№34, 28.03.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Жибиген сайын жибитип...

Саясаттын "лөктөрү" сайранды кайда курушат?..
Кызык турмуш экен. Элдин каймагы делген "үлкө-өн чоңдорубуз кайда, кантип эс алат" дешип, айрым окурмандарыбыз сурап калышат. Кызыгың түшкүрдүкү, кимге эмне дейм да. Ошентсе да окурмандарыбызды эске алып, айрымдарын изилдеп көрдүк. Карап отурсаң, көпчүлүгү супер жайларда жондорун жышып, орус парынын ырахатына батышат экен. Бул сонун да, эй. Мончодо саясатты эмес, абийир тазалыгын, намыстуулукту жана мекен сүйүүнү кобурашканга мүмкүнчүлүк табылат. Ал эми саясый турмушта бул жагыбыз аксап баратпайбы. Бул бир жагы. Экинчиси мындай. Азыр мончого эмес, эки сындырым нанга акча таппай карайлаган адамдар бар. А "чоңдорубуз" өлкөдө жакырчылык жоюлуп баратат деп "чочоңдосо", жанына киши туралбайт, чиркин. Арга жок, "оозу кыйшык болсо да, байдын уулу сүйлөсүн" деген заман. Мейли, кагазга үңүлүң, кана эмесе, мархамат!

Мыктыбек Абдылдаев
Экс-башпрокурор Мыктыбек Абдылдаев шапар тебүү күнүн Кыргыз алтын концерндин эсалуу комплексинде өткөзөт. Ал жерде саясатчы достору менен сырдашып, чер жазса, экс-премьер министр Алмаз Атамбаев "Дасмиядагы" элита саунаны кыя өталбайт имиш. Архитекторчу Ишенбай Кадырбеков болсо, PINARA эсалуу комплексинде курдаштары менен эсалат деп кулагыбыз эшитип калды.

Иса Өмүркулов
Депутат Иса Өмүркулов болсо, жоро-жолдош, тууган-урукту эске алып, атайын жеке сауна салдырыптыр. Парламенттеги кыжы-кужуну унутуп, мээ сергиткенге жакшы жай ыңгайлап алганы мыкты сапат деп түшүнө туралы. Ушунча болуптур, мындай мыктылыгын СДПКнын кедейбиз деген айрым депутаттарына үйрөтүп койбоптур дедик. Саунасынын дареги болсо, Айыл чарба институту тарапта экен.

Ибрагим Жунусов
Депутат Ибрагим Жунусовду ар жуманын базар күнүндө үйбүлөсү менен "Белый Парус" эсалуу комплексинде жуунуп жаткан жеринен тапсаңыз болот. Өзүнө байланышсак, достор менен эмес үйбүлөм менен эс алганды жактырам. Ошондуктан, коллегам Александр Сандын сунушу менен "Белый Парусту" тандадык дейт. Депутат ал жерде сууга сүзүп, булчуң чиңоо залында оор темирлерди көтөрүп убакыт өткөзөт.

Данияр Үсөнов
"Атактуу" шаар башчысы менен парламент төрагасы Адахан Мадумаров кез-кезде "Прада" эсалуу комплексинде кирингенди жактырышат деп угуп калдык. Ал жердин өзгөчөлүгү, тегерек чети чычкан жоргологус кылып тосулуп, андан калса эңгезердей жигиттер кайтарып турушат экен. Ошондуктан мамлекеттик бийик деңгээлдеги чиновниктер "Прадага" келип тураары жөнүндөгү сөздөр эл арасында айтылып жүрү.

Бегалы Наргозуев
Кыргыздын аткаминерлеринин көпчүлүгү "Афродита" эсалуу комплексинде жондорун жышып, бассейнине түшүп жыргашат экен. Айрыкча, оппозиционер Темир Сариев, "Акжолчу" депутат Бегалы Наргозуев, ырчы Керим Турапов сыяктуу "лөктөр" орус парында тердеп, саясаттан кеп уруп отурганды жактырышат имиш. Бийлик менен оппозициянын оту күйүшпөйт эле, булар кантип бирикти экен дешип, элдин башы маң.

Болот Шерниязов
"Ата Мекенчилер" Карганбек Самаков, Болот Шерниязов жана Өмүрбек Текебаев саунада тердеп, бассейнде сүзгөнгө анча деле кызыкдар эмес. Алар кышында "Ноорус" менен "Үч эмчекте" лыжа тээп, жазда Фучиктеги полигондо мылтык атканды жактырышат. Андан калса, табият койнуна тез-тез чыгып келишет экен. Муну биз, жерге жакын болгондук деп баалап жибердик. Анткени, жерге жакын болгон элге жакын болот да, туурабы?
Ошондой эле болсун...

Камчыбек Ташиев
Экс-парламенттин "Бригадасы" Кремлевский көчөсүндөгү эсти оодарган саунада эсалышат. Камчыке шыпыргы менен чабынып, сууда сүзүп, өзгөчө кырдаал министрлигинин өзгөчө маселелерин унутууга аракеттенсе, Акматбек Келдибеков менен Садыр Жапаров бильярд атышат. Алардын жайытына кээде соцфонд төрагасынын орун басары Таалай Таткуловдун кошулуп калганы бар. Эң эле кызыгы, "Бригаданын" экс-мүчөсү, депутат Улукбек Ормонов да чочугансып келип калганын көргөндөр айтышты.

Кабай Карабеков
"Акжолчу" депутат Кабай Карабеков "Байтур" эсалуу комплексине барбаса, башы ооруп калат дешет. Ар жуманын аягында эптеп убакыт таап, саясатчы эмес достору менен көңүл ачканды жактырат. Саясатчы курдаштарына КТРдин кожоюну да анда-санда кошулуп калат. Орус парына көкүрөгүн тосуп, шыпыргы менен чабынганын көргөндөр күбүр-шыбыр түшүп, "Кабай мырзага мындай жорук кайын журтунан жуккан го" деп божомол жүргүзүп коюшат, түгөттүкү. Ал эми "Ата Мекенчи" Дүйшөн Чотонов да ушул жерде көңүл ачып, эски достордун жылуу мамилесине сөөгүн жибитип кайтат деп уккан жайыбыз бар.

Даярдаган Өмүртөрө Кудайбердиев