№37, 08.04.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Сандан санга

Миллионго бааланган өмүр
- Алар эми жырткыч жаныбарлар эмес да.
- Билип, эсиңе түйүп кой, жырткычтардын жырткычы эле эки аяктуу адам баласы болот. Биз деген каалаган жан-жаныбарларды өлтүрө беребиз. Мисалы, сен өзүңдү эле алчы. Канчалаган арка-кулжа, кийик, суур, ондатырларды атып атасың. Алардын деле убалы бар да. Балким алардын балдары бардыр.
- Алар деген айбандар да, түшүнүшпөйт көп нерселерди.
- Еще как түшүнөт, мисалы, мен сенин аялыңды өлтүрүп кетейинчи. Сен кандай ахывалда каласың. Же балаңды атып салайынчы, эмне болот. Буларды деле ошондой, өзүңдөй көрүп элестетип көрчү, сен деген бардыгынан ашкан жырткыч болуп атпайсыңбы. Адам баласы мындайча айтканда ашынган жырткыч, убал-сооп дегенди билбейбиз биз, - Ахмад адам баласынын кемчилиги жөнүндө өзүнчө лекция окуп көп нерселерди айтты. Анын айткандарын угуп отуруп, "Чын эле адам баласы биз ушундайбызбы?" деп Абдысаламдын көңүлү чөгө түштү..
Алгачкы буйрутма
Арадан жарым жыл өткөн соң жогору жактагылардан ар кандай буйрутмалар келе баштады. Адегенде кийик аттырып келүү жөнүндө буйрутма болду. Көлдүн тоолоруна караганда Сарөзөн Чүйдүн тоолорунда аркар-кийик, кулжа дегендер азыраак болобу, айтор тоо кыдырып жүрүп эки жумадан кийин үйүрлөрүн араң тапты. Кийик атып келген соң сүлөөсүнгө буйрутма болду. Бул жактын тоолору анча тааныш болбогондуктан кээ бир жаныбарларды таап атып келсе, кээ бирлерин таппай убара болуп жүрдү. Кээде ачуусу келип бардыгын таштап салып өз жерине качып кетип калгысы да келип атты. Бирок колундагы болгон документтеринин бардыгы тигилердин колунда болгондуктан качып кетүүгө мүмкүнчүлүк болгон жок. Анын үстүнө айлык акысы да жаман эмес болчу. Калаа жакын, жеңил машине менен жарым саатта барса болот. Жакын жерлерде айылдар бар, керек учурда калаага да барып келсе болот. Тоо-таштардын арасында жүрсө да бир нерсе жетишпей, эркин боло албай, төрт тарабында дубалдар тургандай сезилип, өзүнүн жерин, тоолорун сагынып, ошол жакка кеткиси келип жүрдү. Кеткен боюнча айылы менен байланышкан да, катташкан да жок. Армиядан кийин сырт жакка чыгып көрбөгөндүкүбү, айылындагы теңтуш балдарын сагынып куса болуп жүрдү. Билинбей жатып арадан бир жылдай убакыт өтүп кетти. Ушул убакыттын ичинде Дөөлөтбай эки жолу келип кийик аттырып кетти. Бул жактын тоо шартына акырындап көнүп келаткан Абдысаламдын башына күтүлбөгөн ойдо жок окуя болуп кетти. Эмне кылар айласын билбей калды. Жекшенби күнү таң атпай Дөөлөтбай келген. Аркы-беркилерди сүйлөшүп отуруп ал жыландын четин кылтыйткансыды.
- Мына иним, сенин көзгө атаар мерген экениңди билип, бизче айтканда, атайын ат чаптырып, бел ашырып дегендей, сени алдыртып келдим бул жакка, - бери ээн жакка алып келип экөө өздөрүнчө сүйлөшүп отурушту, - дароо эле окууга өткөрүп, иш, үй менен камсыз кылып, жакшы жашооңо шарт түзүп бердим. Тигил жактагылардай болуп сени эч ким бул жактан жумшай албайт. Акылары да жок, өзүңө-өзүң бий, өзүңө-өзүң кожоюнсуң. Аманчылык болсо, калаадан да бардык шарты бар үй алып берем. Менин айткандарымды аткарып турсаң, алдыңда машине да болот. Акчадан кандайсың, муктаж эмессиңби?
- Жок.
- Биз берген заказдарды аткарып турсаң, ошого жараша чоң суммадагы акча төлөнүп турат. Биз сени үстүңдөн канатыбыз менен калкалап коргоп турабыз. Мен турганда эч нерседен коркпо, кандай нерсе болсо да куткарып алам. Биздин айтканыбызды так орундап турсаң, эрке бала болосуң. Акча да, үй да, кыз-келин, машине баары болот. Өзүңдүн көзгө атаар мергенчилик өнөрүң бар, ошону кор кылбай пайдаланышың керек. Эмне себептен буларды айтып атканына Абдысалам эч түшүнгөн жок.
- Сен деген жөнөкөй эле карапайым мергенчи болушуң керек эмес. Кудай таалам берген өнөрдү сен жакшы пайдаланып профессионал мергенчи болушуң керек, түшүнүп жатасыңбы?! Түшүнбөсөң, анда алыстатпай эле, ары-бери бултактатпай, сөздү ток этээр жеринен эле баштайлы. Сага бир заказ бар, болгондо да көп суммадагы акчалуу заказ. Албетте, бул заказ сен үчүн көнүмүш заказ эмес, мындай заказдар менен иштесең, бул дүйнөдө шикарный, крутой жашап жүрүп өтөсүң. Акчага да муктаж болбойсуң...
- Ал эмне болгон заказ, колумдан келеби?

