№38, 11.04.08-ж. Кыргыз гезиттер
  ТҮГӨНГӨН САЙЫН ТҮТӨГӨН

Тирүүлүктө өзүн сактоонун улуу инстинктин туу тутуп, жер бетин мекендеген ар түр эл өз этносунун жашоо чөйрөсү жана тирлик өткөрүүнүн эң ыйык дөөлөтүн, Атажуртун муундан-муунга мурастап келатышат. Атажурту жок эл куураган даракка окшош. Жери болбой эли болбойт. Өз жери жок мамлекет да жок. Атажуртунан, мекенинен айрылып, келечегин кошо жоготкон азыркы палестиналыктар менен курддардын башына түшкөн балээден ашкан кайгы жок бул жашоодо.
КӨТӨРҮЛ КЫРГЫЗ, САЗДАН ЧЫК!
Тагдырдын түбөлүк куугунтугуна кабылган бул эки элдин укум-тукумдары жедеп айласы түгөнгөндүктөн, өз башына түшкөн бактысыздыгы үчүн башкалардан өч алгысы келгендей ажаанданып, катаал ырайымсыздыктарды жасап келатышат. Кыскасы, алар "балким биздин үнүбүздү угушаар… түшүнөөр… а балким оңдой берди болуп бизди мамлекеттүүлүгүбүздөн айрылткан тарыхый акыйкатсыздыктын жоюлушуна жардам беришер" деген ишке ашпас үмүттөргө чарпылып жүрүшөт. Тарыхты так кесе артка кайыруу дегеле мүмкүн эмес. Өз чыканагыңы кырча тиштөө мүмкүнчүлүгү болбогондой иш бул. Ар нерсенин өз мезгили болот. "Күлүк күнүндө, тулпар тушунда" дейт эмеспи элибиз.
Тирүүлүктө өзүн сактоонун улуу инстинктин кут туткан Кыргыз эли миңдеген жылдардын кыямат-алааматынан аман өтүп, түпкүр кылымдардан бери өз тили менен өзгө маданиятын, улуту ээлеген мекени менен мамлекетттүүлүгүн сак сактап, бизге жеткирди. Ата -бабаларыбыздын мындай албандыгын, тирүүлүккө тик баккан улуулугу менен баатыр жашоосун айтууга, даңктоого сөз жетпечүдөй.
Бирок, азыркы кыргыздар жөнүндө мындай сыймык сөз айтуу анча орунсуздай сезилет. Кечээ эле жашап өткөн улуу муундар каны менен терин аябай топтогон байлыкты кыска мөөнөттө талап-тоноп жок кылган биздин муун мактоо түгүл, ардуу сөз айтууга арзыбайт. Биздин көз алдыбызда келечек балдарыбыз менен небере-чөбөрөлөрүбүз пайдаланып, жашоо улантуусуна тээк болучу табият кен-байлыктары, өлкө ресурстары жырткычтык менен жок кылынууда, айыл чарба жерлери арыктап, такырланып, көлдөр балыксыз калуу коркунучуна кабылууда. Булардан да коркунучтуу нерсе: мекенибиздин түштүгүнөн ажырап калуу уламдан-улам ачык байкалууда. Өлкөнүн территориясы ала болгон адамдын терисиндей жыйрылып кичирейип баратат. Сырткы чегаралар жыландай ийрелеңдеп, эмнегедир ичкери сойлоп, айрым аймактарда ондогон километрге чегинип, миңдеген чарчы жерлер коңшу мамлекеттердин колуна өткөнү туру. Өтүп да жатат.
Биздин жолубуз неге мындай татаалданып, эмне деген катаалдыктар тооруп калды? Кандай кара күчтөр калдайган калкыбыздын он миңдеген, жүз миңдеген өкүлдөрүн бөтөн эл, бөтөн журттан бакыт издетип кетирип жатат?
