Сыркече

Айдай Самиева, 5-каналдын алып баруучусу:
"Күтүүнүн азабын тарткым келбейт"
Бүгүнкү сыркечеде МТРКнын алып баруучусу Назира Ахмедова менен 5-каналдын алып баруучусу Айдай Самиева аттуу чырайлуу бийкечтер менен аңгеме-дүкөн курдук. Маек нугун адаттагыдай эле жандүйнө, жеке сезимдерге ыктатып… Айчырайга төп келчү жандүйнөнүн сейректигин айтып келебиз. Эфирдин көркү болуп, эл көзүндө жүрүшкөн бийкечтер чырайына төп келген жандүйнө да бага билишет экен.

- Айдай, кыргызда "кыз назы" деп коет эмеспи. Ал кыял деле аймакка, тагыраагы кай жерде төрөлүп-өскөнүнө карап ыңгайлашат экен…
- Кай жерликсиз дейсиз го. Ош жергесиндеги Алайдын ордосу Гүлчөнүн кызы болом. Албетте, сиз айтмакчы кызга бүткөн кыялга аймак да таасир этет. Биз тарапта кыздар көбүнесе тартынчаак келгени менен, сезим тарапка келгенде кылыгы күчтүү келебиз. "Кыз назы кымбат" дегенди да биз тарапта баалашат.
- Чарчоону кантип жеңесиң?
- Уктап. Чын эле, катуу чарчаганда жакшылап уктап алсам гана эс алып калам. Бирок, баштаган жумушту бүтүрмөйүнчө жаным жай албайт. Ошондуктан, уйкуга иш бүтүп, көңүл тынчыгандан кийин гана киришем. Ал эми акыл-эс чарчаганда же кандайдыр бир тынчсыздануулардан кийин жаратылышка чыгууну көздөйм. Анан албетте, спорттун күйөрманымын.
- Сүйүүнүн сүрөтүн сөздө тартып көрчү?
- Акындар ыр жазып, нечен дастандар айтылып, өмүрлөр арналган сезимдин таасирин, баркын мен сөз менен айта албайм го. Сүйүү - менин жашоомдун башкы мүдөөсү десем болот. Апама, бир туугандарыма болгон сүйүү мага алдыга умтулууга түрткү болот, дегеле арбир күнүм ошолордун күлкүсү менен өтсө, анда менин бактым теңдешсиз болмок. Ал эми мекениме, элиме болгон сезим жаңыланууга, аз болсо да өлкөнүн керегине жарап, бир тармакта болсо да салымымды кошуу ниетин туудурат. Ошондой эле жакын адамымдын, экөөбүздүн ортобуздагы сүйүү - мага чоң колдоо.
- Сүйүүнү байлыкка алмашууга болобу?
- Кийинки мезгилде мындайлар кездешип жүргөнү чын. Бирок мындай сүйүүнүн түбөлүгү жок да. Бир кезде байлыктын кызыгы кетет. Ошондо сүйүүнүн ордун толтуруш оор болуп калат. Албетте, чыныгы сүйүү эч убакта бийликтин курмандыгы болбойт. Анын улуулугу, сырткы кызыкчылыктары эмес, ички жандүйнөгө байлангандыгында.
- Жаштарыбыз китеп окуу дегенди унутуп бараткандай. Китеп окуйсуңбу?
- Көптөн бери адабий китептерди окуганга мүмкүнчүлүк жок. Учурда эл аралык башкаруу, укук, финансы жана бизнес Академиясында магистратурада окуп жаткандыктан, окууга талап этилген китептерди гана окуп калам.
- Санаа менен сагынычтын үндөштүгү барбы?
- Сагыныч кенен түшүнүк. Бир мезгилди, кишини, айылыңды же болбосо, кандайдыр бир көнүп калган нерсени сагынасың. Ал эми жакын адамдарың алыста болсо, алардын ал-ахвалын билбесең, байланыша албасаң санаа тартасың. Ошондой эле айланада болуп жаткан окуяларга, кубулуштарга да санаа жаралат. Жалпылай алганда үндөштүгү бардай. Сагынычтан улам санаага батасың. Бирок, менимче экөө эки башка аалам…
- Таарыныч, кызганыч дегендер бар эмеспи. Сенин дүйнөңдө бул өңдүүлөрдүн орду кандай?
- Өлө таарынчаак кызмын. Жакындарым да дайым ушул кыялымды баса белгилешет. А кызганыч жагына келгенде алдырбаганга аракет кылам. Балким, анык кызгануу дүйнөсүнө аралаша электирмин, чын даамын анчейин татпаган соң, аны айтуу кыйын экен. Анүстүнө мындай сезимге таптакыр туш келгим келбейт.
- Күтүүнүн азабына аралашып көргөнсүңбү?
- Күнүмдүк турмуштагы күтүүлөр бардыгында эле болсо керек. Түбөлүк күтүүгө, сагыныч, кусалыкка кабылууну каалабайм. Андай азаптан Кудай алыс эле кылса экен. Уккан-көргөнүмө караганда күтүүнүн күйүтү өтө кыйын дешет. Албетте, айрым учурда күтүү да баалуулукту жаратат. Андай күтүүлөр болуп туруусу мыйзам ченемдүү көрүнүш. Бирок, түбөлүк күтүү бул өмүрдөгү трагедия болсо керек.




