presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Кызыл таякчан маек

Токтосун Сатаров:
"Мен келгени паракорчулук байкала элек…"
Акыркы мезгилдерде борбор калаабыздын ичинде жеңил машинелердин саны улам барган сайын көбөйүп, көчө күн сайын тарып бара жатат. Көчөдө эл менен айдоочулардын ортосунда көптөгөн проблемалар жаралууда. Кээде машинелердин көптүгүнөн көчөнүн бир жагынан экинчи жагына өтүү кыйын. Калаада каттоодон өткөн жүз миңден ашык машина бар. Статистикалык эсептөөдө бир айда калаа ичинде алтымыштан ашык автокырсык болуп турат экен. МАИ кызматына билгизбей өздөрүнчө эсептешип бүтүрүп алышкандары канча? Ошондой эле шаардык ооруканада автокырсыктан жабыр тарткандар да көп кездешүүдө. Ушул көйгөйлөр боюнча шаардык автоинспекциянын начальниги, полковник Сатаров Токтосун Сапарбековичти маекке тарттык.

- Жыл башынан бери биринчи кварталдын жыйынтыгы менен эсептегенде Бишкек шаарында 175 жол кырсыгы катталды. Кыш катуу болуп, жол тайгакта көпчүлүгү сак болуп айдашты, ошол себептен өткөн жылга салыштырмалуу жол кырсыгынын саны 21,8 % азайды.
- Жол кырсыгын жасап коюп, качып кеткендер катуу жазаланабы?
- Аларды кармаганда дароо эле кылмышкерлерди убактылуу камоочу жайга киргизип жатышат. Тергөөдөн кийин сотко өткөрөбүз. Алар жасап жаткан эң эле коркунучтуу нерсе -- жөө адамдарды коюп кетүү болууда. Кандай айырмасы бар (?), бычак менен сайып кеткендин... Бул деген кылмыш. Эң башкысы --айдоочулар менен жөө адамдар бирин-бири сыйлоолору керек. Өзгөчө жөө адамдар өтө турган белгини сыйлабаган айдоочуларга мен аеосуз чара көрөм.
- Машиненин көптүгүнөн калаа ичиндеги көчө кесилиштеринде баш-аягы жок тыгылыш, "пробка" болуп калат. Ушул проблеманы кантип чечсек болот?
- Мунун баары түз эле каражатка келип такалат. Мындай факторлор Москва, Нью-Йорк сыяктуу чоң-чоң шаарларда, башка өнүккөн өлкөлөрдө деле бар. Бул эмнеден пайда болот? Элдин өсүшүнөн, элдин керектөөсүнүн жогорулоосунан. Ошого жараша биз да жолдун шартын оңдошубуз зарыл. Кантип? Жолду кеңейтүү менен. Болбосо, жер үстүнө же жер алдына жол салуу абзел. Шаардын кыймылын жолго салуу үчүн зор илим керек. Буга ошончолук каражат да талап кылынат. Муну чечүүнүн жолдору да табылат. Мисалы, чоң шаарларда так сандуу күндөрү так сандуу номердеги, так сандуу эмес күндөрү так сандуу эмес номердеги машиналар жүрүүсү абзел. Же болбосо бизде метро куруш керек. Эл өсүп атат, машинелер көбөйүп атат. Каражат болсо, бул маселе оңой эле чечилмек.
- Азыр калаадагы тар көчөлөрдү ого бетер тарытып, таксилердин бардыгы жол четине туруп алат. Же туурасынан тизип токтотуп коюшат. Ушундай кырдаалдан кантип арыла алабыз?
- Акыркы мезгилдерде бизде ушундай "мода" пайда болду. Жолдун четине балаты сыяктуу тизип токтотуп коюшат. Бул жол эрежесин бузуу дегендикке жатат. Аларга сөзсүз айып төлөтүшүбүз керек. Кээ бирөө таштап коюп кетип калат машинесин. Чет өлкөлөрдө мындай одоно көрүнүштөргө катуу чара колдонулат. Администрация тарабынан мындайларга айыпты чоңойтуу шарт. Бул бир, экинчиси "арест автомашина" деп коет, эч жакка жыла албагандай кылып дөңгөлөктөрүнө кулпу салып ташташат, айдоочу айдап кете албайт да. Ушундай "помеха" түзгөндөрдүн бардыгын машинеге жүктөп стоянкага алып барып салуу талапка ылайык. Ошондон кийин гана айдоочулар мындай ишке барбай калышат. Анүчүн алдын ала бүт айдоочуларга эскертишибиз керек, уккулары келбесе, өз убалдары өзүнө..
