№34, 28.03.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Көржашоо

Энесине болушуп, атасын өлтүргөн эргул
Панфилов районунун Кайыңды айылынын тургуну, 1958-жылы туулган Турдалиев Асанкан дайынсыз жоголгон. Өткөн жылдын ноябрь айынан бери анын баласы менен аялы милийсага арыз менен кайрылышып, ушул убакка чейин дайыны табылбай келген.

Жергиликтүү ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери энеси менен уулунун берген маалыматы боюнча канчалык катуу издөө салбасын, кошуналарынан, тааныштарынан сураштырышканы менен дегеле эч бир илмек таба алышпай, акыры анын табылаарынан түңүлө да башташкан. "Чет өлкөгө иш издегендер менен кетип калдыбы, киши колдуу болдубу деген да шектенүүлөр жаралып келди. Убакыт улам өткөн сайын иликтөө иштери акырындык менен бышып жетилип, Турдалиевдин киши колдуу болгону аныкталды. Оперативдүү топ сырдуу түйүндү кылдат, акырындап жандырып жүрүп олтурушуп, акыры үй-бүлөсүнө келип такалып калышты. Ооба, өзүнүн эле эң жакын адамдары колдуу болуптур. Кошуналарынын айтуусунда акыркы мезгилдерде милицияга арыз жазып кайрылышкан энеси менен уулунун жүрүш-туруштары, сүйлөгөн сөздөрү башкача болуп чыга баштаган. Ошондон шек алып калышкан оперлер акырындап өздөрүнүн үстүлөрүнөн кылдат иликтөөлөрдү жүргүзүп, акыры жарга такап, болгон окуяны айттырууга мажбур кылышты.
- Мен сыртта жумуштар менен жүрүп, кокусунан үй ичи ызы-чуу, кыйкырык болуп аткандыгын угуп калдым. Кирип барсам атам апамды аябай ур-токмокко алып, сабап жатыптыр, - дейт Турдалиев Асанкандын уулу, 25 жаштагы Эрлан тергөө мезгилинде, - ортого түшүп, апама болушуп урдурбай колун кармадым. Атам апамды сабаганы аз келгенсип, мени да ур-токмокко ала баштады. Бир кезде анын колунан суурулуп сыртка чыга качтым. Апамды кайра сабаарын сезип турдум. Көзүмө темир түтүк көрүндү, дароо ала коюп кайра үйгө кирдим. Тек гана коркутайын дегем, бирок кандайча баштан ары шилтеп жибергенимди өзүм да билбей калдым…
Башынан кызыл-ала кан кеткен атасы Асанкан жерге кулап түшүп, ошол боюнча кыймылдабай жатып калат. Эсине келеби деп энеси Фарида экөө аны бир топко күтүшөт. Атасынын эбакта эле "оо дүйнөгө" узап кеткенин билип, экөө эмне кылаарын билишпей, бир азга эңги-деңги болуп туруп калышат. Экөөнүн тең көз алдыларына түрмө, темир тордун арты элестейт да, акыры бир чечимге келишет. Кандай болсо да өлүктү бир жакка алпарып көмүп, жигин билгизбей жашыруу планын ойлоп чыгышат. Айланага караңгы киргенде эне-бала өлүктү сыртка алып чыгышып, айылдын четиндеги темир жол өтүүчү аймакка барышат. Киши байкабай турган ылайыктуу жер издешет. Анан темир жолдун алдындагы ойдуңчаны казып, үстүн көмүп, эч жигин билгизбей чөп-чарларды таштап салышат. Ары-бери өткөндөр ал жерге маани да беришмек эмес.
Арадан 2 жума өткөн соң кылмыштарын жашыруу максатында А.Турдалиевдин жоголгонун айтышып, милицияга арыз менен кайрылышкан. Аларга ар кайсыны айтып, баштарын айлантып өздөрү да кошо издеп жүрө беришет.
Дээрлик жарым жылга чейин табышмак болгон бул кылмыш иштин акыры бети ачылды. Жасаган күнөөлөрүн моюндарына алышкан эне-бала болгон окуяны төкпөй-чачпай айтып беришип, атасын көмгөн жерди көрсөтүп беришти. Кечээ жакында Нооруз майрамынын алдында дээрлик 5 ай бою куранда жаназасы окулбай, топуракта көмүлүп жаткан өлүк кайрадан казылып алынып, моргго жөнөтүлгөн. Ал эми шектүү эки адам темир торго киргизилип, иликтөө иштери башталды.




  Кримхроника

Шибеге капка катылбайт
Панфилов райондук соту Каптал-Арык айлындагы бири-бирин сабап өлтүрүп коюшкан мектеп окуучуларынын үстүнөн кылмыш ишин козгоду.
Бул ишти адегенде райондун РИИБи эч кандай негиз жок деп жаап таштаган болучу. Прокуратуранын кийлигишүүсү менен кайрадан бул иш каралып, 10-класста окуган баланы 11-класста окушкан эки окуучу сабап өлтүрүп таштаганы анык болду. Күнөө кылган окуучунун бирөөсүнүн энеси мугалим болуп иштегендиктен, өзүнүн уулунун пайдасына эки окуучуга жалган көргөзмө берүүгө мажбурлаган. Эми окуучу балдардын да, эжейинин да үстүнөн кылмыш иши козголду.


