presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Укуругум долоно

Амангелди Муралиев, коомдук ишмер:
"Биздин өкмөттүн дүйнөлүк кризистерге карама-каршы даярдыгы жок"
- Амангелди Мурсадыкович, өлкөбүздү Борбордук Азиянын демократия аралчасы атап алганыбызга көп эле болду. Башка чыр-чатактарды айтпай турганда да демократиянын бизде бар-жогу, ак-карасы узун талкууга түшүп алганы анык. Дегеле, демократия, анын биздеги ал-абалы, өңү-түсү туурасында маегибизди баштасак?
- Демократия дегендин ток этээрин айтканда, экономиканын жана жарандын өсүүсүндөгү пайдубалы. Бизде азыр демократия деген эмне, талкуусу менен бирге эл аны биздин жогорку деңгээлдеги чиновниктер колдонобу, колдонбойбу, өнүктүрөбү же өлтүрөбү деген маселе аябай курч болуп атат. Демократиянын биздеги жүзүн көрүш үчүн өткөн парламенттик шайлоону эстеп көрүү эле жетиштүү. Албетте, ал шайлоонун да бир жакшы жери бар. Ал цивилдүү багытка айлангандыгы. Тагыраагы партиялык жарышка түшүүсү.
А, башка жагынан алганда шайлоо "шоктерапияга" окшоп калды. Алсак, элге канчадан бери таанымал, эл да сүйгөн "Атамекен" партиясы таптакыр кур жалак калса, кечээ эле түзүлгөн президенттин "Акжол" партиясы парламентти дээрлик ээледи. Административдик ресурстардын тыкыр иштөөсүнүн натыйжасында парламенттик шайлоо бүгүн биздин бийликке авторитардык күчтү топтоп берди. А демократияга ыктап, жарандардын укугу туурасында Конституцияга аябай жакшы жазылган кооз сөздөр, мыйзамдар бүгүн иштей албай атат. Себеби, көчөдө мыйзамдар башка өңүттө иштешүүдө. "Мен бийликте болсом, менин айтканым мыйзам" деген түшүнүк күч алып кетти.
- Бизде мындан ары демократия деген "шордуу" туулбай туна чөгөт дейсизби?
- Дагы бир демократияны муунта турган маселе бизде коррупциянын өзгөчө гүлдөп жатышы. Азыр бизге маанилүү болгон бизнес тармагына коррупция кара тор болуп жабылып атпайбы. Кадимки балыкты тор менен сүзүп алган өңдүү. Албетте, мындай кырдаалда биз алакан жайып олтуруп албообуз керек.
- Кандай кадамдарга баруу зарыл?
- Биз учурдан кеч калбоо үчүн конституциялык мыйзамдарды кабыл алуубуз зарыл. Ал мыйзамдар Конституцияга тете болуусу керек. Эмне үчүн дегенде, жарандардын укуктары, эркиндиги, жоопкерчили боюнча баардыгы камтылуусу кажет.
- Мыйзам деген бизде оголе көп экени, алардын дээрлиги иштебеси айдан-ачык болуп турган соң, ашка жүк, башка жүк кылып дагы кагаз-сыя, куру убакыт коротуунун кажети барбы?
- Бизде мындай мыйзамдар жок. Конституцияда жалпылай эле жазылган. Мыйзам деген ийне-жибине чейин иштелип, жазылышы зарыл. Чийки мыйзамдар көп үчүн иштөөгө мүмкүнчүлүк болбой жатканы да бар. Маселен жаштар бийликке карата "Мен ишенбейм" дешип, беттерине маска кийип алып "үнсүздүк" акцияларын өткөрүштү. Бул бийликке өзгөчө "протест" болду. Күч органдары буларды кармап жатышат. Эмнеге кармайт? Эмне себептен кармоо керек? Мындайларды кармоо кайсы жерде жазылган? Булар эмне көңтөрүшкө чыктыбы?.. Ушул өңдүү күдүктөр кишинин кыжырын кайнатат да. Чынында булар эч кандай мамлекеттик көңтөрүшкө үндөшкөн жок да. Ошон үчүн бардык "эмне үчүндөргө (?)" жооп берчү так мыйзамдар бизге, демократия жолун эңсегендерге, ал жолго түшкөндөргө суу менен абадай керек.
