presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Көртурмуш

Эрендер сыртта баатыр, а үйдөчү?..
Саясатчы эрендердин трибунада сүйлөгөнүнөн, иштеген ишинен, а тургай жеп-ичкенинен бери жазып келебиз. Ал эми үй турмушта кимиси эмнеге жөндөмдүү экенин баарыбыз эле биле бербесек керек. Аңдап көрөлү…

Алмаз Атамбаев,
экс-премьер-министр:
"Кой соем, ичеги-карын арталбайм"
- Алмаз мырза, кой сое аласызбы?
- Албетте, сое алам. Мен айылда өскөм. Айылда өскөн балдардын бардыгы эле кой сойгонду билсе керек.
- Чоң бодолорду да сойгонсузбу?
- Жок, бирок айылдан кээде жылкы, уй союлуп калган жерлерде жардамдашкам.
- Табак тартып, устукандагангачы?
- Кудайга шүгүр эле билем.
- Айрым учурда мал союлуп жатканда ичеги-карын артууга аялзаты болбой калса, тазалап-артуу да колдон келеби?
- Мындай болгон эмес. Аны артууну, ажыратууну чынында билбейм. Айыл жеринде, дегеле мал союлган жерде сөзсүз аялзаты болот да. Бул алардын иши эмеспи.

Абдыгул Чотбаев, шааркеңеш депутаты:
"Үй актаганды катырам"
- Абдыгул мырза, үй актап көрдүңүз беле?
- Апама жардам берип, кичине кезимде көп жолу үй актагам. Кандай акиташты, кантип акташты кудайга шүгүр эле билем.
- Азырчы?
- Азыр жубайым өзү эле кылат. Андай иштерди кылуу балалык менен кошо алыс кетип калган.
- Эгер үйдү актаган соң, акиташ жугуп калса эмне кылуу керек?..
- Чынын айтсам, мындайды билбейт экенмин. Биз бала кезде акиташ деген жукчу эмес. Азыр деле акиташ көп колдонулбай калса керек. Эстесем, кээде акиташты даярдап жатканда туз салганын көрүп калчумун. Ошентсе жукпай калат го.

Бекболот Талгарбеков, экс-министр:
"Базардан баштык ташыйм"
- Базарга чыгып, азык-түлүк, кийим-кечек аласызбы?
- Жалгыз чыкпайм. Дайым жеңең экөөбүз чыгабыз. Жеңең соода кылат, мен баштык-үштүк көтөрөм.
- Жеңебиз өзүнө кийим-кечек алганда кеңеш бересизби?
- Ал өзүнө кийим алаарда кызы менен барат. Мага ала турган болсок, анда ал тандап алып берет.
- Үйдө кандай иштерди кыла коесуз?
- Үйдө өзүмдүн кабинетим бар. Аны ирээтке келтирүү, жууп-тазалоо бүт өз мойнумда. Анан да өзүмдүн бардык кийим-кечегимди өзүм гана тазалап, оңдоп-түзөйм.

Акматбек Келдибеков, экс-депутат:
"Жакалашып отурбай, тарс эле бир коем"
- Акмат мырза, мушташа кетип, кийимиңиз айрылып же топчу үзүлүп дегендей болуп кетсе, өзүңүз жамап-тиге аласызбы?
- Биринчиден, андай айрып-тытышуу болгон эмес, анүстүнө мен ага жол бербейм. Экинчиден, кол өнөрчүлүктү жакшы эле билем. Кийимдин анча-мынча жерлерин өзүм эле машина менен тиге салам. Топчуну келиштире кадайм. Ошондой эле олуттуу болсо гана мастерге алпарбасам, жеңилдерин өзүм эле иштейм.
- Кийимге түшкөн такты кантип кетирсе болот?
- Эгер май тийип так болсо туз же спирт менен сүрүү керек. Таптакыр болбой турганын кадимки эле ысык сууга салып, самындап жууса эле кетет.
- Мушташа кеткенде башка бирөөнүн кийимин айрып көргөнсүзбү?
- Бала кезде көп эле болгон. Азыр андан алысмын. Бирөөнүн кийимин айрып-тытып жакалашканды жаман көрөм. Андай жерден басып кетүү туура. Таптакыр эле болбой баратса жакалашып отурбай, тарс бир койгон эле оң.

Азимбек Бекназаров, "Асаба" партиясынын лидери:
"Үй ишин кылган эркекчиликке жатпайт"
- Үй иштерине колкабыш кыласызбы?
- Ал эркектин иши эмес да. Мен өзүмдү эркекмин деп эсептейм.
- Демек, таптакыр аралашпайсыз…
- Жок, аралашкан да эмесмин, аралашпайм дагы.

Султан Раев, маданият жана маалымат министри:
"Бушайман болгондо тамак жасайм"
- Жубайыңыздын үй ишине жардамдашасызбы?
- Кир жуугандан башкасынын баарына жардам берип турам.
- Үй да шыпырасызбы?
- Жок, үй шыпырган менен кир жууганды жасабайм.
- Анан кайсы жумуштарына жардам бересиз?
- Мен өзүм кулинарияга абдан кызыгам. Тамак жасаганда кадимкидей эс алам. Себеби, адамдын энергиясы да тамакка өтөт. Ошон үчүн бешбармакты кол менен жеш керек дешет эмеспи. Негизи эле тамакты даамдуу кылып жасоонун өзү да чеберчилик. Чарчаганда же бир нерсеге бушайман болгондо тамак жасап, өзүмдү алаксытып турууну жактырам.
- Кайсы тамакты жакшы жасайсыз?
- Лагмандан башкасын бүт катырам.




Алишер Мамасалиев, ЖК депутаты:
"Кыйын үтүкчүмүн"
- Кийим-кечегиңизди ким үтүктөп, тазалайт?
- Өзүм эле. Себеби көнүп калгам. Эч кимге да ишенип үтүктөтпөйм. Өзүм үтүктөмөйүн көңүлүмө толбойт.
- Эгер үтүктүн бетине так түшүп калса, кантип кетиресиз?
- Жеңил эле так болсо, ысык сууга салып туруп, щеткага кадимки кир самынды эле сүйкөп жышса кетет. Ага кетпесе, атайын майлар болот. Шашылыш болуп калса үйдө арак дегендер бар да. Ошондон 1-2 тамчы тамчылатып туруп, катуураак сүртсө жылтырап чыга келет.
- Бойдок экенсиз, бойдокчулук менен качан кош айтышасыз?
- Кудай буюрса, жакында. Негизи 2004-жылы эле үйлөнөм деген максат бар эле. Саясатка баш малып калган соң, ал жылдагы тарыхый окуялар себеп болуп ушуга чейин убакыт созулуп кетти.
- Көздөгөнүңүз дайынбы?
- Сүйлөшкөн кызды сурайсыз го. Дайын эле...

Таалай Субанбеков, экс-депутат:
"Катырма жасачумун"
- Нан жасап көргөнсүзбү?
- Кичинекей кезибизде апабыз нан жасап жатканда камырынан үзүп алып, карала-торала кылып катырма жасап жечүбүз.
- А камыр жуурупчу?..
- Жок, жууруган эмесмин.
- Идиш-аяк жууп каласызбы?
- Албетте, бала кезде жууп-аарчып дегендей, ал жагынан кудайга шүгүр эле иш кылчубуз. Азыр андайга деле убакыт жок. Анүстүнө, эркек үй ишине аралашпай эле койгону жакшы.

Даярдаган Кубаныч Зайнидинов









??.??