№37, 08.04.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Курсак көйгөйү

Азык-түлүк коопсуздугуна саресеп
(Башы өткөн сандарда)
Этти аз жеген мал жандуу кыргыздар
Дүйнө жүзүндө азык-түлүк коопсуздугу менен Бириккен улуттар уюму алектенет. Уюм азык-түлүк коопсуздугу деген түшүнүктү кеңири алып карайт. Адистердин жазышынча, анын 3 аспектиси бар. Биринчиси - физикалык аспекти. Ар бир өлкөдө тамак-аш продуктылары жетиштүү өлчөмдө болуш керек. Болгондо да, ар дайым жана өлкөнүн бардык жерлеринде жетиштүү болушу зарыл. Ар дайым дегеним - күзүндө болуп, кышында жок болсо, ал коопсуздук эмес. Ошондой эле Бишкекте нан бар болуп, Баткенде же Нарында жетишсиз болсо, ал дагы коопсуздукка жатпайт. Экинчиси - экономикалык аспекти. Тамак-аш дүкөңдөрдө батпай турган менен, элдин акчасы жок болуп, нан сатып жей албаса, бул да жарабайт. Мамлекетттер кыянаттык кылып, бири-бирине дан сатпай койгондон эле эл нансыз калып жаткан жок. Ал көпчүлүк учурда жакырчылыктын айынан ачка каларын практика көрсөтүп жатат. Бул жагынан алганда Бириккен улуттар уюмунун азык-түлүк коопсуздугу боюнча жүргүзгөн иштери жакырчылыкты жоюу проблемасы менен үндөшүп кетет. Үчүнчүсү - санитардык жана экологиялык жагы. Тамак-аш денсоолукка зыян болбош керек. Жакында эле өлкөнүн ар кайсы жерлеринде болуп өткөн массалык уулануулар, бул проблема Кыргызстанда да актуалдуу экенин көрсөттү.
Мурдагы Советтер союзунда азык-түлүк коопсуздугу деп анын физикалык гана аспектисин түшүнүшкөн. Ар бир өлкө керектүү тамак-аштын баарын өзү өндүрсө коопсуз сезет деп аны да аябай тар маанисинде алып карашкан. КМШ өлкөлөрүндө, анын ичинде Кыргызстанда дагы, ал азыркыга чейин уланып келе жатат. Азык-түлүк коопсуздугу десе, биздикилер да жерибиз жетиштүү болуп туруп, эмне үчүн аларды өзүбүз өндүрүп албайбыз деп киришет. Мен жыйында депутаттардын көңүлүн жогоруда айтылган экинчи жана үчүнчү аспектилерге буруп койгум келди. Ансыз менин докладым тузу кем тамактай толук болбой калат эле. Анын үстүндө ал дагы биз үчүн абдан актуалдуу проблема. Кыргызстандын элинин жарымына жакыны жакыр жашап, ачарчылык негизинен ушундан келип чыгууда. Буга Орусия менен Казакстан көңүл бөлбөсө да биз көңүл бөлө турган жердебиз. Бирок ошенте коем деп балээге калдым.
Мен парламенттин отурумунда калктын жакырланып кеткендигине байланыштуу тамак-аш продуктыларын керектөөсү кескин азайып кеткендигин айткам. Аны чагылдырган таблицаны да түзүп тараткам. Мисалы, 1990-жылы ар бир адам жылына 51 кг эт жесе, азыр 17 кг эт жеп калды. 264 кг сүт ичсе, азыр 88. Жумуртканы керектөө да 1990-жылкы 154 ордуна 55 болуп 3 эсе азайган. Жыйында президенттик администрациянын жооптуу кызматкери отурган. "Сенин маалыматың туура эмес" десе болобу. "Мен аны асмандан алган жокмун, силердин эле Улуттук статистикалык комитеттен алдым" десем да болбойт. Чынын айтсам, ыңгайсыз абалда калдым. Кыргызстандын эли канча нан, эт, жумуртка жээрин билбегенден кийин адисмин деп азык-түлүк маселесин талкуулаган жыйынга келип эмне кылат дейм да. Келсе да сүйлөбөй эле койбойбу. Сүйлөсө бирөөнү жөн эле күнөөлөбөй, мына мынча деп өзүнүн маалыматын көрсөтүш керек да. Менин кейигеним, өз ишин жакшы билбеген адамдын президенттик администрацияда жалгыз эместиги. Өлкөнү ушундай адамдар башкарып жатса, анан кантип азык-түлүк проблемасы чыкпасын.
Акыркы жылдары эле Улуттук статистикалык комитет жарыялабай калды, болбосо мындан 4-5 жыл мурун "Кыргызстан цифраларда. Официалдуу басылма" деген жыйнактарында ал бир адам канча тамак-аш керектээрин үзбөй берип турчу. Мисалы, 2001-жылы чыгарылган жыйнактын 285-бетин карап көрсө болот. Бул жерде бир нерсени эске алып коюу керек. Жыйнакта 2000-жылдын көрсөткүчтөрү берилген. Мен болсо, жогоруда айтылгандай, бул маалымат акыркы жылдары жарыяланбай калгандыктан, башка жолдор аркылуу таап, 2006-жылдыкын келтирдим.