(Уландысы бар)
Саадатбек Мырзакул уулу




  Аңгилик

"Цыгандын" жосунсуз жоругу
Адатта ызы-чуулардын бардыгы майрам күндөрү болот эмеспи. Ал күндү сөзсүз түрдө ичкилик коштоп, милиция кызматкерлерине да түйшүк эки эсе жүктөлөт. Борборубуз Бишкекте 24-март күнү көпчүлүк элдик революция майрамын майрамдап жаткан мезгилде Наташа Парчукова да өзүнүн дос кыздары менен кечке көчөдө жүрүп, кечиндеси кафеде отуруп, анча-мынча ичкилик ичишкен. Эки-үч сааттай көңүлдүү отурушкан соң, коштошуп акырын үйлөрүнө тарап кетишкен. Наташа орто жолдо аны каргаша тооруп турганын сезген жок.

Убакыт түнкү саат он экиден өтүп калса да ал көчөдө эч нерседен бейкапар, көңүлдүү келе жаткан. Достору менен көп эле жолу караңгыга чейин жүрүп үйүнө кеч келчү. Бул көнүмүш адат болуп калган. Көчөдө автомашиналардын кыймылы сээлдеп, ары-бери өткөн адамдар да бирин-серин көрүнө калып жатты. Тимур Фрунзе менен Лущихина көчөсүнүн кесилишине жеткенде күтүлбөгөн жерден, караңгы бурчтан адамдын сөлөкөтү пайда болуп, түз эле Наташаны көздөй кадам шилтеди. Ал чукул келгенге чейин анча чоочуркаган жок. Качан гана атырылып кол салганда качууга далбас урду, бирок кеч болуп калган. Колунан шап кармаган караан аны бет талаштыра муштуму менен шилтеп калды. Катуу соккудан башы эңги-деңги болуп, болгон ал-күчү менен кыйкырып айланасындагыларды жардамга чакыра баштады. Көчө ээн, караңгы, дегеле бир адамдын карааны көрүнбөйт. Зөөкүрдүн колунан чыгып кетүүгө аракет жасап жулкуна да берди, кыйкыра да берди, бирок эч майнап чыккан жок. Ал кыйкырган сайын зөөкүр оозун басып, ого бетер ур-токмокко алды. Көчөнүн кесилишинде авиаучилищанын көп кабаттуу имараты бар болчу. Зөөкүр кызды өкүртүп-бакыртып чачынан жулкуй дал эле ошол имараттын бак-дарактуу короосуна сүйрөп кирди. Караңгы жерге көтөрүп чаап басып алып дагы сабап, кийимдерин ары-бери айрып, күч колдонуп зордуктап салат. Кыйкырып келатканда улам бетке, оозго уруп, көксөгөн мүдөөсүн кандырган соң, кызды ошол жерге таштап салып кылмыш ордунан качып жоголот. Кыз муштумдан жанталашып бетин коргоп жатып зөөкүрдүн өңүн дагы жакшы тааныбай калган болчу.
Оозу жарылган, бети-башы, көздөрү көгөргөн кыз эртеси Ленин райондук милиция кызматкерлеринин бөлүмүнүн босогосунда турду.
Зөөкүрдүн ким экенин билишпесе да бул кылмыш бетин ачууда райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери М.Тойчиев, А.Акматов, Э.Туманов үзүрлүү аракеттерди жасашты. Сураштырып издеп жүрүп, акыры шектүү кылмышкер жигиттин ким экенин аныкташып, сары изине чөп салышты.
Адегенде ошол күнү окуя болгон аймакта кимдер кызуу болуп жүрүшкөнүн көргөн-билгендерден сураштырышты. Бутага илинген жигит "Цыган" деген кошумча аты бар, 1989-жылы туулган, эч жерде иштебеген бойдок жигит Александр Шевченко экен. Булгаары чыптама кийип, мойнуна кызык чүпүрөк байлап, кулагына сөйкө тагынып өзү да цыгандардай болуп жүрчү. Ошол аймакта жашагандар аны "Цыган" деген ат менен жакшы таанышчу.
- Ал кайсы жерде жашаарын да тактап, үйүнө аңдуу жүргүзүп, бирок жигитти кармай албай эки күн убара тарттык, - дейт оор кылмыштын бетин ачуу бөлүмүнүн кызматкери М.Тойчиев, - анан эки топко бөлүнүп, биринчи топ үйүн аңдып, экинчи топ көчөлөрдү кыдырып издөөгө өттүк. Кока-кола суусундугун чыгарган ишкананын жанынан кийген кийиминен дароо эле божомолдоп кармадык. Бөлүмгө алып келип кыз экөөнү беттештиргенде ал "Ооба ушул, кийген кийими да ушундай" деп дароо тааныды. Тергөө мезгилинде ал күнөөсүн мойнуна алуу менен төмөнкүлөрдү баяндап берди.
- Чынында эле мен аны зордуктайын деген оюм да жок болчу. Күндүзү балдар менен майрамдап ичкенбиз, кызуу болчумун. Үйгө келаткам, караңгы ээн жерде жалгыз келаткан кызды көрүп, болгону аны тоноп алайын деп ниеттенгем. Анан кандайча мындай ишке барганымды өзүм да билбейм. Бул иш мастыктан жасалып кетти окшойт.
Күнөөнүн баарын өзүнө эмес, аракка шылтаган бул аңги жигиттин үстүнөн кылмыш иши козголуп, бүгүнкү күндө ал убактылуу кармоочу жайда отурган кези.

