№35, 01.04.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Курсак көйгөйү

Азык-түлүк коопсуздугуна саресеп
(Башы өткөн санда)
Эмне үчүн мал жандуу кыргыз этти аз жейт?
Мурдагы Советтер союзунда азык-түлүк коопсуздугу деп анын физикалык гана аспектисин түшүнүшкөн. Ар бир өлкө өзүнө керек тамак-аштын баарын өзү өндүрсө коопсуз сезет деп, аны да аябай тар маанисинде алып карашкан. Дүйнө жүзүндө болсо азык-түлүк коопсуздугу менен Бириккен улуттар уюму алектенет. Уюм аны кеңири алып карайт. Адистердин жазышынча, азык-түлүк коопсуздугу деген түшүнүктүн Советтер союзу алып караган физикалык аспектисинен тышкары дагы эки аспектиси бар. Анын бири - тамак-аштын санитардык жана экологиялык жагы. Башкача айтканда, тамак-аш денсоолукка зыян болбош керек. Жакында эле өлкөнүн ар кайсы жерлеринде болуп өткөн массалык уулануулар бул проблема Кыргызстанда да актуалдуу экенин көрсөттү. Бизде тамак-аш кантип даярдалып, кандай шартта сакталары эч кимге деле жашыруун эмес. Ошондуктан айла жокто эле барып калбасак, мурда кирбеген кафе-ресторанга барып тамактануудан коркобуз да.
Экинчиси - экономикалык аспектиси. Тамак-аш дүкөндөрдө батпай турган менен элдин акчасы жок болуп, нан сатып жей албаса бул коопсуздукка жатпайт. Бириккен улуттар уюму ушул аспектисине өзгөчө көңүл бөлөт. Ал эл мамлекеттер кыянаттык кылып бири бирине дан сатпай койгондон эмес, көпчүлүк учурда чөнтөгүндө акчасы жоктугунан ачка калат деп эсептейт. Анын азык-түлүк коопсуздугу боюнча жүргүзгөн иштери көп жагынан жакырчылыкты жоюу проблемасы менен үндөшүп кетет. Мен да жыйында "депутаттардын" көңүлүн ушуга буруп койгум келди. Ансыз менин докладым тузу кем тамактай болуп калмак. Анын үстүнө ал дагы биз үчүн абдан маанилүү проблема болуп жатпайбы. Кыргызстандын элинин жарымына жакыны жакыр жашап, ачарчылык негизинен ушундан келип чыгууда. Буга Орусия менен Казакстан көңүл бөлбөсө да биз көңүл бөлө турган жердебиз.
Мен парламенттин отурумунда калктын жакырланып кеткендигине байланыштуу тамак-аш продуктыларын керектөөсү кескин азайып кеткендигин айткам. Аны чагылдырган таблицаны да түзүп тараткам. Ошенте коем деп балээге калдым. Жыйында президенттик администрациянын жооптуу кызматкери отурган. Ал түз эле "сенин маалыматың туура эмес" десе болобу. Мен аны асмандан алган жокмун, силердин эле Улуттук статистикалык комитетиңерден алдым десем да болбойт. Чынын айтсам, мен ыңгайсыз абалда калдым. Кыргызстандын эли канча нан, эт, жумуртка жээрин билбегенден кийин адисмин деп азык-түлүк маселесин талкуулаган жыйынга келип эмне кылат дейм да. Келсе да, сүйлөбөй эле койбойбу. Сүйлөсө, бирөөнү жөн эле күнөөлөбөй, мына мынча деп өзүнүн маалыматын көрсөтүш керек да. Менин кейигеним, өз ишин жакшы билбеген адамдын президенттик администрацияда жалгыз эместиги. Өлкөнү ушундай адамдар башкарып жатса, анан кантип азык-түлүк проблемасы чыкпасын.
Акыркы жылдары эле Улуттук статистикалык комитет жарыялабай калды, болбосо бир адам канча тамак-аш керектери тууралуу маалымат мындан 4-5 жыл мурун "Кыргызстан цифраларда. Официалдуу басылма" деген жыйнактарында ачык эле үзбөй берилип турчу. Мисалы, 2001-жылы чыгарылган жыйнактын 285-бетин карап көргүлө. Бул жерде бир нерсени эске алып коюу керек. Мен айтып жаткан жыйнакта 2000-жылдын көрсөткүчтөрү берилген. Мен болсо жыйында 2006-жылга карата берилген маалыматты келтиргем. Жогоруда айтылгандай, бул маалымат акыркы жылдары жарыяланбай калгандыктан, башка жолдор аркылуу таап алган болчумун. Ал эми мен айткан маалымат мындай: 1990-жылы ар бир адам жылына 51 кг эт жесе, азыр 17 кг эт эле жеп калды. 264 кг сүт ичсе, азыр 88. Жумуртканы керектөө да 1990-жылкы 154 ордуна 55 болуп, 3 эсе азайган. Элдин керектөөсү бир дагы продукты боюнча физиологиялык нормага жетпейт.
Бул дагы эчтеке эмес. Эт-сүттүн керектөөсү шаарга караганда аны өндүргөн айыл жеринде төмөн. Шаарда бир адам жылына 20 кг эт жесе, айылда 14 кг эле жейт. Бишкекте 26 кг болсо, Ысык-көлдө 16. Ош, Жалал-абад, Баткенди айтпай эле коеюн. Улуттук статистикалык комитет ушундай эсепти улуттар боюнча жүргүзбөйт, жүргүзсө, кызык маалымат болор эле. Башка улуттарга караганда кыргыздар этти аз керектээрине менин көзүм жетип турат. Себеп бирөө эле - кимде акча болсо, ал жакшы тамактанат, болбосо, ачка калат. Кеп тамак-ашты өндүргөндө эмес, акчада. Ошондуктан буудай өндүрүп салсак эле ток болобуз дегенге, башкаларды билбейм, мен таптакыр ишенбейм.
(Уландысы бар)

