№34, 28.03.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Акүй билермандарына

"Күркүл городокту" качан мыйзамга такайбыз?
Уят эле иш болду. Мүлдө кыргыздын алдында абийири төгүлүп жатса деле бийликтегилериң камырап да койбойт экен. Сөз - Ататүрк паркындагы "күркүл городок" тууралуу сөз болуп жатат. Э й, уялбайсыңарбы, деги качан тоесуңар деген киши жок. Былтыр жер басып алгандар айтты эле, тазалыкты Акүйдөн баштоо зарыл деп. Туура, Акаев мезгилинде 7-кабатка чейин чыгып барган коррупция кашайып, эгиздеп төлдөп алыптыр. Бир гана жер маселесиби? Сырттан келген жардамдарды айтпаганда Кыргызстандагы менчиктештирүү саясатынан баштап, ички кен байлыктарга чейин Акүйчү эргулдардын сол чөнтөгүнө солонгон. Уят иш болуп жатканын ушундан билиң, өлкөнүн ички резервине ар жыл сайын Интерпол менен изделип жүргөн кылмышкерлерди кудалап, тынбай кулагын кызытып жатышат. Маселен, электр энергиянын тагдырын мурдунан чүлмөктөп, кармата салуу арааны жүрүүдө. Буга ким күнөөлүү? Баягыле Дүйнөлүк банк сыяктуу капчыктуу ири уюмдар. Арийне "Жаман үйдү коногу бийлейт" демекчи, аларда деле күнөө жок. Дарактын жумшак жерин курт жейт. Турмуш философиясы ушундай. Чыгышта, "берген кол алган колдон жогору" деген сөз бар. Бердиби, демек өкүмүн да кошо жөнөтөт. Энергиянын кулагын кызыткан мамлекет өзү болсо, өтө начар менеджер экенин көрсөтүп, өндүрүшүн ырааттуу жолго койалбай, ал ортодо дебитордук карыздарга белчесинен батып алса, анан эң оңой жол сатууну көздөбөгөндө эмне кылмак. Ал эми биздин чоңдор капчыктуу чет элдик уюмдардын бул жердеги өкүлү сыяктанганы ошондон. Алар сат дегенин сатып, тийбе дегенине тийбейт. Каркыра жайлоосу тууралуу маселе деле ошол. Өткөндө Бакиевский парламентте Турсун Турдумамбетов менен Саламат Аламанов Казакстанга бербесек болбойт деп көшөрүп турушту. Тимеле казак бийлигинин өкүлү сыяктанып. Аргументтери да сонун, талаш аймактын 40 пайызы аларга кетип, 60 пайызы бизге калган имиш. Анысы жакшы экен. А эмне үчүн сөзсүз эле биздин аймак талашка түшүш керек да, биз 40 пайыз берип кутулушубуз керек? Үзөңгүкуушту да ушундай кылбадыңар беле деген жан жок, чиркин.
Өлкөнүн абалы өтө оор экени көрүнүп турат. Баалар өсүп баратат. Мейли дейли, дүйнөлүк баа ушундай экен. А эмне үчүн дүйнөлүк айлыкты эске албайбыз? Анан эле үйсүз-жайсыздар жер басып алса, мыйзамга такап киришет. Карап көргүлө, Акүй айласы кетип, "күркүл городоктогу тургундардын" тизмесин чыгарды. Арасында бир карапайымы жок. Салган үйлөрүн эсептеп чыгып, 10 жылда алган айлыгын салыштырсаң, шоона эшпей калат. Анда ал үйлөр кайсы каражаттын эсебинен курулган десең, мунун деле жообу даяр. Бирок, тилекке каршы айталбайбыз. Анткени, көрүп-билип турам, айтайын десем тилим жок дегендей кеп.

Манас Осмон




 "Аалам" Ааламда

АКШ
Президент Буш менен Владимир Путиндин жолугушуусу 6-апрелде Сочиде өтөт. Эки элдин түбөлүк достугун бекемдеп, маанилүү маселелерге кол коюшат жана экономикалык багытта сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшөт. Сочиде Жорж Буш Оруссиянын жаңы шайланган президенти Дмитрий Медведев менен да баарлашат. Америка президенти жолугушууда маанилүү маселелер боюнча макулдашууга жетишүү үмүтүн билдирди.