17,5 жыл илгерирээкте эгемендик өзүнөн-өзү келип берди. Кыргызстан эркин, көзкарандысыз, ошол эле учурда өзүнөн-өзү запкы жечү, өзүнөн өзү коргоно албас абалга тушукту. Мурда мамлекеттик жана элдик эсептелген байлыктардын баары ээсиз жана эчкимге тиешесиз болуп чыга келди. Каалашыңча уурдап, тоноого жол ачылды. Бүтүндөй өлкө зордук-зомбулук менен карактоого көздөрү кызарган талоончулардын колуна салынып берилди. Бечара-байкуш өлкө менчиктештирүүнүн безгек оорусунан калчылдап да, титиреп да, онтоп да турду. Бийлик, байлык, акча менен пайданын чаңкоосуна чалдыккан кыргыздардын көздөрү тумандай түштү. Өлкөнү ар тараптуу талоонун мыйзамдыштырылган жолу азырга дейре "менчиктештирүү" деген ат менен улантылып келатат. Аталышы жакшы, илимий болгондуктан, андай талоончулар уялбай, этпей баягыдай эле эл бийлигин менчигине басып калып жатышат. Ошентип, Кыргызстан көптөн бери жапайы бозуган абалда ооруксуна онтоп турат.
Бийликсиздик менен айласыздык алсыраткан 17,5 жыл. Ооба, кайсы бир бийликке окшош нерсе короңдоп да, сороңдоп да келатты. Алардын жетегинде биз бирде Швейцариянын, бирде Кореянын үлгүсүндө өнүгүүгө, бирде Туркиянын жолун жолдоого үмүттөнүп, жадыбызга жарашпас тажрыйба жасоо кыялдардан жадабай келе бердик. Акыры ал тажрыйбалар өз башыбызга муш болуп, ой-мүдөөсү былык, өң-далаты коркунучтуу, анан да жаны бекем авторитардык бийликтин жаралышына жол ачты. Мындай бийлик режиминин таянычы менен түркүгү ишенимсиз болгондуктан, тынчсыздануудан башка татыктуу нерсе жарата албайт эмеспи.
Ачкөздүк менен тез баюуга жанталашкан алар өздөрүнө окшошторду, акча көзүнөн учкан мандикер чампалаган колектерден бетер көбөйтө баштады. Ошентип, Акаев чампалаган колек-аткаминерлердин армиясы бийликтин дубалына жармаштырылып, мамлекеттин заңгыраган имаратынын кейпин кетирип, ылай менен чылага батырды. Аны токтотууга жана оңдоп-түздөөгө жөндөмдүү саясый күчтү бүткүл өлкө боюнча күндүз чырак кармап издеп таба албай келатабыз.
Өткөн жылдын күзүндө биз билген улуу мамлекеттин башчысы эл алдына чыгып, көп миңдеген адамдар чогулган аянтта программалык сөз сүйлөдү. Өлкөнүн мындан аркы өнүгүшү жөнүндө айтып жатып, өткөн токсонунчу жылдары мамлекет түшкө кирбес чаң-тополоңдорду баштан кечиргенин эске сала кетти. Ошондо көп миллиондогон телекөрүүчүлөр орус эли өз лидери менен сыймыктанышаарын, токсонунчу жылдары өлкө тушуккан терең кризистен чыгаруу боюнча анын саясатын жана конкреттүү аракеттерин ар тараптуу колдошоорун сезип, билип турду. Орустун көптөгөн саясат таануучулары ошол токсонунчу жылдарды Орусиянын башына түшкөн карабашыл 10 жыл катары канкакшап айтып келатышпайбы.
Ал эми биздин кичинекей республика үчүн арзыбагандай кыска мөөнөт. 17,5 жыл деле азганактай мезгил. Бул жылдар аралыгында акырына чейин уурдалбаган, таланып-тонолбогон нерселер дагы эле бар экен. Ошону үчүн өткөн мезгил дегенди сагыздай чоюп келе жатышат. Ал бекер нерселерди биротоло талап-тоноо үчүн өткөөл мезгил өтө керек болуп отурбайбы.
Ал аңгыча "биз терең туңгуюктун четине келип калдык" деп кыйкырдык. Бирок, анын түбүнө кулабастан компоюп турабыз. Көрсө, алда качан эле кулап түшүппүз. Андан ары кулоого жер жок калыптыр. Ошентип жүрүп улутубуз коррупция, алдамчылык менен экижүздүүлүктүн сасыган сазына батып кетиптир. Ошондо да реалдуу сезимден танып, саздын чиринди жыты көңүл айнытып, сормо суусу кекиртекке жеткенин аңдабай, Борбор Азиянын жана анын жака белиндеги өлкөлөрдүн кыргыздыкындай күчтүү жарандык коому жок деген делбе тап кыйкырык, өкүрүк менен мактанып келатабыз.