Бизнес жаатында да так ушундай. Бюрократия аябай күч. Бир иш баштоо үчүн кеминде 20дай кагаз топтойсуң. Бул 20дай "постко" шапка ыргытуу дегендик. Бул демократияга карама-каршы. Демократия деген - митинг менен эле чектелбейт. Же мэрдин президентке жагыныш үчүн "бул жерге турба, тигил жерге тур" деген элди үркүткөн, өзүнө ылайыкталган мыйзамы эмес.
- Демократия дегенибиз элге жакканы менен бийликке жакпайт экен. Бийликке жакпаган нерсенин ишке ашышы кыйын болоору анык эмеспи…
- Бийлик кааласа да, каалабаса да Кыргызстанга демократияны куруу үчүн эшик ачуусу керек. Болбой эле тырыша берсе келечек өтө начар болот. Карапайым адамдар кыйналып калат. Кыйынчылык жанга батканда бийлик менен эл ортосунда олуттуу чыр-чатак чыгып кетет. Дагы бир маанилүү маселе, бизде президент жөнүндө мыйзам жок. Албетте, башта айткандай Конституцияда президент жөнүндө жалпы жоболор, принциптер жазылган. Бирок, механизмдер жок. Конкреттүүлүк жок үчүн бүгүн президент баарын өзү чечет. Жоопкерчилиги өкмөттө. Мындай оюн демократияга эч коошпойт. Дагы бир маселе бүгүн бийликтегилер жарандык укуктун пайдубалы эле эмес, экономиканын да пайдубалын алсыратышууда. Ошол эле айыл-чарбасын жүдөткөн салык-жыйымдар, ишкерлерди тумчуктурган бюрократия, жерлердин "подставной лицолор" аркылуу чет эл жарандарына кетүүсү, азык-түлүк, күйүүчү май өңдүүлөрдүн бааларындагы өсүштөр, мунун баары демократияны тушоо, муунтуу. Буга кошул-ташыл биздин өкмөтүбүздүн экономикалык саясатынын, жогорку чиндеги жетекчилердин жоопкерчилигинин дээрлик жоктугу, албетте, бүгүнкү кейпибиз менен алдыга өсүш кыла албастыгыбызды айгинелейт.
- Демек, учурда өкмөт өз милдетин таптакыр аткара албай калдыбы?
- Мен ойлоп атам, бүгүн биздин өкмөт дүйнөлүк кризистерге карама-каршы даярдыгы жок. Экинчиден, системалык, программалык иштерди жасаган жок. Маселен, энергетиканы алсак, аерде эч кандай программа жок. Бишкек ТЭЦин, "Түндүкэлектрону" сатабыз деп атышат. "Токтогул" ГЭСибизде суу кризистик абалда турат. "Камбаратаны" курабыз дешүүдө. Бир сөз менен айтканда бул жак будуң-чаң. Энергетика да экономиканын бир чоң булагы. Биз эртең шам жагып, отун-көмүр ташып жашай албайбыз. Бул сокурга деле көрүнүп турган маселе да. Ошон үчүн "эмнени сатабыз, эмнени курабыз?" деген программа болуш керек эле да.
Бир сөз менен айтканда, Бишкек ТЭЦин, "Түндүкэлектрону", Бишкек жылуулук берүүчү тармагын сатууга каршымын. Эмне дегенде, бүгүн сатсак, эртең тарифтер эки-үч эсеге өсөт. Бул эки жерде эки төрт дегендей эле кеп. Ошону эл көтөрө албайт. Себеби, биз бай эл эмеспиз. Ашып кетсе 5% байларыбыз бар. Мына ушуну ойлонуп туруп сатыш керек да. Дегеле, бизде энергетикага байланыштуу тышкы саясат да аябай начар.
- Амангелди Мурсадыкович, тарых далилдерине деле кайрылсак өлкө өмгөктөп, эл эсин жоготуп калган кырдаалда улуттук, мамлекеттик лидер чыгып, ал кырдаалдан өлкөнү, элди сууруп кетчү экен. Бүгүн бизде андай инсан барбы?
- Сыртынан карасаң, андай чыгаан уул-кыздарыбыз бар. Маселе деле ал жагында олуттуу эместей. Бирок бүгүнкү биздин лидерге элдин ичи чыкпай калгандай. 2005-жылы ишенич зор эле. Азыр андай эмес. Ушуну элдик лидерлер ойлонуп, эл үчүн иштесе болмок. Бирок, көрбөдүңөрбү, Өкмөттүн укуктары жок. Эки жылда төрт өкмөт алмашты. Бул өсүш эмес да.