Сапар Орозбаков,
Бишкек экономикалык анализ борборунун директору




  On Clinic - биздин башкы үмүтүбүз

Ушул жарым эле жылга жетпеген аралыкта Бишкектеги "On Clinic international" интернационал клиникасынын (белгилүү бүткүл дүйнөлүк израилдик фирма) филиалынын кызматкерлери Кыргызстандын тургундарынын бат эле ишенимине кирип кеткени бул таңгала турган деле нерсе эмес. Алардын кызматкерлеринин бир мүнөт да бош убактылары, тынымы жок. Анткени, эркектин жыныстык күч-кубатын текшертип, дарыланышы үчүн уролог-андролог Алексей Кондратьев менен Абдыгапар Саттаровдун кабыл алуусуна жазылыш үчүн бат-бат эле телефон чалып турушат.

- Сиздердин бул кесибиңер бүгүнкү күндө эң керектүү жана көйгөйлүү маселе болуп калды көрүнөт.
А.Саттаров: - Зигмунд Фрейд айткандай аял-эркектин сексуалдык мамилеси жашообуздун негизги чордону болуп саналат. Анткени эгерде күйөөсү өзүнүн аялын же көңүлдөшүн ыраазы кыла албаса, анда ортодо көптөгөн нааразычылыктар пайда болуп, атүгүл ажырашууга чейин алып келет. Бул деген социалдык эң маанилүү маселе. Так эле ушул жыныстык катнаштын начар болуусунун кесепетинен үйбүлөдө бала көрбөй, азабын тартып атышпайбы. Биздин клиника бул көйгөйлүү маселени чечүүнүн үстүнөн иштеп жатышат. Бул боюнча атайын жакшы адистер тандалып алынган. Буга чейин мындай оору менен ооругандар көптөгөн врачтардын кабыл алуусунда болуп дарыланышып, андан да майнап чыгара алышпай, акыркы үмүт менен биздин клиникага келишүүдө.
- Оорулууларды кантип, кандайча жол менен дарылайсыңар?
А.Кондратьев: - Бул боюнча биз төрт багытта иштейбиз, потенцияны активдештирип, жогорку деңгээлге алып барабыз, мурунку таза кезиндеги калыбына келтиребиз. Чынын айтканда, бүгүнкү күндө көпчүлүк эркек ушул оорудан запкы жеп келишет. Эркектердин психикасына жана жыныстык кубатсыздыгына таасир берчү өнөкөт оору болуп калган простатит оорусун да айыктырабыз. Ошону менен катар простатит аденомасын эч кандай операциясыз эле дарылайбыз. Аденоманын экинчи стадиясы менен ооруп жаткан кээ бир кардарлар операция кылдыргандан жаа бою качышат. Биз операциясыз эле башкача жол менен таптаза айыктырганга мүмкүнчүлүгүбүз бар. Оору күчөп кете электе оорулуулар бизге өз мезгилинде кайрылышканы оң.
Кыскасын айтканда, өзүн сыйлаган ар бир эркек отуз жаштан өткөндөн кийин жок дегенде жылына бир жолу урологдун текшерүүсүнөн өтүп турганы абзел. Ошондо ар бир эркектин сексуалдуу ден соолугу чың болот.
- Силердин клиникада мындай ооруларды дарылоонун өзгөчөлүгү эмнеде?