Биз, азыркы заман муундары, кылымдарды карыткан кыргыздын эчен муундарынын ичинен эң алсызы жана начары экендигибиз жөнүндөгү ачуу чындыкты моюнга алууга тийишпиз! Антпесек, биздин муун өзүн-өзү тирүүлүктө сактоо инстинктин жоготуп алып, улуттун каргашалуу мууну болуп калбайбызбы? Биздин муун кетирген каталыктардын айынан келечек замандарда жашоочу муундарыбыз, жогоруда мисалданган, Алыскы жакынкы Чыгыштын Курд, Палестин элдеринин таз кейпин кийип, ата журту, мамлекеттүүлүгү жок тентиреп калбас бекен?
Муну менен мен азыркы бийликти сындайын же каарыйын деген оюм жок. Мындан эч пайда чыкпасын жакшы билем. Коомчулукту уяткарайын деген оюм да жок. Ал терең уйкудан ойгоно албас абалда жатат. Мен бул жерде өз сыймыгын, уяты менен намысын али да сактай алган атуулдарга, коомдун сезимтал бөлүгүнө кайрылып олтурам.
Кыргыздар, өлкө турпатынан үмүт үзүүгө болбойт. Башкалардан жардам сурап, жалынып-жалбарган айла түгөт чекке али жеткен жокпуз. Сөз эркиндиги муунтула баштаганына карабай, эркиндик үнү өчө элек. Өзүн-өзү сактап калуунун жана сыймыктуу тирүүлүк өткөрүүнүн тукум куучулук касиетин жоготпой алып жүргөн акылы курч, сезими таза атуулдардан улут уучу кур эмес. Мен кыргыз дегендин баары уяты менен намысын акаевчил конституциянын сасыган сазына батырып, жоготуп салган жок. Элибиздин "түгөнгөн сайын түтөгөн" кайраты күчтүү касиетин майтаруу дегеле мүмкүн эмес! Кайдыгер жайбаракаттыкты мындан ары да улантуу өлүмгө тете! Мезгил эми бизге каршы аракеттерин, мамлекеттүүлүгүбүз менен улуттугубузду сактап калуу мүмкүнчүлүгү кумга сиңген суудай азая берээрин унутууга болбойт! Ушундай кыйын учурда улуттук кайра жаралууну жарата албасак, келечек үмүт учкундарын жалынга айлантып, ал улуу от менен тазалануу жолун таба албасак, караңгыга ого бетер камалып, туңгуюкка буюккан бойдон кала беребиз.
Өнүгүп кетүү үчүн биз сөзсүз эле корейлерге же швейцариялыктарга айланышыбыз керек эмес. Биз - Кыргызбыз! Өз улутубуздун уңгусуна жарашкан өнүгүү жолун табуу зарыл. Улуу тарыхтуу, мамлекетттүүлүгү эки миң жыл мурда түзүлгөн элбиз! Баатыр бабаларыбыз көз мелжиген мейкиндиктерди мекендеп, канчалаган кылымдарды аттарынын туягынан чыккан чаңга калтырып келген улуу калкпыз! Тукуму күчтүү улут гана ушундай улуулукка татыктуу экени жалганбы?! Ушулардын баары улутубуздун эркинен, теңдешсиз күчтүүлүгүнөн, сыймыктуулугунан жана намыстуулугунан, эркиндикти жана көзкарандысыздыкты баалай да, сүйө да билгенинен, жалпы элдин башына түшкөн коркунуч алдында бириге алгандыгынан кабар берет.
Эгерде өз улутубуздун тарыхый тажрыйбасы аздык кылса, биз менен кандаш-тектеш кыргыз-кыпчактардын өзүн-өзү сактап калуу боюнча бардык күрөштөрүнүн үлгүлөрү эл эсинде. Мындан жарым кылым илгери немистер менен жапондор өчкөн отун кайра жандырып, экономикалык өнүгүү сыйкырын жарата алышты. Балким, биз андай сыйкыр жарата албастырбыз, бирок өзүбүз жана келечек муундарыбыз үчүн татыктуу жашоо шартын түзө алабыз. Немистер менен жапондорго караганда биздин абал бир канча жеңил. Отубуз өчүп күлгө айлана элек. Андыктан, биз бар болгону саздан чыгуу үчүн түп көтөрүлө чыга келишибиз керек!
