presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Уруу сүрүшмөй

Кызыл туу кытай-калмактын туусу экенин билесизби?
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Досбол Нур уулуна ачык кат
Урматтуу Досбол мырза!
"Агым" гезитинин 4-мартындагы санында "Кызыл туу болуп ичкилик турган" деген аталышта берген маегиңизди окуп алып, сизге кат жазууну ылайык көрдүм.
Өзүңүзгө маалым, мен былтыр кыргыздын баатыр уулу Чолпонбай Түлөбердиевдин юбилейин өткөрүү боюнча комиссиянын мүчөсү катары бир топ интеллигенттер менен чогуу сиз менен жолукканбыз. Ошондо "Манас" бул жомок дедиңиз эле. Арадан бир жыл өтүп-өтпөй, оюңузду 180 градуска буруп, "Манастан" кеп козгоп, Борбор Кызыл туу болуп, ичкилик борбордо турган, оң, сол канаты эки жагында болгон деп чоң тарыхчы катары чыга келдиңиз.
"Манас" эпосу демекчи, Жусуп Мамайдын вариантында:
"Калмактардын элинде,
Ногой деген бар экен.
Бүтүн калмак элинде,
Атактуу бай ал экен.
Жердеген жери Ногойдун,
Балыкарт деген жай экен.
Алооке калдай Жакыпты,
Ногой байга бериптир.
Ногойдун эли деп жүрүп,
Аталып ногой кетиптир..." - деген кызык маалымат бар.
Ал эми, атактуу манасчы Сагымбай Орозбаковдун вариантында:
"Ногойдон калган кызыл туу,
Оболотуп таштады... (СО, 1, 79.)
Кызыл байрак туу менен,
Кыйгыйлаган чуу менен,
Кытайдын зору Эр Коңур... (СО, 3. 104.) - деген саптар бар.
Демек, бул эки манасчынын вариантынан улам, Кызыл туу кыргыздын эмес, кытай-калмактын туусу болуп чыга келет. Ушуну көңүлүңүзгө түйүп, кулагыңызга күмүш сырга кыла жүрсөңүз. Баса, тарыхта далилденгендей, ата-бабалардын туусунун түсү көк болгондугун билбейсизби? "Биздин туубуз кызыл" деген сөз, негедир менин кулагыма "Мен калмакмын!" деп ураан салып жаткандай туюлат. Же эмне, сиздин уруу (тактап айтканда, жалпы ичкилик уруусу) калмакка караштуубу? Баса, "Агым" гезитинин 14-марттагы санында сизди саяк деп жүрдү эле?..
Дагы бир нерсе! Манастан кеп башталып калды. Эгер өзүңүздү чыныгы кыргызмын деп эсептесеңиз, эмне үчүн кабинетиңизде Манастын сүрөтү жок? (мисалы, Президенттин кабинетинде бар). Мен кыргызмын деп, кыргызча ойлонгон жан эң ириде ушундай жөнөкөй нерседен баштаганы туура го дейм?..
Оң, сол, ичкилик демекчи. Мен мындан үч жыл мурда так ушул үч уруунун негизинде керек болсо үч партия түзүү идеясын айткам. Келечегин ойлогон улут басып өткөн тарыхына сереп салып, учур менен жашайт. Ар бир мамлекет коомдук өнүгүүнүн кандай гана жолун тандап албасын, өзүнүн улуттук стилин, моделин, байыркы бабалары баскан жолун өз мезгилине, дооруна жараша модернизациялап алат. Демократия деп кыйкырганың менен демократиянын ар бир мамлекет өзүнүн улуттук өзгөчөлүгүнө, менталитетине салып жууруп албаса, өнүгүү эч качан болбойт. Биздеги АКШнын ашынган демократиясынын жемишин көрүп эле жүрөбүз. Ошол сыяктуу оң, сол, ичкилик партиясын түзүү идеясында: байыркы бабалар түзгөн жолду улаган коомубуздагы сырттан келген көп партиялуулук системаны улуттук өзгөчөлүгүбүзгө салып ишке ашыруу жатат. Кылымдар бою иштелген ошол үч канаттын мыктылары мамлекеттик бийликтин үч бутагын колуна алып, тең салмакта таразалап келечекти көздөй иш алып барса, бизде жылыш болоор эле. Учурдагы Түндүк-Түштүк, оппозиция деп бөлүнгөн ириген саясат да жоюлмак. Өткөндөгү парламенттин шайлоодон түштүктөн көп добуш ала албаган партиялардын өтпөй калышы буга далил. Ошондой эле бийлик партиясы жана оппозициялык партия деп эки-экиден тытышпай, ортодо баланс турмак.
Досбол мырза, сиз урууларды козгоп жаткандарды журтбузарлар деп айыптап, кайра өзүңүз уруучулуктан кеп козгопсуз. Карапайым калк айтса жарашат, бирок официалдуу бийлик өкүлү, өзгөчө кыргызда бир уруунун колуна Кызыл тууну көтөртүп, ага артыкча статус берип борбордо тургузуп койгонуңуз азыркы мамлекет башчысына сокур кошомат кылганыңыз эмеспи.
"Башкасын айтпасак да, эң башкысы ар бир кыргыз патриот болушу зарыл" деп айткан сөзүңүздү оболу сиз иш жүзүндө далилдеп бере аласызбы? Март төңкөрүшүнөн бери мамлекеттик үлкөн кызматтарда жүрөсүз. Билим берүү министри болуп турганыңызда элита мектебин ачуу тууралуу ойлонбостон, ошол элита мектебиңиздеги балдарга кандай билим берүү жөнүндө ойлонсоңуз болмок экен.
Плоских жана Осмонов деген окумуштуулар тарых китебинде "Кырк кызды ит боозутуп койгондон кийин, кыргыз деген улут пайда болгон деген легенда бар" деп жазышыптыр. Ал китеп болгондо да окуу куралы. Сиз тарыхчымын деп төш койгулагандан көрө, патриот болсоңуз, кыргыздын душмандары идеология катары ойлоп табышкан ошол маскара-шылдың легенданы балдардын мээсине куюп окуттурбай, мектеп программасынан алдырып койсоңуз болмок.
Эми деле кеч эмес. Билим берүү системасы түздөн-түз сизге баш ийет. Ошол легенданы алдырып коюуга кудуретиңиз жетеби? Же... Анда эле сиздин саяк экениңизде, ичкилик экениңизде, кыргыз экениңизде шегим бар.

Анарбек УСУПБАЕВ









??.??