№41, 22.04.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Карызы көптүн - арызы көп

Тажикан айым каржы министрлигине "көчүк" басаары менен айрым чиновниктер сын айтып, ал гана эмес, парламент да каап алганга үлгүргөн. Кээ бир министрлер окшоп чычалап, кызаңдаган эмес. Акүйүнө да, Көкүйүнө да кулдук урбай, популисттик менен алектенбей өлкөнүн эң маанилүү делген "эсеп-чот" тармагынын жүгүн тартып келатат. Жакшы иштедиби же жаман иштедиби, аны мезгил таразасына коелу. Ал эми мен министр айымды көбүнчө карыз маселесинен сөзгө тартып, "үлкө-өн" мамлекеттер арасындагы келишимдерге кызыктым.

Тажикан Калимбетова, каржы министри:
"Т ы ш к ы карызыбыздын чети оюла элек"
- Былтыр Украина бизге болгон карызын "кадыр-колко" кылып жатып, эптеп төлөп берди. Накталай келип түшкөн ошол акчалардын жиги кайда сууду?
- Өзүңөр билесиңер, Камбарата--1-2 ГЭСтеринин курулушу былтыркы жылга туура келет. Украинадан келген каражаттын көпчүлүк бөлүгүн ошол ГЭСтердин курулушуна жумшадык. Андан калган бөлүгүн социалдык объектилерге чегердик. Анткени, мурунку жылдарга салыштырмалуу быйыл ушул тармакка көбүрөөк каражат бөлүүгө аргасыз болдук десем болот. Ошондой эле Бишкек шаарындагы жаңы конуштарды, жер титирөөдөн жабыр тарткандарды унуткан жокпуз.
- Коңшу мамлекеттер казинолор менен болгон жаңжалын бүтүрүштү. Бизде бул маселе курчуп бараткандай. Казинолордон бюджетке чоң суммада акча түшөбү?
- Ири суммада түшөт деп айталбайм. Эсиңизде болсо керек, 2008-жылдын бюджети каралып жатканда, Роман Шин "бюджетке акча каражаты кайдан түшүп жатат, кайдан түшкөн менен аз сумма менен чектелип калдык окшойт" таризинде суроо узаткан эле. Ошондо, "кирешени эсептеп чыгалы. Ошого жараша казинолордун арбир үстөлүнөн беш эсеге көп салык чогулталы" дегем. Учурда эсептеп чыктык. Жакында парламенттин кароосуна апкелебиз. Айрым өлкөлөр казинолорду жаап салышты. Акча жагынан келип калгандары менен жаш жеткинчектердин келечегин жана элинин рухий баалуулуктарын сактап калууга жасаган аракети деп билем. Бизде да казинолорду, оюн-автоматтарын шаардын сыртына алып чыгуу зарылчылыгы туулууда.
- Тажикан айым, маегибизди үлкө-өн өлкөлөргө карап бурайын. Американын Ганси авиабазасы жайгашкандан бери ызы-чуу түгөнбөйт. Деги Ганси бюджетке канча акча берет?
- Ганси авиабазасы менен 2006-жылдан бери келишим түзгөнбүз. Алар Кыргыз мамлекетине жыл сайын 17,5 млн доллар төлөп беришет. Төлөмдөрү республикалык бюджетке түшөт. Ганси 2006-жылга чейин 4.5 млн евро карыз болчу. Аны 2007-жылдын аяк ченинде төлөштү.
- Бюджет бекитилип жатканда ошол сумма да киреше катары каралабы?
- Албетте, республикалык бюджетке түшкөндөн кийин жалпы чыгашаларга ал да бөлүнөт.
- Алар Манас аэропортунун реконструкциясына биртоп каражат жумшагандай болушту эле. Ага кеткен чыгым аренданын эсебине кирбейби?
- Ганси арендадан сырткары Манас аэропортуна да төлөп берчү суммасы бар. Реконструкция маселесин Манастын жетекчилери менен чечет. Ал эми ижара суммасына кошулбайт.
