№35, 01.04.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Өнөрпоздор менен

Күлкү күнгө күйдүргү…
Бакыт Мукул, куудул:
"Бука жибин далай үздүк"
- Бакыт байке, "кунаажын көзүн сүзбөсө, бука жибин үзбөйт" деп коет эмеспи. Чынбы?
- Чын эй, ал кылыктанып, жалооруп, кылгырган кареги менен карабаса балекеттин көңүл бурасыңбы. Ошентип тийишкен кареги менен тиктешкен соң, анан "жибиңди үзүп" жөнөйсүң да артынан…
- Канча жолу "жип үздүңүз" эле?...
- Ыя?.. Эми жаш кезде болот да андай нерселер, анын баарын айтып олтурсак болбой калат го. Жаштыктын деми менен кезинде "жип" эмес, "тросту" да үзүп кетчү учурлар кездешкен…




Кубан Алимов, куудул:
"Эл күлбөсө өзүм күлүп..."
- Сатираңызды ушундай берилип айттыңыз дейли, эл күлбөй койсо эмне кыласыз?
- Өзүм күлүп коем да... Болбосо бирден кытыгылап чыгам.

Кубаныч Сатаев, обончу, аткаруучу:
"Атадан кем уулмун"
- Кубаныч "атадан артык уул, атадан кем уул анан атага тең уул"деп атанын учугун улай турган уулдарын үчкө бөлөт экен. Сен кайсынысына киресиң?
- Мен азырынча "кемине" эле кирем го, атамдан артык уул болуш кыйын... Бирок, элимдин колдоосу менен "кем" эмес, "тең" уул болгонго аракет кылып келем.

Ильяз Андаш, ырчы:
"Эмгек акыл кошот"
- "Ылгабай жазган токтом көп, ырчыларың боктон көп" дегендей, учурда жамгырдан кийинки козукарындай жаш ырчыларыбыз көбөйдү. Мезгилдин агымы менен иргелип, таза таланттар калаары бышык, эл сыйлаган чыныгы ырчы катары сахнада калаарыңа ишенесиңби?
- Азыр сиз айткан сахнада жүргөн ар бир жаш таланттын кудайым берген ырыскысы бар деп ойлойм. Ал эми чыгармачылыктын таттуу да, түйшүктүү да даамын татып, ийгиликти жогорулата берүү үчүн тынымсыз эмгек, оригиналдуу идеялар жана эң башкысы улуу элибиздин уюткулуу салттарын камтыган, улуттук колоритти эсиңе бекем тутуу керек. Ырчылык өнөрдө менин негизги эрежем, "бир пайыз талант, 99 пайыз талыкпас эмгек".
- "99" пайыз эмгек издеп жатып, өзүң "99" болуп калуудан коркпойсуңбу?"
- Мен деги эле эч нерседен коркпойм. (Тамаша). Албетте, адам баласында табигый коркунуч сезими кошо жашаганы туура. Баары тең өз ордунда болгону жакшы да. Бирок, талыкпаган эмгектен "99" болгон адамды деги эле жолуктура элекмин. Балким акыл-эсим ашып-ташып, "101" да болуп кетиши мүмкүн.




Шайырбек Арапов, теле алып баруучу:
"Бою пастын ою пас эмес"
- Шайыр, боюң узунураак эмеспи "теректей бой бергенче, теменедей акыл бер"дегенге көз карашың кандай?
- Зато, менин боюм стандартка жооп берет да....
- "Өзүн-өзү мактаган өлүмгө тете" деген да кеп бар эмеспи...
- Мен өзүмдү мактаган жокмун. А боюм узун экени көрүнүп эле турбайбы. Силер унутпагыла бою пастын ою пас болбойт...
- Тагдыр буйруп, 1,5 м кызга баш кошуп калсаң шоруң катты го, аяк-башыңды жыйнай албай же аны узар деп кыйнай албай…
- Башка түшсө байтал жорго, бирок менин бактыма жазылган кыздын бою узун эле болсун деп тилек кылам. Ал эми эгер чын эле ошондой болуп калса, анда турникке асылтып узартканга аракет кылам да...

Даярдаган
Амантур Мусагул уулу




  Күлкү өрөөн

1-апрель - эч кимге ишенбе!
Сот кылмышкердин үстүнөн өз өкүмүн окуп жатты:
- Садыралиев Самак оор кылмышка кириптер болгондугу үчүн өлүм жазасына кетсин.
Аны уккан кылмышкер боору эзилгенче күлөт.
- Ха-ха-ха!
Залда отургандар таңгалыша бири-бирин карашат.
- Акыл-эсиң ордуңдабы, неге күлүп жатасың?
- Бүгүн биринчи апрель эмеспи, соттун өкүмүнө түк да ишенбейм.

* * *
Начальник секретаршасына ачууланып атты.
- Бүгүн эмне бир дагы кызматкер жумушка келишкен жок?
- Бүгүн эс алуу күн деп баарына телефон чалып койгом. Биринчи апрель экенин унутуп калышса керек.

* * *
Бир кызматкер ойношуна кайрылат:
- Бүгүн бир от души көңүл ачып, кафе, сауналарга барып эс алып келбейлиби?
- Аялыңа эмне деп жооп айтасың?
- Бүгүн биринчи апрель эмеспи, ага кандай айтсам да жараша берет.

* * *
Синоптиктер шашылыш билдиришет:
- Эртең экинчи апрель Кыргызстан боюнча күн бүркөлүп-ачылып, өсүмдүктөргө катуу таасир берүүчү ысык кар жаашы күтүлөт. Ысыбас, тердебес үчүн кол чатырыңарды, анан сүлгүңөрдү ала жүргүлө!

- Алоо, бул Акматбекпи?
- Угуп атам.
- Сүйүнчү, аялың эркек төрөдү.
- Кызык го, менин аялымдын боюнда жок да.
- Калп айтпачы, бар экен го.
- Ооз басырык берем, эч кимге угуза көрбө, ал деген экинчи аялым...
- Тамаша, бүгүн 1-апрель эмеспи!