Назира Ахмедова ак көңүл, эч кимдин көңүлүн калтырбайт…
Балалык
Үйбүлөмдө 4 кыз, 1 эркек болуп 5 бир тууганбыз. Мен ата-энемдин 2-кызымын. Эркеликке деле анча берилген жокмун. Өңүм сапсары, көздөрүм жашыл-көк, анан өзүм менен өзүм жүрө берген жан элем. Аябай арык, анан алсыз кыз болгондуктан ооруканадан башым чыкчу эмес. Дары-дармектин атасын таанытчумун. Апам айтып калат: "сени ушунчалык чоңоюп, аман-эсен адам болот деп деле ойлочу эмесмин. Эки күндүн биринде эле ооруп калчусуң" - деп. Мүнөзүм апамдыкын да, атамдыкын да бирдей камтыган. Экөөнү тең тарткам десем болот.

Мектеп
Мектепте окуп жүргөндө китеп дегенде жантыгыман жата калуу адат эле. Бөтөнчө химия, биология дегенди казып окудум. Кыялымда врач болмок элем да. Коомдук ишке келгенде ичкен ашымды жерге таштачумун. Ошондо эле ар кандай иш-чара, майрамдык кечелерде тыкылдап алып баруучу болуп алчумун. Тыпылдаган аракетчилдигимдин аркасында райондук мектептин орус классын алтын медаль менен бүттүм.

Мүнөз
Балким иштеген ишимдин таасиридир, негедир боорукерликти, кимдир-бирөөлөргө жардам бергенди жакшы көрөм. Анүстүнө даярдаган материалдарым негизинен жаш балдарга, медицина багытына көбүрөөк басым кылат. Ошондуктан көп адамдар балдарынын денсоолугу тууралуу кайрылышат. Биз, чогуу иштешкендер, аларга демөөрчү, жардамчыларды таап, көптөгөн жаш көчөттөрдүн өмүрүн сактап калган учурлар болду. Ушундан улам мүнөзүм жумшак, анан эч кимдин көңүлүн калтыргым келбеген ак көңүл жанмын деп ойлойм. Бул мүнөзүмдүн, албетте, жеке өзүмө карата жакшы жактары бар, аны менен бирге жаман жактары да болот экен. Кээ бир учурда көңүлдөрүнө карап жок дей албастыгымдан улам аткаралбай калган кырдаалда айрымдардын капа кылган нааразылыктарына да тушугуп калам.

