Асыл адамдар

Төрөбай Кулатов
Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү мамлекеттик ишмери Төрөбай Кулатовдун туулгандыгына 100 жыл толот.
Ар күнү жумушка өзүм жашаган жерден- борбордогу Кулатов көчөсүнүн кесилишинен өтүп баратып, күнүнө миңдеген кишилердин ары- бери өткөнүнө күбө болгон көчөнүн каарманынын туулгандыгына жакында бир кылым болоорун эстедим. 1938-1945 -жылдарда Кыргыз ССРинин Эл Комиссарлар Советинин төрагасы, 1946-1978- жылдары Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин президиумунун төрагасы болуп узак жылдары иштеген Төрөбай Кулатовго замандаштары мамлекеттик ишмер жана адам катары жогору баа берип келишет. 40 жылы катарлаш иштеген Күлүйпа Кондучалова "Бир калыпта жашап жүрүп, дүйнөдөн бир калыпта кеткен, кээ бирөөлөрдөй серпилип көпкөн да, чөккөн да жок" деп баа берген. "Кээ бирөөлөр билими жок болучу деп айтышат. Анын тубаса таң каларлык акылы бар болучу. Кулатовду ошончо жыл бийликтен былк эттирбей сактап келаткан нерсе мына ошол тубаса акылы" деп айтканы бар. Биз бүгүнкү күндө ушундай асыл адамды, ак ниет мамлекеттик ишмерлерди азыркы бийликтеги адамдардын арасынан таппай келебиз. 30 жашында Кыргыз өкмөтүнүн башына келип, аны 40 жыл башкарып, Кыргызстанга эле эмес, мурдагы СССР өлкөсүндө бийликке узак мөөнөт кызмат өтөгөндүгү менен рекорд койгондугун белгилеп кетсе болот. Рекорд демекчи, кыргыздын мамлекеттик ишмерлери арасында дагы экинчи рекорд көрсөтүп, ал И. Сталиндин үч жолку кабыл алуусунда болгон бирден бир кыргыз жетекчиси да болуп саналат. Кыргызстанга Фрунзе-Балыкчы темир жолунун курулушу зарыл экенин билдирип, Москвада Молотовго кирсе, "бул татаал, тоо аралаган жол болот экен" деп макулдугун бербей койгондо И. Сталиндин өзүнө кирген. Эгер бул демилгеси жакпай калса, кызматынан түшүп, кайра шахтага жөнөп калаарын билип туруп, тобокелге барган. И.Сталин бул жолдун курулушун колдоого алып, кол коюп, уруксатын берген экен.
Төрөбай Кулатов өзүн көтөрө чалбаган карапайым жетекчи болгондугун да замандаштары айтып келишет.Бир ирет СССРдин делегациясы Индияга барганда СССР Жогорку Советинин төрагасынын орун басары Л. Брежнев Төрөбай Кулатовго "Делиге барабыз, трап келгенде менден кийин сиз түшөсүз" десе, Брежневден кийин анын жубайын өткөрүп жиберет. "Эмнеге анттиңиз?" деп кийин сураганда, "арабызда жалгыз аял болсо, аны сыйлабасак уят эмеспи" деп жооп бергенде, Брежнев "Сиз абдан жөнөкөй жана дипломат турбайсызбы" деген экен.
Төрөбай Кулатов туура сөзгө терикпеген, көтөрүмдүү болгонун замандаштары эскерген дагы бир мисал. Согуш убагында кызылча талаасында иштеп жүргөн аялдардын ал-абалын билгени түшсө, согуш учурунда кыйналып иштеп жүргөн аялдардын бири "биздин күйөөбүз согушта жүрсө, сиз машина минип, кычырап кийинип, иштеп жүрөсүз" деп ачуусу менен айтса, "айтканыңыз туура. Бирок мен да азыр деле согушка кетүүгө даярмын. Бирок бул жерде да иштөөгө киши керек экен. Өзүм деле кетмен чаап, орок оруп, жумушчу катарынан чыккам" деп жооп бергенде аялдардын бири уялып кетип "Төрөбай Кулатович, биз сизди жакшы билебиз, сиз ал сөзгө таарынбаңыз" деп түздөп кеткен тура.
Чынында эле Төрөбай Кулатов тогуз жашынан баштап эмгекке аралашып, жетимчиликтин, жокчулуктун азабын тартып эр жеткен. Ал шахтада жумушчу болуп иштеп жүргөндө көмүр жүктөгөн поезддин вагондоруна "Кулатов- министр" деп бор менен жаза берген экен, анын ошол тамаша-чыны аралаш тилеген тилеги ордунан чыгып, билими жок туруп, тубаса акылы, жөндөмү менен өз заманынын көрүнүктүү жетекчиси болуп чыга келгендиги күнү бүгүнкүгө чейин сөз болуп келет.
Төрөбай Кулатовдун туулгандыгынын 90 жылдыгында акын- жазуучу Эгемберди Эрматов ал тууралуу "Легендага айланган инсан" аттуу китеп чыгарса, бир кылымдык юбилейге карата да китеп чыгарууга даярданып жатыптыр.