Ал саздын бети кез-кез чыбырчыктап, нааразычылык көбүгү чыга калып келатат. Аны менен катар кээ бирөөлөр саздуу өлкөдө түзүлгөн башкарууну жоюуну каалап, көтөрүлүш уюштуруу аркылуу саздын падышасын кетирип, анын тагына андан акылдуураак жана түзүгүрөөк башка бирөөнү олтургузууну эңсеп жатышат. Анан да ал сазга баткандар элдешкис эки жаатка бөлүнүп, бир тарабы сазда тынч жашоого жолтоо болбоону талап кылып, берки тараптагыларды жасай элек аракеттери менен күнөөлөп жатат. Беркилер, албетте, сазда орногон бийлик түзүлүшүн революциялык жол менен өзгөртүү аркылуу ошол эле сазда жашоону жаңыча, башка мыйзамдарга таянып улантууну кыйкырып, абалды оорлотуп жатканы ырас. Сазга баткан коррупциялуу жана алдамчы бул падышачылыкта баары эле бийликке жанталашат.
Анткени менен титулдук улутту, бүткүл Кыргызстандын элин кыйроодон сактап калууга тигиниси да, мунусу да жарабайт. Баарыбыз бул каргыш тийген саздакта жашоодон кутулбасак болбой калды, башкача айтканда, саздан сак көтөрүлүп чыгуу жолу гана калды.
Аны кантип ишке ашыруу керек? Сырттан бирөөлөр келип жардам беришин күтүү керекпи? Булардын баары көз байлама кыялдар. Айланабызда эмнелер болуп жатканына көз чаптырып көргүлөчү. Геосаясый, региондук жана ички коомдук-саясый абал кандай түзүлүп жатканын көргүлө! Жер жүзүндөгү кубаттуу өлкөлөр дүйнөнү кайрадан бөлүштүрүү үчүн өз ара кармашууга кабылды. Биздин бир тууган кошуналарыбыз дагы региондук лидерликти талашып, адамзат коомчулуктарынын арасынан өз ордун табууга жанталашууда. Учурдагы дүйнөлөшүү адамзат цивилизациясын өнүгүүнүн жаңы толкунунда алдастатууда. Кайсы бирөөлөр четке сүрүлүп калды, дагы бирөөлөрү ага чөгүп кетти. Дүйнөлүк өнүгүүнүн кутургандай өнүгүү темпинин кызуусунда кыргыздарды ойлогон эч ким жок. Кимдир бирөө "бизди өз сазыбыздан сууруп" чыгууга аракет да кылбайт.

Биздин алдыбызда альтернативасы жок жалгыз жол бар. Ал -- адамзат цивилизациясынын өнүгүү жолуна түшүү. Андыктан, бул жерде жана сыртта жашап жаткан, өзүн өлкө патриоту эсептеген жана Ата Мекенине кызмат кылгысы келген кыргыздар менен кыргыз эместердин баары жалпы улуттук идеянын туусу астында бирден бир өтө күчтүү секирик жасоо үчүн элдин терең катмары биримдикке келиши зарыл. Саздан жайбаракат кыймыл менен чыгуу дегеле мүмкүн эмес. Сазга баткан ким болбосун, өз алдынча, башкалардын жардамысыз чыга албайт. Анын сормо күчү ого бетер соруп туруп алат. Бирок, сырттан бизге жардам берчүлөр болбогондуктан өз күчүбүзгө гана таянууга аргасызбыз. Андыктан, ар кайсы тараптан сорок этип, күчүбүздү чачкындатып салуудан сак болуу зарыл. Бекем биримдик, элдин бекем эрки керек. Саздын түбүндө бутубуз издеп тапкан кичинекей, алсыз таянычка таканчыктап туруп, бир катуу секирик жасоо менен элдин эң башкы кайгысы - үрөйү үңүрөйгөн үйбүлөлүк, кландык бийлик системасынан кутулууга мүмкүнчүлүк түзмөкчү.
Улуттук кайра жаралууга жол ачуу биздин муундун тарыхый миссиясы жана жашоосунун башкы максаты болуп калышы керек. Андай кыла албасак, бул жалган дүйнөдө жашоонун зарылчылыгы кайсы.
Кыргызстандыктар, силер бүтүндөй бир элдин тагдырына кайдыгер карагыңар келбейби? Кыргызстан татыктуу адамдардын Ата Мекени болушун каалайсыздарбы? Эгер силер акыйкаттуу, таза жана чынчыл Кыргызстан үчүн активдүү күрөшүүчүлөрдөн болгуңар келсе, анда биздин катарга келгиле, Демократиялык Ордо Союзу, (Демократический Объединенный Союз) ДОС коомдук кыймылына кошулгула!

Алик ОРОЗОВ,
Кайра жаңыдан түзүлгөн
Демократиялык Ордо Союзунун
(ДОС) координатору