№41, 22.04.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Чакырык

Ысыккөлдүн аттуу-баштуу аксакалдары кайдасыңар?
Аттиң дүйнө, карагай черлүү Каркыра жайлоосу казактарга кетип жатканда ыйык Ысыккөлдүн баш көтөрөөр тың чыкмалары барбы(?), бар болсо бир үн катып коюуга жарашпайбы..? Аты элге алынган

1. Абдуразаков Ишенбай
2. Орозбаева Бүбүйна
3. Сооданбеков Жумагул
4. Чынгышев Турсунбек
5. Бийбосунов, академик
6. Исаев Кусеин
7. Алымбеков Эркин
8. Урманаев Султан
9. Малиев Арслан
10. Исабеков Кубанычбек
11. Өмүралиев Эсенгул
12. Акунов Бейшебай
13. Жакиев Бексултан
14. Акматов Казат
15. Султанов Омор
16. Жекшеев Жыпар
17. Мамакеев Мамбет
18. Иманбаев Сулайман
19. Ишемкулов Тилектеш
20. Турсунов Эрнис
21. Керексизов Ташкул
22. Байкожоев Мукаш
23. Сейдакматова Жамал
24. Өзүбеков Асылбек
25. Мураталиев Акылбек
26. Иманалиев Муратбек
27. Жапаров Садыр
28. Молдоташев Ишен
29. Сарыбаев Асанбек
30. Мусаев Сыртбай
31. Каниметов Жангороз
32. Барктабасов Урмат
33. Бекбасаров Рашид
34. Байжиев Мар

"Акыйкат үчүн" кыймылы
жана Коомдук парламент




  Баягы эле баягы,
Баялынын таягы

Оппозиция ойрону…
же "кыздын баласындай" өлкөгөбү?
Аз мурун жаздым эле: оппозиция өткөзчү саясый акция болор алдында уу-дуу кеп көп болчу эле, бу курултай болор алдында эл арасы дымып тургандай сезилет деп. Антип бекер айтпапмын, курултай оппозицияга да, элге да бир жаңылык же жанданууну алып келген жок. "Иттин уулу Байкара" билген нерселерди, абалды айтып, бийликке "силер минтпесеңер, биз минтебиз" деген тапталган акааратын жарыялап, курултайды тамам кылышты. Башкача болушу мүмкүн эмес эле. Анткени кийинки күндөрдөгү оппозициянын "жүрүш-турушу" ошол абалга апкелип такамак.

Билгендер билер, тээ ХIХ кылымдын аяк жагында ХХ кылымдын баш жагында орус оппозициясы (революционерлери дегенди ушинтип тергеп туралы) бирде күчтөнүп, бирде алсырап, кээде айласы кете калганда "эмне кылуу керек?" деген суроону коюп, анан ага "биз күткөн күн да келер" же "биз башка жол менен барабыз" деп баарын келечекке жүктөп турушкан эмеспи. Кандай болгон күндө да Орусияда революция ишке ашып, бир эле эл бирин-бири кырып, бир таптын, бир партиянын диктатурасы орноп… жыйынтыгын көрдүк, биз окшогон а кездеги караңгы жана аз сандагы элге жакшылык апкелгени менен "маданияттуу кулчулукта" жашап келбедикпи. Эми бу башка сөз…
Азыр кыргыз оппозициясы да эмне кыларын билбей, "эмне кылуу керек?" дегенге башын аябай катырып, бирок эмне кылуу керектигин билбей турган чагы. А турсун "биз баланча жол менен барабыз" деген так максаты жок. Эмне үчүн? Менимче, биздин оппозицияда дүйнөлүк масштабда калыптанып калган алгылыктуу традицияларга караганда кыргыз менталитетинин алгылыксыз деген, ошондойдон кутулсак деп жүргөн дурус эмес сапаттарга байланып, иш алып барганында. Маселен, оппозициянын алдыңкы катарындамын деп жүргөндөрдүн көбү бийликке таарынып келгендер. Алар жандүйнөсү менен оппозицияда эмес, жеке кызыкчылыктын, жеке мүдөөнүн айдамасында келгендер. Маселен, бир наристенин колундагы таттуу токочун тартып алса, ал ээ-жаа бербей бакырып ыйлап, токочун тартып алган немени жек көрүп, айласы болсо тытып жегиси бар. Мына ошол балага башка бирөө таттуу токоч берем деп көз жашын аарчып, эркелетип койсо, ал кишини жакшы көрүп калат. Ал эми жанагы токочун тартып алган неме аны балага кайра берсе, бала ошол кишини дароо жакшы көрө түшөт. Эгер бербесе, берки соороткон киши тарапта болот.