Кулатовдун Соничкасы
Ал эми жубайы Салима Ташыбаева бүгүн уул- кыздарынын, небере-чөбөрөлөрүнүн чайын ичип, кадырлуу байбиче. Төрөбай Кулатовдун эркелетип атаган Соничкасы бүгүн 83 жашта, антсе деле созулуп, сөзгө сараң. Ак ниет, карапайым элден чыгып, элге ак дилден кызмат кылган адам менен бирге өмүр сүргөнүнө ыраазы. "Айлыктан айлыкка чейин жашачубуз, ал түгүл командировкадан арткан акчаларын "бул өкмөттүн арткан акчасы, кайтарып бериш керек" деп турчу деп айтат. Айлык алып, мамлекет шарт түзүп берип аткандан кийин иштеш керек деп күн тынымын, түн уйкусун көрбөй, ошо 40 жылы бою мамлекеттик иште кабагым- кашым дебей иштегенин кеп кылып берди. Төрөбай Кулатовдун басып өткөн жолу, ой- сезими Кыргызстандын баскан жолу, тарыхы менен тыгыз байланышканына, ал баскан жолу бүгүнкүлөр үчүн да, келечек муундар үчүн да эң сонун үлгү болуп калаарына каниет кылат.
Соничкасына Төрөбай Кулатов 33 жашында жолуккан экен. Ноокаттагы тамеки тизип иштеп жүргөн 19 жаштагы кызга көзү түшүп, бирок эч сөз айтпастан кетип калат да, Юлдашев деген оштук министр кишини жуучу жиберип, ата- энесинен колун сураткан. Төрөбай Кулатов 34 жашында тун балалуу болуп, маңдайы жарылып, кубанганынан атын Узак деп коюп, башка учурда бербеген эң кымбат тартуу- алтын саатты жубайына белек кылган. Мурдагы аялы оорудан каза болуп калат, бирок андан бала көргөн эмес экен.
Биз Төрөбай Кулатовдун үйүнө барганда, уулу Узак да апасына келиптир. Тамашакөйлүгү, баскан турганы жагынан тун уулунун да, андан кийинки уулунун да атасына окшоштук жагы барын апасы айтса, улуусу өзүн эл, өзгөчө чет элдиктер таланттуу актер Болот Бейшеналиев менен чаташтырып алышаарын айтып олтурду. Ал эми Төрөбай Кулатовдун уулу Эркин Россия Илимдер академиясынын физика институтунун лаборатория башчысы, бүгүн- эртең физика- математика илимдеринин докторлук даражасын жактаганы турат. Ал эми кызы Анара Россия Федерациясынын өкмөтүнүн аппаратында иштеп атат. Төрөбай Кулатов эки кыз, эки уул төрөп берген, турмушта жан жолдош болгон жубайына "Соничка, ак чач байбиче болуп, балдарыңдын убайын көрүп жаша" деп керээзин айтып кеткен экен. Бүгүн Салима Ташыбаева ак чач байбиче болуп, абышкасынын тирүү кезиндегидей сынынан жазбай келет.

