№40, 18.04.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Жумасереп

Ажонун жалгыздыгы.
Аткаминерлердин "кесме илмейи"
  Кызык эле турмуш болуп жатат. Эшегине жараша тушагы деп, накта ушуну айт. Элине жараша президенти, президентине жараша парламенти, парламентине жараша өкмөтү, өкмөтүнө жараша министри, иши кылса, уланып кете берет. 

Керек болсо, бийлигине жараша оппозициясы десеңиз да болчудай, чиркин. К.Б. бийлиги келгенден бери өлкө саясаты аңги-дүңгү. Өздөрү мактанып жатышат, оңдук, жыргадык, мурункуга караганда 30 пайызга көп салык жыйналды, ички дүң продукциянын көлөмү өстү, айлык акылар көбөйүп жатат деп. Бирок, эмненин эсебинен өсүп жатабыз? Аны айткан киши жок. Өндүрүшү жок өлкөдө өсүү процесси токтойт. Мамлекет кредит сыяктуу жөлөк пулдун эсебинен күн көрүп калат. Дүйнөлүк Банк, Азия өнүктүрүү банкы, Ислам банкы же ушундай балекет-салекет банктардын улагысынан чыкпай, тилемчилик менен кол куушуруп отуруп берет. Анан муну кадыр колко кылып, эл багып атабыз деп ойлошот экен биздин чоңдор. Кечээ бир Акаевчил "акам" айтып жатпайбы, "2004-жылы төңкөрүш болбой турганда Аскар Акаевич тышкы карыздарды кечтирип жибермек" деп. Мунусу, көбүрөөк уурдап кеткенге үлгүрүп калмак дегенди түшүндүрдү. Баалардын дүйнөлүк деңгээлде көтөрүлүү мезгилинде 30 же 50 пайызга чейин көбөйгөн айлык акылар өсүү темпи же экономикалык тенденциянын "улуу көрсөткүчтөрүнө" кирбейт. Өсүү жок эмес, бар. Мисалы, көмүскө экономика өсүп жатат. Мыйзамсыз кирешелерди легалдаштыруу багытында биртоп алгылыктуу жылыштар болгонун танбайбыз. Инфляция болсо, 30 пайызды чапчып жыгылды. Коррупция, уурулук, тоноочулук, адамдын кыжыры келчү фактылар күн сайын өсүп баратат. Министрлердин кейпин айтпай коюуга болобу? Мисалы, бизде жөн эле министр болуп коюу деген түшүнүк бар. Муну көйрөңдүк үчүн деп түшүнсөңүз да болот. Ишке "не серьезный" мамиле кылган "бастыктарыбыз" элди башкарып жатышат. (Казактын калониясында калып бараткан эл ушинтип казакча сүйлөп калат да). Өткөндө президент Акүйдө "Акжолчуларды" кабыл алды. Депутаттардын көпчүлүк бөлүгү кечигип келсе, урушуп жатат. Урушканда эмне, элине, президентине жараша парламент түзүлгөнү жалган беле? Дагы бир отурумда Айыл суу чарба жана кайра иштетүү министринен өлкөдө канча гектар сугат жер бар десе, анысы ийин куушурат. Билбейт экен. Министр дегениң уктап жатканда айтпайбы, өз тармагынын өйдө ылдыйын. Эми ушул министр дыйкандын кайгайын кантип чечет деген суроо туулат. Президент Айылдык банкты эмнеге ачты? Өкмөттөн берилген жардамдар дыйкандын колуна жеткичекти он эсеге кымбаттайт экен. Министрдин, депутаттын, губернатордун, акимдин деле биздикиндей бир тууган, тага-жээн, күйө-бала сыяктуу карындаш уругу бар да. Алардын колу менен колдон колго өтүп, араң дегенде дыйканга жетет. Анан күзүндө чөнтөгүн кагып берип отуруп калат тиги байкуш. Ал эми Айылдык банк ортомчусуз, накта, тикелей дыйкан менен иштешип жатпайбы. Айыл чарба министри дыйканды коргоп, колдоп алалбаса, андай министрдин кимге кереги бар? Жана сөзүмүн башында айталбай кеттим эле, эми айтайын. Президент чоңдор боюнча факты бергиле, мен чарасын көрөйүн деп келет. Бирок, факты берилген менен кайсы "жегич" министрине чара көрдү? Эч кимисине. Кайра алар кызмат орундарын которуп, же башка кызматка көтөрүлүп кетишти. Дагы бир факт. Өткөн жумада салыктар жана жыйымдар комитетинин төрагасы Темирбек Курманбековду кабыл алды. Президент сурап жатат, Карасуу районунун акиминен даттануу арызы келди. Сиз аким менен кеңешпей туруп, салык инспекциясынын ачендигин кызматтан алып, ордуна башкасын коюпсуз таризинде. А Темикебиз айтып жатат, аким сунуштаган талапкер мурда салык инспекциясында иштебеген деп. Сунуштаса балким сунуштагандыр. Анысына ак чөп башта дейли. Бирок, акыл эстүү аким Токтосун Барманов кантип эле салык системасынан кабары жок бирөөнү салыкка түртсүн. Макул президент билбейт экен. Бирок, Карасуу салык инспекциясы, Өзгөн инспекциясы жана Ош шаардык инспекциялары ызы-чуу болуп, бейкүнөө иштен кеткендер Темкени сотко бербеди беле? Карасуу райондук салык башчылыгына жаңы дайындалган ачендик Махмут Саттаров мындан мурда 4 жолу начальник болуп, 4 жолу "зам" болду го чиркин. Ал киши ээрден куласа да үзөңгүдөн буту чыкпаган неме. Темирбек Курманбеков президентке жалган айтканы менен Махмут Саттаров сыяктууларды кантип, ким аркылуу кызматка койгонун жакшы билебиз. Ош шаардык салыкка дайындалган Каныбек Ормонов кайсы депутаттын агасы экенин да элдер билишет экен. Мына, президенттин кадрлары. Оппозиция айтып жатпайбы. "Президенттин командасы жок" деп. Бар, алар, Сапарбек Балкыбеков, Темирбек Курманбеков, Арстанбек Ногоев, Медет Садыркулов, айта берсең тизме улана берет. Президент бүгүн өлө жалгыз. Командасы ушулар болсо, кыргыздын пешенесине ат тепкен экен дегенден башка арга жок. Өзү айтмакчы, жарык-жазда тезек терип, кем-карчты бүтөй берүү керек. Мындай чоңдору менен Кыргызстанды кайда алпараары күмөн. Туңгуюкка кептелдик, чыгыш жол жок сыяктанат.

