Полит-элита

К.Исаев жигитпи же…
Айла жок экен. Башында губернатор К.Исаев "Каркыраны бербейбиз" деп кыйкырып чыгып, анан Акүйдөн куйругу бычырай толгонуп, эми кайра теңирден тескери сүйлөй баштады. Көлдүктөрдү тескери жолго үндөгөнгө, элдин башын айлантууга жандалбастап. Кызыгы, элди жөө жүрүшкө чыгарбоонун амалын кылып, ун, май-чай таратканга өттү. Кимдин эсебинен? Минтип көз будамайлай бербей, К.Исаев жигиттик намысы болсо отставкага кетмек. Манастан калган Каркырадан да губернаторлук ыйыкпы?

Спецназга каршы атчандар армиясы…
Эртең башталчу көлдөгү жөө жүрүшкө күч органдары катуу даярдыктарды көрүп, үрөй учурган сценарийлер түзүлүп атат. Албетте, көлдүктөрдү тизгиндөө үчүн. Мындай шартта элге кас саясат жүргүзүү кыйын эй! Кокус спецназ жөө жүрүшкө чыккандарды күчкө салып таратууга аракеттерди көрсө, "Акыйкат үчүн" кыймылы даярдаган атчандар тоодон түшөрү маалымдалды. Ушул кезде Көлдөгү атчандар армиясы машыгууда… Бийлик элдин эркине, каалоосуна жараша чечим чыгарбаса, жакында СДПК лидерлери да радикалдуу кадамдарга барары байкалып калды. А.Атамбаев азыр элдин кыйын абалын көрүп, араң эле чыдап отурат. Жарылабы?..

Заман тарыды. Эл толкуйбу?
Ушу күндөрү бүткүл Кыргызстан боюнча жарык байма-бай өчүп, телпейип тезек терүү заманына келдик. Өлкө суунун мекени болгону менен какшып баратабыз. Буга ким күнөөлүү? Айтмакчы, өткөн жылдары Д.Үсөнов өзбектерге өзүм билемдиги менен суубузду сатпаганда, суу кризиси чыкмак эмес. Бүгүнкү электр энергиясынын жетишпей атканы да Д.Үсөновдун кесепетинен. Эми биротоло энергетиканы менчиктештирип тынышса, Кыргызстанга түн түшөрү да ажеп эмес. Себеби, кыргызга күйчү тыңчыкмаларды бийликтен көрүү кыйын. Заман тарып кетти. Эл толкуйбу?

"Аалам-пресс"











Меймансап









??.??