Биздин өлкө өзүн-өзү дан менен камсыз кыла алабы?
Ар бир өлкө тамак-аштын баарын өзү өндүрүш керек деген стратегия - мурдагы Советтер союзунан калган стратегия. Ал батыш менен тирешип турганда эгин сатпай койбосун деген чочулоодон чыккан. Анын үстүнө Советтер союзунун территориясынын кеңдиги жана жаратылышы менен климатынын көп түрдүүлүгү айыл чарба продукциясынын бардык түрүн өндүрүүгө мүмкүнчүлүк берген. Азыр болсо абал таптакыр башкача. Эгин сатпай коюп ачка калабыз деген азыр болбогон кеп. Рынок экономикасында товар, анын ичинде тамак-аш сатпайм деген өлкө болбойт. Чектөө киргизилсе, ал, тескерисинче, импортко киргизилет. Экспортко болсо, дүйнөлүк рынокто өзгөчө кырдаал түзүлгөн учурларда айрым өлкөлөр тарабынан гана киргизилиши мүмкүн. Эми айрым учурда эгин сатпай коет экен деп, жакшы пайда берип турган айыл чарба продукциялардан баш тартып, айдоо жерлердин баарын кайрадан эгин кылалыбы?
Территорияны алып карасак да, биздин жер чектелүү. Эгинди эреже катары Орусия, Украина, Казакстан өңдүү талаасы кең өлкөлөр себишет. Бизде эгинге караганда, эт, сүт, техникалык өсүмдүктөр, жемиш, жашылча көбүрөөк пайда берет. Алардан гектарына эсептегенде, көбүрөөк пайда тапса болот. Эмне үчүн ошолорду өндүрүп, көбүрөөк акча таап, эгинди Казакстандан же башка өлкөлөрдөн сатып алса болбосун? Дүйнө өлкөлөрүнүн үчтөн бири өзүнө керектүү эгинди өндүрө албайт. Алар эмне ачка калып жатышыптырбы?
Ырас, мурда 90-жылдардын башында Кыргызстандын дыйкандары өзүбүзгө жетерлик буудай өндүрүп калышкан. Бирок ал өткөөл мезгилдин башаламандыгынан улам чыккан. 90-жылдардын аягында рынок мамилелери калыптанып, абал турукташканда биздин буудайды казак буудайы рыноктон сүрүп салган. Бул бекеринен болгон эмес. Казак буудайынын өздүк наркы биздикине караганда алда канча төмөн. Анткени бизде буудайды сугарыш керек болсо, Казакстанда жазында сээп, күзүндө чаап алышат. Анын үстүндө казак буудайынын клейковинасы көп болуп, сапаттуу да. Ошондон улам биздикилер буудайдын ордуна сүт, эт, картошка, жашылча өндүрүп кетишкен. Аларды Казакстан сатып ала баштагандыктан, баасы чыгып, дыйкандар үчүн пайдалуу болгон. Азыр Кыргызстанда буудайды кайракы же cуу жакшы жетпеген сугат жерлерге гана айдашат. Чүй өрөөнүндөгү жакшы жерлер беде, кызылча, жашылча болуп кетти. Ысыккөл менен Нарын картошкага, Талас төө буурчакка өттү. Ош, Жалалабат, Баткен пахта менен тамекини кайра көбөйттү. Эми аларды баарын токтотуп, буудай сепкиле деп кыйнайлыбы? Сепкен күндө деле биздин буудай казак буудайына эч качан конкуренция боло албайт. Дүйнөдө буудай көп өндүргөн 10 өлкө болсо, анын бири - Казакстан. Аны менен атаандашуу Кыргызстан үчүн бекер убара.
Мен муну менен Кыргызстан таптакыр буудай сеппеш керек деп айтып жатканым жок. Дыйкандарды кыйнабай өз жайына койгула деп гана айтып жатам. Кайракы жер эгинден башкага жарабайт. Бизде пайдаланылбаган кайракы жер дагы эле көп. Буудайдын баасы төмөн болгондуктан, актабай калабы деп дыйкандар аны айдабай келишкен. Эми баанын жогорулашына байланыштуу эгин аянттары көбөйөт го деп ойлойм. Бирок ал өкмөт команда бербесе деле ишке ашат. Мен муну айыл чарбасына жардам бере коелук дегендер үчүн айтып жатам. Дыйкандар былтыр эле буудай сепмек. Тилекке каршы, күздө жаан жаабай, жер катуу болуп, күздүк айдоо үзгүлтүккө учурады.
(Уландысы бар)

Сапар Орозбаков




  Айгыры алтоо, бээси бешөө...