- Ушул түшүп жаткан акчанын кыргыз бюджетине канчалык ролу бар?
- 17.5 млн доллар өтө чоң каражат деп айталбайм. Жакында Американын элчисин чакырып, ижараны көтөрүү боюнча сүйлөштүк. Ал Өзбекстан баш болгон башка өлкөлөргө ижара төлөбөйбүз. Эми мындан ары ижара акысын көбөйтпөсөк да, үзгүлтүксүз берип туралы деди. Бирок, муну менен эле калбай дагы сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз.
- Орустардын авиабазаларына мамиле кандай? Жетөгүздүн Койсарысындагы авиабазасы жашыруун эле дешет. Бизге билинген Канттагы авиабаза канча акы төлөйт?
- ШКУ жана ЕвразЕСке кирген өлкөлөр мүчөлүк төлөмдөрүн төлөйт. Биз аларга мүчө болуп жатканда, Кыргызстан өз мүмкүнчүлүгүнө карап, мамлекеттер аралык макулдашууларды аткарат деген келишим түзгөн. Ошого ылайык, биз орус авиабазасынын Кыргызстанга жайгашуусуна уруксат берип, ижара акысынан бошотконубузду өз салымыбыз деп эсептейбиз. Анткени, келишимде айтылгандай, жамааттык коргонууга кеткен чыгымды Орусия өз мойнуна алган.
- Бул өлкөгө болгон карызыбызды төлөп жатабызбы?
- Төлөп жатабыз. Жалпысы 184 млн сом карызыбыз турат. Мындан эки жыл мурун өзара сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында карыздарды төлөө убактысын артка жылдырган элек. Бирок, пайыздык төлөмдөр ошол бойдон калган.
- Орусия айрым өлкөлөрдүн карызын кечип жатат. Стратегиялык өнөктөшү катары Кыргызстандын карызын эмне үчүн кечпей жатат?
- Февраль айында каржы министрлигинин ЕвразЕС боюнча жыйналышы болуп, ошондо мен Орусия менен Белорусиянын министрлери менен жолугуштум. Бул темада сөз козгогонумда, алар "ойлонуштуралы, ниетибизде бар" дешти.
- Тышкы карызыбыз кандай абалда?
- Кайтарымдын эң көп суммасын төлөө ушул жылга туш келди. Тышкы карыздын өлчөмү өзү 2 млрд 200 млн долларды түзүп турат.
- Кредит алуу жагына токтоло кетсеңиз.
- Азыр бериле турган кредиттерди 75-100 пайызга чейин грант катары берсеңер деп өтүнүп жатабыз. Кээ бир мамлекеттик керектүү долбоорлорго грант алуу үчүн аракеттер бар. Мен ойлойм, грант менен келе турган жардамдарды ала беришибиз керек. Алынган гранттарды социалдык тармактарга багыттабай, өндүрүштүк реалдуу секторго да жумшасак жакшы болот. Завод-фабрикаларга сарптоо зарыл деп ойлойм.
- Карыздарды кечкенде кандайдыр бир шарты болот да. Кыргызстандын карызын кече турган өлкөлөр кандай шарттарын айтышты?
- Өзгөчө деле шарттар жок. ДБ, АзияБанкы жана Валюталык фонддун долбоорлору боюнча мамлекетти өнүктүрүү менен экономикалык өсүш тууралуу шарттарды коет. Андан сырткары, демократиялык принциптерди тутунуу жөнүндө кеп козгойт. Азыр "тикелей инвестиция" дейт эмеспи, ошол сыяктуу мамлекеттик гарантиясы жок келген инвестиция көбөйүп жатат. Себеби, салыктарды кыскартуу жөнүндө алгылыктуу аракеттер бар. Биз, мүмкүн болсо, ушул сыяктуу булактарды жоготуп жибербей, кармап калуубуз шарт.