Үйбүлө
Үйбүлө мен үчүн жашоомдун бейиши десем болот. Жумуштан чарчап, ар кандай кырдаалдардан капа болуп келгенде көңүлүңдү көтөрүп, өзүңдү эс алдыра турган жай мен үчүн үйбүлөм. Жолдошум да мени, иштеген ишимди дайым туура түшүнгөн жан. Дегеле биз бири-бирибизди толук түшүнүшө алабыз. Беш жаштагы уулубуз бар. Уулубуз убактылуу биздин турмуш, иш-шартыбызга ылайык таята-таенесинин колунда. Менин оюмча уулубуз таята-таенесинин тарбиясын алса жаман болбойт. Кыргызда "Эр тайын тартат" деп коет эмеспи.

Ашкана
Албетте, аялзаты болгон соң ашкананын тилин эң жакшы билүү милдет. Бирок, "Ооруну жашырсаң, өлүм ашкере кылат" дегендей, чындыкты чындык деп эле айтыш керек го. Ашканага келгенде анча адистигим жок экенин моюнга алам. Биресе буга эрте-кеч калган жумушумдун да түз тиешеси бардыр.

Адам
"Адамга эң кыйыны - күн сайын адам болуу" деген сөз бар эмеспи. Анынсыңарындай адам болуу, ал атка татыктуулукту кармануу үчүн күн сайын өткөнүнө саресеп салып, кемчилигин оңдоп, артыкчылыгын арттыруу пендечилик деңгээлдин адамдык бийиктикке кеткен жолу десем болот. Анан да адам өзүн жөн эле жаралып калгандай, жашоого милдеттүүдөй туюнмаларынан арылтуусу керек го. Эң негизгиси канчалык даражасы көтөрүлгөн сайын жөнөкөйлүккө, бардык деңгээлдеги адамдарга бирдей мамиле күтүүгө умтулса, ал сөзсүз адамдык бийиктикти багындырат.

Аял
"Гендердик саясат", "феминизм" дегендерге көп деле кошула бербейм. "Бизге көңүл бөлсүн, бизди колдосун, шарт түзүп берсин" өңдүү ураандар өзүнө-өзү ишенбөөчүлүктү эле айгинелейт. Эгерде ошончолук эле ишке жөндөмдүү, потенциалы жогору, даярдыгы бар адам болсо, ал эч кандай колдоо, түртүүсүз эле, аял-эркек дебестен өсө алат.
Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук дегендери деле менимче булардын жөн эле бет кабы болсо керек. "Аял жакшы - эр жакшы" деп бекер айтылган эмес да. Аялда мандем болбосо, үйбүлө очогу бүтүн, зордук-зомбулуксуз эле жашоо нугу болоору анык.

Эркек
Аялзатынын табияты назик, анан кандайдыр бир көңүл буруу, коргоо өңдүү мамилелерге муктаж жаралган да. Анын бул талаптары албетте эркектерге көзкарандылыкка алып келет. Демек, эркек аялга күнүмдүк гана турмуштун талаптарын аткарып, көр оокат табуу үчүн эле эмес, аялзат табиятынын талаптарын да аткаруучу катары зарыл. Албетте, аял деле мындай жүктөргө милдеттүү. Бирок, табият негизинен эркектерди көбүрөөк, артыгыраак милдеттендиргендей. Ошол көз караштан алганда турмушта эркектин ролу биринчи болуп турушу зарыл. Мындан аялзаты эч кандай трагедия издеп, атаандаштык кылбай эле койсо болот.

Өмүр, өлүм
Өмүрдүн күнтурмушун жашап жатканым менен, "ал эмне?, маңызы кандай?" деп баш оорутуп көрбөгөн сыңары, өлүмдү деле ой талкуума салып көрбөптүрмүн. Кыскасы, тирүүлүк, өмүр кандай турпат-түспөлдө болбосун (мейли адам, жаныбар, куш), жүрөк согуп турган түзүлүштөгү "ЖАНдын" азыгыбы деп да ойлосо болчудай. Өлүм болсо ошол азыктын түгөнүү чекити го. Билбейм, айтор өмүр берген Кудайга ыраазы болом да, өлүмдү эстесем коркуп кетем. Эстегим келбейт.

Даярдаган Кубаныч ЗАЙНИДИНОВ