№35, 01.04.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Эрендерде эмне кеп?

Мухтар Өмүракунов, "Замандаш" партиясынын лидери:
"Биз элдин ишеними менен жеңишке жетебиз…"
Мен мурда да жаздым эле. Чоң саясатта кан алмашмайын, жаңы муундун өкүлдөрү келмейин өлкөдө өзгөрүү болбостугун. Соңку жылдары саясый аренада Мухтар мырзанын төбөсү көрүнө калып жүргөнүнөн, баам салып көрөлү дедик. Кепке тарттым.

- Мухтар Сүйүналиевич, ажонун ооруп калганын кандай кабыл алдыңыз? Ушак-айыңга да тойдук го…
- Бул нормалдуу көрүнүш. Оорубаган адам болбойт, президент деле адам да. Мындан кынтык издөөнүн өзү туура деле эмес. Мунун айланасында ушак-айың Кыргызстанда эле эмес, коңшу өлкөлөрдө да күч алды. Мындай нерсени болтурбай коюу үчүн бийлик органдары ачык-айкын, туура маалыматты таратыш керек болчу. Тилекке каршы, алар элди дүргүткөнгө жарашты…
- "Атамекен" партиясы тили буру адамдардын мушташканды, ок атканды үйрөнүп атканын, буга бийлик себепчи экенин айтып чыкты. Мындай ыкма оппозицияга сес көрсөтүүбү?
- Бийликтин ар кандай окуяларга, митинг-пикеттерге алдын-ала даярдык көрүүсү мыйзамченемдүү эле нерсе. Себеби, радикалдуу оппозиция 29-мартта курултай өткөрүшмөк, анысы 12-апрелге жылды. Акүй да булардын аракеттерине алдынала даярдыктарын баштады. Бирок кандай аракеттер экенин айталбайм. А эң негизги нерсе, оппозиция митинг өткөрөбү же курултайы болобу, бийлик мындай аракеттерге кыянаттык кылбаш керек. Бардыгы мыйзам чегинде өтсүн, ошого катар демократиялык принциптер да бекем сакталуусу шарт. А бизде көп учурда тебеленип калууда…
- 12-апрелде өтө турган оппозициянын Элдик курултайында өлкөгө саясый өзгөрүү кириши мүмкүн деген кептер айтылууда. Сиздин оюңуз кандай?
- Чыныгы Элдик курултай өтсө жакшы болор эле. Менимче, ал жыйынга бийлик да, анан ортодогу биз сыяктуу партиялар да жапатырмак катышса жакшы болмок. Ушу кезде коомчулуктун ички катмары кандайдыр бир кризистик абалда турат. Элдин бийликке нааразычылыгы курч. Ар тараптан. Мына ушундай көйгөйлөрдү чечүүнү алдынала пландап, нагыз Элдик курултайдын деңгээлине жете алышабы? Эгерде былтыркы апрелдегидей оппозициянын бир тарабы бийликке өтө качып, экинчи жээги "баланча күндө бийликти алабыз" деп турушса, анда натыйжа деле чыкпайт. Жөн гана саясый шоуга айланат.
- Жеке таарынычтар дейсизби?
- Буга чейин ар ким өзүнүн кызыкчылыгы үчүн гана күрөшүп, бийликке болгон таарынычтар менен гана жашап келбедиби. Ортодо элди курал катары пайдаланышып…
- Сөзүңүзгө кыстырма, тарыхта Элдик курултай менен кыргыз элинин көйгөйүн, маселесин чеччү экен. Азыр ал деңгээлге жетүүгө кудуретибиз барбы?
