presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Кыргыз Республикасынын Президенти К. Бакиевге ачык кат

Урматтуу Курманбек Салиевич!
"Акыйкат үчүн" коомдук кыймылынын жана Коомдук парламенттин атынан Сизге өлкөбүздүн Конституциясында каралган өз милдеттериңизди аткарууга киришкениңизге байланыштуу салам жолдойбуз.
Сизге ачык кат менен кайрылуубузга төмөнкүдөй кырдаал себеп болду.
Сизге белгилүү болгондой, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 8, 14, 21, 23, 25, 29-статьяларына жана "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү" Мыйзамга ылайык бир катар саясый партиялардын, бейөкмөт уюмдардын жана көзкарандысыз коомдук ишмерлердин демилгеси менен ушул жылдын январь-февраль айларында "Акыйкат үчүн" коомдук кыймылы жана Коомдук парламент түзүлгөн эле. Бул коомдук уюмдар сиз отпускага кете электен мурда эле, Конституциянын 23-статьясын жетекчиликке алуу менен, 29-мартта Элдик курултай өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алган. Конституциянын жогоруда аталган нормасына карама-каршы келүү менен айрым борбордук башкаруу жана бийлик органдары (Юстиция министрлиги, республиканын Башкы прокуратурасы), о.э. мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттары бир жарым айдан бери "Акыйкат үчүн" коомдук кыймылынын жана Коомдук парламенттин иш-аракеттерин жокко чыгаруу боюнча планченемдүү иш жүргүзүүдө, ал эми биздин расмий кайрылууларыбызга жана каттарыбызга карабастан, жергиликтүү бийлик жана өзалдынча башкаруу органдары жыйындарга жана Курултай өткөрүүгө жай бөлүп бербестен, ар кандай тоскоолдуктарды жасап атышат. Атап айтканда, мындай фактылар жана окуялар Нарын, Талас, Жалалабат, Ош жана Чүй областтарында, анан борбор шаарыбыз Бишкекте болгон. Мына ушуларга байланыштуу жана сиздин отпускада чет өлкөдө жүргөнүңүздү, сиздин денсоолугуңуз тууралуу анык, так маалымат өз убагында болбогондуктан ар кандай ушак-айың сөздөр айтылып жаткандыгын эске алуу менен сиз жок учурда кырдаалды курчутпайлы деп, биз Республикалык Курултайды 12-апрелге которгон элек.

Урматтуу Президент!
Чындыгында эле Сиздин кол алдыңызда иштегендер жана чиновниктер унутчаакпы? Жакында эле А. Акаевдин тушунда, сиз өз пикирлештериңиз жана партиялаштарыңыз менен ушу сыяктуу эле окуяны баштан өткөрбөдүңөр беле: "Партиянын бардык мүчөлөрү, партиянын жетекчилери эң оор кыйынчылыктарга туш болду. Анын ичинде мен өзүм да Ысыккөлгө барганда андайды баштан өткөргөм. Биз жолугушууну сыртта өткөрүүгө мажбур болгонбуз... Ушундай тынчтык мезгилинде, XXI кылымда мурдагы бийликтегидей ушунчалык кысымга алуу, басмырлоо болгону таңгалыштуу". Бул сиз президент болуп шайлангандан кийин Кыргызстан Элдик кыймылынын V Курултайында айткан сөздөрүңүз.
Тилекке каршы, сиздин бийлигиңиздин тушунда да биз ушундай эле кысымга туш болуп олтурабыз. Ошону менен бирге, сиз президент болгондон кийин айтылган башка да сөздөрүңүз бар: "мен бийликтин аткаруу бутагынын, парламенттин, президенттин ишине баа берген кандай гана оппозиция болбосун, же кандай гана орган болбосун, мыйзамдуу жана алар менен конструктивдүү иштешиши керек деп эсептейм. Башкача айтканда, эгерде кимдир-бирөө мамлекет башчысынын же өкмөттүн же башка бир органдын иш-аракеттерине өз көзкарашы менен башкача баа берсе, бул анын кысымга алынышы керек дегендикке жатпайт. Бул нормалдуу процесс. Дагы бир жолу кайталап коейун, алар менен конструктивдүү иштешиш керек, мен ошондой иштешейин деп жатам".

Биз, "Акыйкат үчүн" коомдук кыймылынын жана Коомдук парламенттин мүчөлөрү да ушундай позицияда турабыз. Ошондуктан Курултайды - тынчтык жолу жана мыйзам ченемдүүлүк менен өткөрөлү деп турабыз. Курултайдын темасы: "Кыргызстандын тарыхый тажрыйбасы, бүгүнкү абалы жана келечеги".

