борбор менен 24 элдүү пункт суу алдында калган. Ал жактын жашоочулары тоо жакка көчүрүлгөн, Албетте, аларга маданий- тиричилик, өнөр жай обьекттери курулган. Кылымдар бою ата- теги жашаган журттан андагы калк жүрөгү ооруп көчүп кеткен. Суу каптаган аймактан мүрзөлөрдү да башка жактарга көчүрүп кетүүгө аргасыз болгонбуз.
Эл отурукташкан жерлеринен башка жерлерге көчпөй коюуга да акысы бар болучу, бирок жергиликтүү калк мамлекеттин кызыкчылыгын өзүнүкүнөн жогору койгон.
Эгер жалпылап айта турган болсок, Нарын дайрасынын агымын жөнгө салуу бизге эмне пайда алып келди? Бул Өзбекстандын пахта талаасы менен Казакстандын талаачылыгынан аба ырайынын шартына карабастан , жогору түшүм алып турууну шарттады. Орто Азиянын сугат системасында ал суу сактагыч чечүүчү ролду ойноду. Бул Кайраккум, Чар-Дарыя ж.б. суу сактагычтарга салыштырмалуу суу запасын максималдуу сактоого шарт түзүп, суунун аз бууланып кетишин камсыз кылат.
1986-жылы СССРдин Министрлер Советинин мамлекеттик комиссиясы Токтогул ГЭСинин курулушун кабыл алган. Академик, Бүткүл Союздук электромашина куруу илим-изилдөө институтунун директору, Социалисттик эмгектин баатыры А. И. Глебов бул гидротүйүн эң жогорку илимий-техникалык дэңгээлде долбоорлонуп жана курулганын белгилеген. Токтогул ГЭСи дүйнөлүк мааниси бар станция болуп саналат. 215 метр келген бетон плотинасы 19.5 млрд кубметр көлөмдөгү ири суу сактагыч болуп калды. Ал Орто Азиянын эл чарбасын өнүктүрүүгө чоң көмөк берген.
Токтогул ГЭСин кабыл алууда мамлекеттик комиссия 1985-жылы Кыргыз Өкмөтү талап кылган 75 млн сом компенсацияны - элдин көчүүгө мажбур болуп жана турмуш-тиричилик шарттарын түзүүгө кеткен чыгымынын ордун толтуруу маселесин да көтөргөн. Ошол боюнча ал талап аткарылбай калган.

Даярдаган Айгүл Бакеева










??.??