- Мен да ушул жагын ойлоп, "Элдик курултай" деген сөздүн баркын кетирип алабызбы деп кооптоном. Эгемендүүлүккө жеткенден бери Элдик курултайлар өтүп келди, бирок максаттарына жетпеди. Азыр да мен күмөн санайм, маанилүү жыйынтык чыгаарына. Себеби, радикалдуу оппозициянын урааны бийик болуп атат да, а иш жүзүндөгү аракеттери көңүлгө толчудай эмес. Эки-үч жылдан бери ушул сыяктуу эле саясый жөөлөшүүлөр болуп келатат. А эки тараптуу конценсуска келүү дегенди ойлонбойбуз. Албетте, көп учурда бийлик убадаларынан тайып кетерин эске алышыбыз зарыл…
- Сизди Элдик курултайга чакырган жокпу?
- Жок. Мени Коомдук парламентке чакырышкан эле. Бирок биз консультация катарында карым-катыш кылып турууну чечкенбиз.
- Коомдук парламентке көзкарашыңыз түз элеби?
- Эч кандай каршылыгыбыз жок. Бизде оппозициялык күчтөр менен же бийликке карата кылчайнашуудан алыспыз. Саясый багытыбыз ортодо. Эң негизгиси, бизди көп учурда бийлик кумары эмес, элдин көйгөйү жүрөгүбүздү оорутат…
- Мындай мүнөздө саясатты кармап атканыңыз кандай (?), бир нерсени күтүп атасызбы? Маселен, кай тарабы алсызданса ошол жагына басым жасайлы деп… Бу жагынан амалдуу саясат ойнобойбу?
- Бир жагы алсызданса, экинчи тарабы күчтөнсө деген ойлордон алыспыз. Биздин саясый көзкарашыбыз "түлкү кыялдарды" тутунбайт. Тээ "Замандаш" ассоциациясы кезинде да, кийин партиябыз түзүлгөндөн бери туура багытты кармаганга аракет кылып келатабыз. Мүмкүн биз бийликке кошомат кылсак, мандат эле керек болсо парламентке оңой эле өтмөкпүз. Күч ардайым бийлик тарапта болуп келатат, мындай шартта "Замандаш" партиясы тизе бүгүп калган жок да. Биз саясый адилеттүүлүктү карманабыз, ошондой эле өзүбүздүн туруктуу позициябыз бар. Радикалдуу кадамдар менен эч нерсени өзгөртө албайбыз. Кичине узак жолду тандап алдык. Азырынча партияны бекемдөө менен элдин аң-сезимин туура багытка өзгөртүүгө аракеттерди көрөбүз. Бир нерсени көңүлгө түйүп коюу зарыл: элдин ой жүгүртүүсү өзгөрмөйүн, мамлекеттик түзүлүш да, бийлик системасы да жаңычылдыкка өзгөрөрү күмөн. Биринчиден, элдин туура тандоосу керек. Ага саясый күчтөрдүн таза жолу шыкак бермекчи. Тилекке каршы, бизде саясатчылардын жеке кызыкчылыгы ашынып атпайбы.
- Саясый чөйрөдө: сизди 2010-жылдагы президенттик шайлоого даярданып атат деген кептер жүрүүдө. Өз оозуңуздан уксак, чын эле ушундай амбицияңыз барбы?
- Мындай ушак күздөн бери айтылып келатат. Биринчи укканда күлдүм эле. Анан барган сайын элдин оозун тыя албайт экенсиң, күчөп кетти. Ачыгын айтайын, азырынча "Замандаш" партиясы президенттикти кыялданган жок. Биздин оюбуз Жогорку Кеңештин кийинки шайлоосуна дагы да атсалышуу. Бир адам эч нерсени өзгөртө албайт. А биз команда менен парламентке келишибиз керек. Ал эми президенттик шайлоого атсалышабыз деген ойдон оолакпыз.
- "Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт" эмеспи. Балким сизди убакыт, мезгил сыны ажолукка түртүп атсачы. "Мамлекетти башкарам" деп ойлобогон адамдарга деле оомат келип, элди бийлеп атышпайбы…
- Жеке өзүмдө "президент болом" деген план жок. Мезгил көрсөтсүн. Ал эми "чөптүн башын кыймылдатып аткан шамалды" менин душмандарым жасап аткандыр. Саясый аренадан сүрүп чыгаруу үчүн "шамал" кылышып, тиш салууга даай алышпай…