(Белгилүү себептер менен каармандардын аты-жөнү өзгөртүлдү).




  Кримхроника

Өз энесине бычак шилтеп…
Жалалабат областынын Алабука районунун тургуну, 18 жаштагы жигит өз энесине бычак шилтеп, энеси аз жерден өлүмдөн калды.
Чатак эмнеден чыкканы белгисиз, айтор Ак-коргон айлынын тургуну Р.Бабаханов деген жигит ачуусу менен өзүн башкара албай 38 жаштагы өз энесин бычак менен ичке сайып жиберген. Бактыга жараша энеси аман калып, оор ахыбалда дароо ооруканага жеткирилди. Жигитти милиция кызматкерлери бөлүмгө алып кетишип, тергөө иштерин башташты.

Жол боюндагы өлүк
30-мартта Карабалта шаарындагы жол боюнда 30-35 жаштагы белгисиз жигиттин өлүгү табылган болчу. Жергиликтүү милиция кызматкерлери көп узатпай эле аны өлтүргөн жигитти кармашкан.
Өлүктү текшеришкенде кимдир-бирөөлөр аны катуу нерсе менен башка чаап өлтүрүп, өлүктү жол боюна таштап салып, изин жашырып кеткен. Каза болгон ошол шаардын тургуну 46 жаштагы А.К. аттуу жигит экен. Эки күн өткөндөн кийин кылмыш иликтөө башкармалыгынын кызматкерлери Ү.К. аттуу жигитти кармашты. Тергөөдө тааныш жигит менен жол боюнда чатакташа кетип, аны таш менен башка чаап баса бергенин айтып берди.

Өспүрүмдөр да машине уурдайт
Борборубуз Бишкектен чет элдик жеңил машинени айдай качкан эки өспүрүм бала кармалды.
Айдаганга кызыгышканбы, айтор, машиненин ээси милицияга арыз менен кайрылган күндөн кийин деле 14 жаштагы эки өспүрүм ал машинени айдап жүрө беришкен. Экөөнү Свердлов РИИБнүн кызматкерлери кармашканда, алар Новопокровка айылынын өспүрүмдөрү болуп чыгышты. Өспүрүм болушканы менен, алар сөзсүз сот алдында жооп берүүлөрү тийиш. Машинени эмне максат менен уурдашканын бүгүнкү күндө тергөө аныктоодо.

Баңгибизнес күч алууда
Акыркы мезгилдерде баңгибизнес менен алектенгендердин саны эбегейсиз кучагын жаюуда.
Салыштыра келсек, өткөн жылдагыдан да эки эсеге көбөйүптүр… Жыл башынан бери эле милиция кызматкерлери 276 килограмм баңгизатын кармап, аларды өрттөп жок кылышты. Ошолордун ичинен эң күчтүү да, коркунучтуу да болуп эсептелген 31,2 килограммы героин. Мынчалык өлчөмдөгү баңгизаттар каяктан келип жатканы белгисиз. Азыртадан эле ушундай болуп жатса, сезон мезгилинде кандай болоор экен?

С.Мырзакулов