Маектешкен Манас ОСМОН




  Оюн-чындан

Кыргызстанды "көкбөрүгө"алышканда...
Кыргыздар чоң оюнга кирип алышты. Буга чейин минтип өз элин көкбөрү тартмай боло элек эле. Шымаланып көк бөрү тартып киргендердин өздөрү да жүрөк-боору алынып, туюк тулуп экенин сезишкен деле жери жок.

Реформаларга чейинки, өткөн кылымдын 80-жылдарындагы орто кыргызды эстеп көрөлүчү. Уяттуу, токтоо, токпейил, сыпайы, жөнөкөй, эмгекчил, сабаттуу, маданияттуу, жөнөкөй болсо да өз турмушуна топук кылган адамдар эмес беле? Алар кайда кетишкен? Кайда жоголушту? Эч жакка кетишкен жок, алардын өпкө-жүрөгүн сууруп алып, базарга салган малдай кылып сатып жиберишти. Ким сатты? Биздин чиновниктер, начальниктер, саясатчылар, алардын аялдары, бала-бакырасы, бир туугандары. Жогорку бийликтегилердин ач көздүгү менен көркоолугун көргөн бийлик пирамидасындагы башкалар да элди сата башташты.
Кыргыздардын байгеге дегенде жата калаарын байкаган коңшулар да, эларалык шериктер да көк бөрүгө шымалана киришишти. Алар тартчу улак эми биздин эл, биздин жер, биздин экономикалык өз алдынчалыгыбыз болду. Аларды шыкактап, коштой чаап өзүбүздүн президенттер, депутаттар, министрлер, саясатчылар, бизнесмендер, журналисттер жүрүштү. Алар "машыктыруучулардын" айткандарын жаземдебей аткарып турган, намыс-арынан акчаны жогору кое тургандар болчу.
Адегенде Кумтөрдү сатышты. Анан менчиктештирүүгө өтүштү. Анын кантип, кандай жолдор менен ишке ашырылганы тууралуу кезегинде китеп жазылаар, ошондо бизде эмнеге аликүнчө "революциялар" "токтобой" "революционерлер" берген убадаларын эмнеге унутуп калганы түшүнүктүү болоор. Акыр аягында Кыргызстандагы саясый процесстердин кыймылдаткыч күчү мүлк маселеси болгону айкындалаар.
Жакында биздеги Япониянын элчилигин кайтарган милиционер менен сүйлөшүп калдым. Күн чыгыш өлкөсүнүн жарандарынын иштемчилдигине, тыкан, тактыгына суктанып келип, азыркы биздин турмушка өтүп, жакында эле түнкү рейдге чыгып, менчик мейманканалардын биринен кытай улутундагы картаң чал менен биздин мончоктой кызды кармап алышканын, ал кытай тиги кыздын бир жылдык окуусунун акысын төлөп бергенин, эми "акысын" алып жатканын айтып түтөп кетти.
"Ушундан кийин балдарымдын бетин кантип карайм? Мен жөнөкөй милиционермин, акчам жок, демек, мен балдарымды кимдир бирөөгө кул кылып бериш үчүн өстүрүп жаткан турбаймынбы? Мындай жашоонун кереги эмне?" дейт.
Угуп жатып, түгөл баарыбыздын жүрөк-боорубузду сууруй алышкан эмес турбайбы дейсиң. Адамдардын көөдөнүндө от күйүп жатат. Жакшылыктын оту эмес, өз турмушуна нааразы болгондон тутанган жалын. Адатта ыза болгондор терең ойлонуп отурбай, жөнөкөй, анан шар кетчү жолду тандашат.
Биздин элдин башы ачакейленип, бири Түндүк, бири Түштүк деп, дагы бири мусулманчылыкка баш уруп, дагы бири атеист, теңирчи, демократ, автократ, оңчулдар же солчулдар, бугулар, бостондор .... деги койчу, кимдер гана жок. Ошого жараша идеялар да ар кандай. Тилекке каршы, көбү майда, жекече, бүтүндөй өлкөнүн өнүгүшүнө жарачу бир дагы көз караш, принцип жок. Ошон үчүн баары бечел, бийлиги да, оппозициясы да, эл да. Идеялар алсыз, дух алсыз. Ошон үчүн бизди түшүнүшпөйт.
Кыргыз жерин көкбөрү тартмай али бүтө элек. Улак болгон өлкөбүздү эки башка маарага ташташканын 2005-жылы эле Андраник Мигранян айткан. Кытайлар, мисалы,Үзөңгүкуушту, 87 миң гектар жерди кен байлыктары, мөңгү катмарлары, таза суусу менен кошо алды, кыргыздар анын акысына Аксыдагы алты азаматтын өлүгүн, саясый туруктуулуктун бузулушун, президенттин өлкөдөн качышын алды.
Түштүктө "Кыргызстан" деген жиликтин чүйгүнүн тымызын, билгизбей күндөн күнгө көбүрөөк кесип алып жатышат, эл ооп кеткен жерлерге башкалар ээлик кылышууда. Алсыз бийлик же уйкуда, же өлкөнүн ичиндеги ойдон чыгарылган "душмандарды" аңдуу менен алек. Бул бийликтин көзү көр, тумшугу жыт билбейт, кулагы керең. Башы жок. Мурда баш болгон жерде өтүкчүнүн жибинин калдыгы жүрөт. Мурда өпкө-жүрөгү суурулган улактын тулкусун ичеги менен тигип коюшчу, азыр кармата берген жердин акысына келген кытай жиптери менен жамашат.
Эми жерди Казакстанга бөлүп бергенибиз эле калды.Төрт пансионат аз келгенсип, Каркыраны карматтык. Ушундан соң башкасы баш көтөрбөйт деп ким кепил болот?
Америкалык профессор Стивен Бланк Кыргызстанда официалдуу коррупция жана кылмыштуулук мурдагыдай эле башкы маселе бойдон калганын жазат. Бул кемтик анын коңшулаш ири мамлекеттердин алдында бечара болушуна шарт түзөт. Азыр Россия, Кытай, Америка аз келгенсип, эми Казакстан Кыргызстанга үстөмдүк кылууга аракет кыла баштады.
Көкбөрү деген ушундай оюн. Шайдоот аттар, шамдагай жигиттер, шадылуу колдор. Бизде дүйнөлүк эки ири державанын аскер базалары бар. Алсыз алдууга кор. Кор болбош үчүн эмне кылуубуз керек? Баарыдан мурда таза бийлик керек. Биздин күчүбүз биздин куралыбыз -- өлкөнү таза, адилет башкарууда.
Болот ЖУНУСОВ,
КР Өкмөтүнүн эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн
экс-башчысы