- "Бүгүнкү бийликтин саясаты, дегеле башкаруу системасы өзгөрмөйүнчө жыргабай калдык" деген пикирлер арбып кетти. Эмне, башка бир нерсени күтүш керекпи, кантип жаңыланабыз?..
- Убакытты күтөлү. Саясатка жаңы муун келмейин ит жыгылыш оюндары боло берет. 2005-жылдан бери саясый кризистер кайталанып эле келатат. Дагы деле уланат дечи. Мен ойлойм, эки-үч жылдан кийин Кыргызстанда чоң саясый өзгөрүүлөр күтүлөт деп. Бул да жаңы муундун келиши менен… Анан эми бийлик системасын өзгөртөбүз маанисинде жарым жылда эки ирет Конституция алмаштырдык. Өзгөрүү болбоду. Алсак, бир жагдайда Жогорку Кеңештин полномочиелери көп болуп, ага да алымсынбай башташкан. Практика жүзүндө ошол депутаттар өздөрүн президенттен кем сезбей калышкан. Бул бир жагы. Экинчи жагын алсак, азыркы парламентте өтө чабалдар басымдуулук кылууда. Мурда парламенттен баштап жергиликтүү Кеңештердин да кандайдыр күчү бар болчу. Азыр болсо соңку Конституция менен бүт бийликтин баары президенттин администрациясынын колунда. Тилекке каршы, жергиликтүү администрацияларга чейин башкаруу ырааттуулугу солгун. Биз ушундай олку-солкулук менен эки-үч жылга созулабыз го. Бир чети мамлекеттин дүркүрөп өнүгүшү үчүн ушундай кризистерден өтүү талабы тургандыр…
- Сырткы саясый күчтөрдүн таасирдүү айрым топтору кыргыз бийлигин алмаштырууга кызыкдар болушуп, кээ бир оппозиция лидерлери менен тымызын сүйлөшүүлөр жүргүзгөнү боюнча каңшаар тарап атат. Сизге да ушул жаатында имиштер жармаша калды эле…
- Өткөн күздө ушундай кептерди мага жармаштырууга аракет кылышты. Чындыгын айтсам, мага бир да өлкөдөн мындай сунуштар түшкөн жок. Сунуштар түшкөн күндө да, "Замандаш" партиясынын лидерлери четке какмак. Башка бир сырткы күчтөрдүн ресурстарын пайдаланып, мамлекеттик түзүлүштү өзгөртүүнү ниеттенүүдөн алыс бололу. Эгерде андай өлкөлөрдүн жардамы менен жеңишке жетсең, алардын кызыкчылыктарына көзкаранды болуп, аткарууга мажбур болосуң. Мунун өзү мамлекеттин түптамырына доо кетире турган коркунучтуу көрүнүш. Эң алды биздин мекендештерибиз менен алардын көздөгөнү эки ача чыгат. Кыргызга күйгөн лидерге кыргыз элинин кызыкчылыгы жогору туруусу парз. Аркандай сырткы күчтөрдүн таасири менен бийликке келгендер тушалып калат, жакшылыкка барбайт. Алардын саясый курмандыгына айланарын эсибизден чыгарбайлы. Мен мындай кадамга тикелей каршымын. Биз элибиздин ишеничи менен гана жеңишке жетишибиз керек.

оппозиция митинг өткөрөбү же курултайы болобу, бийлик мындай аракеттерге кыянаттык кылбаш керек. Бардыгы мыйзам чегинде өтсүн, ошого катар демократиялык принциптер да бекем сакталуусу шарт. А бизде көп учурда тебеленип калууда…

Жеке өзүмдө "президент болом" деген план жок. Мезгил көрсөтсүн. Ал эми "чөптүн башын кыймылдатып аткан шамалды" менин душмандарым жасап аткандыр.

Маектешкен
Асланбек Сартабев