- Азыркы оппозиция бийликке карата элдин ишеними өлдү, үмүтү өчтү деп айтууда. Сиз кандай пикирдесиз?
- Бул туура эле ой, туура эле пикир. Адам баласы өтө кооз сүйлөп, көп-көп убада бергенде жакшы көрүнсө, анан турмушта анын бири да негизделбесе ишенич кетет, үмүт өчөт да. Азыр аябай жакшы сөздөр айтылууда. "Экономика өсүп атат, айлык көтөрүлүп атат" деген. Бирок, инфляция анын баарын жеп коюп жатпайбы. Баалар жогорку темпте өсүп жатат. Мунун баарын эл жон-тери менен сезип жатат да. Мындайда куру сөздөр, алдоолор элдин кыжырын гана кайнатат.
- Ушунчалыкка жеткен, кыйчалыш кырдаалдан элди, өлкөнү чыгарып кете албаган бийликтин зарылчылыгы барбы?
- Менимче андай бийликтин зарылчылыгы жок. Бирок, бийлик ушунун баарынан жыйынтык чыгарып, жомок, кыял эмес, реалдуу сөздөрдү айтып, реалдуу кадамдарды жасаса азыркы кырдаалды өздөрү жакшылап түшүнсө, анда бийлик кыйындыгын көрсөтө алмак. Бийликтин кыйындыгы элдин мүдөөсүн түшүнө билип, элдин сөзүн уга билүүдө. Болбосо, өлкөдөгү абалды, элдин жүрөгүндөгү нерсени сезбей эле, күпүлдөп куру сөздөр менен сүйлөй берсе, андай бийликтин албетте кереги жок.
- Оппозиция курултай өткөрөбүз деп шымаланууда. Эмне жыйынтык күтөсүз? Курултайга барасызбы?
- Маселен, мен каталык кетирсем, ата-энем мага "ай балам, сенден мындай каталык кетти, ишиңди, баскан-турганыңды оңо" өңдүү акылын айтып, тескейт. Курултай деле ушул мааниде. Эгер мен президенттин ордунда болсом, ошол курултайга барып катышат элем. Угат элем. Жыйынтык чыгарат элем. Эртеси эле бир нече указдарды чыгарып, кандайдыр бир чечимдерди кабыл алмакмын. Мындан коркууга негиз жок. Албетте, барыш керек.
Март окуясын революция деп төш кагышса эң биринчи ар бир жарандын укугун туу кылып көтөрүп, ар бир жарандын оюн, жашоосун өзгөртүш керек эле. Андай болгон жок. Ошон үчүн бийликтегилерден башка эч ким деле аны майрам деп кабыл албады. Ошол максаттарын, мүдөөлөрүн ишке ашыруу үчүн бул курултай эң маанилүү экенин да билүү керек деп ойлойм.
- Бүгүнкү саясаттын абалына токтоло кетсеңиз?
- Бүгүнкү саясат дүйнөлүк талаптарга жооп бербейт. Бүгүнкү саясат ички маселе боюнча да даярдыгы, программасы, идеясы жок. Негизинен өлкө азыр аябай оор кырдаалда. Бийлик тууганчыл кландын тузагынан чыга албай калды. Баалар өсүп жатат. Элдин кирешеси төмөндөөдө. Мындай маселелерди чече албаган бийлик токтоосуз кетиши парз.
- Өзүңүз айтып жаткан кемчиликтерди оңдоо үчүн бийликтен расмий чакыруу болсо барат белеңиз?
- Мен ачык эле айтам. Өкмөттүн ички саясатын карап, президент менен өкмөттүн мамилесин, парламенттин абалын карасам мен барбайт элем. Эмне үчүн дегенде иштеш үчүн шарт түзүлүш керек. Компетенттүү команда болуш зарыл да. Андай азыр жок. Демек, мен барбайм.
- Компетенттүү команда жок дейсиз. Бул кадр маселесинин потенциалдык деңгээлине тиешелүүбү же жаңылыш тандообу?
- Менимче, бул система. Системага ылайыктуу кадрлар тандалган. Тагыраагы президент өзүнүн көз карашы, маданияты, позициясы, деңгээли, билгени менен жасаган иши. Ошон үчүн бүгүн өкмөт да, парламент да, партия да, губернатор, аким, а тургай айыл өкмөттөн өйдө өзүнүкү. Бир гана иштөө керек эле. Иш эмнеге жылбай атканы жалпыга маалым болуп калды окшойт.

Маектешкен
Кубаныч Зайнидинов










??.??