5000 сомдук директор
Карабалта шаарындагы медициналык окуу жайынын директору өзүнүн окуучусунан пара алып жаткан жеринен кармалды.
Окуудан убактылуу чыгып кеткен окуучусун кайра кабыл алуу үчүн окуу жайынын директору 5000 сом талап кылган. Ал өзүнүн кабинетинда пара алып жаткан жеринен жергиликтүү кызматкерлери тарабынан кармалды. Паракор директордун үстүнөн кылмыш иши козголду.


Жалалабатта жалган паспорт жасалат
Жалалабат шаарынын тургуну жалган паспорт жасап, сатууга аракет кылгандыгы үчүн сот жоопкерчилигине тартылды.
Ал жалган мыйзамсыз паспортко сүрөт чаптап, "даяр болду, ала берсең болот" деп, аны 9000 сомго баалаган. Паспортту ала турган аял Ноокен районунан келген. Алдамчы жигит анын Бишкек - Ош автожолундагы кафеден жолугушууга чакырган. Дал эле ошол кафеден жалган паспорт берип, акча алып жаткан жеринен кылтакка илинди.


Гиппократтын анты уруп…
Ош шаарынын тургуну 41 жаштагы Р.К. аттуу аял эч кандай уруксааты, рецеби жок, адамды убактылуу жин ооруга кабылта турган дарыларды сатып жаткан жеринен кармалды.
Адамга катуу таасир берүүчү бул дары Ош шаарынын "Аракет" дарыканасында эч кандай рецеби жок эле сатылып жаткан. Буга чейин канчасы сатылып кеткени белгисиз. Кармалган сатуучу 4 жылдан 8 жылга чейин эркинен ажыратылаары бышык.