Манас ОСМОН




  Оппозициядан айгай

УТРК бир ууч чиновниктердин менчиги эмес, элдин менчиги
  Биз, "Акыйкат үчүн" коомдук кыймылы жана Коомдук парламент, УТРК менен өкмөттүк жалпыга маалымдоо каражаттарынын Элдик Курултайдын жыйынтыгына болгон мамилеси элдин таламдарына каршы багытталгандыгын билдиребиз. 

Элдик Курултайды өткөрүү зарылчылыгы Президент К. Бакиевдин 2005-жылдын 24-мартынан кийин берген убадаларын аткарбагандыгынан, анын элдин эркине жана кызыкчылыгына каршы саясат жүргүзгөнүнөн улам келип чыкты.
Курултайга республиканын бардык областтарынан, 15 саясый партиядан жана 30дан ашык коомдук уюмдан делегаттар, кыргыз элинин тагдырына кайдыгер карабаган коомдук ишмерлер, ошондой эле эларалык уюмдардын жана чет мамлекеттердин өкүлдөрү катышты.
Тилекке каршы, УТРК бүткүл Кыргызстан калкынын өлкөдө болуп жаткан окуялар жөнүндө туура, так маалыматты өз убагында алуу жана таркатуу боюнча конституциялык укуктарын этибарга албастан, республиканын Нарын, Ош, Баткен, Жалалабат, Талас, Ысыккөл, Чүй областтарынан келген 1500гө жакын делегаттын, 2000дей эл өкүлдөрүнүн, саясый партиялардын, коомдук уюмдардын өкүлдөрүнүн ой-пикирлерин бурмалап, так эмес маалымат берди.
Бишкек шаарынын Кожомкул атындагы Спорт сарайында 12-апрелде өткөн Элдик Курултай мазмуну жана уюштуруучулук жагынан жогорку деңгээлде өттү. "Акыйкат үчүн" коомдук кыймылынын лидерлери Ө.Текебаев, Т.Сариев, А.Эркебаев жана А.Жекшенкулов өз докладдарында өлкөдөгү саясый, экономикалык жана идеологиялык абал жөнүндө маалымат берип, өлкөнүн өнүгүү келечектери жөнүндө программалык билдирүү жасашты.
Делегаттардын сүйлөгөн сөздөрү, залда олтургандардын маанайы аларда жогорку патриоттук сезимдин жана кыргызстандыктардын жашоосун жакшы жагына өзгөртүүгө, руханий жактан кайра жаралууга, демократиялык өнүгүүгө умтулуу бар экенин көрсөтүп турду.
Ошондуктан, мындай маанидеги саясый окуя болот деп күтпөгөн бийлик төбөлдөрү өлкөнүн коомчулугуна Курултай жөнүндө маалымат берүүнү каалабастан, эки күн бою маалымат берген жок. Ошондон улам УТРК жана өкмөттүк жалпыга маалымдоо каражаттары калкты дезинформациялоого жана Курултайдын делегаттарын жаманатты кылууга аракет жасашты. Бирок, алардын бул иши оңунан чыккан жок. Анткени, кыргыз эли нукура чындык менен жалганды айырмалай билген эл.
Биз Кыргызстанда адам укуктары, өзгөчө сөз эркиндиги, жыйын өткөрүү эркиндиги, жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндиги одоно бузулуп жатканын билдиребиз.
Мына ошентип, ар кайсы деңгээлдеги мамчиновниктер тарабынан Кыргыз Республикасынын Конституциясы, БУУнун Адам укуктары жөнүндөгү конвенциясы, ОБСЕнин документтери жана ички, тышкы эларалык мыйзам актылары бузулуп жатат.
"Акыйкат үчүн" коомдук кыймылы жана Коомдук парламенти Кыргызстан жарандарынын укуктарын басмырлап жаткан мамчиновниктер жана журналисттер жоопко тартылышы зарыл экендигин билдирет жана өлкө Президентинен салык төлөөчүлөрдүн каражатынын эсебинен кармалып турган УТРКда реалдуу реформаларды жүргүзүүнү талап кылат. УТРК жана өкмөттүк жалпыга маалымдоо каражаттары чиновниктер тобунун эмес, элдин менчиги болуп эсептелет.

"Акыйкат үчүн"
коомдук кыймылы жана
Коомдук парламент