Грузия
Тышкы иштер министри Давид Бакрадзе НАТОнун башкы катчысы Яап де Хооп Схеффер менен Брюсселде жолугушуп, Тбилисинин аскерий блокко кошулушу тууралуу сүйлөштү. Ал НАТО лидерлерине кайрылып, Москванын кареги менен тең айланган менен региондо абал курчуп баратат деди. Тактап айтканда, Москва Грузиянын НАТОго киришине каршы болуп, ошондон улам НАТО өлкөлөрү бир пикирге келалбай турушат.

Беларусия
Пикет-митингге чыккандыгы үчүн 70тен ашык адамга акчалай айып салынып, айрымдары камалганы турат. 25-мартта Минскиде пикетке чыккандарды милиция күч менен таратып, көпчүлүгүн кармап кеткен. Европа Биримдиги болсо, муну айыптап, кармалгандарды тезинен бошотпосоңор, таарынбагыла тааризинде муштум кезөөдө.

Япония
Перунун мурдагы өлкө башчысынын соту уланууда. Миңдеген адамдарды өлтүрүп, өлкөнү коррупциянын сазына батырган деп күнөөлөнүүдө. Айыптоочулар ага 30 жыл күчөтүлгөн мөөнөттү сурап жатышат. Кылмышкер президен этникалык япон болгондуктан Перудан Японяга качып келгенине карабай, Япондор Чили аркылуу өткөзүп беришти.

"Аалам" пресс




  Желтегирмен

Жалгыз дарак токой болбойбу?
Сокулуктук Өндүрүш Токтоназаров деген неме бар. Кыргыз Эл артисти Саламат Садыкованын бир укмуш күйөрманы. Ошол киши өзү жалгыз филармониянын алдына пикетке чыкты. Колунда эки кагаз. "Саламатты сагындык!, "Садыковага бут тоспогула!" деген ураандарды жазып алган. Бу киши мурда да Саламат айымга так ушинтип жалгыз пикетин уюштуруп, коргоого алган. Эч ким деле уккан эмес. Бу сапар филармония деректири Керим Турапов ал кишини угуптур. Бирок Садыкованы кызматка алалбастыгын айтып, ал өз каалоосу менен кызматтан кеткендигин бетке кармады. Өндүрүш мырза Керим Тураповго макул эместигин айтып, Саламат филармонияга ырдап чыкмайынча пикетти уланта берем дейт. Жалгыз дарак токой болоор бекен, Саламат айымга?..

Бүлдүзөр менен бүлдүрөт…
Шаарды тегерете каптап кеткен жаңы конуштар маселесин Чүй губернатору Сыйданов мырза "чечем" деди. Аламүдүн, Сокулук райондорунан үй курууга миңден ашуун гектар жер берилип кетиптир, Алардын тең жарымы мыйзамсыз. Эгер азыр кескин чара көрбөсөк, мыйзамсыз жер басып алуулар улана берет деген мааниде губернатор кескин чара катары мыйзамсыз, документсиз салынган үйлөрдү бульдозер менен түрттүрөрүн билдирди. Тапкан-ташыганы менен эптеп салган кыкеңдердин кепесине губернатордун башы ооруйт бекен?..

Алтындын жыргалынан азабы артып…
Баягы Чубактын кунундай чубалган чуулуу "Кумтөр" маселеси дагы көтөрүлдү. Бу сапар Бөкөнбаев айлынын тургундары "Кумтөрдү" сотко беришти. Доо арызда Бөкөмбаевдиктер "Кумтөрдүн 30-40 тонналык машинелери жолдон өтүп жатып, 160 үй жарактан чыкты. Бизге компенсация төлөп берсин" дешет. Сот аке не дейди, аны өзү билет эмеспи. Алтыны бар жердин азабы да бар дечү беле.

312-территория 16-колония, дейби?
Бир нече күндөн бери Чүйдөгү №16-түзөтүү мекемесинде абактагылар ачкачылык баштап, ооздорунан бери тигип, чатак чыгарып жатышкан. Бул чатак мурдагы күнү тамамдалды. Учурунда ММКларга байма-бай бул окуя жарыяланып жатканда юстиция министри кызылдай эле "эч нерсе болгон жок" деп да жибергени бар. А чындыгында чатак болгону анык. Муну укук коргоочулар Азиза Абдрасулова менен Төлөйкан Исмаилова да ырасташты.