Урматтуу Президент!
Конституциянын кепили катары сизден жергиликтүү жана борбордук бийлик органдары тарабынан көрсөтүлүп аткан тоскоолдуктарды жана кысымдарды токтотуп, 12-апрелде Курултай өткөрүүгө көмөк көрсөтүүңүздү өтүнөбүз. Сиз жана Өкмөттүн мүчөлөрү, башка жергиликтүү жана борбордук бийлик органдарынын да мүчөлөрү Курултайдын ишине катышсаңыздар жакшы болот эле. Биз өзүңүздүн жакында баштан өткөргөндөрүңүздү жана президент катары айткандарыңызды унута элексиз деген үмүттөбүз.




  Молдонун кылганын кылба…

Аксуу акими араб шейхиндей
Мен Аксуу акими Тынчтыкбек Чекиевди көп жылдан бери билем, дурус эле кол алышабыз. Анан кийинки күндөрү райондо ал жөнүндө Бакиев жөнүндөгүдөн биразыраак көп кеп жүрчү болду.

Өзүнөн башка биртоп адамдар менен сүйлөшкөнүмдө Т.Чекиевдин ушу аралыктагы өмүр жолунун сүрөтү момундай тартылды.
"Платон менин досум, бирок чындык андан жогору" деген тапталган афоризмди да алдыга тартып койоюн.
2006-жылы 20-майда "Аксуу биримдиги" аттуу коомдук фонду опера жана балет театрында марафон өткөзүп, урнага 250 136 сом түшөт. Бул акча фонддун бухгалтери З.Намазбекованын колуна тапшырылат. Ошондо коомдун башкармалыгынын өкүлдөрү бухгалтерди "акчаны так эсептеп отчет бер" десе, тигил "мен Тынчтыкбекти гана угам, ага гана баш ийем" деп тигилерди жакын жолотпойт.
Бухгалтер акчаны банкка которууну ойлобостон, аким Т.Чекиев, марафондун эсеп комиссиясынын төрагасы Д.Жаныбекова жана Аксуу РИИБ начальниги Т.Азизов менен бирдикте чогулган акчанын "тагдырын" чечишет. Бул фактыны башкармалыктын жетекчилиги ошол күнү саат 6.00дө актылап коюшкан.
Жогорудагы акча "тагдырын" чечкендер Бишкекте 5 күн жүрүп, араң келишет. Чогулган акча банкка салыныптыр, бирок 214 миң сом гана. Бул сумма андан кийин акимдин "жардамы" дагы азайыптыр.
Өткөн жылы Т.Чекиевдин көрсөтмөсү менен мурунку аппарат башчысы З.Турсунбаев "Аксуу баяны" деген гезит чыгарабыз деп, райондук мекеме-уюмдарды жаздырышып, акча чогултушкан. Азыр болсо акчадан да, гезиттен да дайын жок.
"Аким Бишкектеги үйүн 10 миң долларга оңдоп-түзөттү" сыяктуу дагы толгон акчага байланышкан сөздөрдү санап отурбайын, такталсын…
Сөз кыскасы, аким Т.Чекиевге акча өтө зарыл экен. Көрсө, үч аял багат тура. Бишкекте үч балалуу аялы бар, Караколдо бир балалуу Галина деген аялы, анан Аксууда чогуу жашап жатан Чынар деген аялы мына-мына төрөйүн деп турган убагы экен. Аман-эсен көз жарып алсын.
Кийинки аялы Чынараны Тынчтыкбек күйөөсү менен жашап турганда бузуп алган экен. Ойлоп калдым, мурунку парламентте четке кагылган көп аял алуу законун аким ал закон кабыл алынган го деп ойлоп алган окшобойбу. А балким, Турсунбай Бакир уулунун көп аял алуу идеясына аябай сугарылып калгандыр… а балким өзүн араб шейхиндей сезип кеткендир…
Мейли, ким канча аял алат өзүнүн жашыруун иши, законго сыйбаса да. Бирок, бир аялды башкарып, өзүнө баш ийгендерди "түз жүргүлө, ак жашагыла…" жаатында акыл айтып турган адамга бир аял менен эле жашоо туура келеби дейм да.
Болоору болду, айтып койгонубуз оң - илгери К.Бакиев менен чогуу иштешип калган экен, кийин К.Бакиев президент болгондо Чекиев эптеп атып ага кирип, ушул акимдик орунду сурап алган… Иштесин, бирок алды-артына саресеп салып, элге начар жагынан аңыз болбогондой иштесин да. Туурубу?

Баратбай Аракеев









??.??