  Сандан санга

Миллионго бааланган өмүр
"Экзаменде"
Алар экзаменди кантип алышаарын Абдысалам түшүнгөн эмес. Чоң бөлмөгө алып киришип, узун столдо отурган кишилер туш-туштан жабылыша ар нерсени сурай беришет го деп ойлогон. "Эгер алардын берген суроолоруна жооп бере албай калсам эмне кылам, экзаменден кулатып ташташабы? Анда кайра айылыма кетемби? Кайра кайрылып бара турган болсом таякем мени кабыл алабы? Туткабайчы? Ооба, Туткабай мага жинденип калды, эгер кайрылып барсам экинчи жайлоого чыгарбайт болуш керек. Калпымды да кармап албадыбы. Алардын үй-бүлөсүн кийик, коен, кекилик, чилдердин эттери менен камсыз кылып турчу элем го, балким кабыл алышаар?"
Эртеси таң атпай аны машинеге отургузушту дагы, каяккадыр алып жөнөдү. Калаага эмес, тескерисинче тоо тарапка багыт алышты. "Балким тоо тараптан кимдир-бирөөнү алып, анан шаарга барарбыз?" Абдысаламдын чочулаганы эле алардын берген суроолоруна жооп бере алсам экен деп, өзүнчө кыжаалат боло берди. "Жип" машинеси эки тарабы бийик тоолуу капчыгайга кирип, асфальт жол менен өйдө карай чыгып жүрүп отурду. Тоо бетине салынган бир канча сарайларды, үйлөрдү аралап өтүштү. Алар бир далай жол жүрүштү. Үйлөр дагы, сарайлар дагы артта калды. Машиненин айнегинен сыртты карап бараткан Абдысалам "бул жактын тоолору биздикинен айырмасы деле жок экен, тек гана көк шибер чөптөрү азыраак окшойт. Тоолорунда кийик бар болду бекен? Ушул жакка да кийикке чыгып көрсө…" деп ичинен ойлонуп койду. Тээ алды жакта үч-төрт чет элдик жеңил машинелердин токтоп турушканын көзү чалды. Булар отуруп келатышкан машине дал эле ошолордун тушуна жеткенде токтоду.
- Келдик, түш, - машиненин айдоочусу тигиге буйрук бере сүйлөп, өзү түшүп кетти. Сырт жакта беш-алты киши бир жерле топтолушуп туруптур. Баары тааныш, кечөөгү келген кишилер. Арасында Дөөлөтбай, Жекшендер да жүрүшөт. Абдысалам өзүн жабыла тиктеп турушкандардан сүрдөй, ошолорду көздөй басты. Узунунан кеткен жайылма столдун үстүнө беш-алты ар кайсы калибрдеги, маркадагы мылтыктарды тизип коюшуптур. Араларында эки-үч маркадагы тапанчалар турат. Алар менен кол алышып учурашкан соң кечөөгү толмочунан келген киши сүйлөдү.
- Кана жигит, өнөрүңдү көрсөт, биз экзаменди баштайлы. Бул жерде жаткан куралдардан кайсылары тааныш сага?
- Макаров пистолети, Калашников автоматы, анан тээтиги мылтык, анын маркасы кайсы экенин билбейм…
- Калган атуучу куралдарды билбейсиңби?
- Мындай сыртынан билем, бирок колума кармап көргөн эмесмин.
- Ме, мобул мылтык менен атып көрчү, муну винчестер деп коет, - алиги толмочунан келген киши четте турган мылтыкты карматты, - тээтигил бутаны атып көрчү.
Тээ жогору өздөрүнөн беш жүз кадамдай алысыраак жерде кишинин сөлөкөтүн орнотуп коюшуптур.
- Только башка гана атууга тийишсиң. Мунун ичинде үч ок бар.
Абдысалам мылтыкты алып, октолуу бекенби дегендей огун текшерип көрдү. Өткөн жолу жайлоодон буталарды атканда мынчалык сүрдөгөн эмес, азыр эмнегедир бул жолкуда апкаарып, тизелерин майда калтырак басып, өзүн кызыктай сезип атты. Жерге жатпай эле тизелей отура калып, жогору жактагы бутаны мээлеп туруп үч огун тең бат эле атып түгөтүп салды. Дээринен эле көпкө шыкаалап, мээлегенди жаман көрчү. Чуркап кеткен жигит бутаны алып, кайра бери карай көтөрүп жетип келди. Бардыгы жабылыша анын кандай атканын текшерип көрүп атышты. Үч ок тең бири-бирине жабыша бир жерге үймөлөктөшүп тийиптир.
- Молодец.
Бардыгы анын бул өнөрүн жактыргандай жылмая күлүп калышты.
- Эми тээтигил өзүңдүн тааныш мылтыгыңды ал. Абдысалам айылда атып жүрчү өзүнө тааныш мылтыгын алды да, ары-бери кармалап көрдү.
- Мунун стволу кичине кыйшыгыраак экен.
- Кантип билдиң, түз эле болуп турат го?
- Бул мылтык менен эгер бутаны түптүз мээлеп туруп атканда түз тийбейт, кичине сол жагына мээлеш керек.
Бардыгы мылтыкты жабыла кармалашып, андан эч нерсени байкашкан жок.
- Мылтыктын стволу түз эле го.
- Мындай жөнөкөй көз менен караганда байкалбайт. Дайыма атып жүргөн адамдар дароо эде байкашат.
- Болуптур, атып көр.
Алиги бутаны көтөрүп келген жигит андан алысыраак жерге барып, жаңы бутаны коюп келди. Абдысамат бул жолкусунда тизелеп отурбай, туруп мээледи. Анда да үч ок бар болчу, үчөөнү тең атты. Бутанын түз тийгенин көрүшкөн соң, кезекти башка мылтыктарга берди. Бутаны улам-улам ар кайсы жерге коюп өзгөртүп турушту. Бирде таштып үстүнө коюп, бирде бутакка илип, бирде дөбөчөгө, бирде ойдуңчага орнотуп, айтор биринчи экзаменден жакшы эле өткөнсүдү.
- Эми консерванын челектерине, бөтөлкөлөргө тийгизишиң керек. Үч жүз кадам жерге барып, үч бөтөлкөнү, үч консерванын челегин коюп келишти экөө барып.
- Тигил алтоону бул жердеги ар бир мылтык менен атасың, - башка сөз айтылган жок.
Алар жатканда көрүнбөй калат экен, тизелеп туруп атты. Ар кайсы мылтыктан ок чыккан сайын бөтөлкөлөр быркырап, челектер ыргып кетип атты.
- Момундай үстүндө дүрбүсү бар снайпер мылтык менен атып көрдүң беле?
- Жок.
- Азыр тээтигил тоонун чокусуна, жонуна чыгасың да ушул снайпер мылтык менен мобул жердеги алты шарды атасың. Аралык алыс болгону менен бул мылтыктын үстүндө дүрбүсү бар, жакын кылып да, жакшы да көрсөтөт. Өзүңдүн көзүң дагы курч экен, таамай да атат экенсиң. Бул снайпер мылтык менен ерунда эле болуп калат болуш керек.
Абдысалам мылтыкты алып, дүрбүсү менен тээ чоку жакты карап көрдү.
- Ооба, дүрбүдөн да так, жакшы кылып көрсөтөт экен.
- Мына алты ок, алдагы мылтыкты ал да жөнө, тээтигил тоонун эң жонуна. Азыр убакытты белгилейбиз, канча убакытта жетээриңди көрөбүз.
Абдысалам снайпер мылтыкты алды да окторду чөнтөгүнө сала тоо беттеп өрдү карай чуркап жөнөдү.
(Уландысы бар)

Саадатбек Мырзакул уулу