- Техкароолорду кандай жүргүзөсүңөр?
- Быйылкы техкароо боюнча биз республикалык МАИ, РИИБ жетекчилери менен чогулуп, бир чечимге келдик. Үчүнчү базада атайын машине текшере турган чуңкурлары бар, быйыл да катуу тартипте өткөрөлү деп турабыз. Бусиктерди оң рулбу, сол рулбу, кароодон өткөрө берчүбүз, быйыл андай кылбайбыз. Салыгын төлөмөйүн бир да машине техкароого кирбейт.
- Айдоочулардын кээ бири атайын окууну бүтүрбөй эле, акчага "айдоого укуктуу" күбөлүгүн сатып алышат экен. Кырсыктын көпчүлүгү ушунун кесепетинен болуп жатат да…
- "Айдоого укуктуу" деген күбөлүктү сатып алат дегенге анча кошулалбайм. Айдоочуларды начар даярдап чыгарып атат дегенге кошулам. Бүгүнкү күндө автомектептердин деңгээли аябай эле төмөн түшүп кеткен. Аларга коюлган принципиалдуу суроо-талаптардын начар болуп жатканына байланыштуу болуп жатат.
- Рейддерди кандай жүргүзөсүңөр, ай сайынбы же квартал сайынбы?
- Айына же кварталына деп күтүп отурбайбыз. Адегенде жол кырсыгын каттап, кайсыл жерде, качан, эмне себептен болуп атат деп анализдеп чыгабыз. Анан ушул боюнча график түзөбүз. Азыр "крутой" рейдин уюштуруп жатабыз. Буга республикалык, Чүй райондук инспекторор да катышат. Министрдин орунбасары Субанов өзү кол койду буга.
- Паракорчулук бардык жерде эле бар эмеспи. Сиздердин кызматкерлерден көмүскө акча алып кармалгандары болсо керек?
- Мурда болсо болгондур. Мен келгени азыр мындай фактылар жокко эсе. Андай арыз менен келгендерден кудай сактасын. Айдоочуларга орой мамиле жасап койду деген фактылар бар. Акча талап кылды деген арыз азырынча түшө элек. Мен жол эрежесин бузбасам деле протокол түзүп, жазып койду деген фактылар бар. Анын чын-төгүнүн текшеребиз, бирок протокол жөндөн-жөн эле жазылбайт, айдоочу бир жаңылыштык кетирген да…
- Казакстандан келген оң жак рулдуу машинелер жол кыймылына тоскоол болгон жокпу?
- Оң жак руль менен айдагандардын кырсыкка кабылганы боюнча биз каттоо ишин жүргүзүп жатабыз. Көчөлөрдүн автокыймылы бир жактуу болсо, буларга да жеңилирээк болмок. Бизде андай аз санда, ошо себептен оң жактуу рулдуулар көп учурда башка машинелерге тоскоол болот. Жакында чет өлкөдөн оң рулдуу машинелерди сатып алуу токтойт.
- Көчө маршруту менен жүрүшкөн мини-автобустар каалаган жерлерине токтой беришет. Башка машинелерге көп тоскоол болушат, ушуларды жөнгө сала аласыңарбы?
- Азыр ошолордун үстүнөн иш жүргүзүп жатабыз. Эл ташыган алгачкы бусиктер менен азыркынын айырмасы бар. Алар аялдамаларда гана токточу. Бара-бара өзгөрүп, эл да ошого көнүп алышкан. Бул боюнча айдоочуларга алдын ала бир канча эскертүү берилет, аткарышпаса, сөзсүз айып төлөшөт.
- Автоинспектордук кызматка кадрларды кантип тандап аласыңар?
- Биринчиден, техникалык жактан билими болуш керек, автожол техникумун же институтту бүткөн диплому болуусу зарыл. Техниканы, жол кыймылын кандай билет, текшерип, ылайыктуу болсо, автоинспекциялыгына алабыз. Аларды кайра бир окутуп, даярдап чыгарабыз.

Маектешкен Саадатбек Мырзакулов









??.??