№41, 22.04.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Тарых барактарынан

Бийиктеги Бишкек-Ош жолунан билдиребиз
Бишкек-Ош жолу аркылуу сапар тарткан жүргүнчү аска- зоону аралаган бул жолдун кай замандарда, кандай эмгек жумшалып курулган таржымалына кызыгаары бышык. Ошондон улам тарых барагын ачып, окурмандар менен бирге өткөн заманга сереп салып, "ат жалына казан асып" көрөлү дедик. Өткөн тарыхын, салтын сыйлаган англичандар "Өткөндөгүлөрдү карап, баш кийимиңди чеч, келечекке карап, билек түр" дешет турбайбы.

1940-жыл. Сталин менен Молотов кол койгон токтом
Тоону тешип, тоннель аркылуу өткөн уникалдуу, татаал, бирок далай жүргүнчүнүн сапарын жеңилдеткен бул жолдун таржымалына көңүлүңүздөрдү бурар алдында мындагы бир документке кайрылып кетпесек болбостур. Мындан 68 жыл илгери СССР Эл комиссарлар Совети менен партиянын Борбордук Комитетинин Сталин менен Молотовдун колу коюлган документи көзгө чалдыгат. Андагы маселе Фрунзе-Суусамыр-Жалал-Абад-Ош жолун куруу жөнүндө жүрөт. Бул жолдун курулушу Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүнүн аралыгын жакындаштырууда чоң ролду ойной турганы баса белгиленген. Жолдун узундугу 420 чакырымды түзөөрү, бюджеттен 47.4 млн сом бөлүнө турганы, анын ичинен 20 млн сом союздук бюджеттен жана эмгекчилердин салымы аркасында 20.4 млн сом сарпталаары аныкталган. Жолду 1942-жылы аяктоо белгиленген.

Чачылганды жыйнап, үзүлгөндү улоо
Бирок, Фрунзе -- Ош жолунун курулушу 1942-жылы аяктаган эмес. Улуу жолдун акыркы 72 чакырымы 1965-жылы, ошо учурга белгиленген мөөнөтүнөн мурда бүткөрүлгөн. Ошентип, Фрунзеден Ошко чейин жол ача турган 600 чакырымдык жол -- тешкен тоо аркылуу автомашина кыймылы акыры ачылды. Фрунзе -- Ош жолунун курулушуна СССР транспорт министрлигинин бир нече башкы башкармалыгы: Главтоннельметрострой, Главмостострой, Трансвзрывпром башкармалыктарынын атайын курулуш мекемелери өз салымдарын кошкондугу маалымдалат. Ошондой эле бул автожолдун курулушуна Москва менен Ленинграддын метрокуруучулары (Бишкекке метро курабыз дегендер да ушу тажрыйбаны эске алып айтып жатса керек), Красноярск менен Баку шаарларынын проходчиктери, Өзбекстандын жардыруучулары менен Сибирдин көпүрө куруучулары катышкан. Кыргыздар менен бирге ага көп улуттун өкүлдөрү, орустар, украиндер, өзбектер, белорустар, тажиктер ж.б. катышкан.
Жолдун курулушу Тбилиси шаарынын мамлекеттик "Союздорпроект" долбоорлоо институтунун филиалы иштеп чыккан долбоор боюнча жүргүзүлгөн. Жолдун курулушунда бардыгы болуп 2500 адам иштеген болучу.
Бийик тоодогу бул автомагистралдын чындыгында эле Кыргызстандын эл чарбасынын өнүгүшү үчүн мааниси зор эле. Ал түндүктөн түштүккө карай созулуп, Чүй өрөөнүн Кыргызстандын түштүк райондору менен бириктирип тургандыгы маалым. Мурда борбор шаардан түштүк тарапка кетиш үчүн үч мамлекетти, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстанды басып өтсө, азыр андагы аралык дээрлик эки эсеге кыскарып, үч мамлекетти аралоонун кажети болбой калды, эми өзүбүздүн мамлекеттин территориясы аркылуу гана өтүүгө жол ачылды.
Бишкек -- Ош жолунун экономикалык, административдик мааниси гана жогору болбостон, жол боюнда жайгашкан райондорго да ыңгайлуу болуп, айыл чарба тармагын өнүктүрүүдөгү салымы чоң болду. 1964-жылы Фрунзе -- Ош жолунда деңиз деңгээлинен 3200 м бийиктикте турган тоннель эксплуатацияга берилген. Бул Чүй өрөөнүнүн калкына Суусамыр жайытында мал жаюу мөөнөтүн 2-3 айга узартты, малды тоо-ташты аралатып узак убак айдап өтүү түйшүгүнөн арылтты.
Бишкек -- Ош жолунун жалпы узундугу 600 чакырым болсо, анын 250 чакырымы бийик, татаал тоо кыркаларынан өтүп, бир нече ашууларды ашат. Төө-Ашуу ашуусу деңиз деңгээлинен 3600 м бийиктикте турса, Ала- Бел ашуусу 3200 м бийиктикте жайгашкан. Жол курулушу тоннелди, көпүрөлөрдү, байланыш түйүндөрүн, эксплуатация ж.б. андагы объекттерди кошкондо 54084 миң сомдук смета чыгымын түзгөн.
Жол курууда 11 млн куб метрден ашык топурак иштеп чыгарылса, анын 7 млн куб метр аска топурагы болду. Төө-Ашуунун 3200 метр бийик жеринде 2,6 чакырым болгон тоннель курулуп, 103 көпүрө (анын ичинде 6 ири) салынган. Бул жерге 40тан ашык турак жана жумушчу өндүрүштүк имарат, 200 чакырымдай жерге диспетчердик телефон линиясы тартылган.
Жол салуу мезгилинде аба ырайынын катаал шартына туруштук берүү талап кылынган. Жайкысын ысык 40-45 градуска жетсе, кышкысын ошончо эле градус суукка жеткен. Бул курулушта иштегендер чынында эле баатырдык көрсөткөнүн белгилесе болот. Ошол кезде Кыргызстандын Компартиясынын Борбордук Комитетин Турдакун Усубалиев жетектеп турганын коомчулук жакшы билет.
Бишкек -- Ош жолу Кыргызстандын тарыхындагы магистралдык эң ири курулуштардын бири болуп тарых барагына жазылып калды. Азыр бул жолго сапарга чыгып, түштүк тарапка жол тарткан адамдар бул жолдун курулушуна маңдай терин калтырып кеткен кишилерди алкоосу гана керек.

Жол курулушунда сыйлангандар
Фрунзе -- Ош жолу СССРдин эл чарбасындагы ири долбоорлордун бири болуп, аны пайдаланууга белгиленген мөөнөтүнөн эрте тапшырууга салым кошуп, өзгөчө эмгек сиңиргендердин дээрлик бардыгы СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйлангандыгы бекеринен эместир. Мында Ленин ордени менен 3 адам, Эмгек Кызыл туу ордени менен 10 адам, "Артыкчылык белгиси" ордени менен 22, "Эмгектеги каармандыгы үчүн" медалы менен 17, "Эмгектеги артыкчылыгы үчүн" медалы менен 16 адам сыйлангандыгы бул курулуштун бүткөрүлүшү өлкөбүз үчүн канчалык маанилүү болгондугун көрсөтөт.
Ары-бери Бишкек -- Ош жолунан өткөндөр жана элибиздин басып өткөн кечээки турмушуна сереп салгандар ушундай урунттуу окуяларды таба алат.

Даярдаган
Айгүл Бакеева