Айгүл Бакеева





  Улут уңгу

Кусеин Исаев, мударис;
"Саясатчылардын бири да улутчул эмес"
- Кусейин агай, интернационализмдин кедергисинен кутулууга мүмкүнбү?
- Совет доорунда туулуп өскөндөрдүн мен экинчи муунумун. Коммунисттик саясаттан чыга алган эмеспиз. Коммунисттердин идеологиясы "бардык дүйнөнүн жумушчулары бириккиле" деген уран менен коштолгон. Маркс, Энгельстин теориясы боюнча улут жок болмок. Орусиянын курамында болуп, 1860-1917-жылдарда, алардын идеологиясында, совет элинин мүчөсү катары башка улуттун өкүлдөрүн сүйүш керек болгон. Совет доорунун алгачкы жылдарында эл мыктылары Касым Тыныстанов, Жусуп Абдрахманов, А. Орозбеков 1936-37-жылдары улутчул деген айып тагылып, атылган. Кийинчерээк Искак Раззаковду кызматтан алганда койгон күнөөлөрдүн бири улутчул болгон.
Менин муунум аргасыздан интернационалист болуп калышкан. СССР таркагандан кийин, кыргыздын бирдиктүү мамлекеттүүлүгүн (1207-жылда бузулган, уруулук мамлекет болчу) кайра алды. Кыргызстан азаттык алган соң, кечээгидей Маркстын теориясындагыдай эмес, коммунистик партиянын идеологиясынан арылып, интернационалист болбой, улуттук идеологиябызды көтөрүп чыгышыбыз керек эле. Бул маселени өлкө башчылары, саясый элита, жетекчилер башкы максат катары карап, ар бир атуул жердин бүтүмдүгү, элдин коопсуздугу үчүн жоопкер болушу керек болчу. Тилекке каршы биз андай боло албай жатабыз.
- Азыркы кездеги өлкөдөгү саясый элитадагы көрүнүктүү инсандардан кимди улутчул инсан деп атай аласыз?
- Өткөн доордон Искак Раззаковду, Болот Мамбетовду, Абды Сүйөркуловду, Султан Ибраимовду айтышат. Бул инсандар канчалык партиянын зомбулугу каттуу болсо да, карапайым элдин мүдөөсүн көздөгөн. Биз азаттыкка чыккандан кийин 15-жыл эл башкаргандардын бири дагы улутчул боло алган жок. Алар кара курсагын, ата-бабаларыбыздын бир канча мууну жыйган байлыкты өздөрүнө ээнчилегенге аракеттенип, жеке кызыкчылыгын Мекенден, элден бийик коюшту. Элдик ынкылаптын артынан бийликке келгендер "карга-карганын көзүн чукубайт" болуп, бири-бирине жардамдашып, байлыктарын катуунун аракетинде болуп атат. Азыркы өсүп келаткан жаштардын арасында улутчул болуп өсүп келаткан жаштар бар. Азыркы учурда саясий элитадагы инсандардын бирин дагы улутчул, кыргызчыл деп атай албайм.
- Улутка болгон жоопкерчиликти ойготууга бизде эмнелер жетишпейт?
- Мамлекетти бекемдөө үчүн кыргыз улутту, байыркы ата-мурас маданий дөөлөттөрүн, тилин, оюн, дилин, рухий байлыгын, ыйманын, динин, салт-санаа, үрп-адатын, адабиятын, тарыхын, санжырасын, адеп-ахлахын, пейилин, ар-намысын, кадыр-бийлигин терең билип, туу тутуп жүрүшү зарыл. Кыргыздар гана эмес, Кыргызстанда жашаган баардык улуттун өкүлдөрүнө үлгү болуп, кыргызды терең билишине жетишибиз керек. Бул үчүн кыргыздардын өзүндө чоң жоопкерчилик болушу кажет. Кыргызстанда жашап жаткан элдердин үчтөн бири башка улуттун өкүлдөрү. Алар кыргыздарды сыйлагыдай болсун.
- Өкмөт башында Силаев, Танаев, Чудинов кызматта турганына кандай карайсыз?
- Буга менин көз карашым терс. Ушул кезге чейин биз кыргыз өзөктүү калк экенибизди сезген жокпуз. Маселен, Кытай мамлекеттик кызматка өтүү үчүн, Кытайдын улуттук Ханзу тилинен, тарыхынан, философиясынан, адабиятынан экзамен берет. Бизде президенке шайлоо үчүн, тилден гана экзаменден өтөт. Бул туура эмес. Мамлекетти башкарууга талапкерлигин коердон мурун, кыргыздын нагыз тарыхы, философиясы, адабияты, макал-лакаптары боюнча экзамен беришсе, кыргыздын тилин-дилин, тарыхын билбеген адамдар кызматка бармак эмес. Бул өзүнчө саясат, өзүнүн жоопкерчилигин аткарбай жаткандык.

Гүлбарчын Якубова