№39, 15.04.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Ыркече

Ильяз Абдразаков:
"Мен эч нерседен коркпойм"
Өткөн айда Ильяз Астана шаарына барып, казак боордошторго концерт берип келген эле. Эми майдын бешинде казак досу Кайрат Нуртас менен Бишкек калаасында чоң программадагы концерт тартуулаганы жатат.
Кайрат ата-энеси менен досу Ильязга мейманга келишет. Бир айдан бери буту-бутуна тийбей Ильяз ата-энеси менен бирдикте кыргыз элинин салт-санаасы менен досун тааныштырсам деп чуркап жүргөн убагы.

- Ушундай кыйынчылык, кымбатчылык убакта элимди "эларалык достук" менен чыңдап, ар улуттан дос таап алып келип, эки элдин ынтымагын бекемдейм. Ушул концертим ийгиликтүү өтсө, эмкиде Орусиядан тапкан досторумду чакырам, кыргыз элин дүйнө жүзүнө таанытам, - дейт Ильяз.
- Ильяз, көпчүлүк жаштардын ырларын аранжировкалайсың. Улуу муун да кайрылабы?
- Биздин сыймыктанган Сыймык агаларыбызга чейин аранжировкасын жасап берип жүрөм.
- Продюсериң жок экенин билебиз, жалгыз бардыгына кантип жетишип, өзүңдү-өзүң каржылап жатасың?
- Мен башынан эле өзүмдү-өзүм каржылап көнүп калгам. Ата-энем Бишкек шаарында жашашса да, мен өзүмчө бөлүнүп кеткем. Апам тогуз ай көтөрүп, түн уйкусунан калып, бешик терметип чоңойтсо, чоңоюп алып дагы бак десем туура болобу? Анын үстүнө мен күндүр-түндүр даңкылдатып музыка ойноп, аларга тынчтык да бербей коюшум мүмкүн. Ошон үчүн өзүмчө жашап, өзүмчө иш кылып, ошону менен бирге эле даңгыр жолумду өзүм түзгүм келет.
- Ырчылар кечкисин тойдо гана ырдап калышпадыбы, сен тойлордо кандай акы аласың, кимдерге барасың дегендей…
- Тойлорго деле атайын ставка койбойм, тааныштар, туугандар чакырышат, барып ырдап берем.
- Май айында концерт бергени жатасың, концертке көрүүчүлөр келбей коет деп коркпойсуңбу?
- Мен эч нерседен коркпойм. Ишимди баштадымбы, артка кайтуу жок. Концертимди өткөрөм, аншлаг менен өтөт, буюрса.
Карап туруп ичиң жылыйт, кыргыздын кара тору жөнөкөй уулу эртеңкисине ишенич менен карап, алдыга ишенимдүү кадам шилтегенине.

Аязгүл Жаанбаева




  Жылдыз төлгө

(14-20 -апрель)
Кой
Күч-кубатыңыз ашып-ташып турган маал башыңызды айлантпасын. Каалаганыңызды кылып, кеп жебес болуп албаңыз.

Букачар
Бул жумада таңкаларлык, жообун таба алгыс көп нерселер болуп кетет. Буга таң калбай деле коюңуз, акыры көптөн күткөн тилегиңиз ишке ашат.

Эгиздер
Каныңызда кызуу кандуулук ойноп, ойлонулбаган иш-аракетти жасап жибересиз. Эгер жуманын башында алдыңызда тоскоолдуктар толуп турса, жуманын ортосунан тартып, жолуңуз ачылат.

Чаян
Эл алдында калп эле өзүңүздү кыйын көрсөтө бербеңиз. Токтоолук кылыңыз. Эгер эс алып, сапарга аттансаңыз, жагымдуу окуяларга кабыласыз.

Арстан
Жума бою жулунуп, шашып-бушуп жүрөсүз. Бирок ары-бери чарпылбай турсаңыз, мурдагы аракетиңиздин аркасы менен ийгилик сизге өзү келет.

Бийкеч
Жаз айы сизге жагымдуу таасирин тийгизет. Маанайыңыз болуп көрбөгөндөй ачылып, "итиңиз чөп жейт". Таарынышып жүргөндөрүңүз болсо, тез эле тил табышасыз.

Тараза
Жумушта чоңдордон жеме угасыз. Бирок алардын сөзүнө бир аз эле чыдап койсоңуз, баары өз ордуна келет. Алыс жолго чыкпаганыңыз оң.

Бөйөн
Баарын таштап, көз көрбөс жакка кетип калсам деген оюңуз ишке ашпайт. Азырынча ишиңиз чачтан көп болот. Андыктан бул жума сизден чыдамдуулукту талап кылат.

Жаачы
Ашыкча чыгымдын алдын алыңыз. Дүкөн кыдырбай, досторуңузду кыдырыңыз. Эң жакшысы үйдө болгонуңуз, эч жакка чыкпай деле койгонуңуз оң.

Текечер
Жакын санаалаштар менен пикир келишпестик келип чыгат. Бирок аны өз колуңуз менен жөнгө сала аласыз.

Суу пери
Тез арада өзүңүздүн кызмат ордуңузга барыңыз. Ишиңизден ийгилик табасыз.

Балык
Көңүлүңүз көкөлөп учат, ишиңиз абдан оор, бирок жемиштүү болот. Кыялкеч жолугушууларга чыгыңыз.