А.Саттаров: - Биринчиден, биздин клиниканын жабдыктары эң акыркы муундагы жабдыктар. Бардык жактан бат текшерип, аныктап анан дароо эле ошол замат дарылай ала турган өзгөчөлүгүбүз бар. Убакыттан утуш болот, кардарлар диагнозун күтүп, күндө салпактабайт. Дүйнөдө сейрек кездешүүчү израилдик бул аппарат ар бир кардардын оорусун тапатак аныктайт. Ал аппараттарды ар бир кардардын кары-жашына карабай мисалы, кант диабети, ичеги жана гипертониялык ооруларды дарылоодо кеңири пайдаланышат. Көпчүлүгү импотенция оорусунан арылуу үчүн башка жагына тескери таасир берүүчү дарыларды колдонуп жиберип жатышпайбы. Биздики болсо эч кандай тескери таасирин бербейт жана айыгууга жүз пайызга ишеним бар. Мурун Бишкекте мындай ооруларды транквилизатордун жардамы менен дарылашып, адамдын башка ден соолугуна, психологиясына тескери таасирин берчү. On Clinicте болсо башкача ыкма, бөйрөккө эч кандай зыянын тийгизбейт.
- Силер дарынын жардамы менен импотенцияны айыктыра аласыңарбы?
А.Саттаров: - Мурун импотенция менен ооругандар "болду, ишим бүттү" деп эсептешчү, азыр болсо бизге кайрылышкан эркектердин 98 пайызга жакынын айыктырууга мүмкүнчүлүгүбүз бар. Бул оорунун бир канча түрү бар. Эгерде эркек кант диабети, артериялык гипертония же ушу сыяктуу эркектердин жыныстык жактан кубатсыз болгон оорулары менен ооруса сексуалдык өсүүсүн жакшыртуу үчүн аз-аздап атайын даярдалган дарыларды ичип турса болот.
А.Кондратьев: - Бирок көпчүлүк мезгилде бардык нерсе оорулуунун өзүнө жараша болот. Бизге кайрылган эркектерге, "дарылануу эки айга чейин созулуп кетиши мүмкүн" деп, бул мөөнөткө алдын ала аларды даярдайбыз. Көпчүлүгү өнөкөт мындай оорудан таптаза айыгып кете аламбы дешип, анча ишенбегендей мамиледе болушат. Кандай гана организм же система болбосун, маал-маалы менен азыктанып турушу керек да. Мисалы, кадимки эле машинени алалы, ага да маал-маалы менен ремонт керек. Алардын суроосуна мындайча жооп беребиз, биз бир гана жолу жакшы дарылайбыз, бирок кийинки жолкусунда маал-маалы менен өзүн текшертип туруусу абзел.
Андан тышкары, биз өзүбүздүн кардарларыбыз менен психологиялык тренинг өткөрүп турабыз. Эркектер бул ыкманы аябай жакшы баалашты. Атүгүл алардын аялы, өнөктөштөрү да буга ыраазы.
А.Саттаров: - Дагы кошумчалай кетчү нерсе, бул оорудан айыгып кеткендер кийинчерээк өздөрүнүн досторун да бул жакка ээрчитип келишүүдө. Мындан клиника көпчүлүк эркектерге керек экендигин айгинелеп турат. Бизге алыскы райондордон да келип дарыланышууда.
- Алар өздөрүнүн эмнеден ооруп жатышканын тартынбай, уялбай эле айтышабы?
А.Кондратьев: - On Clinicтин негизги жумуш принциби ушундай: - биринчи - конфиденциалдуулук, экинчи - профессионалдуулук.

Акат Аскаев