"Санаасы жок сууга семирет"
Биздин кичинекей өлкө чоңдорунун саны боюнча эң чоң өлкөлөр менен кадимкидей атаандаша алат. Ал эми ошол министрлердин, башка чоңдордун карамагында орунбасарларынан баштап канчалаган аткаминерлер бар? Баарынан таңкалыштуусу: кээ бирлери кенедей да иш аткарышпастан айлык акыларын гана алганды билишет. Бирин-бири кайталаган, биринин ишин бирине шылтай салган бекерпоз эле чоң сөрөйлөр.

Үй тиричилигине керектүү кээ бир буюмдарды кредитке алуу үчүн жакында борборубуздагы Биринчи Май райондук салык инспекциясына баш багып калдык. Анткени ошол мекеменин кагазы зарыл керек экен. Кичинекей кагазды алып, кол койдуруп, мөөр бастырыш үчүн ушул инспекциянын төрт-беш эшигине кирип чыгууга туура келди. Улам бир бөлмөсүнө кирсең, бул мекеме менен эч иши жоктой сагыз чайнап же биринин киймин бири мактап олтурушкан аялдарды көрүп зээниң кейийт. Таман тешилип жаналакетке түшүп жүргөнүбүздү көрүп туруп "Эмне жумуштап келдиңер эле?" деп сурамак түгүл, ордуларынан козголуп да коюшпады. Бир кишинин жасай турган жумушун бери эле болгондо экөө-үчөө аткарат тура. Мындай иш стили "Өзүбүздү өзүбүз билип, өтүгүбүздү төргө илип" калган эгемендүүлүктөн кийин пайда болгон сыяктанат. Себеби, совет доорунда азыркыдай бири-бирине шылтап, тиякка-биякка жиберип убара кыла берүү жокко эсе болчу. Ишиңди бир эле жерден, ашып кетсе эки жерден бүткөрүп баса берчүсүң.
Азыр мамлекеттик деген дегеле бир да мекемеге барууга табитиң тартпайт. Айла жок, оокат, тиричилик үчүн кээ бир кагаз керектелгендиктен аргасыздан, мойнунан байланган иттей болуп араң барасың. Баргандан кийин тияк-биякка чуркап таманың тешилет, жөндөн-жөн эле убара тартканыңа жүрөгүң эзилет. Чындыктын ордосу деген Акүйгө барбай эле койгонуң оң. Президент эмес, анын администрациясына кире албайсың. Адилеттикти издеп алыс жактардан келишкендер президентти кой, анын тегерегиндегилерди көрүүгө зар болуп, далай чыгым тартып, убактысын текке кетирип, келген жагына каңгырап кайра кайтышат.
Толгон-токой аткаминер сөрөйлөр болгон менен, жергиликтүү бийликтегилер жеринде чечиле турган маселени чече албай борборго жөнөтүшөт. Анткени ал жактагыларга да кире албай тургандыгын беш колдорундай билишет. Аргасы жок ал киши жөргөмүштүн жайган торуна түшкөндөй кайрадан жергиликтүү аткаминердин торуна келип түшөт. Айласы кетип, амалы түгөнгөндүктөн, эмне десе, баарына макул болот. Өлкөнүн бюджетинин жыл сайын 20 пайыздай бөлүгүн соруп жаткан аткаминерлердин элге жасаганы ушундай. Ошондуктан бүгүнкүдөй тартыштык, кымбатчылык күчөп турган маалда алардын жарымын кыскартса да аздык кылат. Алардын санына эмес, иштөө сапатына басым жасоочу убакыт зымырап учууда.
Кечкисин кафе, ресторандарда, сауналарда, казинолордо чардаган, сайрандаган мына ошолор. Деле өлкөнүн иши өйдөлөп бараткансып санаасы жок алчаңдашат. Кара курсактын камынан чыга албаган карапайым калк алардын четине да жолой алышпайт. Мааракени өткөрсө, ошолор өткөрсүн, ар кандай тойлорду беришсе, ошолор беришсин. Бери эле дегенде АКШнын 5-10 миң доллары чыгымдалат. Мындан үч жыл мурда Чүй облусунун бир чоң аткаминер кызматкери баласынын үйлөнүү үлпөтүн өткөрүп, андагы оюн-зооктун баш байгесине "Жигули" жеңил автомашинасын койгонуна күбө болгонум бар . Азыр эмне коюп жатышат, аны бир кудайдын өзү билет.
Борсойгон, торсойгон аткаминерлерди көрүп туруп дегеле эл үчүн, өлкө үчүн кан-жанынан күйүп-бышкандар алардын арасында аз окшойт деген ойго келесиң. "Санаасы жок сары сууга семирет" дегендей эле кеп да .

Жума Мамбетов