(Уландысы 4-бетте)




  Ой илик

- Казактарга тартууга кеткен Каркыра менен пансионаттардын кунун президенттин Казакстанга болгон сапары актадыбы?
Мирослав Ниязов, коомдук ишмер:
- Мен ойлойм, президенттер мамлекеттин жерин, элин өзүнүн менчигиндей көрүп, өзүм билемдик менен саясат жүргүзүп жатышат. Үзөңгүкуушту А.Акаев Кытайга кармата берди эле, эми бу президент Каркыра менен төрт пансионатты казактарга кармата берди. Казактарды түбөлүк досубуз деп атпайбызбы, биздин түбөлүк досубуз да, түбөлүк душманыбыз да болбошу керек, бизде түбөлүк кызыкчылык болушу шарт. Бул жер саткан саясатчылар тарыхта жакшы саясатчы катары кала албайт. Бүгүн элге так жана туура маалымат жетпей жатат, элдин бийликке болгон ишеничи жок. Ата-бабаларыбыздын сөөгү жаткан, түбөлүк "кыргыз" деген эл мекендей турган жерибизди сатканыбыз туура эмес. Алардын куну эч убакта акталбайт. Анткени алар кунга бааланбайт.

Дүйшөн Чотонов, экс-депутат:
- Каркыра деген кыргыздын тарыхый жери эле. Ага далил "Манас" эпосунда кездешет. Каркыра деген жайлоодо Көкөтөйдүн ашы өткөн. Ушул сыяктуу тарыхта аты кездешкен жайлоолорубуз саналуу гана. Анан ошол Манас атабыз көргөн касиеттүү жерибизди башка мамлекетке берүү бул кыргыз элин басынтуу деп билем. Ал жер бир гана көлдүктөрдүн же Санташ элинин жери эмес, ал жер жалпы журттун, мамлекеттин, кыргыз элинин жери. Ушуну ар бир кыргыз баласы жүрөгү менен сезип билсе… Аны биздин аткаминерлер түшүнгүсү келбей турат. Ал эми К.Бакиевдин Казакстанга болгон визити тууралуу эч нерсе айтпайм, барып-келип жүрө берсин.

Азимбек Бекназаров, экс-депутат:
- К.Бакиевдин Казакстанга болгон иш сапарында Н.Назарбаевге "Мына таксыр, айтканыңызды аткардык, 4 пансионат менен Каркыранын иши бүттү. Учурунда А.Акаев бүтүрүп бере албай койду эле, мына мен бүтүрүп келдим" деп жакшы көрүнүп келди. Мен ушундай ойлойм. Акталган жок.

Жаркынбек Касымбеков, саясатчы:
- Президенттин Казакстанга болгон иш сапары тууралуу коомчулукта эки тараптуу пикир айтылып жатпайбы. Менин оюмча жерге болгон орчундуу маселелерди бүгүн так, туура чечип албасак, глобалдаштыруу учурунда кыйналып калабыз. Жогорку Кеңештин дагы Каркыра менен 4 пансионат тууралуу буйрукту шашылыш бекитип берүүсү визитке байланыштуу болуш керек. Кийин бүгүнкү шашылыш жасалган кадамдар чоң ызы-чуунун башаты болуп калышы толук мүмкүн. Анын куну эч убакта акталбайт.

Амангелди Муралиев, коомдук ишмер:
- Мен айтат элем, президенттин визити менен Каркыра жана 4 пансионатты байланыштырып караган туура эмес деп. Менин байкашымча президенттин визити көңүл алмай маселе болду окшойт. Угушума караганда пансионаттарды 49 жылга арендага бериптир, бул стратегиялык деле маселе эмес. Ал эми Каркыра стратегиялык маселе, буга чейин эле Каркыра боюнча комиссия түзүлүп, каралып келген. Бышып жетилгени ушул учурга дал келип калды. Кыйын эле болуп калды, мамлекеттин мүлкү, жери тууралуу маселелерге кылдат мамиле кылышыбыз керек эле, эми кеч болуп калды го… Миң жолу визит болсо да Каркыранын кунуна татыбайт.

Тойгонбай Калматов, коомдук ишмер:
- Президенттин визити 4 пансионат менен Каркыранын кунун эч качан актай албайт. Ата-бабадан мураска калган, Манас атабыз баш болуп көз карегиндей сактап, бапестеп келген жерлерибизди сактап кала албасак, анда биз кимбиз? Айрым депутаттар айтып жатышпайбы, пансионаттарды арендага бердик, ал жерде биздин жарандар иштейт, жумуш менен камсыз болот деп. Менин күйгөнүм, арендага бергенден мурда ошол жерлерди мамлекеттин менчигине өткөрүп алып, анан ошол сөздү айтышпайбы. Ысыккөл Теңирден кыргыз элине берилген белек деп билсек болот, ошол жерлерибизди аздектеп, урпактарыбызга мураска калтыра албай турган учурубуз.

Даярдаган
Амантур Мусагулов